Сенин гезитиң!
№29, 19.08.08-ж. Кыргыз гезиттер
 "Обон"-почта

ОП-29-01. Салам Омар, сен талантыңды кыргыз элине эле эмес, дүйнө жүзүнө көрсөттүң. Сага ийгилик. 07736713хх

ОП-29-02. №57 мектептин 8-б классынын окуучуларына сагынычтуу салам. 07729193хх

ОП-29-03. Достукка темирдей бекем болгон балдар-кыздар менен достошом. Достукту бийик баалайм. Нургүл 0777018643

ОП-29-04. Ильязга чыгармачылык ийгилик, ар дайым жүзүңдөн жылмаюу кетпесин. 07733926хх

ОП-29-05. Мен бир инсанды сүйөм, ага сүйүүмдү айта албай жүрөм. Мага жардам бериңиздерчи. Быты 05502781хх

ОП-29-06. Зулкиядагы сиңдим Айка туулган күнүң менен! Акылдуу, намыстуу, урмат-сыйга арзыган кыздардан болушуңду каалайм. Зина

ОП-29-07. Мирбек Иманбеков, мен сени менен дос болгум келет, макулсуңбу? Нурбек 07775405хх

ОП-29-08. Саламым сүйгөнүм Токого жолдонот. Жаным, сага үйбүлөлүк бакыт каалайм. Эмнеге үйлөнүп алдың? Мен сени дагы деле унута албай жүрөм. Сенин үйлөнгөнүңдү укканда кандай абалда калганымды сөз менен айта албайм. Бишкектен Алматыга кетип жатканда эмне деп кеткениңди билесиңби? Эгер окусаң "Обонго" смс жаз, жаным. Чыдамсыздык менен күтөм. А…

ОП-29-09. Ильязга: Толкундуу деңиздеги кемесиңби? А мен сени жээкте күтсөм келесиңби? Арзууга, тазалыка чайып туруп, Өзүңдү белек кылып бересиңби? Жемчуг

ОП-29-10. Сүйүнбек жаным, сен мен үчүн баарысың. Мен сени сагындым. Деги качан көрүшөбүз. Кочкордон жаның Салтанат

ОП-29-11. Менин саламым супер ырчы, аткаруучу Ильяз Андашка жолдонот. Кумириме кааларым кажыбас кайрат, бакубат жашоо, ар бир оозунан чыккан тилеги орундалып ушундай кадыр баркка дайыма ээ болуп жүрө берсин. Сенин ар бир ырың менин жан дүйнөмдө жаңырат. Көлдүк жердешиңиз Айпери 0773070334

ОП-29-12. Кылымдардан кыр ашкан кыргызыма салам. Меришка

ОП-29-13. "Обондун" такай окурмандары силер менен таанышып, достошкум келет. Смс жазгыла. Фея

ОП-29-14. Урматтуу Урмат Усенов жан эргитип, жүрөк кылдарын черткен мукамдуу авазыңыз менен дагы далай чыгармалардын ээси болушуңузга көзүм жетет. Махабат ырларынын лидери экениңизди белгилей кетейин. Жакшы сапаттарыңызды аркалап, калайык калкка жагасыз. Барби

ОП-29-15. Ильяз Андашка: Талантың суудай болуп ташкындасын, маанайың жылдыз болуп жаркылдасын. Ар дайым элдин уулу болуп жүргүн. Кыйын күнгө, бут тосууга жеңилбегин. Сени менен жолугушуп чер жазыша сүйлөшсөм эки дүйнөдө ыраазы болот элем. Айгерим 07730703хх

ОП-29-16. Оштогу Чынара, менде баары беш. Бир гана сени менен жакындан тааныша албай жүдөдүм. Өзүң кандайсың? Жадырап-жайнап эле жүрөсүңбү? Рахмат сага. Жака-Жазгүл

ОП-29-17. ОП-28-194 күнүгө чалганыңыз аз болуп жатабы? Сиз өзүңүз психологдон бир жылдан бери арыла албай жүрсөңүз керек? Мен сизге эмне кылдым деги? Жака-Жазгүл

ОП-29-18. Ахилес, сөздөрүңө толугу менен кошулам. Ыйманыңа таң бердим. Намаз окуйт окшойсуң? Алла ыраазы болсун. Мен да беш убак болбосо да багымдатты окуйм. Урматтуу окурмандар, баарыңарга ыйман каалайм. Барби

ОП-29-19. Дордойдогу "Кербен" базарында иштегендерге салам. Кербен Куба

ОП-29-20. Гүлшан, көрүнгөн ырчыга жабышпачы! Пуджа

ОП-29-21. Кыздар, ичиңер аябай тар болот ээ. Жака-Жазгүлгө асылбагылачы! Ар ким өзү билет да, ичи тар адамдар эч ким менен дос боло албайт. Кечиресиңер Кербен Куба

ОП-29-22. Камбаратадан Эрлан мен Айтурган экөөңөрдү уруштурган мен. Мен сени сүйөм. Айтурганга ыраа көрбөйм. Тина "Барахолка" базарында иштеген Замир аканын иштери жакшы болушун каалайм. Самара

ОП-29-23. Жака-Жазгүл кандай? Мага тааныш учурап жатасың. Мага смс жазчы 0550221497 күтөм.

ОП-29-24. Жака-Жазгүл, мен сени менен таанышкым келип жүрөт. Таанышып албайлыбы? Сыма

ОП-29-25. Жака-Жазгүл, Самат менен жүрүп жатып, Ильязды эмне кыласың? Мээрима

ОП-29-26. Макуся, Мира сиздерге чоң салам. Жакшылыктын жарыгы сиздерге тийип турсун. Жараткандын жакшылыгы болсун. Гүлшан

ОП-29-27. Дариха, мурда сени эмнеге учуратпадым экен? Мен сени сүйүп калдым. Мага кабарлаш +770245576хх

ОП-29-28. Менин саламым Урмат Усеновго, жаратканым сизге жар болсун. Жашоодогу күйөрманыңыз Гүлшан

ОП-29-29. Ахилес, "Обондун" 28 - санындагы смсти жакшы жазыпсың. Жаратканым өзү жар болсун. Гүлшан

ОП-29-30. Алтындай болгон асыл апама салам. Ар дайым бар болуңуз, кыздарыңыз Жибек, Наргиза, Арушка

ОП-29-31. Омардын ырлары аябай жагат. Ал биринчиликке татыктуу. Назико

ОП-29-32. Жаныбаева Аида, мен сенин дарегиңди таппай жүрөм. Акшоола чоң кыз болуп калдыбы? Ушул номерге смс жазып жиберчи 0550172108 же 0777390610

ОП-29-33. Бул окуя тээ Нарын тараптагы байкемдин жоругу эле. Ал эч качан жамандык-жакшылыкка барчу эмес эле, бир күнү Нуралы деген адам каза болуп калыптыр, ага көз көргөзгөнгө аяштары келип: - Жүрү Каске,барып келели,- десе баргысы келбеген байкем: - Эмкисинде барам,- деген турбайбы. 0777418595

ОП-29-34. Менде эч мындай болгон эмес эле, сени көрсөм жүрөгүм токтоп калчудай денемди калтырак басат. Сенин карааныңды көрүш үчүн жашап келем. Жаныңа баргым келет. Бирок, бир көргөнүмө ыраазы болуп жашап келем. Билем сага жетпешимди, ким менен болсоң да бактылуу бол, жаным. Асел

ОП-29-35. Телефонумду уурдатып ийип абдан кыйналдым, досторум менен байланыша албай 05551297хх

ОП-29-36. Алыскы Баткен шаарына кеткен курбум Майрамга байсалдуу сапар каалайм. Тойду жакшы өткөрүп кел, ак жол сага Майрам. Мени сагындырбай батыраак кел. Жеңиш кроша

ОП-29-37. Тониге бактылуу балалык каалайм. Эжең Самара

ОП-29-38. Ильяз, мен сени менен жолугушууну көптөн бери самап келем. 07726908хх

ОП-29-39. Асел, Кымбат, Беку, Гули эс алууңар жакшы өтсүн. 07733546хх

ОП-29-40. Жака-Жазгүл азамат. Ильязга жет. Айдарчикти сыйла. Жиба

ОП-29-41. Каныбек жездеме, Кундуз эжеме, Тони, Гулиге салам. Самара

ОП-29-42. Жака-Жазгүл сиңдим, Ильязды сүйсөң бир кеңеш берейин, сүйүүнү жар салыш жеңил, бирок чыдаш кыйын. Кийинки жашооңду ойло, жолдошуңдун алдында жүзүң жарык болгону жакшы. Али жашсың,убагында ушуну сүйгөнсүң деген сөздүн алдын ал, кыргыз кыздары эрктүү болушу керек. 0777154721

ОП-29-43. Урматтуу кыргыздын кыздары, ырчы жигиттерден башка жигиттерди сүйгүлө. Эки дүйнөдө бактылуу болосуңар. Кыргызымда бычакка сап болчу ыймандуу жигиттер толтура. 0777154721

ОП-29-44. Досум Динара сагындырбай тезирээк өз мекениңе кел. Бишкектен өзүм тосуп алам. Намаз окууга батыраак кириш, ансыз да өмүр кыска. Досуң

ОП-29-45. Ыкыбал эже Аскар акадан башка эч кимди сүйбөйт. Бегимай

ОП-29-46. "Самал" базарында иштеген акем Кубанга, жеңем Айжамалга салам. Уулдарыңыз Аскар, Муслим бактылуу балдардан болсун. Иниңиз Расул

ОП-29-47. И.Абдыразаковдун фанаттары чалгыла, жаңылык айтам. 0773665565

ОП-29-48. Назира, Нурлан бешик бооңор бек болсун. Уулуңардын дени сак болсун. Бактылуу балалык каалайм. 07731173хх

ОП-29-49. Көз алдыма тартылып ата сенин элесиң, кадам шилтеп акырын сен жаныма келесиң. Узун түндө уктатпай кээде түшкө киресиң, назик сылап чачымдан мени ойгото берсиң. Мына эми атаке, сагындырдың мынча сен, кызым деген сөзүңдү уккум келди мынча мен. Үмүт-тилегим ташбоор ажалды абдан жек көрөм. Агызып жашымды күндү өткөрөм. 07776773хх

ОП-29-50. Улук, мен сени сүйөм жаным. Бул дүйнөдө бирге болбосок да сен бар үчүн бактылуумун. М….

ОП-29-51. Муни, Наси, Эля, Эша, Чони, Батя, Шапу мен силерди жакшы көрөм. Энемдин 15-август туулган күнү менен куттуктайм. Эне, оорубаңыз, көп жашаңыз. Эркайым

ОП-29-53. Менин саламым Астанада иштеген Куба досума жолдонот. Чың денсоолук, ишиңе ийгилик каалайм. М...

ОП-29-54. Ильяз чындыгында таланттуу, мен аны кумир катары сыйлайм, талантың ташкындай берсин. Ак жол! Мека 07723472хх

ОП-29-55. Стар - Денстеги сулуу, жылдыздуу кыз Анарага салам. Мага сенин бийлегениң абдан жагат. Мен сени чексиз сүйөм. Сени менен кантип таанышса болот? Султан

ОП-29-56. Саламатсызбы Ильяз байке, сиз менен жолугушууну көптөн бери самап келем. Ал жолугушууну чыдамсыздык менен күткөн Айка

ОП-29-57. Анекдот: Короз эки тоокту көрүп калып алардын артынан кууп жөнөйт. Ал тооктор болсо короздон кача берип чарчаганда тооктун бири экинчисине: - Койчу досум ,баары бир короз бизди тутмайынча койбойт,- десе экинчи тоок: - Досум адамдардын көзүнчө кичине жүгүрүмүш болуп койбосок алар тоок корозду каалап эле туруптур, деп ойлоп калышат,- деп айткан экен. 0777833445

ОП-29-58. Ильяз жаным, сагындым сени. Элесиңди бир көргөнгө зармын. Кайрат Нуртас айткандай сагынсам калай шыдаймын жаным. Өмүрүмдүн бүт баары сенсиң. 0777670950

ОП-29-59. Жаным, мен сени катуу сүйөм, сенсиз жашоону элестете албайм. Улук

ОП-29-60. Саламат байкеге супер салам жолдойм. Сиздин үнүңүздү сагындым го. Гүка

ОП-29-61. Мирлан, сен өзүңдүн сөзүңдү аткарбагандан кийин эркек эмессиң. Назми

ОП-29-62. Менин саламым ОшМУнун медициналык окуу жайынын АДЗ группасынын студенттерине жана "Обон" гезитинин окурмандарына. 07736713хх

ОП-29-63. Апаке, мен сизди жакшы көрөм. Кызыңыз Нуржамал

ОП-29-64. Эжем Мээримге салам жолдойм. Келе жаткан туулган күнүң менен куттуктайм. 0777192138

ОП-29-65. Мирлан, сени сүйгөн бир адам бар экенин унутпа. 07733262хх

ОП-29-66. Түп районуна караштуу Арал айылынын жашоочусу атам Аликке, чоң энеме, апама салам жолдойм. Аларга дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм. Кызыңар Маша

ОП-29-67. Мурат, мен сизди сүйөм. Мээлеген мергенчи турса да, мен сизди эч кимге бербейм дечү элем, бирок тагдыр экен, Аман болуңуз. Рано

ОП-29-68. Ош облусуна караштуу Алайдагы классташым Бето жана Насиге жалындуу ысык салам. Ислам

ОП-29-69. Менин саламым кыргыздын узун кара чачтуу, кара каштуу, узун бойлуу, терең ойлуу, ыймандуу кыздарына жолдонот жана алар менен таанышкым келет.Астанадан Тоха 87021238335

ОП-29-70. Жака-Жазгүл дагы эле сен деп жашап келем, жаным, сүйөм. Айдарчик

ОП-29-70. Анекдот: Бир кыз түшүндө шоколад катыптыр. Эртең менен издеп, силер жедиңер деп үйүндөгүлөргө чаң салыптыр 07729623хх

ОП-29-71. "Бекжан" базарында иштеген 1988-1987-жылкыларга салам жолдойм. Ишиңерге ийгилик достор. +770261037хх


ОП-29-72. Омарга супер салам. Назика

ОП-29-73. Ильяз Андаш кандайсыз? Ишиңизге ийгилик, ар дайым кыргызымдын эң мыкты ырчысы болушуңузга тилектешмин. Мунара93 07722810хх

ОП-29-74. Менин саламым "Обон" гезитинин окурмандарына. Мен жаңы кошулдум, мурда кошулгандар таанышпайлыбы? Өзгөндөн Б..з.т

ОП-29-75. Арстан менин тун сүйүүмсүң. Башканы сендей сүйө албай келем. +792315360хх

ОП-29-76. Кайрат Нуртаска салам. Эки дүйнөдө тең бактылуу бол. Талантың ташкындап, өнөрүң өркүндөй берсин. Ушунуңдан жазба. Хадижа

ОП-29-77. Саламым Ильяз Андашка. Ал кыргыздын алдыңкы ырчыларынын бири. Ага кааларым иштериңе, чыгармачылыгына ийгилик. Канжар 07729645хх

ОП-29-78. Саламым Бишкектеги дос кызым Айкага жолдонот. Сени сагындым. Иманбек

ОП-29-79. Ильяз Андаш кыргызымдын таланттуу жигити экениңиз кубандырат. Ийгилик каалайм. Мекуля 07737791хх

ОП-29-80. Урмат Усеновдун күйөрмандары ойгонгулачы? Бирге бололу. Пуджа

ОП-29-81. Мирбек, Султан, Урмат, Ильяз сахнанын көркү. Ийгилик силерге. 07727586хх

ОП-29-82. Москвада иштеп жаткан сүйүктүүм, ардагым, секетим, көзүмдүн кареги, жашоомдун чырагы Чынгыз акеге салам жолдойм. Сизсиз мага бул дүйнө караңгы, жаным мени аяңызчы, сизди чеги жок сүйөм. Перизат

ОП-29-83. Кереметтүү Ысык -Көлдүн эс алуучуларына, алтындай болгон группалаштарыма, классташтарыма жана "Миң кыял FM" радиосуна салам жолдойм. Медикал-Фатима

ОП-29-84. Шустрый, гитарист жигиттер менен таанышам. 21ден 25 жашка чейин. 0777207793

ОП-29-85. Атам Абдысабырга, апам Берметке, бир туугандарыма салам жолдойм. 07738449хх

ОП-29-86. Саламым Ош шаарында жашоочу Оксанага жолдонот. Москвадан Дима

ОП-29-87. "Обондун" чыныгы окурмандары мени өзүңөргө кошкулачы? Жообун чыдамсыздык менен күтөм. Айжамал Т

ОП-29-88. Өзгөн районуна караштуу Ленин жол айылында жашап жаткан атам Курбанали, апам Кундуз, иним Азамат, сиңдим Бегимайга салам жолдойм. Силерди абдан сагындым. Алматыдан Феруза

ОП-29-89. Абдыкадыров Шайып, мен сизди чексиз сүйөм. Бадыева К

ОП-29-90. Саламым досторум Аида жана Нурзатка жолдонот. Бар болгула достор. Аида Кытайга аман-эсен барып кел. Нурзат ишиңе ийгилик. Назгүл

ОП-29-91. Жайлоодогу атама, апама жана туугандарыма ысык салам. Чопа

ОП-29-92. Саламым эжем Нурзат, досторум Нуржамал, Саадат, Алмаз, Азамат ошондой эле Майрамга жолдонот. Ишиңерге ийгилик каалайм. 07774153хх

ОП-29-93. Алматыда иштеп жаткан досум Урмат, аяшым Бегимайга салам жолдойм. Ишиңерге ийгилик каалайм. Чымкенттен досуң Токтош

ОП-29-94. Мирбек Иманбеков үйлөнсө бактылуу болсун. Анын жеке турмушуна асылып эмне кыласыңар. Чыныгы күйөрмандары кандай болгон күндө да колдоп туруш керек. Мирбек ар кандай ушак сөздөр сенин жүрөгүңдү кирдетпесин. Чыгармачылыктагы ийгиликтердин башаты түгөнбөсүн, көрөңгөң толуп-ташып, эч качан бөксөрбөсүн. Биз сени жакшы көрөбүз. Ысык - Атадан Айзада

ОП-29-95. Чымкент шаарына концерт коюп келген Расул Маматкуловго рахматыбызды айтабыз. Расул байке, сиздин жана кызыңыздын койгон концерттери бизге аябай жакты. Бирок, сиз бир жерден туура эмес кылып койдуңуз. Расул байке, сиз негедир концерт бүткөндөн кийин "ни то" болуп калдыңыз. Неге тополоң чыгарып кеттиңиз? Сиз ошондойду кылаарыңызды билгенибизде мейли демекпиз. Сиздин башында эле бир сөзүңүз жакпай калган. "Кытайдан болсо да сени таап алам" деген фразаңыз. Ал сөздү кандай маани менен айттыңыз. Капачылык жок болсун, бирок өзүңүздүн авторитетиңизди түшүрүп кеттиңиз. Мейли анда, чыгармачылык ийгилик каалайм. Чымкенттеги күйөрманыңыз

ОП-29-96. Достор чыныгы сүйүү барбы деги? Мен сүйүүгө жолуккум келет. Мээрима

ОП-29-97. Жака-Жазгүл кандайсың? Мен сени менен дос болгум келет. Гүлбана

ОП-29-98. "Капкан-шоу" телеберүүсүнүн жылдыздуу алып баруучусу Шайырбек Араповго салам. Ильяз Андаш сени "Капкан-шоудан" көргөндөн бери жакшы көрүп калганбыз. Өркүнүң өссүн, кыргыз элибиздин сыймыгы бол. Айзада, Акбары 07777490хх

ОП-29-99. М.Иманбеков, сиз таланттуулардын таланттуусусуз. Сизге кааларым бакыт-таалай. Сиздин күйөрманыңыз Баатыр

ОП-29-100. Саламым Тынар Курбаналиевге. Тынар аке, сизден суранам мага телефон чалып коюңузчу? Сизди сыйлап, урматтаган эрке кыз Айка., Ош шаары. 0773515286

ОП-29-101. Пекин олимпиадасынын ачылыш аземин көрүп Кудайдан тиледим ,биздин Кыргызстанда да ушундай мааракелер өтсө деп. Кыргыз спортчулары алга! Биз силер мененбиз. Чымкенттен Алмаз

ОП-29-102. Акыл туулган күнүң менен куттуктайм. Сүйгөнүң Наргиза менен бактылуу бол. Айка

ОП-29-103. Өзгөндө жашаган Сонунбекке салам жолдойм. Сизге узун өмүр каалайм. Бул жарыкта бөлүшкөн сайын чоңойгон нерсе бап дешет. Ал махабат экен. Анда эмесе бөлүшпөйлүбү? Каракулжадан Аида
ОП-29-104. Заводдо иштеген 3-печтин балдары Төлөгөн, Алмаз, Нурлан, Ахмед, Элдияр, Эсен силердин ишиңерге ийгилик каалайм. Мастериңер Шамир, Замир

ОП-29-105. "Обон" силердин ар бир саныңарды алып окуйм. Бирок, бул менин алгачкы СМСим. "Обондун" бардык окурмандары менен достошкум келет. Тараздан Айка. +7777977732хх

ОП-29-106. Темирдин күйөрмандары Мираида, Самара, Манера, Айдана, Кума, Мека, Жан-Наргиза ж.б. салам жолдойм. Бактылуу болгула. Баарыбыз бирге бололу. Каракулжадан Аида

ОП-29-107. Жака-Жазгүл мага телефон чал. 0773991370

ОП-29-108. Неля талантың таш жарсын. Кудай сага таза, тунук үн бериптир. Чыныгы күйөрманың Айжамал Т

ОП-29-109. Эрмек, Шеримкул биз силерди жакшы көрөбүз. Айдай, Гүлзада

ОП-29-110. Ильяз байке "Обондун" коногу болушуңуз менен куттуктайм. Каникул кандай өтүп жатат? Сиз деле студентсиз да. Канжар 07729645хх

ОП-29-111. "Обондун" супер окурмандарына салам. Ар дайым алга, достор. Силерди терең урматтап Канжар

ОП-29-112. Ильяз кечир, менин атым Алия эмес болчу, Светлана ишенбешиң мүмкүн. +77023722526

ОП-29-113. Саламым Бишкектеги досторума, Мирлан, Кандалат, Алмаз, Кылыч, Сейдалы, Расул, Айти силерге үйбүлөлүк бакыт каалайм. Чымкенттен Аида

ОП-29-114. Бул жашоодо сүйүү гана дем берээр, жаным кейип сен капага батканда. Жашоо жыргал сүйүү сырын тапканга, сүйүү жарык кечте да ак таңда, Бир тынымга тыңшап турар жер жүзү, жүрөк жалгыз сен деп согуп турганда 07776674хх

ОП-29-115. Шоу-бизнесте 4 Ильяз бар. Алар Абдыразаков, Андаш, Адамов, Агыбай уулу. Силер суперсиңер. Гүлбана

ОП-29-116. Менин саламым Жемчуг сага жолдонот. Чынында мен өзүмдү шайырмын деп эсептейм. А бирок таң калганым мени кайдан тааныйсың? Мен сени тааныймынбы? Жемчуг атың жакшы экен. Алматыдан Куба

ОП-29-117. Эй, достор жалган дүйнөдө акыйкат сүйүү болушу мүмкүнбү? Айжамал Т

ОП-29-118. Кызылтуулук (Тоң району) Улан (Руслан) сени издеп келем. Мага чалчы. Айнура 0773469332

ОП-29-119. Жака-Жазгүл, Күлкүчү Гүлбарчынга, Жадиге чоң салам. Кербен Куба

ОП-29-120. Жака-Жазгүл, сени жүзүңдөн көрүп, ичинде кири жок, ак көңүл кыз экениңди билдим. Мага жактың. Han-Shai

ОП-29-121. Жака-Жазгүл Самат турганда Ильязды эмне кыласың? Самат менен сонун парочкасыңар. А…

ОП-29-122. Мирбек Атабековго салам. Мага сиздин ырларыңыз, үнүңүз, өзүңүз абдан жагасыз. Меришка

ОП-29-123. Саламым алтындай болгон апама арналат. Ар дайым бар болуңуз апаке. Гүлзада.Ч.

ОП-29-124. Султан Садыралиев, сен чыныгы кыргыздын патриот ырчысысың. Сенин ырларың, мукам үнүң жан дүйнөнү жандандырат. Сабира

ОП-29-125. Курстанбек жаным, мен сизди сүйөм. Жүрөгүм сиз деп согот, кокустан бул жашоодон көз жумсам, акыркы демим да сиздики болот. Сиздин иштериңизге ийгилик. Эрке жаныңыз Суля

ОП-29-126. "Обон" гезитин окуган, "Обонушканы" уккандардын баарына салам. Ишиңер ийгиликтүү болсун. Эч оорубагыла. Кербен Куба

ОП-29-127. "Обон" сиздерге чоң рахмат. Ар дайым обологон нускалуу гезиттерден болуңуздар. О.э. жалпы супер СМСчилерге ысык салам. Дайыма бар болгула. Бизди тааныштырган соткага, андагы бирдиктерге жана СМС жазган колдоруңарга Кудай кубат берсин. Баарыңарды сыйлап Лазат

ОП-29-128. Султандын күйөрмандары биз Ильяздын күйөрмандарынан калышпай, Султанчикти колдойлу. Динара, Фирдаус, Акун Гүл алга! Сабира

ОП-29-129. Жанымдай көргөн Залина, Зулфия, Дания эжелериме салам айтам. Эх, мен сиздерди кандай жакшы көрөөрүмдү сөз менен айтып жеткире албайм. Нурия

ОП-29-130. Айдана сени аябай сагындым. Дос деген антип жоголуп кетпейт да. Соткаңды неге өчүрүп салдың? Мага телефон чалып койчу. Куба 07776674хх

ОП-29-131. Темир Назаров, сиз суперсиз. Ырчылардын эң таланттуусу жана ыймандуусу сизсиз. Сизге чыгармачылык ийгилик, үйбүлөлүк бакыт каалайм. Дайыма бар болуңуз, бай болуңуз. Жаратканым дайым сизди колдоп жүрсүн. Темирова Самара

ОП-29-132. Атам Байжигитке апам Софияга салам жолдойм. Сиздерге чың денсоолук, узун өмүр каалайм. Сиздер бар мен ар дайым бактылуумун. Нурия

ОП-29-133. Неля эже, сиз менен Ташрабатта жолугуп сүрөткө түшкөнүмө кубанычтамын. Аябай сулуу, назик экенсиз. Сизди эки жылдан бери кумир тутуп, жолугууну эңсеп келген элем. Ошол 08.08.08 күн түбөлүк эсимде сакталат. Нурия

ОП-29-134. Аллага бул жашоодо сыйыналы, намаз окуп, дилибизди тазарталы,ташбоорлукту четке кагып, бейишке элим биз да баралы. Нелли

ОП-29-135. Алтынбулак айылында жашап жаткан апам Анарканды 16-август туулган күнү менен куттуктайм. Дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм. Эч качан оорубаңыз. Чымкенттен кызыңыз Жазгүл

ОП-29-136. Жашоомдун мазмуну болгон,жүрөгүмө сүйүү отун жандырган Чынгыз Мырзаевге сагынычтуу салам айтмакчымын. Бал тамган таттуу сөздөрүңүз менен мени өзүңүзгө арбап алдыңыз го, чиркин. Сиздей көп кырдуу таланттуу жигитке бактылуу турмуш, түбөлүктүү сүйүү каалаймын. Жылдыз

ОП-29-137. Чоң энем Айша, чоң атам Султамбайга, Таятам Ороз, таенем Турсунга салам жолдойм. Эч качан оорубаңыздар. Биздин бактыбызга бар болуңуздар. Небереңиздер Чымкенттен Жазгүл

ОП-29-138. Өзгөн районунун Шерали айылына чоң салам. +770260562хх

ОП-29-139. Салам кыздар, Кунчуайпери рахмат, дайым "Обон" менен бирге болобуз. Элиме бакубат жашоо каалайм. Элим тынч болсо, биз да аман болобуз, дайым биргеликте бололу. Аллага гана ишенели. Нелли

ОП-29-140. Аллах пенделериңе ыйман-ынсап бер! Ыймандуу балдар-кыздар менен менен достошом 0773539895. Эсма

ОП-29-141. Татынакай, сулуу, ыймандуу кыздар менен таанышкым келет. Жашым 19да. +77026085771

ОП-29-142. Ырчы эжебиз Гүлзинат Суранчиевага ийгилик каалайм. Кербен Куба

ОП-29-143. Астанадагы "Зулкия" базарында иштеген досум Айканы туулган күнү менен куттуктайм. Ар дайым бар бол, тилеген максатыңа жет. Мени жаман көрбө. Досуң Жайнагүл

ОП-29-144. Кыргыз жериме, кыргыз элиме, "Обондун" окурмандары Кунчуайпери, Ахилеске чоң салам. Ахилес СМСиң (ОП-28 188) жакты. Бар болгула, ар дайым "Обон" менен бирге болгула. Суля

ОП-29-145. Ильяз Андашка: Кайда жүрсөң узун болсун өмүрүң, Кайгы муңга чөмүлбөсүн көңүлүң. Ойлогон максатыңа жетип дайым, Капа болбой бул дүйнөдө өмүр сүргүн. Аз болсо да бул ырларды көптөй көрчү, Анда-санда барактап окуп койчу. Эмнени сен кааласаң ошого жет, Иши кылып бул ырым кабыл болсун. Ильяз өнөрүң өркүндөсүн. Алга жана алга демекчимин. Атың алыска чыккан таланттуулардын бири бол. Сен окусаң талыкпай, мен өзүмчө сүйүнөм. Чакырсаң сага келээрде, шаңдуу чыгам үйүмдөн. Канттан Макуся

ОП-29-146. Анекдот: Сойкуканага бир кыргыз эркек келип : -"Кыргызчабы же орусчабы?"- деп кыздардан сурайт. Анда кыздар: - Экөө тең колдон келет дешет. Бир кызды алып кетет. Эртеси кыз келсе, сойкулар кызыгып сурайт: -"Кыргызча кандай экен?"- десе кыз: - "Акчасын күздө берет экен"- дейт

ОП-29-147. Автобекетте иштеген Бекжан, Зуля, Айпери, Бурул жакшы иштегиле, сооданы жакшы кылгыла. Н...

ОП-29-148. Жалалабат облусуна караштуу Октябрский айылынын тургуну сиңдим Айзадага, иним Азаматка жана досторум Жаңыл, Анипа, Самат, Гүлнур, кичинекей Назгүлгө чоң салам жолдойм. Элиза

ОП-29-149. Рома, Элвира силерге бакыт тилейм. Досуң Жеңишмырза

ОП-29-150. Ильяз Андаш байке "Обон" гезитин окуйсузбу? Абдан сонун СМСчи кыздар бар, алардын атынан сизге ачык асман, чыгармачылыгыңызга ийгилик, чын сүйүү каалайм. Жашоодо ыйык туткан адамыңыз, кумириңиз, устатыңыз ким? Баары жакшы адам го дейм. Канжар

ОП-29-151. Чынгыз Мырзаевге жүрөгүмдүн жарымын бергим келет.Баарын эле берейин дейм, өлүп каламбы деп корком. Бирок, өлсөм деле өкүнбөйт элем. Себеби жүрөгүм сүйүктүү адамымдын колунда калмак. Мен сизди сүйөм. Чынгыз аке асмандагы жылдыздарды тыңшап көрүңүзчү, алар мен сизди кандай сүйөөрүмдү айтып беришет. Сизди сүйгөн Ноокаттык Нурия

ОП-29-152. Кунчуайпери, Мемо силер менен таанышканыма абдан кубанычтамын. Кудайым силерди өзү бактылуу кылсын. Эми мен силер менен да, "Обон" менен да биргемин. Гүлмайрам

ОП-29-153. Салам Жеңиш кроша, адамга таандык мыкты дөөлөт достук. Демек достошпойлубу? Канжар 07729645хх

ОП-29-154. "Обондун" окурмандары Кунчуайпери, Мемо, Жака-Жазгүл, Жеңиш кроша, Майрам, Адеми Айка, Тазагүл, Ангел, Жанелита, Лазат, Карамелка, Гүлшан, Золушка, Мээрим силерге дүйнөдөгү бардык ийгиликтерди каалайм. Алтындан ардактуу, коргошундан салмактуу болгула. Тар жолду кеңейте билгиле. Тамаша сүйлөп көңүл ачкыла, жибектүү түйүндү чече билгиле, жигиттин сырын ача билгиле. Таалайлуу, бактылуу болгула алтындар. Гүлмайрам

ОП-29-155. Модерн-балет Алексей Филатовдо 3-группада бийлеген кыздар жакшы бийлегиле, уялбагыла. Cassie

ОП-29-156. "Самалда" иштеген мырзакелик Аида, сен неге мынча көрө албассың? Ушу мүнөзүңдүн айынан жигиттер карабайт. Карагым да келбейт. Кубат

ОП-29-157. "Самалда" иштеген өз атын Замир деп жашырып жазган кыз билем сен аябай кичи пейилдигиң үчүн 25ке чыккыча эже-сиңдиңден бери эр албай жүрбөйбү? Сен бир айда бир баш жуучу эмес белең, менин күндө баш жууганым сага таңкалыштуу болуп атабы? Кулпунай

ОП-29-158. Чымкенттик Наргизага чоң салам. Кербен Куба

ОП-29-159. Саламым апам Осмонова Кундузга жолдонот. Апа ар дайым жаркырап-жайнап жүрө бериңиз. Зайка

ОП-29-160. Салам кыргыз элим, бар болгула, жашай бер эркин Кыргызстан. Алга жаштар! Жанелита, Жака-Жазгүл, Анжелина сүйгөнүңөр силерге сүйрөлүп жетсин. Эма Гүзел Нью

ОП-29-161. "Обондун" супер жылдыздары Жака-Жазгүл менен Кунчуайпериге ысык салам. Силер менен таанышканыма чексиз кубанычтамын. Экөөңөр тең ичиңерде кири жок абдан жакшы кыздар экенсиңер. Жаратканым силерден жакшылыгын аябасын. Урматым менен Меришка

ОП-29-162. Саламатсызбы Ильяз байке, сиздин бул рубрикага келгениңизге аябай кубанып жатам. Ильяз байке, сизге Алла таала чыныгы талантты бериптир. Мындан да чоң ийгиликке жетишиңизди каалайм. Алла Таалам сизди дайым колдосун. Эрке кыз 07726908хх

ОП-29-163. Кайрат Нуртаска жана Алиханга салам, силерди жакшы көрөм. 07734462хх

ОП-29-164. Билбей турам сүйгөндүгүң аныкпы, берсең боло жүрөгүмө жарыкты. Түбөлүктүү мендик болуп сен качан, тартуулайсың түгөнбөгөн бакытты. Сүйүнбек жаным, мен сени сүйөм. Эртерээк жолугалычы? Кочкордон жаның Салтанат

ОП-29-165. Кызылдыйкан айылында жашаган сиңдим Сезимай, 14-август туулган күнүң менен куттуктайм. Келечегиң кең, денсоолугуң чың болсун. Лейлектен эжең Бурулай

ОП-29-166. Салют жалпы окурмандар, Жанка, Жака-Жазгүл, Бакуля, Гүлнара, Санирабига, Азида! Жайкы эс алууңар жакшы өтүп жатабы? Менден ысык салам. Диля

ОП-29-167. Султан Садыралиев, Ильяз Абдыразаков сиздерге ийгилик, дайым ушинтип элге жагымдуу ырларды чыгарып, ырдап жүрө бериңиздер. Кыргызстан үчүн бар болуңуздар.Сиздерге ийгилик каалайм. Алька


ОП-29-168. Кыздар эмнеге ырчыларды сулуу, анча эмес деп бөлөсүңөр. Ар бир адам өзүнө-өзү жакшы көрүнөт. Ырчы болсоңор силерди басынтса жакшыбы? Cassie

ОП-29-169. Жака-Жазгүл фантастика жагынан аябай эле күчтүү экенсиң. Уялбай эле жазып коюпсуң да, антип жазба. Башкача деп жазсаң да ишенет элем. Арканды узун таштап, кененирээк ойлонсоң. Бирөө ошентип жазса ишенет белең?Анын үстүнө ушундай заманда кызык го, антип жазба уят. Чын эле психологго көрүнүп койчу, кыжаалат кылбай. Аземе Жаңарык

ОП-29-170. Анекдот: Буйрук менен аял аялдамада төрөп коёт. Биринчи көргөн милиция кызматкери келип баланы жерден алып, бети-башын тазалайт. Көзүн ачып эле милицияны көргөн бала апасына качыптыр да төрөлө элек Үсөнгө: - Сен түшпөй эле кой, мен колго түшүп калдым деп эскертиптир. 0777653073

ОП-29-171. Өлбөгөн жанга Улуу Рамазан айы да келатат. Баарыбызга маарек болсун. Аллах көптөгөн жакшы амалдарды жасоого насип кылсын. Ахилес

ОП-29-172. Көлдө күйүп калдым деп эс алып жүргөн Анжеликага салам. Атыңа затың жарашкан сонун кыз экенсиң, бактылуу бол. Жака-Жазгүл

ОП-29-173. Ильяз кандай турдуң эс алып? Ырдап берчи мен угайын тамшанып. Мен бекерчи күндө сага тигилем. Жооп бербеген сүрөтүңө суроо салып. Руксат берсең мен алдыңа барайын, сүрөтүңө күндө айтчу сөздөрүмдү мен сенин кулагыңа шыбырайын. Лейлектен Динара

ОП-29-174. Кандайсың Уулкыз? Эс алууң жакшы өтүп жатабы? 07771589хх

ОП-29-175. Курбум Алинаны турмушка чыгышы менен куттуктайм. Бактылуу бол. Гүлсара

ОП-29-176. Ильяз бар бол, бай бол. Эң негизгиси денсоолукта бол. Айзат 07722393хх

ОП-29-177. Стар-Денстеги Аселя эжеге ийгилик. Жаратканым сизден жакшылыгын аябасын. Нурка

ОП-29-178. Салам Жемчуг, кандайсың? Мени көпчүлүгү бала деп ойлошот. Өзүмдүн атым Наргиза. Номериңди "Обонго" калтырып кой, жакындан таанышабыз. Жеңиш кроша

ОП-29-179. РКБда молочный саткан Мира эжеге салам. Ишиңизге ийгилик, соодаңыз жакшы болсун. Мен келгичекти гезиттерден чогултуп коюңуз. Майрам

ОП-29-180. Жалпы смсчилер Жака-Жазгүл, Кунчуайпери, Лазат, Айдеми-Айка, Жеңиш кроша, Майрам, Гүлшан, Диаз силерге кааларым эки дүйнөдө бактылуу болгула. 07778933хх

ОП-29-181. Ноокаттагы Акбулак айылында жашаган апам Зууранын келе жаткан туулган күнү менен куттуктайм. Уулуңуз Акбарали

ОП-29-182. Мен Кызылдыйкандык Гүлдананы издейм. Ал экөөбүз Алматада таанышканбыз. Арадан алты жыл өттү, ошол бойдон жолуга элекпиз. Гүлдана мени менен байланыш. Миргүл 0550305129

ОП-29-183. Сүйүктүү ырчым Темир Назаровду келе жаткан туулган күнү менен куттуктайм. Ага чыгармачылык ийгилик, үйбүлөлүк бакыт каалайм. Мека

ОП-29-184. Расул Айгерим кызы 800 тенгеге ылайык концерт койбойсуңарбы? Эч ким ыраазы болгон жок. Айгерим бассамбы, баспасамбы дейсиң го, керек болсо кайра келип бекер концерт берсеңер да жарашат. Себеби программаңар аз, мааниси жок болгон. Алганыңар аш болгудай болсун да. Атайын келген экенсиңер авторитетиңерди сары майдай сактабайсыңарбы! ? Карамат, Мадина +770156549хх

ОП-29-185. Ноокат районундагы Акбулак айылында жашаган Миргүлдү студент болушу менен куттуктайм. Шаарга келишиңди чыдамсыздык менен күтөм. Акбар

ОП-29-186. "Аринастын" балдарына салам. Иштериңерге ийгилик, бар болгула. 07737590хх

ОП-29-187. "Самал" базарында иштеп жаткан красавчик Залкар байке, сиз менен кантип тааныша алабыз? +770219055хх

ОП-29-188. Алматыда иштеген Ферузанын 19-август туулган күнү менен куттуктайм. Бактылуу бол, дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм. Элиза

ОП-29-189. Тынчтыкбек Кожобековго жолугуп Ильяздын кандай бала экенин сурасам, аябай мактаган. Анда кантип жолугам десем, иштеген ресторанына бар деп дарегин берген. Бош эмесмин деп таанышпай койсочу десем, анда бир күнү бошосо өзүм жолуктурам деп сөз берип, номеримди алып калган. Бирок андан бери бир жыл өттү. Эми бошогон окшойт да. "Обонго" келип калыптыр. Мемо

ОП-29-190. Дордойдогу "Нур" чачтарачындагы Дина, Нази, Замка Махмутка жана Жалалабаттагы "Олимп" дүкөнүнө салам. Махабат

ОП-29-191. "Обон" гезитинин жалпы окурмандарына салам. Улан

ОП-29-192. "Арзу" тобундагы Фархад, сенин ырларың мага абдан жагат. А Иса менен ырдаган "Детство" деген ырыңыз өзгөчө уккулуктуу. 07773850хх

ОП-29-193. Алтыным, ардагым, арманым, күнүм, айым, асылым, секетим, берметим, көлөкөм, берекем менин. Кунчуайпери кандайсың? Суранам сенден телефонуңду алып койчу. Билесиңби, мен сени чыныгы адамдын жөнөкөй сезими менен эмес, жөнөкөй адамдын чыныгы сезими менен жакшы көрөм. Билем, сенин жүрөгүңдү ээлеген бир жигит бар. Ал да сен үчүн жанын берүүгө даяр. Түшүнүп кой ошол себептен сага сезимимди айта албай жүрөм. Азиз

ОП-29-194. Эма, Гузелге жалындуу ысык салам. Шайыр кыз экенсиң. Достук мамилебиз үзүлбөсүн. Бишкекке келгенде сөзсүз мага айтып кой. Бакыт, жооптуу сүйүү каалайм. Жака-Жазгүл

ОП-29-195. Омардын фанаткасы Аидага салам. Чаки

ОП-29-196. Менин ысык саламым сүйүктүү ырчым Мирбек Иманбековго жолдонот. Ар дайым бар бол. Зайка

ОП-29-197. Сүйүктүү атам Рахманга, апам Гүлайга, эжем Разияга, байкем Аманга, иним Бекага чоң салам. "Обон" силерге ийгилик. Барби Жибек

ОП-29-198. Супер ырчы Неляга салам. Мен сиз менен жолугушкум келет. 07730915хх

ОП-29-199. Алтышкам Гүлназ, 24-август туулган күнүң менен. Алыска сапар алган сиңдим Гүлзар сага ак жол! Топжаңгактык Мээримбек, Дастанга салам. Рано

ОП-29-200. Майлысуудагы медучилищанын 4АД2 группасынын студенттери силерге ак жол! Группалашыңар Рано

ОП-29-201. Түштүк Осетия тынчтыкты бузбай, кыргыздарга окшоп жериңерди жөн эле берип койбосуңарбы! +792502807хх

ОП-29-202. Темирчик, качан жеке концертиң болот? Биз, күйөрмандарың сени сагындык. Альбина

ОП-29-203. Бактымды неге таппадым? Багынта сени албадым. Баш ийип мага койбодуң, Бир сен жалгыз арманым. Жолдошбаев Данияр Москвадан качан келесиң? Алёша

ОП-29-204. Ош - Маха, Астана - Рая, Ашим, Анкара - Аза, Москва - Кымбат, Диана. Лондон - Айка, Корея - Элгиз, Украина - Мунарбек силерди сагындым. Бишкек Han-Shai

ОП-29-205. Ой тобоо, ушунча да ырчы жигиттерди сүйөсүңөрбү? Келгенимден бери көрүп отуруп таң калдым. Пай-пай-пай! 05502214хх

ОП-29-206. Мирбек Иманбеков, сага чыгармачылык ийгилик. 07735164хх

ОП-29-207. Талыкпаган эмгегинин аркасында күйөрмандарын топтогон, популярдуулуктун туу чокусун багындырган карагаттай кара көздөрү менен кыздарды өз торуна түшүргөн М.Иманбековго ийгилик каалап кетем. Бактылуу бол. Барби

ОП-29-208. Ата, апа силерге бардык жакшылыктарды каалайм. Умсунай

ОП-29-209. Гүлшан сагындырдың го. Мен мурунку эле номеримдемин. Чалып койчу. 0543134814

ОП-29-210. Урматтуу Нурзат, сенин smsди окуп ойго баттым. Арманыңдын бир бөлүгү менин жашоомо окшошуп кетет экен. Сүйгөнүңө жетип, бакылуу бол. 0773454608

ОП-29-211. Карасуу районуна караштуу Жанарык айылында жашаган менин сүйүктүү досум Нургүлгө чоң салам жолдойм!Сенин бактылуу болушуңду тилейм, ишиңе , окууңа ийгилик ! Чымкенттен досуң Наргиза

ОП-29-212. Менин сүйүктүү ырчым Мирбек Атабековго чыгармачылык ийгилик, бар бол, бай бол ,бактылуу бол урматым менен Айдеми Айка

ОП-29-213. Салам Ильяз Андаш! Сиз суперсиз, мен сизди көрүп, колуңузду кармап эркелетсем дейм . Ошол күн келет болду бекен? Сиз мени тандап койсоңуз бул дүйнөдө өмүрүм узарып кетмек. Айдеми Айка

ОП-29-214. Ассалоому алейкум урматтуу мусулмандар, сиздерге кайрылаарым ырчыларды жана сүйүктүүңөрдү сүйө бербестен бизди жараткан эң ыйык Аллах Тааланы да эстеп сүйөлүчү. Али

ОП-29-215. Ильяз Андаш, чыгармачылыгыңды сыйлайм, урматтайм сага бут тоскондор сайылып өлсүн бычакка. Урматым менен Айдеми

ОП-29-216. Менимче мен түш көрүп жатат окшойм. "Кумир менен баарлашууга" Ильяз байке келген турбайбы, Ильяз байке, мени чакырып коюңузчу. Мени чакырсаңыз өмүрүмдү 20 жылга узарткан болосуз . Терең урматым менен Айка

ОП-29-217. Шералы аке, Айнаш жеңе Бектурсунду сагыныптырсыңар ээ?

ОП-29-218. Минура окууга өттүңбү, өтсөң сага ийгилик, бар бол ! Шымкенттен сени сүйгөн Мики

ОП-29-219. Жаңыарыкта жашаган Адина (94) мен сени сүйөм И...?

ОП-29-220. Супер ырчылар Мирбек Иманбеков , Неляга салам.Мирбек байке, мен сизди аябай жакшы көрөм. "Обон" гезитинин жалпы жамаатына ысык салам. Жибек

ОП-29-221. Мики дос, казак кыздар менен болгон байланышыңды үз, мен болгону сага достук үчүн айтып койдум, калганын өзүң бил. Бека

ОП-29-222. Ильяз Андашка: Мен сени сүйөм , жакшы көрөм баарынан, баарынан да күлгөнүңдү жактырам, Сени мага, мени сага кошпогон, айла канча тагдырыма таарынам. Качан болсо жүрөгүмдү козгойсуң, карап турсам бир башкага окшойсуң, Жүрсөм дагы жылдыз санап нечен түн, жүрөгүмдү жоо салып сен кошпойсуң! 07776005хх

ОП-29-223. Менин саламым досторум Азиз, Заир , Донко ,Талгат , Мики, Тупурус, Жыкы, Тайсон, Угри ,Шоко, Чанач, Сираш, Аниш, Мики торпок, Ахмат, Зака, Теше, Аликке жолдонот. Азыр каяктасыңар, газетаны окусаңар кабарлашкыла Сары чимкент87

ОП-29-224. Астанада чарчабай , талыкпай иштеп жүргөн досторум Айбек , Бека , Алишер, Самат силерге чоң салам , менин бактыма бар болгула, силерди сүйөм , мага капа болбогулачы. Астанадан Орунай

ОП-29-225. Салам "Обон" гезитинин окурмандары, мен силерге жаңы кошулдум. Мындан ары силер менен бирге болууга аракет кылам. Астанадан Орунай.

ОП-29-226. Салам Лазат акылга баш ийбеген сүйүү сезимиң жооптуу болушун каалайм.Чыныгы сүйүү эч качан жерде калбайт деп ишенем Уулкыз

ОП-29-227. Смсчилер силер кандай ойлойсуңар бир көрүп сүйүп калууга болобу? Уулкыз

ОП-29-228. Ырчылардын эң жөнөкөйү жана эң алдыңкысы Темир Назаров турбайбы? Аны аябай кыйынсынган жигит деп ойлогом. Көрсө сыртынан карап эле тон быча берген туура эмес экен. Мемо

ОП-29-229. Ау-у урматтуу пираттар барсыңарбы? Качан эс алууңар бүтөт? Бизге жаңы ырлар жетпей жатат. "Браводон" күтө берип чыдамыбыз кетти. Чарчабай иштегиле! 07738820хх

ОП-29-230. Оу-оу Кербен Куба келип калдыңбы? Кандайсың? "Обондун" такай окурманы болушуңа ниеттенем. Мен бар экенимди эстеп койчу. Жака-Жазгүл

ОП-29-231. "Бекжандын" 2-кабатынын алтын балыктары, силерди 20-августта 12-курултайга чакырабыз. Уюштуруучулар Табалды, Савет. Мекен жайыбыз Кездешүү кафеси. Бакыт

ОП-29-232. Жарыя! Акыл, эстүү, жумушка көңүлү бар кыздарды издеп жатам. Жумуш Орто Азия боюнча мода менен кетет. 0550221497 Han-Shai

ОП-29-233. Ильяз Андаш жаш ырчы болсо да таланты бар тоодой. Алгалай бер, өсө бер, кыргызымдын мырзасы жана менин кумирим . 05553286хх

ОП-29-234. Таланттуу ырчы Ильяз Андаш: Каалаймын жаш өмүрүң узун болсун, башыңызга бажырайган бакыт консун. Алдыда сиз басуучу кенен жолдор, ачылып түркүн-түркүн гүлгө толсун. Мен сизди ырчы жана адам катары жогору баалайм. Сизди урматтап, сыйлаган күйөрманыңыз Эля

ОП-29-235. Парламентте иштеген Канат Кенжеев жинге тийбей жакшы жүр! Ар кимге сөз айтпай бетке келип айт. Болбосо капа болуп каласың. 05502214хх

ОП-29-236. Ильяз Андаш, сизге бул дүйнөдөгү жакшылыктарды, чыгармачылык ийгиликтерди каалайм. Айпери 05550481хх

ОП-29-237. Оштогу №28 Салиева атындагы таланттуу балдар лицей - мектебинин 1989-жылкы классташтарым, досторум Тимур, Аза, Нуржигит, Поке, Мансур, Залкар, Эра жана Элик бала жана Элик кызга, сүйүктүү класс жетекчибиз Айсалкын эжейге сагынычтуу салам. 11-б класс менде баары зор, мен азыр Америкадамын. Афтандил

ОП-29-238. "Обондун" урматтуу окурмандары, мен да силерге кошулам. Смс жазышып, сырдашып туралы. Ынтымактуу, ишеничтүү жана туруктуу достордон бололу. Мага салам жолдоп турушуңарды өтүнөм. Анда алга! Уулжан

ОП-29-239. Аллахты биз канчалык эске салсак, Аллах бизди да көбүрөөк эстейт. Гүлшан

ОП-29-240. Саламатсызбы Ильяз байке, ар дайым сахнанын көркүн ачып жүрө беришиңизди каалайм. Ата-энеңизди урматтап, алар сыймыктанган уулдардан болуңуз. Күйөрманыңыз Жаңылай

ОП-29-241. Менин саламым бир тууган эжем Гүлбара, байкем Уларбек, сиңдим Айсулуу, инилерим Абдулла, Мунарбек, Канатбек жана алтындай болгон атам Шералы, апам Токтайымга жана туугандарым Сатыбалдиев, Турдиевдердин баарына жолдонот. Аларга каалоорум чың денсоолук, иштерине ийгилик, бар болгула, бай болгула. Мен силерди жакшы көрөм. Гүлсара

ОП-29-242. Нурзада Жолдошева, мен сага ашыкмын. Эсперансо

ОП-29-243. Стар-Денс качан кастинг болот? Кастингден өтпөй калсам эмне кылам? Маяк берип койгулачы, сураныч. Фирдаус

ОП-29-244. Жака-Жазгүл Самат менен кармашкан колуңар үзүлбөсүн. Бактылуу болгула. Билерман

ОП-29-245. Астанада жүргөн сиңдим Нурка, мен берген китептерди көп оку. Han-Shai

ОП-29-246. Урматтуу кыргыздар, өзүңөрдүн атыңарды жазсаңар болбойбу? Оо, мындай болсо жакында кытай туугандан өтөсүңөр! +792312593хх

ОП-29-247. Олимпиадада кыргыздын намысын коргогон спортчуларыбызга ийгилик. Мека

ОП-29-248. Кунчуайперижан, сен менин айтылып бүткүс арманыма, жазылып бүтпөс дастаныма айландың. Билесиңби, сага деген сүйүүм сүттөн ак, гүлдөн назик, булактан тунук, тоодон бийик. Эң негизгиси сен бактылуу болсоң, мен бактылуумун. Азиз

ОП-29-249. Рысяжан салам, мен да сени сагындым. Сени кантип унутайын. Мен койгон кличка менен "Обонго" чыгып жатканыңа рахмат. Мен сени аябай, аябай жакшы көрөм. Кунчуайпери

ОП-29-250. Алматыда иштеген Феруза эже, мен сизди жакшы көрөм. Ишиңизге ийгилик. +770243691хх

ОП-29-251. Калк айтса, калп айтпайт. Эң мыкты эл ырчысы Мирбек Атабеков. Айзат

ОП-29-252. Гүлзина эже, сизге чың денсоолук, узун өмүр, Бакайчик менен Айданканын алдында бар болуңуз. Эч качан оорубаңыз. Сиңдиңиз Астана - @Орунай@

ОП-29-253. "Бекжан" базарында иштеген жеңем Элиза, Жыпар аман-эсен көз жарып алгыла жана 90-60-90 жеңем Назирага чоң салам. Соодаңар болсун. Кайынсиңдиңер Анара

ОП-29-254. "Обондун" окурмандарына жана бир туугандарыма салам. Жибек

ОП-29-255. "Бекжан" базарында подвалда соода кылган досторум Гүлнурду туулган күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Элка менен Сүйүнгүлгө чоң салам. Бар болгула. Анара

ОП-29-256. Темир Назаров, бактылуу бол. Жаратканым жакшылыгын аябасын. Кыргыз элиме ыйман тилеп, Аллахты ар дайым эсиңерден чыгарбай, оозуңардан келме түшпөй ар бир инсан эки дүйнөдө бактылуу болушун каалайм. Ар бир окурман бактылуу болгула! Анди

ОП-29-257. Ырчыларды сүйүп, Жаратканды унуттуңар дегендерге кошулбайм. Ильязды кумир тутуп эле, адамзатты, бүткүл ааламды жараткан Аллахты кантип унутмак элем. Мен келмени дайым кайталап жүрөм, Куран окуганды билем, намазды үйрөнүп жаткан кезим. Андыктан фанат болсо эле ыймансыз деп кабыл албагылачы. Жака-Жазгүл

ОП-29-258. Наку, туулган күнүң менен. Өмүрүң узун болсун, ойлогон-ой максатыңа жет. Эду

ОП-29-259. Кайрат мен сени сүйөм. Сени унута албай койгонумду сезип да койбодуң… +770239601хх

ОП-29-260. Алматы шаарында иштеген Шералы, Айнаш, Назгүл, Данияр, Анара, Накинай сиздерге дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм. Терең урматтоо менен Т...

ОП-29-261. Супер активдүү окурман Жеңиш крошаны 15-август өтүп кеткен туулган күнү менен куттуктайм. Бир жылда бир айланат бүгүнкү күн, кут болсун сенин туулган күнүң. Бактылуу бол биринчиден, макстыңа жет экинчиден, бул менин каалоом чын дилимден. Жеңиш ар дайым асманың ачык, маанайың жарык болсун. Биз сени жакшы көрөбүз. Кунчуайпери

ОП-29-262. Ильяз Андаш ишиңизге ийгилик, өзүңүзгө денсоолук каалайм. Айсалкын 05556301хх

ОП-29-263. Не себептен адамга адам ашык болот, ажырашса эки көзү жашка толот. Жооп жазып оюңарды билдирсеңер, эмне үчүн сүйүү жолу татаал болот? Уулкыз

ОП-29-264. Алматыда иштешкен досторум Күмүшай, Барчынай, Элнура, Медина, Мээрим, Нурзат ишиңерге ийгилик. Бактылуу болгула. Досуңар Августи

ОП-29-265. Жака-Жазгүл, сени Аллах дүйнөгө жаратып жатып сага мээ менен өпкө беришти унутуп калган окшойт. 07732452хх

ОП-29-266. Жеңиш крошанын 15-август туулган күнү менен куттуктайм. Дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм. Урматым менен Айдеми-Айка

ОП-29-267. Салам Темир байке, мен бул дүйнөдө сиз деп гана жашап жүргөнмүн. Сиздин үйлөнгөнүңүздү укканда жүрөгүмдү бирөө жулуп салгандай эле болду. Бирок, мен баары бир сизди бул эки дүйнөдө тең сүйөм. Бактылуу болуңуз. Клара

ОП-29-268. Саламатсыздарбы "Обондун" жалпы окурмандары Жараткан сиздерге ыйык Намазды окууну, ар бириңиздер өз бактыңыздарга жолугуп, чексиз бактыка бөлөнүп өмүр сүрүүңүздөрдү насип кылсын. Албетте бейиш багын татууну да насип кылсын. Сиздерди сыйлап "Обон" гезитинин такай окурманы Гүлшан

ОП-29-269. "Бекжан" базарында иштеген Гүлнурдун 18-август туулган күнү менен куттуктайм. Жашоонун кызыгын, гүлдөрдүн кызылын каалайм. Елена

ОП-29-270. "Бекжан" базарында иштеген Руслан байкени кыздуу болушу менен куттуктайбыз. Ылайым кызыңыз ыймандуу, ата-энесине, чоң ата, чоң энесине жана бир туугандарына күйүмдүү жаштардан болуп чоң бакыт алып келсин. Анваровичтин үйбүлөсү

ОП-29-271. Көрбөй туруп сүйүп калдым алтыным. Сенин үнүң, демиң менен жашап келем. Сездиң бекен сага деген махабатты, курган жүрөк сүйүү отуна жараланды. Жаным, мен сени чексиз сүйөөрүмдү унутпа. Алматыдан Куба

ОП-29-272. Бөкөнбаев айылындагы Ж.Алтымышбаев атындагы орто мектебинин 91-жылкы балдарына салам. 07778736хх

ОП-29-273. Жалгызым Нурмат, сага болгон арзуум аруу бойдон кала берет. Барби

ОП-29-274. Кыргызымдын ыймандуу кыздарынын бири Томага 4 вагон салам. +792502807хх

ОП-29-275. Тома Сахалинге качан барабыз? Элзар күтө берип чачы агарып кетти го. Сен эртерээк Москвага келип кал. Динара

ОП-29-276. Бердигул атындагы орто мектебинде окуган Назике, Нуржан, Асиятка салам. Айсулуу

ОП-29-277. Алтыным апа, 16-август туулган күнүң кут болсун. Биздин бактыбызга бар болушуңду Кудайдан миң мертебе суранабыз. Алматыдан Жолболду, Чымкенттен Жазгүл

ОП-29-278. Менин саламым бөбөктөрүм Урматбекова Айдана, Элиза, Санжарбеков Медер, Кубаныч, Санжарбек кызы Мээримдерге жолдонот. Балалыгыңар балдай таттуу өтсүн, ар дайым бар болгула. Зайка

ОП-29-279. Москвада иштеп жаткан эжем Кызбурактын туулган күнү менен куттуктайм. +770260424хх

ОП-29-280. Алматынын "Арал" базарында 1-катардын 42-контейнеринде иштеген Досяма салам. Мага таарынба Дося. Иштериңе ийгилик. Чымкенттен Досяң

ОП-29-281. Дүйнөдө эң кымбат атама, апама, Бакайга, Эстекеге салам. Бар болгула, бай болгула сиздер бар үчүн мен жашап келем. Светлана

ОП-29-282. Астанада иштеген Айгүл эжеме салам. +770237225хх

ОП-29-283. Менин саламым досум Умарга, аяшым Гүлзинага, келечекте бактылуу жаштардан болгула. Досуңар Мурат

ОП-29-284. Өзгөн районуна караштуу Кароол айылынын тургуну атам Мамытты 16-август 59 жаш курагы менен куттуктайм. Апам Катыча экөө узак өмүр сүрүшсүн. Алардын өмүрүн тилеп уулу Улан, келини жана неберелери +770260562хх

ОП-29-285. Ош облусунун Юга-Восток кичи шаарчасынын тургундарына, туулган айылым Каармандык туугандарга салам жолдойм. Ар дайым бактылуу жана бакубат турмуш кечиргиле. Оштон Чынара

ОП-29-286. Наси, Муни, Гули, Эля силерге салам. Жака-Жазгүл сен Ильязга тең келе албайсың. Өзүңдү жылдыз сезбечи. Автограф сенден алат деп ойлоп жатасыңбы? Эрке

ОП-29-287. Мирбек, Омар, Ильяз силерге ийгилик. Аймончок

ОП-29-288. Достор мен биринчи ирет СМС жазып жатам. Мени да өз катарыңарга кошосуңарбы? Rianna

ОП-29-289. Эсимден кетпейт эч убак сенин элесиң, минут эмес секунд сайын эстеймин. Сагынып, куса болгон күндөрүмдө, келишиңди Кудайдан мен тилеймин. Rianna

ОП-29-290. Каракөлдөгү үчүнчү мектепте окуп жаткан досторум Асан, Үсөн, Элебай (Колобок) Эльнур (Суся), Жеңиш кыскасы, мадыраларга салам. Эй, чамачайттар, кандайсыңар? Легенда иниге салам айткыла. Досуңар Элдияр (Солнышко)

ОП-29-291. Өзгөн районуна караштуу Фрунзе айылында жашап жаткан досторум Буси, Калыбек, Союз жана аяштарга салам жолдойм. Чымкенттен Замир

ОП-29-292. "Обондун" СМСчилерине чоң салам, бактылуу болгула. Жемчуг

ОП-29-293. Кыргыз шоу-бизнесиндеги ырчылар И.Абдыразаков, Ома, Омар, М.Атабеков, Неля, Нена, Даниел, Алихан, Кайрат, Бегимай Эсенгулова, У.Усенов, Иса, И.Акматов, Сема, С.Эркебаев, Т.Назаров, Ч.Мырзаев, З.Мырза, И. Таалайбеков, Б.Карабаева, Айдын Шер, С.Садыралиев, М.Иманбеков, Бекчоро, Кубик кызы Айпери, З.Казакбаевдерге чыгармачылык ийгилик, тунук сүйүү, бакыт, чың денсоолук жана да жараткан өзү колдосун сиздерди. Оштон Чынара

ОП-29-294. Салам Ильяз аке, мен сизди алгач экрандан көргөндөн бери талантыңызды сыйлап келем. Мени көргөндөр сизге окшоштуруп калышат. Өзүмдү бактылуу сезип кетем ошондо. Ишиңизге ийгилик каалап сизди кумир туткан Нурзат

ОП-29-295. Менин ысык саламым "Кыз-Бурактын" кыздарына жолдонот. Матмырзаева Гүлиза

ОП-29-296. Гүлзина, Бөкө, Үмүткө салам. Силерди сагындым. Керемет Бадыева

ОП-29-297. Бактыгүл Бадыева, мен сиздей эжем бар экенине сыймыктанам. Мени менен 0772457113 номери аркылуу байланышыңыз. Бадыева Керемет

ОП-29-298. Максат байке 13-август туулган күнүңүз менен куттуктайм. Мен сизге суудай тунук сүйүү каалайм. Гүлиза

ОП-29-299. Мен силерди окубасам жүрөгүм ооруйт экен да көрсө. Досум, тентегим, аппагым, садагам Жака-Жазгүлгө супер салам. Алга, бактылуу бол. Жанка

ОП-29-300. Токтогулдун Терексуу айылынын тургуну 66-86 номердеги ауди маркасындагы машинанын айдоочусу Атай, өмүр менен өлүмдүн ортосундасың. 07778203хх

ОП-29-301. Сиңдилерим Сакуля, Гуля, Жаркынай, Акылай, Гүлзар эжекебиз Гүлшанга салам.07773880хх

ОП-29-302. Сулуулар Эркайым, Айсанага, досум Бакытка салам. Айзи

ОП-29-303. Саламатсызбы, менин сүйүктүү кумирим Ильяз байке. Мен сиздин ушул рубрикага келишиңизди көптөн бери самап келгем. Мына эми тилегим орундалып жатат. Тилегим сиз менен жолугушуу, эгер жолуксам башым көккө жетет эле. Бирок, эмне болбосун мен сизди ар дайым сыйлап, урматтап, кумир тутуп келем. Ишиңизге ийгилик. Айзирек 07726606хх

ОП-29-304. Аксылык Мээрим 18-август туулган күнүң менен куттуктайм. Жаным, сагындым сени, өзүмдүн жанымдан артык көрөм алтышка. Чымкенттен Баха

ОП-29-305. ОП-28-46 Мадина биз Ильязды сүйөбүзбү, сүйбөйбүзбү, сенин ишиң канча? Биз чуркасак өзүбүз үчүн чуркайбыз. Сенден сурабайбыз. Жемчуг

ОП-29-306. Баарынан кымбат, баарынан сулуу, дүйнөдөгү эң ыйык апама салам жолдойм. Апа сизди аябай жакшы көрөм. Астанадан кызыңыз Гүлиза

ОП-29-307. Жаным Куба, мен сени сүйөм. Эч кимге бербейм. Жаның Чопа

ОП-29-308. Жалпы окурмандарга салам. Келгиле дос болобуз. Кербен Куба

ОП-29-309. Апаке, мен сизди абдан жакшы көрөм. Дайыма бар болуңуз. Кызыңыз 07729674хх

ОП-29-310. Саламатсыңбы Кунчуайпери, рахмат, сүйүнтүп койдуң салам айтып. Бар бол, бактылуу бол. Жака-Жазгүл менен курбусуңарбы? Айгөлөк

ОП-29-311. Досторум унутпапсыңар, СМС жазып тургула. Таты

ОП-29-312. Чымкенттеги Батма эже, кандайсыз? Сизди сагындым. Гүлдананын номерин берип коюңузчу өтүнүч. Таты 0777239330

ОП-29-313. Шаты айылына жана жандан артык 1990-жылкы классташтарыма салам. Гүка

ОП-29-314. Үйбүлөнүн куттуу келини болсом деген 20-25 жаштагы кыз-келиндер менен таанышам. 07775699хх

ОП-29-315. Ильяз, садагам айтчы, күткөнүң барбы? Сүйгөнүң болсо бузбайын аны. Данчик ырдагандай сүйүү кымбат, бирок сүйгөнүң сени сүйбөсө кандай азап. Бүт ааламдан сиздейди таппадым. Сүйөөрүмдү айта албай тажадым. Ай-ааламдан жүзүңүздү ардактап, жолугаар күнүбүздү самап чарчадым. И.Абдыразаков түбөлүккө жүрөгүмдү арнайм сизге. Ар дайым бактылуу болуңуз. Каныкей

ОП-29-316. Ээ, Жака-Жазгүл сен SМSМАНИЯдан жапа чегет окшойсуң. 7722945хх

ОП-29-317. Жака-Жазгүл, сиз мага жагасыз. Сени сүйөм. Н...

ОП-29-318. Сүйүктүү апама салам жолдойм. Ар дайым денсоолугу чың, өмүрү узун болсун кызы Гүланда

ОП-29-319. Карабалтада жашаган досторум Чынара, Гүлчебер, Гүлизага ысык салам. Гүланда

ОП-29-320. Казакстанда иштеп жаткан Султанга салам. Сени сагындым жаным. Алтышкаң Каракулжадан Нуржамал.

ОП-29-321. Салам Ильяз Андаш, сендей кыргыз жерин баалап ырдаган патриот ырчылар аз. Азаматсың, жериң менен, элиң менен эл болосуң. Дайыма алдыда бол, алга! 07776629хх




Эл тараза, эл сынЧы,
ЭҢ мыктысы кайсы ырЧы?
Элдик добуштун негизинде аталган сынактын үчүнчү туру аяктап, үч айлык рейтингдин жыйынтыгы боюнча конкурстун шартына ылайык 60 баллга чейинки эң аз упай топтогон өнөр адамдары тизмеден чыгарылды. Сынактын төртүнчү туруна добуш берүү башталды. Анда эмесе, чамдаңыз! Сиздер менен бирге эл ырчыларын электен бир өткөрөлү. Эл сынынан, эл таразасынан өтүү өтө татаал, "калк айтса, калп айтпайт" деген тегин жерден чыккан эмес. Андыктан 0555-000986 жана 0772- 624855 номерлерине сүйүктүү ырчыңыздын атын жазып, SMS жөнөтүңүз. 1 SMS 1 добушка барабар. Ай сайын рейтингдин жыйынтыгы боюнча эң аз упай топтогон ырчылар оюндан чыгат. Акырында алдыңкы катарга чыккан 10 ырчы "Обон" гезитинин "Эң мыкты Эл ырчысы" деген атайын сыйлыгына ээ болот. Кеттик, анда! Төмөнкү ырчылардын тагдыры сиздин колуңузда, окурман!

№ Аты-жөнү Добушу
1. Алихан 110
2. Айгерим Расул кызы 117
3. Айжамал Кабылова 187
4. Айгүл Чалова 89
5. Анжелика 125
6. Азат Болотбек 76 7. Бек Борбиев 163
8. Бактыгүл Бадыева 129
9. Бегимай Эсенгулова 118
10. Гүлнур Сатылганова 129
11. Жаныш Кочкоров 174
12. Замир Мырза 112
13. Ильяз Абдыразаков 273
14. Ислам Акматов 203
15. Мирбек Атабеков 249
16. Мирбек Иманбеков 237
17. Нэля 111
18. Омар 136
19. Роза Шакирова 101
20. Сайкал Садыбакасова 79
21. Султан Садыралиев 245
22. Самандар 84
23. Сьездбек Искеналиев 74
24. Темир Назаров 254
25. Урмат Усенов 112
26. Чыңгыз Мырзаев 155




ТАПКАН ТАПАЛАК
Урматтуу окурман!
Төмөндөгү табышмактарды ким туура таап, жообун бизге жиберсе 100 сом байгеге ээ болот.
Эскертүү: Жоопторду SMS аркылуу

OBON
сөзүн жазгандан кийин сөзсүз боштук калтырып текстиңизди жазып,
4436

номерине жөнөтүңүз.
(SMS баасы НДС менен кошо 0,5$.)

Бител, Кател, Фонекс, Моби, Мегакомдун абоненттери үчүн.

Кыртышы кара жаргактай,
Канаты кадимки чатырдай.
Учат дайым талыкпай,
Күндүзү жатат жансыздай.

Казанымдын капкагы жок,
Кылычымдын кыны жок,
Үйүмдүн төрү жок


Белен-белен белен ат,
Бери жоон күрөң ат.
Аштан-тойдон калбаган,
Арам өлгөн күрөң ат.

Өткөн сандагы
табышмактардын
жооптору:

1.Чочко 2. Жан
3. Телеграмма