Сенин гезитиң!
№30, 26.08.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Дарамет

"Улутум өзбек болгону менен кыргызча жашайм"
Бүгүнкү биздин маектешибиз тележурналист, УТРКнын Ала-Тоо маалымат программасынын орусча бөлүмүнүн жооптуу редактору Назира Ахмедова.

- Сиздин бала чагыңызга кайрылсак. Балалыгыңыздын алтын издери кайсыл жерде калды эле?
- Мен өзүм Нарын облусунун Кочкор районунда төрөлгөм. Балалыгым, окуучулук күндөрүм ошол жерде өттү. Үйдөгү жумуштарга караганда китеп окуп, бир нерселерди жазып отурганды жакшы көрчүмүн. Балалыгым шаңдуу, көңүлдүү учурларды өзүнө камтыган десем болот. Окуучулардын эң алдыңкы катарында жүрүп мектепти алтын медаль менен аяктагам.
- Журналисттик кесипти кандайча тандап алдыңыз?
- Мектепте окуп жүргөндө эле Медакадемияга тапшырам, хирург болом деп көп даярданып жүрдүм. Тапшыруу учуру келип, окууну аяктагандан кийин, атам "тогуз жыл окусаң кыйналып каласың го" деп болбой койду. Эч кимге айтпасам да кыялымда, эгерде мен медакадемияга өтпөй калсам журналист болом дечүмүн. Эмнегедир ошол кыялыма таң калам "Жаштын тилегин берет" дегенге ушундан кийин ишенип калгам. Анан байкем "журналистикага барбайсыңбы" деп калды, араң турган жаным макул болдум. Атам өзү бокс боюнча тренер эле, анын эмгектери жөнүндө макала жазып экзаменден өтүп кеттим. Эң алгачкы иш сапарым "Заман Кыргызстан" гезитинде кабарчы болуп иштегенден башталган.
- Адам баласынын кыялдануусунда чек жок деп коёт эмеспи, сиз кандай кыялдарга чөмүлчү элеңиз?
- Туура. Чынымды айтсам, мен кыялданганды жакшы көрөм. Бир күнү атам экөөбүз КТРдин жанынан өтүп баратып, "Качан мен ушул имараттын ичине кирем, иштебесем да жок дегенде көрүп чыксам арманым жок эле" деп кыялданып жанына басып бардым.
Эшигинин алдына Тамара Жаманбаева чыгып калды. Мен ал кишини көрүп алып өзүмдү жоготуп койгом. Себеби бул адамдарды телевизордон гана көрчүмүн. Ошондо алар деле биздей адам турбайбы деп таң калгам.
- Кочкордо төрөлүп өссөңүз да, сизди өзбек кызы деп угуп жүрөбүз. Улутуңуз чынында эле өзбекпи?
- Туура. Менин ата-энем экөө тең өзбектер. Бирок, Кочкордо төрөлүп, ал жакта чоңойдум. Ата-энем да, мен да өзбек тилинде сүйлөй албайбыз. Айлана-чөйрөм, бардыгы кыргыз болгондуктан, биз дагы кыргызча тарбияланып, кыргыздын улуттук салттарын колдонуп келебиз. Улутубуз гана өзбек болбосо, кадимки кыргыздай эле жашайбыз. Мени эч ким өзбекке окшоштурбайт. Тескерисинче кыргыз жүзүн берип тураарымды айтышат.
- Эл алдында жүргөн белгилүү адамдардын үйбүлөсүнө кызыкпаган жан жок болсо керек?
- Жолдошум менен эфир аркылуу таанышкам. Башкача айтканда, ал мени телевизордон көрүп жүрүп, буйрук экен таанышып баш кошуп калдык.Аты Кабылжан,анын улуту да өзбек. Ал менин ишимди түшүнүп, ар тараптан колдоо көрсөтөт. Менин күнүмдүн көпчүлүк бөлүгү жумушта өтөт. Ошондой болсо да ишиме түшүнүү менен мамиле кылат. Мен ойлойм буга анча-мынча эркектер чыдабайт. Өзү дагы билимдүү, мектепти алтын медаль менен бүткөн. Азыркы учурда мугалимдик кесипти аркалап келет. Ортобузда Насипжан аттуу уулубуз бар.
- Ар тараптуу журналист, кесибин сүйгөн мыкты адис катарында сизди билдик окшойт. Ал эми үйдө, ашканада кандай кожойкесиз?
- Жолдошум менен түтүн булатып келатканыбызга жети жыл болду. Турмушка чыга элек кезимде карьераны биринчи орунга койчумун. Турмушка чыгып, ысык-суукту сезип калгандан кийин аялдын бактысы - үй-бүлө экенин билдим. Эне болдум дегендей. Ашканага келсек тамак жасаганды жаман көрөм. Өтө жеңил тамактарды гана жасайм. А бирок, үйдү тазалап, жыйнап, кир жууган жагынан алдыга киши салдырбайм. Ишимди дагы үй оокатымды дагы бирдей алып кеткенге аракет кылам.
- Алып барган программаңыз түз эфирде болгондуктан кызыктуу учурлар да көп болсо керек?
- Жакшы суроо экен. Мындайлар өтө көп болот. Бир жолу 120-студиядагы эфирден кийин мен чыкмай болдум. Ал кезде саат сайын эфирге чыгып жатканбыз. Негизи бизде "шапка" деп коёт, биринчи кетет. Көк фон, андан кийин шапканын жарымы кетип, кайра көк фон болуп калды. Бул режиссёрдун катасы, эфир баштала элек деп мониторду карап, чачтарымды түздөп сылап жатсам жогору жактан "тексти оку" деп режиссёр кыйкырып калды. Эфир бүткөндөн кийин Мырзакул байке "Эмне үйүңдө күзгү жокпу?" деп жатпайбы. Ошентип телекөрүүчүлөрдүн алдында чачымды сылап, ыңгайсыз абалда калгам. Ошол убакта саатыбыз дагы иштебей, түз эфир башталганын байкабай калыптырмын.
- Эфирге кийген костюмдарыңызды кайдан аласыз?
- Костюмдарымды алганга, бир убакта телевидение жардам берчү. Азыр эми тикмечилерге тиктирип, айлыгымдын экиден бир бөлүгүн кийимдериме бөлүштүрөм.

Маек курган
Айнура Султанова




Кечиккен Махабат
Саргарыңкы күздүн жамалына жамынып турган учурда өмүрүмдүн бүрүн гүлдөткөн тун сүйүүгө кезиктим. Бирок, жактырган бийкечим бир уулдун энеси. Аны алгач билсем чырмалган желенин торуна чалынбайт белем, аны ким билсин. Азыр ал тууралуу баш катыргым келбейт. Бирок, күнөөсүз бойтойгон наристе жана анын атасы тууралуу акыркы учурларда санаркап көп ойлончу болдум. Балким, баланын атасы келип, периштемден айрылтып койсочу деген бүдөмүк ой жан дүйнөмдү эзгилеп келет.
Кезигүү
Ошол жылы төртүнчү курста окучумун. Мен сыяктуу балдардын кыз жандаганын көргөнүмдө мен да болочок түгөйүмө батыраак эле кезиксем деп тилечүмүн. Тагдырдын жазмышыбы, студенттик алгачкы жылдары мен күткөн сүйүү келген жок. Кыздар менен канчалык сырдашпайын жүрөгүм жактырган адамды таба албай койдум. Күндөр - күнгө алмашып, жылдар - жылга жалгашкан мезгилде жүрөгүмдүн ээсине кезиктим.
Ошол күнү "студенттин бир тойгону, байыганы" деп айылдан келген акчага курсак кампайтуу үчүн жатаканамдан чыгып, музыка жаңырган кафелердин бирине кирип тамактанып олтурсам, мени тейлеп жаткан кыз артына кылчайып "Фатима" деп бирөөгө кайрылып калды. Коңгуроодой назик үн чыккан тарапка мен карап калдым. Артымды карасам биз тарапты жылмая тиктеген жылдыздуу, назик кыз турган экен. Мындай оттуу карекке кабыла элек болчумун. Жалгызсырап жүргөнүмдөнбү, күтүп жүргөн жакынымды көргөндөй жүрөгүм кабынан бир козголуп алды. Бизге чукул келип колундагысын менин жанымдагы кызга карматты да жалдырай карап калган мага карап:
- Тамагыңыз таттуу болсун! - деп шыңгыраган жылаажын үнү менен жылмайып койду. Ал жерде тамагымды жеп бүтсөм да кетким келбей "Фатима" деген атты улам ичимден кайталап коюп олтура бердим. Кардарлар азая баштаганда мени тейлеген кыздан суранып жатып Фатиманын чөнтөк телефонун алдым. Жатаканада ойлонуп жатып ошол эле түнү аны менен байланыштым. Жылаажын үндүү кыздын мукам үнү менин бейпил күндөрүмдү бузуп, алдындагы жашоомдун ызгаарына кабылаарымды анда сезбеген элем...
Күттүргөн сүйүү
Фатима экөөбүз күн сайын байланыш түйүнү аркылуу бир топ убакытка чейин сүйлөшүп жүрдүк. Жолугушуу тууралуу айтканымда эле ал:
- Айбек... азыр эмес! - деген жообун көп укчумун. Табиятыман ишенчээк жаным Фатиманын ар бир айткан сөзүнө дилимден ишенип, анын үнүн күн сайын угууну адат тутуп алгам. Ошондой күндөрдүн бир кечинде Фатима экөөбүз жолуктук. Ал күн эч качан көз алдымдан кетпейт. Кулпурган кара коюу чачын байлап, көгүш вандамка салынып алыптыр. Муңайым жылмайган жүзүнө жарашкан жоолук Фатиманын ажарын ачып коет экен. Сыр чечишип олтурбасак да ал күнү көзүбүз менен ички сырыбызды түшүнүшүп көпкө олтурдук. Сааттын жебеси 10 дон өтүп баратканда ал мага карап:
- Коштошчу учур да кечикпей келди. Мен үйгө кетейин деп мени менен коштошту. Артынан ээрчий карап олтурган ордумда жалгыз кала бердим. Ал түнү көчөдө максатсыз эле кыялданып көпкө басып жүрдүм. Бөлмөгө киргенде да уйкум келбей кыз жамалын элестетип жатып көзүм илинип кетиптир.
Какыраган соолуп бараткан сайдын аркы өйүзүндө куурап бараткан бадал аралап көгүш жоолук салынган Фатима жүрөт. Ал колоттогу суунун нугун бойлоп бараткандай. Бийиктиктеги шаркыраган сууга улам жакындаган сайын анын сүрү адамды коркутчудай. Ным жыттанган абага жакындаган сайын кургак үп жоголуп, салкын жел согот. Артынан ээрчип бараткан мени көргөн Фатима колтугуна кысып бараткан узун бычагын аркы колуна калкалай калып:
- Бачымыраак кел!.. деп кол булгалап кыйкырып жатты. Өйдөлөгөн сайын аба аздап баратса да жетүүгө тырышам. Чукулдап калганымда колундагы нур чачкан чоң бычагы шаркыраган сууга түшүп, анын артынан Фатима чуркап баратты. Суунун төмөн багыты менен баратып башындагы жоолугу түшүп, капкара чачы да жайылып кетти. Бир убакта Фатиманын буту шар сууга тайып кеткенде катуу бакырып жибердим. Уйкулуу көзүм ачыла түшүп, эндирей олтуруп анын саламаттыгын тилеп жаттым.
Күтүүсүз сокку же байлануу
Ошондой кыска жолугушуулар экөөбүздө көп эле болду. Кандай болгон күндө да мен Фатиманы жараткан жиберген бактымдай сезип, анын ажарына суктана карагандардан кызганып алчу болдум. Улам кыз сезимине баш ийип баратканымды өзүм гана эмес, чогуу окуган досторум да билишип, алгач шылдың кылышса бара-бара кеңеш берүүгө өтүштү. Мындан мурун деле кыздар менен далай мамиле түзгөм . Бирок, ойлоп көрсөм эч бирине мынчалык байланбагам.
Адатымча Фатима менен жолугууга шашылып бардым. Ал мени күтүп олтурган экен. Бул жолу өзү жалгыз эмес, жанында мотурайган жаш бала олтурат. Ал Фатима экөөбүздүн амандашканыбызды таңыркай карап калды. Алдыбызга даам алып келип, Нурадил деп тааныштырган кичинекей баланы ойнотуп олтурганымда Фатима мага карап:
- Билесиңби, мен сени мындай мээримдүү адам экен деп мурун ойлогон эмесмин, - деди ойлуу гана. Күн сайын сенин мыкты сапаттарың ачылып, сага көнүп баратам. Кандай бактылуу адам кезигет экен сага...
Фатиманын сөздөрү көөдөнүмдө катылып келген сүйүүмө жарык бергендей алоолоп кеттим.
- Мен сени гана сүйөм, деп кучактай бергенимде, болтойгон күнөөсүз бала:
- Апа, бул байке бизге ким болот? - деди оозун кыбыратып. Заматта башым тумандап, кулагыма эч бир сөз угулбай турду. Карасам Фатима бир нерселерди түшүндүрүп жаткандай.
Көрсө, Фатима турмушка чыккан, бир баланын энеси экен. Жолдошун жактырбаса да ушул күнгө чейин чогуу жашаарын, ал убактылуу чет жакага кеткенин айтып өттү. Ооз ачууга жарабай олтуруп калдым. Ичимдеги экинчи үн "Айбек, эми эсиңе кел!.." дегенин да жүрөгүм кабыл албай турду. Фатима ачыкка чыккандан кийин андан кол үзүүнүн ордуна мурункудан да жакын, мурункудан да таттуулашып баратканымды сезем...
Менин жан дүйнөмдү сыздаткан бир гана нерсе Фатиманын жолдошу келсе эмне болот, ансыз күнүм кандай болоорун элестете албай калдым. Эртеңки күнүм кандай болоору азыр туңгуюк.

Даярдаган Чынара Абдраева