Сенин гезитиң!
№29, 19.08.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Пекин - 2008

Азаматсыңар, балбандар!
Пекин олимпиадасы Кыргызстан үчүн жемиштүү башталды. Эгемендүүлүктү алгандан бери биринчи жолу күмүш байгелүү болуп олтурабыз. Кыргызстандын олимпиадалык тарыхында 2000-жылы Сиднейдеги олимпиадада Казакстандан келген дзюдочу Айдың Смагулов 3-орунду алып берген болчу. Бул ирет өзүбүздүн жигиттер өлкө намысын татыктуу коргошту. Грек-рим күрөшү боюнча 66 кг чейинки салмакта Канат Бегалиев күмүш медалды жеңсе, 60 кг чейинки салмакта Руслан Түмөнбаев 3-орунду ээлеп, коло медаль тагынды.
Пекинде күмүш медаль тагынган К.Бегалиев 24 жашта. 2000-жылы жаштар арасында Азиянын чемпиону болгондон тарта эл аралык ареналарда байгелүү орундарды ээлеп келет. 2006-жылы Пекинде өткөн дүйнөлүк чемпионатта 2-орунду ээлеген. 2006-2007-жылдары Азиянын чемпиону болгон. 2004-жылы Афины олимпиадасында 8-орунду ээлеп, мыкты он балбандын катарына кирген. 2004-жылы Казакстандын курама командасына чакырылып, азгырылып бир аз жүрүп келди. 2005-жылы ошол кездеги спорт агенттигинин директору Бектур Асанов Казакстанга барып Канат Бегалиевди Кыргызстанга кайра алып келген болчу. 2006-жылы дүйнөлүк чемпионатта 2-орунду ээлегенде К.Бегалиевди Президент кабыл алып, бир бөлмөлүү үй берип, кол саат менен сыйлаган. Мына эми арадан эки жыл өткөн соң Пекинде кайрадан ийгилик жаратты.
Коло медаль ээси 60 кг чейинки салмактагы Руслан Түмөнбаев 22 жашта. Быйылкы жылы Азиянын чемпиону болгон. Буга чейин деле эларалык мелдештерде ийгилик жаратып келген. Пекинде Руслан Канат экөө мурда олимпиаданын, дүйнөнүн, Европанын чемпиондору болушкан атаандаштарын утуп алышып, өздөрүн көрсөтө алышты. Русланды жарым финалда уткан россиялык Исламбек Албиев финалда азербайжандык балбанды утуп чемпион болду. Демек, Руслан жөнөкөй эле бирөөгө утулбаптыр. Экөө дүйнөнү дүңгүрөткөн кыргыз балбандарынан болуп калышты десем да аша чапкандык болбос. Демек, бул эки азаматыбыз дагы да дүйнөлүк, олимпиадалык оюндарда жеңишке жетишип, бизди сүйүндүрөт деген ойдобуз.
Эми буюрса Пекин олимпиадасында байгелүү орундарды ээлегендер мамлекет тарабынан Канат Бегалиев 100 миң доллар, Руслан Түмөнбаев 75 миң доллар менен сыйланат. Ошону менен катар президенттик стипендияны өмүр бою алышат.
Мурда бизде спортко анча маани берилбей келгени да чын. Мыкты балбандарыбыз менен кошо бокстан, штангадан намыс талашчу жигиттерибиз коңшулаш Казакстанга өтүп кетишти. Алардын айрымдары олимпиада чемпиону болушту. Мисалы, Жалалабаттан келген балбан Мельниченко 1996-жылы Атлантада чемпион болуп, Казакстанга упай алып берди. Баса, быйыл Пекин олипиадасынын ачылышындагы парадда Казакстандын командасын баштап, туусун көтөрүп өткөн Бакыт Ахмедов да биздин жердешибиз болот.
Жекшемби күнү аталган эки балбаныбыз Пекинден Бишкек шаарына келишти. Аны "Манас" аэропортунан Бишкек шаарынын мэри Н.Түлеев, белгилүү спортсмендер жана спортсмендердин туугандары, фанаттары тосуп алышты.




Биздин оюнчулардын ийгиликтери
Пекинге биринчилерден болуп аттанган суучулдарыбыздан 9-августта мелдешке түшкөн В.Данилов 29 спортчунун ичинен 27-орунда калды. Фехтованиеден С.Качурин деле ийгилик жарата албады. 10 метр аралыкка ок атуудан Р.Исмаилов 65 мерген менен атаандашып 39-орунду, 50 метрге ок атуудан артынан 3-орунду алды. 11-август күнү бокстан А.Таласбаев (60 кг) биринчи беттешүүдө бразилиялык атаандашын утуп, кийинки беттешүүсүндө колумбиялык боксерго утулуп калды. Дзюдочу кызыбыз Елена Проскуракованын (78 кг) да жолу болбоду. Ал биринчи эле беттешүүдө кытайлык кызга утулуп мелдештен чыгып калды. Суучулдар Ю.Захаров менен В.Васильев 200 жана 50 метрге сүзүүдө жарышка түшүшүп ийгилик жарата алышкан жок.
14-августта таймашка чыккан спортсмендер да ийгиликке жете алышпады. Оор атлетикадан У.Молдодосов (85 кг), түртүп көтөрүүдөн 152кг, жулкуп көтөрүүдөн 194 кгны багындырып оюндан чыгап калса, жеңил атлетикадан А.Погорелов 400 метр аралыкка тоскоолдуктар аркылуу чуркоодон артынан экинчи орунду алды. Дзюдочу Т.Жанагулов (100 кг жогорку салмакта) кытайлык Пан Сонгго утулуп, оюндан чыгып калды.
17-августта ойногон үч спортсменибиз да алдыга чыга алган жок. Марафондон Ю.Архипова 48-болуп келди.




Калыстар кытайларга тартып жатабы?
"Калк айтса калп айтпайт" деп илгертен эле айтылып келе жаткан сөз бар эмеспи. Ошол сыңарындай Пекинде өтүп жаткан олимпиадада калыстар көпчүлүк учурда Кытайга тартып коюуда деп жатышат. Кытай боксерлерго жеңилип калган украиналык А.Ключко менен британиялык Д.Мюрейдин айтымында калыстардын туура эмес чечими болгон. Ушундай эле пикирин эквадорлук Л.Порозо да билдирип чыкты.
Бокс боюнча эл аралык ассоциациянын (AIBA) председатели Терри Смит сынга көңүл бөлүнөөрүн бирок, калыстар калпыстык кетирбегенин белгилейт.
Жаракат алган спортчулар кимдер?
Гандбол боюнча Россиянын курама командасынын белдүү оюнчусу Анна Кареева бразилиялык оюнчу менен тизелери урунуп катуу жаракат алып, кийинки оюндарга катыша албай олтурат.
Ал эми венгриялык оор атлет Янош Бараняи, 77 кг салмак категориясы боюнча 148 кг салмактагы штанганы көтөрүү учурунда чыканагын чыгарып алып, оор салмакты көтөрө албай таштап жиберип, штанга белинен басып алдында калган. Оор атлеттин алган жарааты катуу болгондуктан, жакын арадагы ооруканага жаткырылган. Эми анын карьерасы ушуну менен токтойт деп айтышууда.
Беларусиянын сууда сүзүү боюнча кыздар командасы Светлана Хохлова алган жараатынан улам оюнга катышпай калды. Ал машыгуу учурунда эстафетаны берем деп колун айрытып алган. Жараатын 8 жеринен тигип, оюнга катышууга болбой калган. Ал эми анын ордуна катышууга эч ким жок болгондуктан команда оюнга катышпай калган.
Пекинде жаңы муундун генетикалык
допингин пайдаланышууда
Бүткүл дүйнөлүк допингке каршы агентство жүргүзгөн тесттердин жыйынтыгын карап көрсөк, допингди колдонгон чоң спортчулардын саны жыл сайын өсүүдө. 2007-жылкы талдоодо ВАДАнын адистери 4402 атлеттен допинг табышты. Керлинг менен машыккандардан 4%, велоспортчулардан 3.9%, боксёрлордон жана оор атлеттерден 3%, бейсболисттерден жана триатлонисттерден 2,5%, лыжниктерден жана фигуристтерден 0,8%. Жада калса шахматисттерден да (2,7%) бул балээ арбын табылганы таңгалыштуу. Допингди паралимпиядалыктар (майыптардын спорту) да колдонушат. Эң көп спортсмендер анаболикти колдонушат. Анаболикти 80% колдонгондордо боордун иштеши бузулат. Андан башка стимулятор катары амфетамин жана кокаин пайдаланышат. Ар кайсы мамлекеттердин спортсмендеринин өздөрүнүн допинг каалоосу бар. Көбүнчө америкалыктар амфетамин менен кокаинди колдонушса, россиялыктар анаболикти колдонууга ыкташат.
Быйылкы Пекин олимпиадасында дүйнөдө биринчи жолу жаңы муундун табылгасы болуп генетикалык допингди колдонууда. Молекулярдык медицина боюнча британдык атактуу врач Энди Майэнин айтуусунда дүйнөлүк лабораторияларда кандагы генге допингди аралаштыруу ыкмасы ишке кирди. Мындай жаңы муундун генетикалык допингин атайын текшерүүчү аппараттар менен табуу абдан кыйынга турат.
Мындай допингдерди колдонгон атлеттердин чемпиондук көрсөткүчтөрү болуп көрбөгөндөй өсүп, 9-орундагы спортсмен 1-орунду багынтканга мүмкүнчүлүктөрү ачылат экен. Албетте мындай кымбат баалуу жасалма күч берүүчү ыкмаларды спорттук державалыкка умтулган бай мамлекеттер көп пайдаланышаары анык.





Олимпиададагы кызык учурлар
Россиялык тенниссистка Мария Шарапова олимпиадага катышкандардын арасындагы эң шойкомдуу (сексуалдуу) спортсменкалардын экинчиси, канадалык гимнастка Александра Орландодон кийин болуптур. webtvhub.com. сайты иликтөө жүргүзүп, ушундай чечимге келишкен. Ал акырегинен алган жаракаттан улам олимпиадага катышпаса да иликтөө жүргүзүлө берген. Ошондой эле булардын катарына венгриялык Рита Дравуч, украиналык Алена Бондаренко жана америкалык Арманда Бред кирген. Жогорудагы сайтта булардын жылаңач сүрөттөрү, өмүр баяндары жайгаштырылган.
ххх
Олимпиада оюндарына эң көп катышкан спортсмендер жеңил атлеттер экени аныкталган.
ххх
Олимпиаданын эң жаш оюнчусу кыздардан камерундук суучул Антуанет Джойс Гуэдия Муафо катталган. Ал 21-октябрда болгону 13 жашка чыгат. Ал эми эркектерден Сейшель аралдарынан келген суучул Дуэйн Бенджамин Дидон. Ал 11-сентябрда 14 жашка чыгат. Ошондой эле эң картаң оюнчу ат спорту боюнча япониялык Миеко Яги эсептелет.
ххх
Компьютер заманы келсе дагы бокс боюнча чүчүкулакты кол менен аттарын жазып туруп анан өткөрүшкөн.
ххх
Олимпиада боюнча маалымдамада француздук жеңил атлет Маибдин Мехисси Бенабад 3000 метрге чуркоодо аялдар арасында жана эркектер арасында да киргизилип (бир эле фото сүрөтү менен) калганын журналисттер таап чыгышты.
ххх
Алгач Пекинден батир алган велоспорт боюнча ветеран француз айым Жанни Лонго батиринин жанындагы жагымсыз жытка чыдабай, олимпиада айылында өзүнүн командасы менен бирге болууну чечсе, швейцариялык тенниссист Роджер Федерер олимпиада айылынан пекиндин мейманканасына которулган.
ххх
Олимпиада оюндары сүйүүнүн жана тынчтыктын символу болуп келе жатканы белгилүү. Олимпиаданын ачылыш аземи күнү Олимпиадада жүрүшкөн британиялык парус спорту боюнча оюнчулар Ник Демпси менен Сара Эйтон баш кошушкан.