Сенин гезитиң!
№27, 05.08.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Обондун сын сандыгы

Министрдин мүнөзү
Кадырман окурман!
"Обон" гезити сиздерге азыркы бийлик бутактарында иштеп турушкан министрлерден баштап, чиновниктерге, депутаттарга чейин мүнөзүнүн жекече өзгөчөлүктөрүн талдаган атайын рубрикабызды ачтык эле.
Өлкөбүзгө белгилүү ишмерлердин бейнелерин Пифагордун эсеби, астронумерологиянын универсалдуу ыкмалары менен ар бирине индивидуалдуу түрдө мамиле жасап, дыкаттап изилдеп көрбөйлүбү дегенбиз. Алар эмне дешет? Пифагор жалаң гана жалпак логика, эсеп менен чектелип калбай, чексиз дүйнөлөргө аралашкан мистикалуу мүнөздөрүн айта кетсек. Дүйнөдө жөндөн-жөн эч нерсе болбойт. Биз кокустук болуп кетти деген бардык нерселерде өзүбүз анча аңдай бербеген негиздер бар. Бүгүнкү биздин каарман экономиканы өнүктүрүү министри Акылбек Жапаров

14.09.1964
1+4+9 = 14
1+9+6+4=20
14+20=34
3+4=7
34-2=32
3+2=5

Туулган датаңызды жазыңыз 14.09.1964 Күн менен айдын цифраларын кошобуз: 1+4+9 = 14. Туулган жылдын цифраларын кошобуз: 1+9+6+4=20.
Алынган суммаларды бири-бирине кошобуз: 14+20=34. 34-биринчи жумушчу саны. Биринчи жумуш санынын цифраларын кошобуз: 3+4=7. 7-экинчи жумуш саны. Биринчи жумуш санынан туулган күндүн биринчи цифрасынын эки эселенгенин кемитебиз: 34-2=32. 32-үчүнчү жумуш санынын цифраларын бири-бирине кошобуз. 3+2=5. 5-төртүнчү жумушчу саны. Андан кийин цифралардын биринчи ирети деп туулган датаңызды жазыңыз 14.09.1964.
Экинчи иретке жумуш сандарын жазыңыз. 34.7.32.5.
Андан кийин таблица сызып 1 ден 9 га чейинки цифраларды топтоп туруп клеткаларга жазабыз.
Төмөндөгү Пифагордун эсебинин жардамы менен жандырмагын карайбыз. Бул үчүн атайын таблица бар. Анын жообу боюнча Акылбек Жапаров:
11-эгоизмге жакын, өзүн өтө жогору сезет, андыктан менин акылдуулугум менен талантымды тегерегимдегилер баалай албай жатат деп кейип-кепчий берет; 2- биоэнергиясы жашоо үчүн жетиштүү, бирок азыркы учурда аз болгондуктан спорт менен машыгуусу керек; 33-так илимдерге жөндөмдүү, ачык мүнөз, кең пейил, кээде ойлонбой деле сүйлөп жиберет, анча тартиптүү эмес; 444-темпераменттүү, энергиясы эки эсе көп, ден соолугу чың киши; 5-интуиция каналы ачык, өзү ката кетирет; 6-жер менен киндиктеш адам, акыл эмгеги менен да иштейт. Турмуш тепкичинен көтөрүлүү үчүн ага өзү сүйбөгөн кара жумушту жасоо өтө зарыл. Ойлоп табуу, фантазия, көркөм табит -анын өнүгүшүнүн негизги кыймылдаткычы; 7-талант деген эмне экендигин түшүнүү үчүн төрөлгөн. Анын турмуштук тажрыйбасы жана кыймыл аракети таланттуу болууга негиз болот. Эң негизгиси жогорку күчтөр тарабынан жөнөтүлгөн талантты кармап калуусу керек; 8-0-жоопкерчиликсиз, бирөөдөн буюм алса бергенге шашпайт; 99-тубаса акылдуу баш берилген.
Пифагордун айтуусу боюнча адам жерге 15 жолу келе алат. (реинкарнация) Биз канчанчы жолу жер үстүнө кайрадан келип жаткандыгыбызды билиш үчүн экинчи иреттеги цифралардын санын кошуп чыгабыз. 3+4+7+3+2+5=24=2+4=6. бул сан Акылбек Үсөнбековичтин алтынчы жолу кайра жаралган жер үстүндөгү жашоосу жөнүндө айтат.
Башкалар менен мамиле түзүүдө дипломатиялык прогматикалык сапатка ээ, турмушта да ушундай мүнөздүү адамдарды издешет. Акчаны сүйүшөт жер үстүндөгү материалдык байлыктын кызыкчылыгын алдыга койгон чыныгы материалист. Жоро жолдоштору бай болбосо, андан жакшы мамиле күтүү пайдасыз. Башкаларды өзүнө тартып туруучу магниттик сапаты бар. Ал реалдуулуктун, логиканын, ачыктыктын белгиси. Такыр кыялкеч эмес. Ишенимдүү, ак жүрөк, бирок анткорлоно билишет. Бардык нерселерде жыйнактуу, акылы иштиктүү, мүнөзү терең. Беттегенин, ойлогонун бербеген көк бет. Эреже катары тынчтыкты, өзүнчөлүктү сүйгөн адамдар, көпчүлүктөн четте турууну жактырышат. Көпчүлүктө өзүн оңтойсуз сезген учурлары көп. Көпкө ишсиз отура алышпайт. Сүйүүсүн билдирүүдө, акчаны чыгымдоодо анча жоомарт эмес, бирок кедей адамдарды сүйбөйт. Таңгаларлык ден соолугу болгон менен нерв оорусуна чалдыгуусу мүмкүн. Дене түзүлүшү боюнча чыдамкай. Адамдардагы чынчылдыкты, тактыкты, үнөмчүлдүктү ойлоп табуучулукту баалашат. Шалаакылык менен уятсыздыкты жек көрөт. Мындай индивидуалисттердин тереңинде максаттын олуттуулугу, тазалыгы жашырылган.
Аны менен болгон сүйүү мамиледе сизди муздатып, көңүлүңүздү оорутушу мүмкүн. Мындай эркек толук ишкердүүлүктөгү материалдуулук деңгээлде. Жаш төгүп түшүндүрүүлөр, кызууланган сезимдер аны толук кайдыгер калтырат. Сүйүүдө санга караганда сапатка умтулушат. Негизги инстинкти - тазалык. Анча байкалбаган менен азгырылмалуу. Ал жүрөктүн тынчтыгын жеңил жосундары менен бузушу ыктымал, бирок анын сынчыл, талдоого көнгөн акылы көңүл жакындыгына көп жол бербейт. Өз сүйүүсүн көңүл коюп тандоодон убакыт аябайт. Жумушуна, ден соолугуна тиешелүү талаптарды аялды тандоодо да кылат. Аны акмак эсептеп алдоого же иллюзияга түртпөгүлө. Өз ара мамиледе чынчыл, таза болууга умтулушат. Анын сезимине жетүү абдан кыйын. Ийгилик чыдамкайлык менен күтө билген кишиге келет. Кызыгы, ал өзүнүн чыныгы сезимин жашырат. Ошондон улам ага чыныгы актердук талант пайда болуп, сиз ага эч ким эместей анткорлонот. Анын сүйүүсү башкалардай болуп дүрт этип күйүп кетпей, катуу толкундабай бир калыптагы жалын менен көпкө күйөт. Бул сүйүү сизге узак жылдар бою жылуулукту, ишенимдүүлүктү берип турат. Аял үчүн маанилүү болгон майда-чүйдөлөргө абдан көңүл бурат. Жеке менчикчил өз натурасы менен абдан ишенимдүү, үйбүлөчүлдүктүн бекемдигин сыйлайт. Эгер бүлөнүн ишенимине шек келсе, анда чечкиндүү түрдө кол үзүүдө эч ким тактоого албайт. Өзүн башкарууусу анын негизги мүнөздөрүнүн бири. Бир нерсеге бүтүм чыгарып чечсе, демек ал биротоло. Эт менен челдин ортосунда көпкө чайналбай, өз алдынча кадамдарга бара алганы үчүн тегерегиндегилер анын кабак-кашы менен эсептешип турушат. Ал өзүнө көңүлдөш эмес жар издейт. Айрым учурларда көңүл чөгөт болгону менен эч качан өз демилгеси менен мамилелерди териштирбейт. Мындай учурларда аны жайына коюу баарынан туура. Мейли ал кээде толкундап алсын, бул ага пайдалуу. Бирок көңүлчөгөттүк анын ден соолугуна зыян келтиргенин байкасаңыз, ага кызыктуу бир нерсени сунуш кылып, алаксытыңыз. Кемчилдиктер анда анча көп деле эмес. Эң башкысы ал эмне иш кылса да сындабагыла. Ал өзүн талдаган сынды угууга таптакыр чыдабайт. Ал сындай баштаганда тамашага айлантканга көнүңүз. Албетте ал ката кетирбеген, кемчилдиксиз периште эмес, бирок көпчүлүк аялдар сизге суктанышат.
Негизги даана байкалып турган сапаттары: иштиктүү ой жүгүртүүсү, чыдамдуулук, байкагычтык, абалды оңдоочулук. Жыл өткөн сайын тажрыйбасына таянып өз үйүн, чарбасын бекемдеп, аны баалоого үйрөтөт. Майдачылыкка, эки жүздүүлүккө, тили ачуулукка жөндөмү жок. Жетиктикке умтулууда өзүнө да, башкаларга да талабы күчтүү. Туталангыч, сөзү ойлогон оюнан ашып кетет. Ошону менен бирге аны менен эсептешип, жакшы айтабы, жаман айтабы укканга туура келет. Токтобогон демилгечи. Ар тараптуу жөндөмү бар, таасирдүү жана маалыматтуу. Булар өмүр бою эч нерсеге муктаж болбойт. Ар кандай иште ийгиликке жетишет. Артистикти, жоокерликти, саясатчылдыкты тандаса дайыма жалтылдашат. Кандай максат аркаласа да ийгиликтин үстүндө. Анын табити бойдоктук турмуш. Жалгыздыкта өзүн жакшы сезет. Ал көп учурда сүйүктүү, бирок өзү аз сүйөт. Тегерегиндегилерден көп артыкчылыктары болгону менен көп учурда түшүнүксүздүк сезимдери коштоп жүрөт. Анын кайгысы канчалык аз болсо, ийгилиги ошончо көп. Мүнөзү татаал, ал канааттанбагандыктан азап чегет. Бирок өмүрүнүн үчүнчү айлампасында бактылуу болот. Каалаганы бүт келет.




Акылбек Жапаровдун ишмердүүлүгүн жана инсандыгын кандай баалайсыз?
Анвар Артыков, коомдук ишмер:
- Акылбек Жапаровду бир топ убакыттан бери билем. Бул киши жөнүндө айта турган болсом экономика жагынан бышкан, билимдүү жигит. Накта экономикалык кесипчилик жөндөмдүүлүгүн жогору баалайм. Биздин Өкмөттөгү эң бир тың жигиттердин бири. Өлкөбүздүн экономикалык кызыкчылыктарынан улам ХИПК маселеси көтөрүлгөндө, аны колдогон. Бирок, биз ушул маселеде кайчы пикирлерде болгонбуз. Балким, өзүнүн ээлеген кызмат ордуна жараша да ушундай позицияда болгондур. Аны да түшүнсө болот. Бирок, биз ХИПКке каршы туруп, өз ойлорубузду ачык билдиргенбиз.

Улан Дүйшөналы- Марипат, жазуучу-фантаст:
Акылбек Жапаровдун ишмердүүлүгүндөгү кесиптик деңгээлин өлкөбүздөгү экономикалык абалдын ар бир адамга тийгизип жаткан таасири аркылуу айтсак, анда анча кубанарлык нерселерди айталбайбыз. Башкача айтканда оң баа берүү мүмкүн эмес. Экономикабыздын өнүкпөй жаткандагынын себеби, бизде эки идеянын күрөшү жүрүп жатат. Ачкөз, жапайы рыноктук жеке кызыкчылыктар менен адамдардын ыңгайлуулуктарын жогорку деңгээлге көтөрүү идеясы. Канткен күндө дагы рыноктук мыйзамдардан бийик, ыйык нерселер көп. Адамгерчилик, адамга жакшылык кылуу деген гуманисттик идеялар бар. Мисалы эсептешпей мамиле кылуу. Ошолордун баарын топтоп туруп, ачкөз рыноктук муздак, ташбоор нерселерге сокку жасаш керек. Айтайын дегеним рыноктук кызыкчылыктар менен гуманизм жана альтуризмдердин принциптерин, элдер үчүн ыңгайлуу, пайдалуу боло турганын көтөрүп чыгып, ачкөздүккө багытталган рыноктун терс жолдоруна бөгөт коюшубуз зарыл. Экономикабызды өнүктүрүүнүн жолдору боюнча өзүмдүн бир топ пикримди айтып, жазып жүрөм. Менин "Социалдык-гуманизм"-деген концепциям бар. Ушундай экономикалык идеяларга мамлекет көңүл коюп колдонуулары керек…

Бакыт Калпетов, социалисттик "Ата-Мекен" партиясынын "Чоң муштум" мүчөсү:
- "Жигитти сынагың келсе камчы берип бийликке кой" деген кыргызда жакшы сөз бар. Акылбек Жапаров депутат кезинде жакшы сөздөрдү көп айтчу. Айткан сөздөрүн эсиңиздерге салсам "Урматтуу Аскар Акаевич, мага 40 күнгө финансы министрлигин берсеңиз, мен мамлекетке акча түшүрүүнүн жолдорун таап берем" деген эле. Тилегени келип кийин ал финансы министри да болду. Эми экономиканы өнүктүрүү боюнча министр болуп жүрөт. Андан бери канчалаган суулар акты. Кана баягы ширин сөздөр, убадалар. Баары колунда турса да эч нерсе жасай албады. Финансы, салык саясаты боюнча айткан мурдагы пикирлерин мен деле жактырып укчумун. Бирок, сөзү менен иши бир кетпегенден кийин, бул инсандан да көңүл калды, ишеним кетти.
Депутат кезинде ХИПКсиз эле мамлекетти жакырчылыктын сазынан чыгарып кетсе болот деп жүрүп эле, өзү бийликке келгенде ХИПКти жактап сүйлөгөнү терс пикирлерди пайда кылды. Кыскача айтканда өз сөзүнүн өтөөсүнө чыгалбай, сөзү өлдү…

Даярдаган
А. Адишов