Сенин гезитиң!
№29, 19.08.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Сыр маек

Жаш ырчы Айпери Кубик кызы:
"Кадр бүткөндөн кийин токтоно албай ыйладым"
"Аккан арыктан суу агат" демекчи кыргызда мугалимдин баласы мугалим, дарыгердин баласы дарыгер, ырчынын баласы ырчы болмой адатка айланган көрүнүш. Мына ошондой чыгармачыл үйбүлөдөн чыгып, ата жолун улап келаткан белгилүү куудул Кубик Калыковдун тун кызы Айпери да учурда кыргыз сахнасында кызмат кылууда. Айпери 1991-жылы 28-июлда Жалалабат шаарында туулган. Үйбүлөдө 3 бир туугандын улуусу. Учурда Кыргызстан Эл аралык университетиндеги колледжинин Эл аралык мамилелер бөлүмүндө 2-курста окуйт.

Айпери, музыка чөйрөсүнө өмүрүңдү арнап, кыргыз эстрадасында түбөлүк кызмат кылам деп айталасыңбы?
- Аны эми убакыт көрсөтөт деңизчи. Бирок, мен ырчылыкты кесип катары эмес хобби катары кабыл алам. Ошентсе да эки багытты тең эриш-аркак бирдей алып кеткенге аракет кылам. Анткени музыка менен менин жан дүйнөм азыктанып турат.
- Азыр бир альбом ыры менен да тааныла албай жүргөндөр арбын. Аларга салыштырмалуу сен бир гана "Сезим" деген ырың менен атыңды чыгарып алдың. Дегеним, мындай популярдуулукту өзүңдүн талантың алып келди дейсиңби же атаңдын атак-даңкыбы?
- Менин оюмча биринчиден буга атамдын аты менен чыгышым да түрткү болду. Аны менен кошо аткарган алгачкы чыгармам дагы кичүү муун, улуу муун дебей ыр ышкыбоздорунун купулуна толуп мен үчүн чоң ийгилик жаратты. Анан көпчүлүк музыка сынчылар "Сезим" деген ырыңды үнүң менен ачкансың деп айтышат. Кудайга шүгүр, кайсы тарабынан карабайлы сахнага болгон алгачкы кадамым жаман болгон жок.
- Сага ийгилик алып келген аталган ырыңдын тарыхы жөнүндө айтып өтсөң?
- Мындан 2 жыл мурун атамдын концертинде атам экөөбүз дуэт болуп ырдаганбыз. Андан кийин дароо эле ырчылыкты улантайын десем атам "сага азыр эрте, дагы да өзүңдү-өзүң бышыр, эгер сен окууңду жакшы окуп бүтсөң мен сага сөзсүз бир ыр тартуу кылам"-деп сахнага чыгарбай койгон. Көп өтпөй 9-классты кызыл күбөлүк менен аяктагандан соң атам айткан убадасын аткарып сиз сураган "Сезим" деген ырды белек кылды. Бул ырдын сөзү атамдыкы, обону Ильяз Абдыразаковго таандык. Чынында аталган ырды мынчалык популярдуу болот деп күткөн эмесмин. Азыр радиолордон тынбай берилип, уюлдук телефондорго көчүрүлүп жатат. Муну мен менин кийинки кадамдарыма болгон чоң жоопкерчилик деп ойлойм.
- Элдин колдоосуна го татыдың, а куудулдун купулуна толдуң бекен. Атаң кандай баа берди?
- Мактап койсо талтаңдап кетем, жамандап койсо артка кетем. Ошон үчүн "аракет кыл, муну менен чектелип калба, изден кызым изден" деп эле эки күндүн биринде кулагыма куюп турат. Анан мен "Ата сиздин сыныңыздан өтүш кыйын, бирок сизди уят кылбайм"-деп күлүп калам.
- Өзүңдү биринчи жолу эфирден көргөндө кемчиликтерди байкай алдыңбы?
- Ооба. Ата-эне жөнүндө ырдап чыкканымда кабагымды салып кимдир бирөөгө капа болгондой ырдаптырмын. Анан сахнада туура эмес басып, жарашыксыз кыймыл-аракеттерди жасаганымды көрүп, өзүмдү-өзүм уруштум. Экинчи чыгышымда ушул кемчиликтерди жоюуга аракет кылып, азыр кирпигимдин ирмелгенине чейин астейдил мамиле жасаганга умтулуп келем.
- Аздыр-көптүр белгилүү болуп калдың. Азыркы тил менен айтканда телефон чалып, sms жазып арзуусун арнаган жигиттерден куру эместирсиң?
- И эже аны айтасыз да. Ишенсеңиз азыр телефонумдун номери ар бир экинчи адамда бар. Каяктан кантип таап алгандарын билбей башым катат. Кээде чалып алышып "Сен Айгеримге баары бир жетпейсиң, андай сулуу эмессиң, андан көрө чыкпай эле кой"-деп кекетишет. "Сүйөм-күйөм" бул жакта турсун, а дегенде эле "мага күйөөгө чыгасыңбы?" деп sms жазышат. Мындай жоруктарга аргасыз күлгөнгө туура келет. Иши кылса бизде таң калыштуу адамдар көп.
- Жүрөгүңдүн ханзаадасын билсек болобу?
- Андай сезим менде боло элек. Азыр сүйүү эмне экенин да түшүнбөйм.
- Сен сүйбөгөн адам сени сүйүп калса эмне кыласың?
- Мм… Татаал суроо экен. Өзүмчүл болгум келбейт. Эгерде ал менен жашап кеткенге көзүм жетсе аны бактылуу кылыш үчүн макул болмокмун. Кыргызда "Өзүң сүйгөнгө эмес, өзүңдү сүйгөнгө тий" дейт го. Балким менин бактым ошондодур. Бул деген сенин турмушуң, эртеңки келечегиң, ошон үчүн жети өлчөп, бир кесип арканды узун таштап чечим чыгарыш керек. Ой, менен образга кирип ошол күндү элестетип алдым окшойт. Кандай болгон күндө да убагы келгенде көрөбүз деп туралы.
- Рысбек Жабиров тарткан "Достор" деген кинодо башкы ролду ойноптурсуң. Жооптуу образга кандайча тандалып калдың?
- Аталган кино тартылаар алдында Рысбек байке атама коңгуроо кылып "ушундай кино тартып аттык эле, кызыңызды бир кастингден өткөрүп көрбөйлүбү" деген сунушун айтыптыр. Анан кастингге биринчи барган күнү эле Рысбек Жабиров "Мага жасалма күлчү" дегенинен колумдан келишинче жылмайып бергем. Эки күндөн кийин "өттүң"- деп чакырды. Ошол боюнча башкы ролду аткарып калдым.
- Кыйынчылыктар болдубу?
- Албетте болот. Сценарий боюнча сүйбөгөн адамды сүйүп, күлө турган жерде ыйлашың керек. Ошол жерлеринде ыйлай албай бир топ убара болдук. Анан "Кыш санатасы" деген кытай киносундагы жигити каза болгон кыздын ыйлаганын элестетип ыйлап, кадр бүткөндөн кийин да токтоно албай режиссёрду таң калтырдым.

Даярдаган Ж. Калдарова

Блиц - Анкета
Гороскопто - Арстан
Жашоодогу урааны - "Таш атканга аш ат"
Эңсеп жеген тамагы - куурдак
Баалаган саясатчысы - А.Мадумаров
Ыйык туткан адамы - ата-энеси
Сүйүнгөнү - Элибиздин тынчтыгы
Күйүнгөнү - кыргыздардын "киргиз " болуп алганы
Ишенгени - Кудай
Тилегени - денсоолук