Сенин гезитиң!
№32, 09.09.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Кумир менен баарлашуу

Бул ирет жылдыздуу татынакай келбети менен көпчүлүктүн көңүл борборунда болуп келген ырчы Бактыгүл Бадыева күйөрмандары менен жолугуп баарлашты. Белгиленген убакыттан эрте келген Бактыгүлдүн фанаттары ырчы айымдын кечиккенине карбай күтүп олтурушту. "Зарыл жумуштарым менен Көлгө барып кечигип калдым" деп күйөрмандарынан кечирим сурап кирген Бактыгүл бир үй-бүлөдө чоңойгон бир туугандай болуп, келген коноктору менен жакындан сырдашып, алардын көңүлүн ачып, жарпын жазды. Белгилей кетүүчү жагдай, ысымдары гезит бетине жарыяланып чакырылбаса да Бактыгүл менен сүрөткө түшүүнү каалаган ыр ышкыбоздорунун аягы 2 саат бою үзүлгөн жок.

Бактыгүл Бадыева:
"Бирөөнүн көз жашынан бакыт кургум келбейт"
Улан Зулкайнар уулу
- Бактыгүл эже, мен сизди кыргыздын ай чырайлуу ырчы кызы катары сыйлайм жана сыймыктанам. Сиз менен жолугушууну көптөн бери эңсеп жүрдүм эле бүгүн кубанычтамын. Акыркы кезде ырдап гана тим болбостон кино жаатында да таанымал болуп келесиз. Айтыңызчы, кино менен сахнанын айырмасы бар бекен. Эгер тандоо учуру келсе кайсы багытка кадам таштамаксыз?
- Биринчиден сизге чоң рахмат. Сиздей күйөрмандарым менен мен да сыймыктанам. Мен үчүн кино менен сахна эриш-аркак жүргөн эгиз козудай. Эгер сиз айткандай тандоо боло турган болсо экөөнү тең алып кеткенге аракет кылам. Ал эми айырмасы, маселен кинодо күлүп жадырап-жайнап аткан учуруңда "баштадык" деп туруп Бактыгүл ыйла деп коёт. Анан ыйлаганга туура келет. Сахнада болсо мындай 2 түрдүү жагдай болбойт. Номер бүткөнчө бир калыпта күлүп-жайнап ырдайсың.
- Сахнага чыкканда сүрдөйсүзбү?
- Албетте, ыйык сахнанын сүрү, эл алдындагы жоопкерчилик толкундатпай койбойт.
- Орозо кармадыңызбы, дегеле куран окуп, келме айта аласызбы?
- Негизи 7 жылдан бери орозо кармап келгем. А быйыл ден-соолугума байланыштуу кармаган жокмун. Ал эми куран окуп, келме айтканды бала чагымдан эле билем.
- Жети атаңызды билесизби?
- Жети атам менен Манастын жети осуятын түшүмдөн чочутса да айтып бере алам.
- Дагы деле ресторан иштетип жатасызбы?
- Жумушумдун көптүгүнөн жетишпейт экенмин. Негизи ал ресторанды ижарага алып иштетип жаткам. Тапкан акчамдын баары ижара акысына кетип калат экен. Андан көрө өзүңдүн менчигиң болсо жакшы болчудай. Кудай буюрса ошол күнгө да жетээрбиз.

Гүлкайыр Итикеева
- Бактыгүл эже, "Жакында Казакстанга кетем, менден кутуласыңар" деп бир гезитке чыктыңыз эле. Ушинтип айтканыңыз ыраспы?
- Чынын айтсам ошол маалыматты окуп алып аргасыз күлдүм. Муну менин атымдан бирөө жазган экен. Ал адамды таап, жазасын бердим.
- Сиз жөнүндө айтылган ушактарды укканда кандай абалда каласыз?
- "Ит үрө берет, кербен жүрө берет" дегендей каалашыңча сүйлөй бер деп коём. Мындай ушактар менин аба-ырайымдын өзгөрүшүнө эч кандай таасир бербейт.
- Өзбек ырчысы Райхон менен кантип дос болуп калдыңыз?
- Баарыңыздарга белгилүү Элла Акулова деген продюсер менен чогуу иштешип, ошол эже мага жардам берип келет. Элла эже аркылуу Өзбекстандын көптөгөн жылдыздары менен таанышып, алардын арасынан Райхон экөөбүз тил табышып, дос болуп калдык.
- Сиздин оюңузча "жылдыз оорусу" менен кандай адамдар ооруйт?
- Көксөп жүрүп жеткендер эмес, көрбөгөндүн көргөнү курусун болуп, эч нерсе көрбөй жүрүп жеткендер ооруйт. Негизи "жылдыз оорусуна" кабылган адамдар кайра жылдыз болбой калышы мүмкүн.
- Шоу-бизнесте дагы канча жыл кызмат кылам дейсиз?
- Бардык нерсе Кудайдын колунда. Биз момундай кылам, тигиндей кылам деп сүйлөй беребиз. Андыктан Кудайым буюрган күнгө чейин деп турайын.
- Кыргызтелекомдун жарнамаларында жүрөсүз. Гонорарын аябай эле очойтуп берсе керек?
- Кечиресиз, мынча берди деп айтпай эле коёюнчу. Менин чыгармачылыктан сырткаркы жумуштарым жашыруун эле болуусун каалайм..

Тинатин Нурдин кызы
- Бактыгүл эже сиз сулуусузбу?
- (Күлүп) Сиз кантип ойлойсуз?
- Мага аябай сулуу көрүнөсүз.
- Мен аялзат деген сөздүн өзүн сулуу деп эсептейм. Ошондуктан бардык аялзаты сулуубуз. Менде жок жагымдуулук сизде бар, сизде жогу менде бар дегендей ар бирибиздин өзүбүзгө жараша сулуулугубуз болот. Демек, сиз да сулуусуз.
- Бетиңизди тазалатып турасызбы?
- Ооба, бир айда бир жолу тазалатып турам.
- Сиздин машинанын формасындагы сумка көтөрүп жүргөнүңүздү көп көрүп калабыз. Жашыруун болбосо кайдан алдыңыз эле?
- Жаңыдан сахнага келгенде "Тумар" бийчилер тобунун жетекчиси Айпери менен иштешип калдым, ал экөөбүз 5 жылдан бери доспуз. Жаңылык катары айта турган болсом жакында Айпери менин эң оор жумуштарымды мойнуна алып мага продюсер болду. Дал ушул курбум мындан 2 жыл мурун сиз сураган сумканы мага белек кылган. Белек болгон үчүн кай жактан алганын сураган жокмун.
- Менин байкашымча сиз дайыма кашыңызды көтөрүп сүйлөйсүз. Бул адатыңыз бала чагыңыздан эле бар беле?
- Бул менин кичинекей кезимден калыптанып калган адатым. Бир жагынан мага каш көтөрүп сүйлөгөн жагат.

Азиза Тайгобарова
- Эгерде үй-бүлөлүү адамды сүйүп калсаңыз экинчи жубай болууга макулсузбу?
- Тфү-тфү, мындай жагдайдан кудай сактасын. Бирөөнүн үй-бүлөсүн бузуп, бирөөнүн көз жашынан бакыт кургум келбейт. Андан көрө сүйбөсөм да бир бойдок жигит менен өмүр сүргөнүм артык.
- Сиз анткениңиз менен сүйүүгө айла жок да.
- Сүйүүгө айла жок эмес, акыл менен жүрөгүңдү башкарсаң болот. Мунун баары өзүңө байланыштуу.
- Жигитиңиз барбы?
- Албетте, жүрөгүмдө жакшы көргөн жакын адамым бар. Ал менин чыгармачылыгымды түшүнүп, ар тараптан колдоо көрсөтөт. Башы бош, кыргызымдын жаш, намыскөй мырзасы.
- Канчанчы жылкы болот?
- 1982-жылкы. Сүйлөшкөнүбүзгө 3 жылдын жүзү болду.
- Качан баш кошобуз деп пландаштырып жатасыздар?
- Азырынча белгисиз. Буюрган күнү деп турабыз.

Уултай Төлөналы кызы
- Машина айдаганды канча жашыңыздан үйрөндүңүз?
- "Копейка" деген машинага биринчи жолу 15 жашымда олтуруп, байкем үйрөткөн. Андан кийин "Гольф-3" айдадым. Азыр болсо "Лупарик" айдап жүрөм.
- Дүкөндөргө же болбосо соода түйүндөрүнө барганда сиздин урматыңызга сатуучулар бекер берген учурлар болдубу?
- Чынын айтсам мындай учур көп эле жолу болот. Бирок мен бекерге көнгөн адам эмесмин. Көп жерден ыраазычылыгымды билдирип эле акчасын карматып кетем. Жакында апам экөөбүз көлдөн келатсак "мени эстеп ичип коюңуз" деп бирөө кымыз берип атпайбы. Сунган колун суутпайын деп уялып атып алганга туура келди. Ушундай тартынчаактыгымдан кээде ыңгайсыз абалда калам.
- Жигитим бар деп жатасыз. Ошол жигит сиздин жүрөгүңүздү кантип ээлеп алды болду экен?
- Аны айтпайм да сизге. Акылдуу экен сүйдүрүп алды.
- Сүйүүсүн ал биринчи арнадыбы же сизби?
- Жыты жок гүл, эрки жок кыз болбойт дегендей албетте ал биринчи кадам жасады.
- Балалыгыңыз кайсы жерде өттү?
- Атамдын жумушуна байланыштуу Баткенде, Жалал-Абадда жашадык. Бирок, балалык күндөрүмдүн көпчүлүгү Токмок шаарында өттү. Ал эми Бишкекке келгениме 6 жылдын жүзү болду.
- Кийинки убакта көпчүлүк жаштар башка динге өтүп жатат.Буга сиздин көз карашыңыз?
- Алла-Таалам мусулман кылып жараткандан соң өз динибизди ыйык тутуп, сакташыбыз керек. Башкалар үчүн эмес, өзүм үчүн жооп бере турган болсом кандай кырдаал болбосун динимди, улутумду, тилимди жоготпогонго болгон күчүмдү жумшайм.
- Спорттун кайсы түрүнө кызыгасыз?
- Сууда сүзгөнгө.

Уюштурган Ж. Калдарова