Сенин гезитиң!
№28, 12.08.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Тентек пикиробон

- Эң бактылуу учурум деп кайсыл убакытты айтаар элеңиз?
Лариса Асанбекова, акын:
- Ар бир аткан таң үчүн мен бактылуумун. Анан дагы өзүмдүн сүйгөнүмө жолуккан күн, балдарымдын төрөлүшү, китептеримдин жарык көрүшү мен үчүн чоң бакыт. Бул жарыктыкта адам болуп басып жүргөнүбүздүн өзү баа жеткис байлык.

- Оюндан акча утуп же уттуруп көрдүңүз беле?
Бакыт Мамаев, ырчы:
- Акча го уткан эмесмин, бирок уттуруп эле жүрчүмүн. Анда 1992-жыл болчу, шаарга жаңы келип окуп, иштеп жаткан чагыбыз. Ал убакта 300 сом чоң акча эле. Алгачкы маянамды алып келе жатсам,көчөдө балдар кружкалар менен "картошка" ойнотуп жатыптыр. Жанымдагылар "ойнобо" дегенине карабай, балалык кыялдар менен ойноп көрөйүн дедим, себеби өзүмдүн ички сезимиме ишенет элем. Барып карасам баары эле утуп жатат. Ошол ойногондор "ойносоң,сен да акчаңды эки эсе кылып кайтарып аласың",деп калышты.Оюмда кир жок колумдагы болгон 300 сомду кармата салдым. Кружканы айландырып ачса мен айткан жерде жок болуп чыкты. "Акчамды бергиле"десем, "моюнуңду кайрып коё электе акырын кетип кал"деп жатпайбы. Көрсө жанагы жерде утуп жаткандар өздөрүнүн адамдары экен.Ошондон кийин андай оюнду көргөндө эки метр алыстан өтчүмүн.

- Достукка бекемсизби?
Асел Чоткараева:
- "Жүз сомуң болгончо, жүз досуң болгон жакшы", деген сөз бар эмеспи. Анын сыңарындай, өйдө чыкса өбөк, ылдый түшсө жөлөк боло турган досторуң болсо, бул эң жакшы нерсе. Негизи мен достукка аябай бекеммин. Албетте, алар достуктун баркына жете билсе мен да бул мамиленин кадырын аягына чейин сезе билем. Бирок кыздардын достугуна ишенбейм. Кыздарга караганда балдардан дос күтүү ишеничтүү. Достор бири-бирин кайда болбосун барктап, жашаганга не жетсин.

- Эркектердин сүйүүсү "тоок сүйүү" деген чынбы?
Нурдөөлөт Копоев,актёр:
- Мен бул сөзгө таптакыр кошулбайм, бир гана эркектер эле эмес кыздардын арасында да "тоок сүйүү" менен ооруп жүргөндөр толтура. Беш кол тең эмес да.
"Бир карын майды бир кумалак чиритет" деп илгертеден бери кыргыздарда айтылгандай биз жалпы коллектив же достор болуп канчалык жакшы иш жасоого белсенбейли, арабыздагы бир эле адамдын жаман иши башкалардын жакшылыктарын жууп кетет. Ошондуктан бул сөз баардык эркектерге тиешелүү эмес деп айтаар элем.

- Түз эфирде ыңгайсыз абалдан кантип чыгасыз?
Канат Кадыржан, "Миң кыял FM" радиосунун ди-джейи:
- Биздин радионун ачылышына бир жарым жылдын жүзү болду. Жаңы төрөлгөн баланы бапестеп ардактагандай эле биздин сүйүктүү угармандарыбыз дагы бизди эч качан ыңгайсыз абалда калтырбайт. Ар дайым жакшы каалоо тилектерин гана арнап турушат. Кээде ушунчалык эле сүйүп калып,өздөрү да байкабай сүйүүсүн түз эфирде арнап алган учурлар болуп калат. Андай жагдайдан бал тамган тилибиз, ташкындаган сөз байлыгыбыз менен таттуу сөздөрду арнап узатып коёбуз. Мисалы, "мен сени сүйүп калдым" десе, "мен да сизди сүйөм,биз жалпы угармандарыбызды сүйөбүз" деп радионун да талабын аткарып,угармандардын дагы көңүлүн калтырбаганга аракеттенебиз.

Собол салган
Нурзат Жусупова




Айчүрөк Иманалиева:
"Өзүмдү 15 жашар кыздай сезем"
- Алган ордениңиз кут болсун! "Обондун" окурмандары да кубанычыңызга ортоктош.
- Рахмат! Кудайым буйруп, Россия Федерациясынын "Улуу Екатерина" сыйлыгынын 2-даражадагы орденин алышым- менин эле эмес, жалпы кыргыз элимдин да сыйлыгы деп эсептейм. Анткени, Москвадан кыргыз кызына деп жөнөтүлүп атат да. Элиме, күйөрмандарыма рахмат, ыраазымын жана менин 20 жылдык эмгегимди баалагандарга да чоң рахмат.
- Алган сыйлык-наамдарыңыз ошол талыкпаган эмгегиңиздин үзүрү да. Дос тааныштарыңыздар куттуктап келип, жууп-майлап атсаңыздар керек?
- Албетте, дос-курбуларым, туугандарым, кошуналарым куттуктап келишип, жууп да, майлап да бүтпөй атабыз. Биздин үйбүлөнүн ушундай кубанычын бөлүшүп аткандарга ыраазымын.
- Үйгө киши-кара келип, конок тосуп калган учурларыңызда өзүңүз ырдап бересизби?
- Ырчы болгондон кийин ырдайм да. Негизи менин дос-тааныштарым интеллекти жогору, бийик адамдар. Алар менен ар убак сыймыктанам. Келишип-кетишип, түшүнүшүп, сыйлашып турганга не жетсин! Анан биз көбүнчө учурда эч кандай музыкасыз эле сүйлөшүп, баарлашып, тынч эс алып олтурганды жактырабыз.
Анткени иштеп жүрүп музыкадан да чарчап калат эмессиңби.
- Уулуңуз Арген да эр жетип, сизди аз жылдар аралыгында келиндүү кылам деп турса керек? Өзүңүздү кайнене болууга даярдап атасызбы?
- (Күлүп) Кудайым ошол кайнене кылган күнгө жеткирсин. Бирок, өзүмдү даярдай деле элекмин. Өзүмдү дагы эле 15 жашар кыздай сезем. ("Тамаша" деп күлдү)
- Ойлонуп көрсөңүз, негизи кандай кайнене болот элеңиз?
- "Современный" кайнене болмокмун деп ойлойм. Жаштардын майда-чүйдө иштерине кийлигишпеген, жакшы кайнене болом, буюрса.
- Арген үйлөнсө бөлөсүзбү же "келиндин колунан чай ичейин" деп чогуу жашайсыздарбы?
- Жок, бөлмөкмүн. Анткени эки жаштын өз алдынча эле жашагандары туура дейм.
- Аэлитанын кылык-жоруктары чыгып, күлдүрүп атса керек?
- Ооба, өнөр-кыялдарын көргөзүп, үйүбүздү шаңга бөлөп атат. Менин көйнөктөрүмдү ары-бери сүйрөп, кыйкырып ырдайт.
- Кимдин ырларын?
- Менин репертуарымдагы ырлардын баарын жатка билет. Ошолорду ырдайт. Бизди кубандырып, чарчаганыбызды жазып жүрөт, үйүбүздө.
- Эми сизден жакын арада жаңы клип, шоу -концерт күтсөк болобу?
- Сөзсүз! Жаңы клипти буюрса сентябрь айында көрө аласыздар. Менин басып өткөн өмүр-жолум, ырдаган ырларым, досторум… баары ичине камтылган китебим буюрса жазылып атат. Жарыкка чыкса ошондо жаңы концерт берсекпи деп турам.
- Анда аз убактыңызды бөлүп, берген маегиңизге чоң рахмат. Дагы, дагы сыйлык, наамдардын ээси болуп, элди кубантып жүрө бериңиз.

Маектешкен
Махабат Молдобек кызы