Сенин гезитиң!
№31, 02.09.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Кумир менен баарлашуу

Самат Дөөлөтбаков:
"Келинчегимди ала качып алгам…"
Эки кесиби бар, ырчылык өнөрдү "жан дили" менен сүйгөн, келечекте саясатчы болууну эңсеген… мырзабыз Самат Дөөлөтбаков менен күйөрман кыздары кандайча баарлашты, кандай суроолор менен кайрылышты, кантип ырчы жигитти "чымчып" өтүштү, мунун баарын төмөндөн окуй аласыздар.

Айсулуу:
- Самат, негизги кесибиңиз кайсы?
Самат: - Эки кесибим бар. Биринчиси, информатикалык жагынан. Компьютер адиси- дизайнерлик кесип. Экинчиси, экономист.
- Мындай суроо туулуп жатат. "Эки кесибим бар" деп жатасыз. Дегеле, ырчыдан баш адашат… Сизге ырчылыктын эмне кереги бар? Ырдабай эле койбойсузбу?
Самат: - Ырчылык өнөр мага жагат. Көбүнчө мен ырларымдан башкача, өзгөчөлөнгөн багыт издегим келет.
Жаңылай:
- Ырчы болуш үчүн эмне керек? Азыр "Ырдап чыгуудан өткөн оңой нерсе жок" дешет го?
Самат: - Алгач албетте, эмгек керек. Чындыгында биздин эстрадага ырдап чыгыш өтө оңой. Шоу-бизнестин дөө-шаалары болгон адамдардын көңүлүн алып кой, болду... Кыскасы, бизде ырчы болуунун анчалык деле түйшүгү жок.
- Эл аралык музыкалык кароо-сынактарга катышайын деген оюңуз барбы?
Самат: - Андай ой жок. Себеби, менде ага карата даярдык жок. Ал үчүн көп-көп иштеш керек.
Мээрим:
- Башкалар сыяктуу эле "Жылдыз" илдетине кабылсаңыз керек?
Самат: - Ооба, бир кезде андай ооруга да кабылганбыз. Бирок, жылдыз экениңди эл гана баалап, таразалайт эмеспи. Аны билген соң, кайра эле жерге түшүп калганбыз.
- Кичинеңизде жоош белеңиз?
- Жоош эмесмин. Мени эч ким "Жоошсуң" деп да айта алышпайт.
- Ырчылык атыңызды колдонуп, ыңгайсыз абалдан чыккан учурларыңыз болуп калабы?
Самат: - Жөн эле жерден өз атымды айтып, мактанууну каалабайм. Негизи бардык жерде кичипейил, сылык болуу керек. Мен үчүн ар бир адамдын мага жасаган мамилеси өтө маанилүү болуп саналат. Сиз айткан учур боюнча айтсам, бир курдай концертим болмок. Ошого ашыгып бара жатып, жолдон жол эрежесин бузуп койгом. Ошондо МАИ кызматкери токтотуп алып, өзүнүн "ишин" баштады эле мен да жөн турбай афишамды, билеттеримди берип: "Эми байке, концертим болот эле. Жеңем экөөңүз келип, көңүл ачып кетиңиздер" деп эпилдеп-жепилдеп жиберсем: "Аа, болду да" деп дайым бир нерсе алып көнүп калган байкебиз оңой эле коё бергени эсимде.
Назгүл:
- Сиздер которуп, ырдап чыккан ырларыңыздарды деле "Сөзү, обону меники" деп энчилеп аласыздар. Башка бирөөнүкүн энчилеп алгандык- өтө уят го?
Самат: - Туура айтасыз. Бул боюнча жеке өзүм үчүн жооп бергим келет. Мен жаман атты болгум келбейт. Андыктан, кимдин ырын ырдабайын, аны "өзүмдүкү" деш максатым эмес. Ыр-бул түбөлүк калуучу баалуулук. Ошондуктан, ага карата бурмалабастан түз, туура маалыматтарды айтуу зарыл.
- Ырчылардын баары эле "Менин атаандашым жок" дешет. Чындап эле атаандашпасаңар анда эмнеге сахнага чыгып жүрөсүздөр? Андай болсо чыкпай эле койбойсуздарбы?
Самат: - Кандай десем… Атаандаштыктын да өзүнүн түрлөрү болсо керек. Атаандаштык болгон жерде сөзсүз сапат жагы өсүп, күчтүүлөр тандалып кала берет. Бирок, "Атаандашат деген ушул экен" деп ашыкча мактанып кеткенге кошулбайм. Маселен, "Машина сатып алдым, жаңы сотка алдым же кийимимди жоготуп жибердим, аз күндө өзүм жоголуп кетем" деген сыяктуу маанисиз кабарлар менен азыр эч кимди таң калтыра албайсың. Ошондуктан, чыгармачылык шык-жөндөм жагынан гана атаандаштык болушу керек деп эсептейм.
- Дайым жаныңызда жүрчү буюмдар?
Самат: - Компьютерге керектүү флещка дайыма жанымда болот. Машинемде бут тазалагыч щетка жана парфюм жүрөт.
- Быйыл Орозо кармоо оюңузда барбы?
- Былтыр Египетте жүргөнүмдө Орозо кармагам. Быйыл ойлонуп көрүү керек го.
Айсулуу:
- Кыз ала качууга кандай карайсыз?
Самат: - (Тамашалап…) Абдан туура деп эсептейм. Мен өзүм деле келинчегимди ала качып алгам. Чынын айтсам, зордоп ала качууга каршымын. Демек, ала качуунун эки түрү бар. Кыздын көңүлү менен аны ала качуунун эрөөн-терөөнү деле жок. Болбосо, кыз өзү бармак беле.
Кыз-Бурак:
- Сүйүү менен сулуулукту бирдей карашат. А сиздин көз караш?
Самат: - Негизи бул философиялык суроо экен. Экөө тең бири-бирин толуктап, төп келишип турса кандай сонун.
- Кыргыздын уулу катары жети атаңызды билесизби?
Самат: - Мурун билчү элем… Көптөн бери аксакалдар санжыра тууралуу менден сурай элек. Ошондон улам унутуп калдым.
- Ырчылар "Бир мүнөт да колум бош эмес" дей бересиңер. Бул шылтооңорбу же чын эле ошондойбу, билбейм. Бошобосоңор, деги кантип эс аласыңар?
Самат: - (Тамашалап…) Эс алып жатып, колубуз бошобойт да. Башкалар үчүн эч нерсе дей албайм. Өзүм тууралуу айтсам, ишим өтө көп. Ошондуктан бош учурум чын эле аз десем болот.
Мээрим:
- Жубайыңыз үй-жумуштарын жасап, үлгүрбөй жатса, жардам кыласызбы?
Самат: - Албетте, күнүгө таштандыларды төгүп турам жана ыңгайы келген жерлерден жардамдашам.
- Катуу таң калган учуруңуз болду беле? Маселен, азыр балдарды кыздар ала качып кетип жатышыптыр…
Самат: - (Таң калып…) Кандайча? Кыздар ала качып жатышыптырбы?
Мээрим: - Ооба. Ушундай көрүнүш үч жолу болуптур. Эки баланы ала качып кетишкенде алар олтурбай коюшуптур. Ал эми кыздар үчүнчү баланы ала качып барып, кыйнап жатып олтургузушуп коюшуптур…
Самат: - Кызык экен. Балким, бул тамашадыр. Бирок, абдан оригиналдуу экен. Мына, мен ушуга таң калып жатам.
Кыз-Бурак:
- Асыл таштарга кызыгасызбы?
Самат: - Ооба, аябай кызыгам. Мурда беш-алтыдан шакек, экиден браслет тагынып алчумун. Азыр эми токтолдук да. Андайларды ыгы менен тагынам.
- Кошомат кошосузбу?
Самат: - Мага бирөө: "Ырыңыз жакты, клибиңиз абдан сонун тартылыптыр"десе абдан жагат. Ошондуктан, кээде мен да кимдир бирөөлөрдүн маанайын көтөрүү үчүн дал ушундай сөздөрдү айтканды туура көрөм. Бирок, бул кошомат кошууга жатпаса керек…
Жаңылай:
- Бильярдга кызыгасызбы ?
Самат: - Эмнегедир мен жигиттер кызыккан нерселерге көп кызыга бербейм. Бильярдга, ичимдикке, тамекиге жокмун.
Динара эже:
- Самат, сага чыгармачылык ийгилик каалайм. Ата-энеңди кубандырып, ийгилик үстүндө жүрө бер. Ошондой эле элибизде рамазан айында тынччылык, бакубатчылык, ыйман болсун!
Уюштурган НУР- КЫЯЛ
Сүрөттөрү А.Адишовдуку.
P.S. "Кумир менен баарлашуу" аттуу рубрикабызга жаштар гана келип, катышып жүргөн болушса, бул сапар Жаңылай аттуу кызын ээрчитип алып, 45 жаштагы Динара эже да редакциябызга келиптир.
Ал кызынын бардык каалоолорун аткарууга көмөктөшүп, колдоорун жана өзү да жаштардын ар кандай иш-чараларын жакшы көрөөрүн айтып өттү.
Биз да Динара эжеге бекем денсоолук, үйбүлөлүк бакыт каалагыбыз келет.