Сенин гезитиң!
№30, 26.08.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Билгениң оң

Айымдар менен мырзаларды ирээнжиткен адаттар
Идеалдуу адам эч качан болбосун, болгону адамдарда идеалдуу кыялдар жашаары баарыбызга маалым. Ошентсе да мырзаларда асылзатынын өзгөчө кыжырын кайнаткан адаттар да кездешет экен. Албетте мындай сапаттан айымдар да куру эмес.

Мырзаларга жакпаган айымдардын адаттары:

Ушакка жакындыгы, айымдардын башы бириксе эле күбүр-шыбыр түшүп, бирөөнү сөз кылганы эркектердин кыжырын аябай келтирет.

Материалдык абалына кызыккандыгы, жаңы таанышканда эле "Кайда иштейсиң? Ким болуп иштейсиң? Канча акча табасың?" деген суроолору.

Мырзалардын кемчилигин чукулоо - аларга туура эмес кылып жатасың, тигиндей кыл, мындай кыл деген акыл үйрөтүүлөрү өтө оор тиет.

Көп сүйлөгөндүк, көрүнгөн нерселер жөнүндө анын башын оорутуп айтып берип жатып, сүйүктүүңүздү алаксытып жатам деп ойлосоңуз сиз катуу жаңылышасыз. Анткени көйнөктү кайсыл жерден алганыңыз, аны менен жолугууга келе жатып кандай окуяга туш болгонуңуз, классташыңыздын же группалаштарыңыздын же болбосо кошунаңыздын окуялары ага кызыксыз.

Жоопкерчиликсиздик. Жолугушууга чакырылганда назданам деп жарым саатка кечигип барып, жигитиңиздин жинине тийип алууңуз толук мүмкүн. Анткени эркектердин теңинен көбү күттүргөндү да күткөндү да абдан жаман көрүшөт.

Айымдарга жакпаган мырзалардын адаттары:

Коңурук тарткандыгы, себеби өзү да эс албаганы аз келгенсип, өзгөгө да корулдап тынчтык бербейт;

Түн ортосуна чейин компьютерде оюн ойноп, жаш баланын образын кийип алат. Чынында түн ичинде компьютерден да башка кызыктуу оюн бар эмеспи…

Ченде жок ашыкча кызганчаактыгы. Себеби кызганычтын айынан бир топ уруш-талаш жаралат.

Кыз жандуулугу, анткени сени колтуктап баратып, ошол эле учурда кыска көйнөк кийген кыздарга тийишүүгө да үлгүрөт.

Жерге түшүп калган кашыкты же вилканы алып койбостон, анын үстүнөн бир жума болсо деле ары-бери аттап өтө бергени.

Кокус уруша кеткенде тигилердей жакшы болсоң деп -тааныш аялдарды же өз апасын мисал кылганы-кылган.

Өз алдынча мык уруп же лампочка тагууга такыр мүмкүн эмес. Анткени анын жанында балканы кармап, мык алып берип туруу керек.

Гүл же жагымдуу белекти бир жылда эки жолу гана алууга мүмкүн. 8-мартта жана туулган күндө.

Ыңгайы келген жерден "аялзатынын чачы узун, акылы кыска экенин" же болбосо "алтын баштуу аялдан, бака баштуу эр артык" экенин далилдегилери келет.

Анара Дүйшөналиева




  Кызыктар дүйнөсүндө

Канаттуулар жөнүндө кызыктар фактылар
Башка жаныбарлардан айырмаланып канаттуулардын көрүү жана угуу сезими мыкты өөрчүгөн. Алардан өзгөчөлөнүп чабалакей эң мыкты көрөт. Тагыраак айтканда бир километр аралыктагы эң кичинекей нерсени көрө билүү артыкчылыгына ээ. Ал эми бүркүт салмагы жагынан кишинин салмагынан 40-30 эсе жеңил болгону менен көзүнүн көлөмү адамдыкынан бир топ эсе чоң.
Ар бир чымчыктын башы 180-270 градуска айланат. Канаттуулардын бирден-бир куралы моюну болуп эсептелет. Өзгөчө үкүлөр мойнун ары-бери айландырып өзүнө тамак таап жей алышат.
Жырткыч канаттуулар башкалардан айырмаланып курч көзгө деле зарыл эмес экен. Анткени алар аңдыган азыктын да көлөмү чоң болгондуктан ошол жемден калбай жакын аралыкта эле артынан аңдып жүрүп отурушат.
Көрүү жагынан адамдарды астына чыгарбаган канаттуулар тилекке каршы түстү ажырата алышпайт. Мунун үстүндө адамдар канчалык аракеттенгени менен эч кандай жакшы жыйынтык берген эмес.


СПИДге жүз жыл
Эң коркунучтуу, жугуштуу оорунун маймылдардан адамга жукканына туура 100 жыл болуптур. Биолог Майкл Воробейдин айтуусуна караганда окумуштуулар учурда бул оор илдеттен кантип айыктыруу керек экендигинин жолун издөөнүн ордуна качан, кантип, эмнеден улам бул оору пайда болгон деген суроонун тегерегинде баш катырууда.
Чынында эле бул суроого жооп издөө учурунда илимпоздор кызыктуу фактыларга кабылышкан. Мисалы, Вич-1 ХХ кылымдын 30-жылдары пайда болгон деген пикирлер да жаралыптыр. Адам бул илдетти маймылдардан качан жуктуруп алганын эч ким тактай алган эмес, болгону орто эсеп менен чилистендер СПИДге 100 жыл толду деген чечим чыгарышкан. Профессорлордун ою боюнча оорунун тарыхын изилдеп чыкмайын, дартка даба табуу мүмкүн эмес.

Мышык жүздөн ашык ар түрдүү үн чыгара алат
Бул үй жаныбары башка жандыктардан айырмаланып иттер 10 түрлүү үн чыгара алса, мышык 100 түрлүү үн чыгара алат. Дагы бир кызыктуу көрүнүш мышыктар лимон менен апельсиндин жытын аябай жаман көрүшөт. Байыркы Египетте жакшы көргөн мышыгы өлсө, сакал-мурутун алышчу экен. Мышык адамга сүйкөнүп, куйругун өйдө тик көтөрсө сизди жакшы көргөндүгүн билдирет. Колго багылган мышык 15 жыл жашаса, жапайы мышыктар 3 жылдан 5 жылга чейин гана жашашат. Мышыкты сылаган адамдын канынын басымы калыбына келет.
Эң кичинекей мышык-Мистер Пиблз Пекинде жашайт. Анын салмагы 1 килограмм, 300 грамм. Франция, Болгария, Англияда кара түстөгү мышыкты белекке берүү өзгөчө урмат-сыйды туюндурат.
Японияда, үйүнүн кире беришинде мышыктын сөлөкөтү турат. Мындай көрүнүш коломтонун куту, үйбүлөдөгү бейкутчулукту түшүндүрөт. Мышыктардын биринчи көрсөтмөсү 1895-жылы Нью-Йоркто өткөн.




  Пайдалуу кеңештер

Гастрид жана өт баштыгы сезгенгендерге
Айдама жалбыздын Кыргызстанда 5-6 түрү бар. Тармал жалбыз, токой жалбыз. Аталган түрлөр нымдуу жерде суулардын, арыктын жээгинде өсөт. Дарылык катары жалбыздын жалбырактарын июль-август айларында жыйнасаңыз болот. Жалбыздын демдемесин кан басымыңыз жогорулаган учурда төмөндөтүүгө пайдалансаңыз эң натыйжалуу. Мындан сырткары жалбырактарынан эфир майы медицинада кеңири колдонулат. Ал эми гастрид, өт баштыгыңыз сезгенсе жалбыздын кургатылып даярдалган жалбырагынан 1 аш кашыкка 1 стакан өлчөмүндө кайнатылган суу куюп, термозго 30-40 мүнөт кармайсыз да тамактан бир саат өткөрүп ичесиз.




  Пайдалуу кеңештер

Кырк муун
Кырк муундун негизги кошулмасы кремний кислотасы. Ал сууда жакшы эригендиктен ичеги карын жолдорунда жакшы сиңет. Кремний туздары ичтеги жарааттардын айыгуусуна эң сонун роль ойнойт. Мындан сырткары кан тамырлардын былжырлуу өткөргүчтүгүн азайтат. Кремний кислотасы туберкулездогу пайда болгон жаралардын (өзгөчө өпкө менен бөйрөктө) айыгышында маанилүү. Ал эми кырк муундан демделген чай табарсыктагы сезгенүү ооруларында, жатындан кан кеткенде берилет.
Элдик медицинада болсо аталган чөптүн тундурмасын дем алуу органдарынын сезгенишинде, кан кусканда, бөйрөк үстүндөгү бездердин иштешин күчөтүүдө кеңири колдонулат.




  Пайдалуу кеңештер

Жараатты айыктыруунун жөнөкөй жолу
Колуңузда же денеңизде жаңыдан пайда болгон жараатты айыктыруу үчүн:
Бир стакан спиртке 15 грамм бүчүр салып, таза жана күн тийбеген жерге 8 күн сактайсыз. Сиз койгон мөөнөт аяктаган соң жасалган дарыны 20 тамчыдан 3 маал ичиңиз. Аталган ыкманы үзгүлтүксүз аткарсаңыз денедеги жаңыдан пайда болгон жарааттын айыгышына өбөлгө болот.




  Пайдалуу кеңештер

Улгайган адамдарга баклажан пайдалуу
Баклажанда өзгөчө дарылык касиети бар мелонгена бар. Бул зат жемиш жетилген кезде топтолот. Баклажан атреколоз болгон учурда дарылыгы бар тамак катары да пайдаланууга болот. Мындан сырткары түрдүү тамакка такай кошуп жүргөн болсоңуз кандагы холестериндин саны 50 пайызга чейин азайышы күтүлөт. Жемиштериндеги калийдин тузу организмден суюктук бөлүп чыгарууга көмөктөшүү менен жүрөктүн иштешин жакшыртат. Баклажан өзгөчө жашы улгайган адамдардын коюлган канынын суюлушуна пайдалуу.