Сенин гезитиң!
№30, 26.08.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Кумир менен баарлашуу

Ильяз Андаш:
"Топ кыздардын арасында калып кеттим…"
Барби:
- Ильяз байке, сизге ийгилик каалайм. Айтыңызчы, күйөрмандарыңыз жазган гезиттеги смстерди окуйсузбу?
- Албетте, окуп ар бир сөзгө көңүл буруп, маани берем. Мен эле эмес бардык ырчылар окуйт.
- Анда smsчи күйөрмандарыңызды таанысаңыз керек?
- Ооба. "№68 мектепте окуган Мээрим деген кыз мен жөнүндө "Обон" гезитине көп жазат. Учурдан пайдаланып чыгармачылыгымды баалаган Мээримге ыраазычылык билдирем.
- Ал менен жолуккансызбы?
- Жок.
- Азыр эле экзамен тапшырып Караколдон келипсиз. Окууга "мани-мани" бердиңизби же өз күчүңүзгө ишенип жатасызбы?
- Менден акча деле сурашкан жок. Барганымда "бизге окуганы жатасыңбы, эми күндө ырдатабыз" деп тийишип коюшту.
- Кайсы окуу-жайга тапшырып жатасыз?
- Караколдогу Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык Академияга.

Айзирек:
- Диско-клубдарга барасызбы?
- Жок, такыр барбайм.
- Кыздар менен таанышканда эмнесине биринчи көңүл бурасыз?
- Адамдын көз карашынан жан дүйнөсүн билүүгө болот экен. Ошондон уламбы адегенде көзүн карайм.
- Өзүнүн кантип жарык дүйнөгө келгени ар бир адам үчүн кызык. Сиз да төрөлгөнүңүз жөнүндө ата-энеңизден сурадыңыз беле?
- Эртең мененки саат 7де 3 кг 600 грамм салмакта, 53 см бой менен төрөлүптүрмүн. Эң эле кызыктуусу апам ай-күнүнө жетип олтурганда атам гастролго баратып "Баламдын атын Тимур койгула" деп кетиптир. Анан мен төрөлгөндөн кийин чоң энем келип, Тимур эмес Ильяз деген ысым бериптир.

Айгерим:
- Ильяз байке, мен жүрөгүңүздөгү "бирөөнү" билгим келип турат…
- Ушул суроо көп берилет. Анан да ырчылар жок дей беришет дешип айтып да жүрүшөт. Бирок, меники чындап эле жок. Ишенип коё бериңиздер.
- Жактырган адамыңызчы?
- Андай адамым да жок. Жөн гана 6-классымдан баштап сырдашып жүргөн кыйбас дос кыздарым бар.
- Достуктан сүйүү жаралышы мүмкүнбү?
- Керт башымдан өткөрбөгөн соң ал жагын айталбайм.
- Жыртылып калган кийимиңизди өзүңүз эле тигип аласызбы же…
- Негедир кийимимди жыртпай кием. 4-5-классымдагы кийимдерим азыркыга чейин сакталуу.

Синди:
- Бизде түштүктөн түндүккө, түндүктөн түштүккө кыз берип, келин алуудан чочуркап турушат. Эгер сиз түштүк кызын сүйүп калып, ата-энеңиз каршы чыкса ата-энеңизди угат белеңиз же сүйүүңүз үчүн күрөшөт белеңиз?
- Биринчиден менин ата-энем эч убакта баласын антип ара жолго ташташмак эмес. Бирок, ушундай жагдай болуп калса ата-энемдин көңүлү оорубай тургандай кылып сүйүү үчүн күрөшмөкмүн.
- Күйөрмандарыңыздын үйүнө конокко барган учурларыңыз болдубу?
- Болгон. Бир күйөрманымдын туулган күнү менен куттуктап баргам.
- Түн уйкусун кечип, бөпөлөп чоңойткон апаңыз жөнүндө айтып бериңизчи?
- Апам Ысык-Көлдүк, Бөкөнбаев айылынан болот. Чабандын кызы. Ал да бала кезинен колуна комуз кармаган чыгармачыл адам.

Хан-Шай:
- Келе жаткан рамазан айыңыз менен! Орозо кармайын деп турасызбы?
- Рахмат, өзүңдүн дагы. Кудай буюрса, орозо кармайын деген ниетим бар.
- Шоу-бизнесте атаандашыңыз барбы?
- Шоу-бизнес өнүгүп турган учурда бүгүнкү жаш ырчылардын баары эле бири-бирине атаандаш болуш керек. Анткени баарыбыз тең бир жанрды кубалап келатабыз. Негизи мен атаандаш деген сөздү алга өсүп-өнүү деп түшүнөм.

Бегайым:
- Бала чагыңызда ушундай ырчы болом деп ойлочу белеңиз?
- Кенедей кезимден эле ырчы болчумун. Төрт жашымдан тартып борборубуздун филармониясында ырдап чоң сахнага чыккам. Ошол кезде эле Алматага чейин барып, ар кандай кароо-сынактарга катышып келчүмүн. Кыскача айтканда, ырчы болуп төрөлбөсөм да, бала чагымдан чыгармачылыктын чыйыр жолуна түштүм десем болот.
- Ырчы Эрлан Андашов сиздин бир тууганыңыз эмеспи?
- Фамилиябыз эле окшош болбосо, мен Көлдөн, ал Чүйдөн болот. Кыргызстанда ар бир адамга өзүнчө ысым берилбегендиктен бул жөн гана окшоштук.

Уюштурган Ж.Калдарова




  Гастролдогу кызыктардан…

Чыкпаган жеримден тер чыгып…
- Үстүбүздөгү жылдын май айында "Аю" компаниясы менен Жалалабатка концерт коюп барып калдык. Концертти мен "Кыргыз жергеси" деген ырым менен ачып, элди аралап ырдап жаткам. Бир мезгилде 4-5-катарда отурган топ кыздардын жанынан өтүп баратсам кыздар колумдан кармап алышып, ошол номер бүткүчө коё бербей турушту. Анан ыр бүткөндө эл алдында экинчи ырымды аткарайын деп атып топ кыздардын арасынан араң бошонуп чыктым. Ыңгайсыз абалда калып, сүрдөгөнүмдөн чыкпаган жеримден тер чыгып кетти.




  Гастролдогу кызыктардан…

"Ыздраствуйте, заправка гиде?"
- Негизи гастролдо кызыктуу окуялар минут сайын болуп турат. Июнь айында мен, Бактыгүл, Сьездбек жана "Бешилик" тобундагы куудул Рысбек болуп Россияга гастролдоп бардык. Ошол учурда бир жерге келгенде машинабыздын бензини түгөнүп калып, май куюучу жай издей баштадык. Бир маалда ары жактан бир орус кемпирди көрө калып Рысбек байке сиз сураңызчы десек, терезени ачып туруп: "Ыздраствуйте, заправка гиде?" деди эле баарыбыз каткырып жатып калдык. Азыркыга чейин бири-бирибизге "ты гиде?" деп байланышып, тамашалап калабыз.