Сенин гезитиң!
№31, 02.09.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Спорт

Руслан Түмөнбаев:
" Сүйгөнүмө көз тийип кетет деп корком"
Пекинде өткөн дүйнөлүк Олимпиадада Руслан Түмөнбаев кыргыздын желегин желбиретип,
чоң ийгилик менен кайткандыгы маалым.
Мына, ушул кыргыз элинин сыймыгы, азамат уулдарынын бири Руслан менен болгон
кызыктуу маегибизге көңүлүңүздөрдү бурабыз.


Маектеш жөнүндө маалымат:
Руслан Түмөнбаев 1986-жылы жаркыраган жаздын 28-майында Чүй өрөөнүнүн Кемин районундагы Жаңы-Алыш айылында туулган. 2006-жылы болуп өткөн Доха чемпионатында Грек-Рим күрөшү боюнча коло медалдын ээси жана Кыргызстандын чемпиону. Учурда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин экономикалык факультетинде 4-курста окуйт. Беш бир туугандын үчүнчүсү, бойдок.

- Эң оболу жетишкен ийгилигиңиз менен чын жүрөктөн куттуктайбыз.
- Рахмат.
- Кыргыз желегин көтөрүп Бээжинден кайткан соң, кандай сезимдер сизди курчап турат? Медалды майлап бүттүңөрбү?
- Бул медалды оңойчулук менен майлап бүтпөйбүз го. Бир туугандын үйүнөн келсек, эртеси башкасы чакырат. Ата-энем болсо азыр айылда майлап той берип жүрүшөт. Кудай буюрса, алдыдагы жумуштарды бүтүрүп, мен дагы айылга барып келем.
А азыркы учурдагы абалымды айта турган болсом кубанычым койнума батпай жүргөн кезим. Мени тааныганы деле, тааныбаганы деле "Ой, Руслан азаматсың" деп куттуктап, биздин жетишкендикти тең бөлүшүп турганы аябай кубандырды. Мурда тааныбаган адамдар жүзүбүздү сыналгыдан көргөн соң "ошолбу, ошол эмеспи?" деп күмөн саноо менен келип, сурагандар да толтура болуп жатат. Бул албетте сүйүндүрчү нерсе.
- Олимпиада оюндарына биринчи жолу катышып жаткандыктан эми Бээжинге барган алгачкы күндөрүңүздү бөлүшө кетсеңиз. Атаандаштарыңызды көрүп бир коркуп алган да учурлар болсо керек. Дегеле кандай таасирлерди калтырды?
- Менин оюмча ар бир спортсмен кандай гана мелдеш болбосун ийгиликке жетишип, медаль тагынсам деп ниеттенет. Анын үстүнө дүйнөлүк Олимпиадага катышып жаткандан кийин жеңилем деген нерсени ойлоп дагы койбош керек деп айтат элем. Эгерде жеңилем деген күмөн саноолор болсо, андай мелдештерге катышмак тургай, кыялданбай эле койгону дурус го деп ойлойм. Алдыга максат койгондон кийин ошого жетүү үчүн болгон күч-аракетти жумшасак ийгилик биз тарапта болооруна шек жок.
Коркуу сезими эмнеден пайда болду, айтайынбы Азия, Дүйнөлүк чемпионат оюндарына салыштырмалуу Олимпиадалык оюндар таптакыр өзгөчө болот экен. Чынын айтсам ушул Олимпиадада мурда бир да жолу көрмөк тургай уга элек өлкөлөрдүн спортсмендерин көрдүм. Аларды дагы каяктан көрдүң дебейсизби, кийип жүргөн кийимдеринин артындагы жазууларынан окудум. Андайларды жада калса картадан да таппайсыз. Мына ушундай таң калуулар менен өз өлкөмө кайтып келдим.
- Ошол 200дөн ашык мамлекет катышкан Олимпиадада кыргыздар эмнеси менен айырмаланып турду?
- Мындай карап көрсөк азиаттар, коңшу казак элдери, өзбектер, биз бири-бирибизге окшош эмеспизби. Ошол себептүү биздин мекендештерибиз кыргыздын түндүгү түшүрүлгөн кызыл желеги бар кийимдери жана кереметтүү ак калпактары менен өзгөчөлөнүп турдук.
- Кээ бир оюндарды көрүп отурганда анча тактык менен бааланбагандай сезилди. Сиздин оюңузча калыстык менен өттүбү?
- Менин оюмча калыс эле чечилди.
- Кытайлар ар кандай жандыктар менен тамактанышат эмеспи. Ушул күндөрдүн арасында силер эмне менен тамактанып жаттыңар?
- (Күлүп) Биз баргандан келгенче мөмө-жемиш менен азыктанып жүрдүк. Суу ичебиз аларды жейбиз. Себеп дегенде, салмагыбызды сактап туруубуз шарт болчу.
- Ушундай медалды мойнуңузга тактырган Грек-Рим күрөшү боюнча канчадан бери алектенип жүрөсүз. Дегеле, спорт дүйнөсүнө канча жашыңыздан кадам таштагансыз?
- Ишенесизби, кичинекейимде спорт деген нерсеге таптакыр кызыкчу эмесмин. Менин спортко келип калышыма өзүмдүн айылдаштарым, классташтарым түрткү болду десем болот. Кошуналарым менден мурда эле ар кандай ийрим-спорт менен машыгышчу. Алардын катарында менин Азат деген досум да каттап жүрдү. Анан эле бир күнү "Жүрү, сен да биз менен бирге машыгасың" деп өзү менен чогуу "Локомотив" деген стадионго алып барды. Экөөбүз бирге бардык, анан ал залга кирип кетти, а мен болсо уялып кире албай койдум. Болбосо, баары эле менин досторум, классташтарым болчу. Ошентсе да 2-3 бала менен барам. Бирок, залга кирбей алар чыкканга чейин күтүп отуруп, чыгышкандан кийин чогуу үйгө кетем. Бир күнү адаттагыдай эле уялып эшикте отурсам, бир агай чыгып калды "Сен кимсиң, эмнеге келдиң эле, кимди тааныйсың?" деп сурады. Бияктагылардын дээрлик баардыгын тааныйм,мен дагы жазылайын деп келдим эле"-десем, жүрү деп өзүнүн тизмесине кошуп койду. Жазылгандан кийин да бир жума уялып баралбай жүрдүм. Бир апта өткөн соң араңдан-зорго залга каттай баштадым. Анда менин алгачкы машыктыруучум Молдобаев Амиркул агай чоң жардам берди. Мына, ошентип он эки жашымда спорттук алгачкы кадамдарым уялуу сезими менен башталган деп айтаар элем.
- Канча убакка чейин Амиркул агайдын колунда тарбияландыңыз?
- Балдардын, жаштардын анан чоңдорун арасында деп балбандарды бөлүп коет. А мен алгачкы балдардын анан жаштардын бөлүгүндө Амиркул агайдын колунда тарбияландым. Бирок ал убактарда эч жакка чыккан жокмун. Эч ким менен күрөшпөдүм десем болот. 2006-жылдан баштап жашым жете элек болсо да чоңдордун катарына кошулуп алдым. Андагы машыктыруучум Аманкулов Эмил деген болчу.Ошол Эмил агайда тарбияланып жүргөнүмдө эч канча убакыт өтпөй, ошол эле жылы Кыргызстандын чемпиону болдум. А Дохада өткөн чемпионатта мени эмес, башка бирөөнү алып бармай болуп калды. Бирок, анын салмагы туура келбей калгандыктан бир орунду бош калтырбай сени ала кетейин деп капысынан барып жеңиш менен кайтып келдим.
- Тулпар тушунда кымбат демекчи сиздин күчүңүздү сынап көргөн, кээ бир машыктыруучулардан сунуштар түшсө, эмне кылаар элеңиз. Акча деген азгырыкка азгырылып биздин өлкөнү таштап кетпесеңиз керек?
- "Башка элдин султаны болгончо, өз элиңдин ултаны бол" деген кыргыздын таамай айтылган накыл сөзү бар эмеспи. Анын үстүнө ушундай бийиктикке жетишип отурган соң андай ой башыма да келген жок. Кудай буюрса киндик каным тамган жер, кереметтүү Кыргызстанымдын кызыл желегин желбиретип, өз элим-жерим үчүн эмгек кылып жүрө берем. Бүгүнкү күндө башка өлкө төлөгөн акчаны Кыргызстан да төлөп калбадыбы. Кудай буюрса акча үчүн азгырылып, Ата-Журтумду эч качан таштап кетпейм.
- Акча жөнүндө кеп козгоп калдыңыз, колго тийген акчаны эмнеге жумшайын деп турасыз?
- Биринчи акча колго тийсин. Андан соң Кудай буюрса келечекке жакшы максаттарды коюп, алгач шаарыбыздан квартира алсам деп ойлонуп турам. Дагы байкелеримден машине тийсе, баары жакшы болот деп ойлойм. Келечектин пайдубалын тургузуп, бактылуу жашаганга не жетсин.
- Жакшы максатыңыз бар экен. А ушул кең келечекке чогуу бара турган жүрөгүңүздүн ээси бар бекен? Айрыкча ийгилигиңизден соң бул туурасында билүү көп кыздарга кызык болсо керек?
- Ушул журналисттер кызык болосуңар ээ. Ишенесизби, аэропорттон жаңы түшкөндө куттуктайбыз дегенден мурда "качан үйлөнөсүң?" деген суроолорду узатышты. Кудай буюрса жүрөгүмдү жаралаган сулуу бийкеч бар. Ал жөнүндө айтсам азыркы учурда 11-классты аяктап, Медакадемияга окууга тапшырды. Чынын айтсам аны көчөгө алып чыга албайм, анткени көз тийип кетет деп корком.
- Аябай сулуу окшойт? Кайсы сапатын өзгөчө баалайсыз?
- Сулуулугунда сөз жок. Жакшы көргөн адамыңдын ар бир кылган кыймыл аракети өзгөчө баалуу эмеспи. Андыктан, бул сапаты жагат, а мунусу жакпайт деп бөлүп карабайм. Мен аны абдан жакшы көрөм.
- Ошончо жерден куру келбей сүйүктүүңүзгө белек-бечкектерди ала келсеңиз керек?
- Албетте, бир гана өзүнө эмес, жанында жүргөн курбуларына да унутпай ала келдим.
- Окуу жылы да башталып калбадыбы, бул ийгиликтериңизден соң сабактан да чоң жардам берет болушу керек?
- Олимпиадага аттанаар маалда кээ бир барбай жүргөн сабактардан жардам чоң болду. "Оо, Олимпиадага барган жигитке кандай баа койбой коёбуз" дешип жөн эле зачеткамды толтуруп беришти. Олимпиададан келгенден кийин да атайын тегерек стол уюштурушуп, ректор, кафедра окутуучулары менен жолугуштук. Кудай буюрса окуудан кыйынчылыктар болбойт деген үмүт чоң. Бирок, быйыл бир да сабактан калбай катышканга аракет кылам. Бир гана спорт жактан эмес, Кыргызстандын экономикасын да алга жылдырсам деген ниеттерим бар.

Медалды Канаттын сумкасына салып коюп…
- Бул Олимпиадада алгач мен медаль утуп албадымбы. Баарыбыз, машыктыруучулар, дарыгерлер чогулуп чечинүүчү жайда медалды жууп отурганбыз. Бир күндөн соң Канат мелдешке чыгат эле. Мен медалды Канаттын сумкасына салып коюп отурсам, тренерлерим "Руслан, медалың кана?" деп калышты. "Ал Канаттын чөнтөгүндө, жалгыз медалды жуп кылып кетели деп ырымдап салып койдум" десем ишенбей коюшту. "Барып карагыла" деп сумканы көрсөтсөм, Канат толкунданып кетип, сүйүнүчү койнуна батпай "Красавчик, Руслан" деп көтөрүп жиберди. Мына ошентип жалгыз эмес, жуп медаль менен өз жергебизге кайтып келдик.

Маектешкен
Нурзат Жусупова