Сенин гезитиң!
№32, 09.09.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Обон-күлкү

Айылда ар кыл тамаша
Айтылуу Алай өрөөнүндө Чоко деген сөзмөр, чечен, куудул киши жашаган. Артында 4 уул, 2 кызы калды. "Эр атасын тартат" дегендей уулдарынын ичинен Акиши тапан, такымчыл, азилкеч, куудул болуп айыл-апага таанылган. Эмесе сөз Акиштин жоруктарында:
Суурдун чөндөлөйлөрү
Алайдын ала-шалбырт жаз айларынын биринде Акиш Калый, Жусуп деген агайлар менен катар басып келе жатса, бойлору бирдей үч кемпир колдорун жеңдеринин ичине катып дарбазанын жанындагы отургучтардын биринде отурушуптур. Булар: Бапи, Марзия, Акиштин апасы - Токто кемпирлер болот.
- Ээ, Жусуп агай,-дейт Акиш кубанычтуу түрдө,
- Быйыл жаз эрте келет окшойт…
- Аны кайдан билип алдың?
- Быйыл суурдун чөндөлөйлөрү эшикке эрте чыгып калыптыр… - дейт окшош бойлуу үч кемпирге колун жаңсап. Аларды көргөн агайлар бышкырып жиберишиптир. Ошондон баштап тиги үч ынак кемпир чөндөлөй кемпирлер деген атка конуп калыптыр.

Куркол чыкпаган дос
Дүкөнчү досу бар эле, күркүрөп турган. Ал учурларда ким айылдык дүкөндү кармаган болсо, анын кадыр-баркы бир ревизия болгуча көтөрүлүп турчу эмес беле. Ошол дос Акишти тамашалап:
- Ээ, Акиш дос, сени Терек-Атанын дайрасына салып жиберсе да суудан кургак чыкмаксың?-деп калбайбы.
Анда Акиш тегерегинде тургандарды каткыртып:
- Кызык турбайсыңбы, мен го өз нысабым менен чыкмак экемин, а сенчи ачкөз, Көлдүк-Ата көлүнө салып жиберсе оозуңа бир бака, эки колуңа эки балык кармап чыксаң керек!-дептир.

Бүркүт элем, сасык үпүп болуп калдым
Кебете-кешпири таасирдүү, өң-түстүү Акиш жаш чагында бир полкко жалгыз түшүп калат. Жалгыз дегеним ошончо солдаттын ичинен жалгыз кыргыз өзү экен. Аябай кыйналат, анан атасына кат жазыптыр: "Ата, Сай-Көчөнүн бүркүтү элем го, эми бул жакта сасык үпүп болуп калдым"-деп.
Сүйүнбай Касым уулу




Ыңгайсыз жооп
Жупташып жаткан түгөйлөр көпкө чейин кумарланып, сүйүү океанына чалкып жатышкан учурда жигити собол салып калыптыр селкисине:
- Кечирип койчу кымбаттуум, ыңгайсыз суроомо. Мен түшүнөм, бирок, мен сенин биринчиң болбосом да, экинчиң болсом керек ээ деп - жагалданса…
- Агыман жарылып чынын айтсам, сен үчүнчүсүсүң. А эмнеге кокусунан эле кезеги менен болчу кызыктуу ишке башыңды оорутуп калдың? -деп ыңгайсыз жооп кайтарып жигитин карайлатыптыр.

Ишенбесең өзүң бар…
Женпедиң жетелеп кетет…
Бейиши болгур СССР гүлдөп турган мезгилдерде совхоздордун малына тоют даярдоо үчүн айылдарга шаардык жардамчылар толуп келчү. Көпчүлүктөрү Бишкектеги ар кайсы окуу жайларынын студенттери эле. Бир күнү ошол жардамчылардын тамак-аштарын жеткирип жүрүп каш карарганда Бакир аке араң кайтат. Кечке жаны чыга күткөн совхоздун башкармасы машинаны бир күн кечке кармайсың деген шылтоо менен урушуп коё берет. Албууттанган башкарма адыраңдап барып, басылары менен Бакир аке:
- Ээ, айланайын башкарма, жардамчыларыңдын баары бирдей эмес экен: бет-паагың бар экен (вет фак), тил-паагың бар экен, жен-паагың бар экен. Баары билимдүү немелер, так эсепти сүйүшөт. Тил-паагың тил эмизсе, бет-паагың бетиңден сүйсө, а жен-паагың жөн эле жетелеп кетет турбайбы?! Анан мен кечикпегенде ким кечигет? Ишенбесеңиз, эмдигисинде өзүңүз барыңызчы?-деп тургандарды дуу күлкүгө бөлөп салыптыр. Мындай күлкүдөн соң ташжүрөк да жибибейби…

Акталбаган үмүт
Ишенесиңби тууган,
Студент кезде "КПССтин тарыхынан"
"Бешке" окугам.
Эми минтип партиядан дайын жок,
Талаада калып олтурам.
Анткени үмүт чоң эле,
КПССке өтсөм деген.
Уставын үтүр, чекитке чейин жаттап,
Учурунда уйкумду далай жегем.
Мындай болоорун билгенде,
Орточо эле окубайт белем.
Нургазы Миңкара


Ырдан чыккан ый
Нарында студенттик практикада жүргөн кезибиз. 1956-жылдын жай айлары. 12 бала экиден биригип жума сайын "шерине" берип, бешбармак, кымызга батырап тоюп жүргөн кезибиз. Кыз-келиндерибизди да кошо чакырып, "сармерденге" да киребиз. Күндөрдүн бириндеги "шеринеде" мен ырдап, "ыр кесени" "Ү" аттуу селкиге сундум. (ал күйөөгө тийип чыккан жубан экенин имиш-имиштен укканбыз, бирок өзү кызмын деп койчу).
Карарып көзүң кылгырып,
Какшыктан кээде жылдырып.
Артыңдан издеп мен жүрүп,
Алдым го бутту сындырып.
Качан бир колго тиесиң,
Кара бир жанды тындырып,-деп колумдагы "ыр кесени" бербейминби. Отургандар дуулдашып мени коштоп кетишти. Бир аз арадан убакыт өткөн соң. "Ү" ыр узатты:
Мен тоодогу тоо кийик,
Чыга албайсың тоо бийик.
Мергенчи болсоң атып ал,
Түшөөрмүн колго ок тийип.
Баарысы: - Бали жарадың,-тим эле дал үстүнөн түштүң дешип экөөбүздү кайраштырып, тамашага батып, шатыра-шатман…
Анан мен:
Сен тоодогу тоо кийик,
Бут жарабайт тоо бийик.
Жатканың уккам бир кезде,
Жарадар болуп ок тийип,-деп оозумду жыя электе "Ү" отурган жеринен эле бетин басып үңүлдөп ыйлап жиберип, баарылап жатып, араңдан-зорго сооротконбуз алигүнчө эсте.
Мар Алиев


Артымдан айтпай, бетиме айт
Военкоматта аскерге чакырылуучу кыргыз медкомиссиядан өтүп жатканда врач сурап калат:
- Фамилияң?
- Эшматов-десе
- Трусаңды чеч, артка бурул, тоңкой, көчүгүңдү ач,-деп карап көрүп "Аскерге жарактуу" деп кыйкырганынан кызарып кеткен Эшматов:
- Артыма айтпай, бетиме айтсаңыз боло-дейт экен.

Жаңы кыргыз үй сатып алып жатып:
- Айтсаңыз, үйдүн үн чыгарбоочу изоляциясы жакшыбы- десе,
- Абдан жакшы, мурдагы кожоюнду атып кетишкенде да эч ким укпаган-деп мактайт экен сатуучу.


Ар түркүндөн бир түркүн
Бычакка жараша кын-президентке жараша сын.
Аялыңа, машинаңа анан өкмөткө ишенбе.
Эл бөрү болсо бөрү бол, бирок семичке сатса сен гречка сат.
Сараң адамды "ташсың" дебе, эгер ал арак ичсе.
Килем албай -китеп ал.
Кошунам дарбазасына "кабанаак итим бар" деп жазбай, "ажаанак аялым бар"-деп жазса жарашмак.
Эми эмне кылдым?
Сөгөйүн десем сөгүү да модадан чыгыптыр.
Кыска сүйлөгөн таланттуулуктун эжеси, ал эми сулуулук анын ойношу…
Аялдар эмнеге эркектерден көп жашайт? Анткени алардын аялы жок.

"Менин омурткамдын аягы баш го…"
Кылыктанып кыргызчаны анча түшүнө бербеген шаардык аялы күйөөсүнө:
- Алтыным, "Чычаң"-дегени кай жери?
- Чычаң дегени-бул омурткаларыңдын аяк жагы
- Ии кокуй, менин омурткаларымдын аягы баш го-деп башын кармалап таңданыптыр.

Сүйүү икаясы
Ал үйлөнөлек алдында бөжөктөй бөжүрөөчү эле. Эми арстандай күркүрөөчү болду.

Кыз жигиттин бутунун бармагын байкоосуздан басып алды эле, а жигит көзүнөн буурчактап куюлуп кеткен жашына карабай жылмайды.

Жигит кызды эми өбөөрдө анын бетиндеги упага мурду ачышып кетип, чүчкүрүп жиберди.

Жаңы үйлөнүп, сүйүүгө мас болгон жигит аялына ээрип кетип "апа"-деген сөздү да арнады.

Жигит кызды өөп-жыттап:
- Эгер баш кошуп калсак төрөө милдетин өзүм алам дегенге чейин барды.

Бир күнү кыз өзгөрүлүп:
- Экинчи келбе, -деди жигитине. - Ансыз деле мага көп жигиттер асылып жүрөт.
- Аа… Кечээ бир жигит асылып өлүптүр деп уккан элем. Көрсө ал сага асылып өлгөн турбайбы.




Көңүл бургула!
Конкурс,
конкурс…
"Боло берет турмушта, особенно кыргызда" аттуу эң кызыктуу күлкүлүү окуяларга конкурс жарыялайбыз. Эң мыкты деп табылган авторлордун чөнтөк телефонуна 100 бирдиктен жөнөтүп турмакчыбыз. Sms аркылуу 0772624855 номерине жөнөтсөңүздөр. Эгер почта аркылуу кат жазсаңар биздин абоненттик ящик: Бишкек - 48 А/Я 1551 же болбосо 44-98-21 телефонуна чалыңыздар.

Даярдаган Алмазбек Эркебай