Сенин гезитиң!
№29, 19.08.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Обон-күлкү

Жакшы адамдын күлкүсү
Күлкү менен ый бардык адамдын энчиси. Жакшы адамдын күлкүсү да таза болот. Ыраматылык Султан Ибраимов жолборстой сүрдүү адам болсо да кээ-кээде аябай күлчү экен.
Өткөн мезгилдерде Ош драма театрынын чоң залында токтогулдук чабандар менен өзгөндүк чабандардын биргелешкен чогулушу өтүп жаткан. Сөз кезеги тийгенде токтогулдук чабан трибунадан минтип сүйлөп турбайбы;
- Кымбаттуу чабандар, жакшы иштеш керек. Эмгегиңди өкмөт менен партия дегеле баалабай койбойт. Мына көрдүңөрбү- дейт ал колун өз көкүрөгүнө жаңсап, өкмөт менен орден, медалдарын дегеле аяган жок. Карагылачы, жөн эле төшүмө батпай кетти. Анан такыр орун болбогонунан чөнтөгүмө да бирөөнү катып койдум эле, - деп, оң чөнтөгүнөн "1974-жылдагы социалисттик мелдештин жеңүүчүсү" деген медалды алып чыгып жалпы элге көргөзөт. Эл дуу күлөт. Султан Ибраимович кошо каткырып, көптө барып токтолот.

Проездной
Түн. Бишкек. Аялдама. Транспорт токтоп калып, Дөңбай такси тосуп турат. Келди, такси:
- Аксакал, каякка? - 12-микрорайонго. - Кеттик. Келатышат. Жетишти үйгө. - 50 сом. - Меники проездной.
Көрсөтүңүз? - Мына, - деп Дөңбай троллейбустун билетин көрсөттү. - Жарабайт. - Проездноюңуз өткөн айдыкы экен. Кошумча дагы 30 сом штраф төлөйсүз. - Болбойт го… Моберегиңде 2000-жылга чейин деп жазылып турбайбы. - Аны сыя менен оңдоп коюптурсуз. Байкалып калыптыр. Гербовый печаты да жок экен. Кагазы да катуу эмес, үлбүрөп. Деги мунуңуз менен кантип уялбай таксиге түшүп жүрөсүз? Самопал проездной. Давай, штраф. - Болду-болду… Дөкөң чөнтөгүңөн акча алып чыгып: - Мынакей, штрафы менен. Бирок, айтып коёюн, штраф төлөдү деген чек жазып бермейин бербеймин. Таксист рулду кучактаган тейде ойлонуп турду. Анан күтүүсүздөн Дөңбай экөө тең каткырып күлүп жиберишти. Түшүнүштү. "Шайыр жигит экен, атаңгөрү"-деп койду ичинен үйүнө кирип баратып. Анан "проездноюн" тигиле карап турду да, "Эчтекеге жарабаган энеңдурайын" деп ыргытып жиберди.

Эси жок эки дос
Нарында жашаган ынак эки дос күндөрдүн бир күнүндө бир төөнү талаша кетишет да, арызданып областык прокурорго келишет. Экөөнүн датын угуп бүткөн ал экөөнү кечкурун үйүнө мейманкерчиликке чакырат. Арак менен алкымдарын майлап, чүйгүн тамактар менен оозанткан соң, маселени төмөндөгүчө чечиптир:
- Эми, жигиттер, бириң айтсаң аныңкы туура, тигиниң айтсаң мунуңку туура. Төөнү бириңе берсем, экинчиң капа болосуң. Андан көрө төөнү мага бергиле!-деп эки достон төөнү өзүнө ажыратып алган экен.

Картошка айдап, машинелүү болгусу келген куудул
Спорт сарайда кайсы бир белгилүү ырчынын концерти болуп, антракт мезгилинде артисттер адаттагыдай бир жерге чогулуп калышыптыр. Сөздөн сөз чыгып, тамаша тамашага уланып отуруп; "Кимдин бети чоң?" деген суроого келип такалышат. Албетте , биринчиликти ырчы жигиттер Расул Маматкулов менен Саалы Карымшаковдор алаары белгилүү иш да. Тигилердин беттерине асылышып , ар ким ар кандай какшык сөздөрдү жылдыра баштабайбы. Ошол учурда сырттан жаңыдан жеңил машина сатып алып минип жүргөн Бек Борбиев кирип калат. Мунун баарын байкап отурган Манас мындай дептир;
- Жөн жүрө бербей экөөңдүн бетиңерге картошка айдап койгонумда Бектен мурда машине алмак экенмин.

Яхши икан балтаси"
Алыска сапар тарткан эки жолоочу абышкасы жакында кайтыш болуп, кара кийинип отурган кемпирдин үйүнө дем алыш үчүн кирип калышыптыр. Экөөнүн бири татар молдо экен. Кайран молдокең куран окуп отуруп, көзү менен үй ичин бир сыйра карап чыгат да, босогодо жөлөнүү турган жакшынакай балтаны көрүп калат. Балта келишимдүү сапталганы аз келгенип, кооз, бекем, өткүр экенин байкап, курандын аягына төмөнкүдөй деп кошуп кетет:
"Калың болсо керек калтаси,
Бик яхши икан балтаси!" үй ээси дагы кыраакы кемпир экен, молдонун шеригинин санын бекем кармап, балта жака ээк жаңсаганын сезип калыптыр. Куран бүтөөрү менен татарча анча-мынча аралаштырып:
"Ауылым конон жалтаңга,
Ики көзүң балтамда,
Купшуңдаган куу молдо
Куурагыр көзүң калтамда!" -дегенде сыры ачылып калган молдокең чайга да карабай жөнөп кеткен экен.

Мугалимге үйлөн
Курсактары ач, эмне кыларын билбей бөлмөсүндө шыпты тиктеп жаткан эки студент болочок жубайлары туурасында кыялданып калышат.
Аңгыча бирөөсү:
- Көзүмдүн астына кысып жүргөн үч кызым бар. Бирөөсү мединститутта, бирөөсү - пединститутта окуйт. Ал эми үчүнчүсүнүн болочок кесиби болсо телефонистка. Үчөөнүн кимисине үйлөнсөм?-деп кеңеш сурап калат.
- Мугалим болчусуна үйлөн-дейт, досу ойлонбой туруп.
- Эмнеге?-дейт тиги таңгала
- Врачка үйлөнсөң "чыга туруңуз, бош эмесмин"
- дей берет. Телефонисткаң деле: "Бир аз күтө туруңуз, бир аз күтө туруңуз"-дегенден башканы билбейт. Ал эми мугалимге үйлөнсөң: "Кана, дагы бир жолу кайталайбыз, дагы бир жолу кайталап коёбуз" дегенден тажабайт.

Медаль талашкан бала
Атактуу куудул Шаршенди бирөө конокко чакырат. Мейман болуп олтурса, Шаршендин төшүндөгү медалын көрүп, үй ээсинин баласы атасына ыйлап "алып бергин" деп кыйнайт.
Анда Шаршен:
- Ой, жубарымбек! Мен бул медаль үчүн 5-6 жыл "Айгырча" кишенедим! Итче кыңшыладым. Уй болуп мөөрөдүм. Койчо маарадым. Төөнүн ботосундай боздоп, балача сага окшоп ыйлап, эмгек кылып ушул төш белгиге жеткем. Ал эми сен бир ыйлап берип эле алгың барбы?.. Ой, атаңдын оозун урайын!-деп отурган элди күлдүргөн экен.

Осол болгон Орозбай
Исфанадан Сүлүктүнүн базарына атчан келатып, уста Орозбай бир калта мыгын жолдо жоготуп коёт. Топтолушкан атчан кишилер аны көрө аттарыбыздын туяктарын эми такалатат экенбиз деп кубанып жатышкан.
Уста Орозбай салам-аликтен кийин аттан түшүп, куржунун тинтип караса калтадагы мыктары жок.
- Кечиресиздер, -деди сумсайган түрдө аттарын казыкка байлаган кишилерге карап, -Мыктарым жок. Жолдо түшүп калганбы же шашылыштан унутканмынбы, билбейм. Атчандардын улуураагы:
- Орозбай! Тээ тиги тоонун этегинде чакан айыл бар. Байбото деген карыянын чоң калтасынан аттардын такасына кага турган мыктарын көргөн болчумун. Ошол кишиникине барыңызчы, сиз келгиче биз күтө туралы.
- Макул, -деген бойдон уста Орозбай Байботонун үйүн көздөй атын темине чаап жетип барды.
Чоң дөбөт ит арсылдап үрүп чыкканда Байбото итин ары кууп жиберип, Орозбайды үйүнө киргизди.
Анын кемпири каада-салт боюнча дасторкон жазып нан, чай койду. Анан пияладагы чайдан сунуп:
- Нанга караңыз,-деди.
Бир аздан кийин Байбото карыя кеп салды:
- Кош, Орозбай эмне максат менен келдиңиз, жол болсун сизге, -деди.
- Байбото аке, шашылышмын. Зарыл иш менен келдим. Сиздин чоң калтаңызда мык бар дешти.
Байбото бырс күлүп койду. Байбичеси да уяла түшүп, тетири карады. Анан чалына унчукту:
- Ак ыштанчан олтурбай, калың шымыңызды сыртынан кийип алсаңызчы…
Бул эмне дегени деп Орозбай таң калат.
Бир аздан соң Байбото сурады:
- Ким жиберди сизди биякка?
- Өңү сарысынан келген, көздөрү ойноктогон жапыз бойлуу киши, деп жооп берди.
- Иий, атың өчкүр, Курман сары турбайбы, -деп байбичеси бек унчукту.
- Орозбай, деди Байбото каадасынча жай сүйлөп, - Ошол Курман сары сени алдаптыр. Менин калтам өтө чоң, деп эки тизесин эки жакка жазып, ак ыштанын түртүп турган калтасын көрсөттү.- Менин накыл атым "Байбото калта" муну, билип кой.
Байбичеси күлкүгө чыдай албай, кыткылыктап эшикке чыгып кетет.
Орозбай осол болгонун түшүнүп, оозун ачкан бойдон томсоруп отуруп калыптыр.

Акимдин айтканы…
"Келинчегиң Бакир менен ойнобогондо, эшек менен ойномок беле"
Бул окуя СССРдин тушунда болуптур. Бир райондун райкому жыйым-теримдин акыбалын билиш үчүн айылга келет. Чоң жыйын өткөрүлүп, тиешелүү маселелер каралат. Райком сөз сүйлөп, сөзүнүн аягында: "Кана, кимде кандай суроо бар?"-деп элге кайрылат. Бир жаш эле жигит: "Менде проблемалуу маселе бар!"-деп колун көтөрөт. Аны айылдын башкармасы: "Эй тынч отур, сенин маселеңди мен чечип берем"-деп тыйып коёт. Чогулуш учурунда суроо бералбай өкүттө калган ошол жигит чогулуш тарап, кайра районго кетмекчи болуп жаткан секретардын алдын тороп чыгат:
- Жолдош райком-деп баштайт, демиккенин жашырбай, - Менин сизге айта турган сөзүм бар…
- Айт, айт-дейт токтоп. А айылдын башкармасы тетири басып кетет.
- Менин айтаарым эле ушул, -дейт жигит мукактанып,
- Тиги Бакир башкарма менин келинчегим менен ойноп жүрөт. Ушуну тыйып бербейсизби?
Күтүлбөгөн сөзгө таңгала түшкөн секретардын ачуусу келип:
- Эй, жигит… Сенин келинчегиң менен Бакир ойнобогондо, эмне, эшек ойномок беле! - дептир. Оозу ачылган жигит жерди өтүгүнүн башы менен чукулап, шалдайган бойдон кала бериптир.

Көңүл бургула! Конкурс, конкурс…
"Боло берет турмушта, особенно кыргызда" аттуу эң кызыктуу күлкүлүү окуяларга конкурс жарыялайбыз. Эң мыкты деп табылган авторлордун чөнтөк телефонуна 100 бирдиктен жөнөтүп турмакчыбыз. Sms аркылуу 0555000986 жана 0772624855 номерине жөнөтсөңүздөр. Эгер почта аркылуу кат жазсаңар биздин абоненттик ящик: Бишкек - 48 А/Я 1551 же болбосо 44-98-21 телефонуна чалыңыздар.

Даярдаган Алмаз Адишов