Сенин гезитиң!
№27, 05.08.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Сынак

Гүлзинат Суранчиева - Жаш аткаруучулардын
"Пять звезд-2008"
эл аралык музыкалык конкурсунун катышуучусу
o1985-жыл. Бишкек шаарындагы Мукаш Абдраев атындагы республикалык атайын адистештирилген музыкалык мектебинин фортепьяно классынын окуучусу.

o1988-жыл. Пианино боюнча республикалык балдар конкурсунун 1-орунунун жеңүүчүсү катары Бүткүл Союздук Ленин стипендиясынын ээси.

o1996-жылы КРнын Улуттук Консерваториясынын фортепьяно классына кирүүгө сынаксыз кабыл алынган.

oУшул эле жылы Классикалык соната боюнча сынакта биринчи орунду ээлеп, "Мээрим" фондусунун 3 жылдык стипендиясына татыган.

o1998-жылы "Сорос-Кыргызстан" фонду уюштурган пианино боюнча эл аралык сынактын башкы сыйлыгынын ээси.

o1998-жылы президенттик "Прелюдия" стипендиясынын ээси.

o1999-жылы президенттик "Алтын шаты" стипендиясынын ээси.

o2000-жылы Казакстандын Шымкент шаарында өткөн пианино боюнча эл аралык сынактын 2-орунуна ээ болгон.

o2008-жылы Казакстандын Астана шаарында өткөн "Астана жылдыздары" эл аралык фестивалында "Эң мыкты ыр" номинациясында биринчи орундун ээси.

o2001-жылдан тарта "Шантелл" тобунун солисткасы.

- Гүлзинат, саналуу күндөн соң, Сочиде өтүүчү Эл аралык сынакта мекениңдин намысын коргогонго жөнөгөнү турасың. Кандай сезимдер болууда?
- Албетте, эң алгач абдан зор кубаныч жана сыймыкты сезип жатам. Деги эле, музыка чөйрөсүнө бала кезимден бери аралашып, бир катар Эл аралык денгээлдеги сынактарда лауреат болууга жетишсем да, бул сынак мен үчүн чыгармачылыгымдагы дагы бир өтө маанилүү ашуу сыяктуу сезилип жатат. Жаш аткаруучулардын "Пять звезд-2008" Эл аралык музыкалык сынагынын Кыргызстанда өткөн тандоо туруна катышкан 23 аткаруучунун арасынан биздин күнөстүү, ажайып өлкөбүздүн намысын коргоо бакыты мага туш болгону мен үчүн өтө чоң сыймык. Ошол эле учурда 5 миллиондон ашуун калкы, 22 кылымдан ашык тарыхы бар өлкөмдүн атынан Эл аралык сынакка катышуу мен үчүн чоң жоопкерчиликти талап кылаарын да толук сезип турам.
- Алдыдагы конкурска кандай даярдыктар болуп жатат? Репертуарың, сахна кийимиң, Кыргызстан ырчысы катары имиджиң дегендей?
- Даярдыктар 100 пайызга жүрүп жатат деп айтсам болот. Эгерде тактай кетсем, Сочиге бараарым белгилүү болгон күндөн баштап, Кыргыз Республикасынын Маданиятына Эмгек Сиңирген ишмер, Улуттук консерваториянын доценти Рафаэль Сарлыковдон вокал боюнча сабак алып жатам. Андан сырткары, конкурстук репертуарымдын бардык аранжировкасын "Инсан" тобунун мурдагы көркөм жетекчиси Эркин Мээрканов даярдап жатат. Буга чейин, 1-сынак күнү аткарыла турган дүйнөлүк хит жана 2-күнү аткарыла турган ретро-хит даярдалып бүтүп, Москвадагы уюштуруу комитетине жиберилди. Конкурстун 3 күндүк репертуары даяр болгон соң, аткарылуучу чыгармалардын мүнөзүнө жараша сахна кийимдери, анан менин имиджимдин үстүндө иштей баштайбыз. Себеби, аткарыла турган чыгармаң, кие турган костюмуң жана сырткы келбетиң бири-бирин мүнөзү боюнча 100 пайызга толуктап турушу зарыл.
- Кудай буюрса "Пять звезд-2008" Эл аралык ыр сынагында сенин аткарууңдагы кайсыл чыгармаларды угуп калабыз?
- Конкурстук программа боюнча биринчи күнү дүйнөлүк хит аткарылышы керек. Анда Мадоннанын ыр капчыгынан "La isla bonita" аттуу композициясын аткарам. Ал эми экинчи күнү ретро-хит боюнча өткөн кылымдын 70-жылдары музыка сүйүүчүлөрдүн өзгөчө сүймөнчүлүгүнө ээ болгон чыгарма, Ирина Понаровскаянын репертуарынан, Александр Журбиндин "Мольба" аттуу ырын тандап алдык. 3-күнү Кыргызстанды таанытуу боюнча ыр болот. Азырынча аталышы сыр болуп турсун. Сөзсүз түрдө кыргыз тилиндеги ыр болот. Негизи сынактын шарттарына ылайык, орусча чыгарманы деле аткарсак болмок, бирок Кыргызстанда "Пять звезд-2008" Эл аралык сынагына даярдануу боюнча чыгармачыл топтун чечими менен кыргызча ырдоону туура таптык.
- Тандоо туруна кандай болуп катышып калдың?
- Жаңы эле Астанада болгон фестивалдан кайтып келгем. Анан Улуттук Биринчи каналдан аталган сынакка Улуттук тандоо туру өтүп жаткандыгын угуп калдым. Тандоо турунун экинчи тайпасы ошол мен уккан күндүн эртеси болмок. Өзүмдү дагы бир жолу сынап көрүү максатында келип катыштым. Мени менен катар катышкан эстрада ырчылары баардыгы күчтүү балдар болду. Ар бирибиздин өзгөчө, башкага окшошпогон талантыбыз бар дегендей. Калыстар тобу тарабынан талап өтө катуу болду. Айрыкча профессионалдык деңгээлине зор маани беришти. Негизи эле, Эл аралык сынактарга тандоо болгондо, аткаруучу бир топ критерийлерге жооп бериши керек. Менин оюмча, баардыгыбыздын өзүбүзгө жараша жетишкендиктерибиз, анан кемчиликтерибиз бар болчу. Сынактын шарттарына менин жөндөмдөрүм көбүрөөк жооп берди окшойт. Өтүп кеттим.
- Деги эле быйылкы жыл сен үчүн ийгиликтүү жыл болду окшойт?
- Туура айтасың, учурда мен Шубин атындагы борбордук музыкалык мектепте мугалим болуп иштейм. Быйыл мен тарбиялап жүргөн эки бүтүрүүчүм бар эле. Алар дагы мамлекеттик сынактарын жалаң мыкты деген баага тапшырып, жаш мугалим болсом да, кесиптештеримдин арасында жогору баага татыдым. Ырчы катары да жыл абдан жемиштүү болууда. Казакстандын борборунун 10 жылдыгына карата "Азия даусы" уюштурган "Астана жылдыздары" Эл аралык музыкалык фестивалында "Эң мыкты ыр" номинациясында биринчиликти алып келдим. Эми бул сынакта да Кыргызстандын атынан катышуу бактысына ээ болдум.
- "Баатырдын атын алыстан ук, жанына келсең бир киши" деген сөз бар, өзүң жөнүндө да кеп салсаң. Кандай үйбүлөдө чоңойгонсуң? Ата-эне, бир тууган, үй-бүлөң, балалык кезиң?
- Атам Суранчиев Кадырбек укук коргоо кызматында эмгектенген. Тилекке каршы, ал биз бала кезде эле көзү өтүп кеткен. Ал эми апам Зайрагүл Кожокеева бухгалтердик кесипти аркалап келет. Үй бүлөдө төрт бир тууганбыз. Эжем, улуу агам, анан менден кийин бир сиңдим бар. Профессионал музыкант болуп калганыма апамдын салымы зор. 1985-жылы апам колумдан жетелеп, Бишкек шаарындагы Мукаш Абдраев атындагы атайын адистештирилген музыкалык мектепке алып келип тапшырткан. Ошол бал тилдүү балалык күндөрүмдөн баштап, келечекке болгон зор ишеним жана алдыга болгон талпынуу менен музыка чөйрөсүндө эмгектенип келе жатам.
- Бала кезиңден эле чыгармачыл чөйрөгө аралашсаң, жеке турмушуң кандай болуп түзүлдү?
- Өзүмдү аялзаты катары абдан бактылуу сезем. Себеби, мени сүйүп, урматтап, түшүнүп, сыйлап турган жолдошум Ралис, жашоонун эң бир ширин даамын сездирген жандай кызым Рузанна бар. Жолдошум экөөбүз бир очоктон түтүн булатканыбызга 5 жылдын жүзү болду. Ралистин мен сыйлаган эң бир татыктуу мүнөзү бул түшүнүктүүлүгү, жолдош катары, ата катары өзүнүн милдетин эң сонун аткарганы. Анан эң маанилүүсү, менин чыгармачылыгымды, жан дүйнөмдү толугу менен кабыл алып, колдоо көрсөтүп келе жаткандыгы. Түшүнүп гана тим болбостон, жубайынын профессионал музыкант экендигине сыймыктанып, бир катар чыгармаларыма, клиптериме демөөрчүлүк колдоо көрсөтүп келет. Кызым Рузанна быйыл бешке чыгат. Учурда англис тили боюнча алгачкы билим берүүчү бакчага барат. Ошондой эле бийден сабак алып жүрөт. Кудай буюрса, келечекте кызыма сөзсүз музыкалык билим берсем деген тилегим бар. Ал эми кийин бой жетип чоңойгондо кесибин өзү тандап алат.
-Гүлзинат Суранчиеваны биз "Шантелл" тобунун солисткасы катары көптөн бери билебиз. 2004-жылдары бул долбоор өз ишмердүүлүгүн убактылуу токтотту эле. Ал эми учурда топ кандай мүнөздө иштеп жатат?
- "Шантелл" тобун алгач 2001-жылы Эмил Жакыпбеков, Азамат Такырбашев, Улан Асанбеков жана мен болуп түзгөнбүз. Балдардын ортосунда жалгыз кыз болуп, мен үчөөнүн такыр эле оңой эмес мүнөздөрүн тең баланста сактоого, бири-бири менен тил табышып иштегенге көп жардам берчү экенмин. Башкача айтканда, үчөө тең абдан таланттуу, ар бири өзүнүн деңгээлине ишенген балдар. Анан чыгармачыл процессте ар кандай учурлар болот, айрым кездерде пикир келишпестиктер жаралат. Ушундай кездерде алардын ортосундагы жалынды туура нукка буруп кетүү менин колумда болчу. 2003-жылы мен декретке чыгып кеттим. Анан ошол учурда "Шантеллдин" ишмердүүлүгүн убактылуу токтотуу чечими кабыл алынган. 2006-жылы Эмил Жакыпбеков экөөбүз кайрадан топтун ишин жандандырып иштеп баштадык. Эгерде алгач ачылган кезде төртөөбүз тең жаш, колу-жолубуз бош болсо, ал эми 2006-жылы баардыгыбыз үй бүлөлүү, башка туруктуу кесиптин ээси болуп калганбыз. Ушундай мезгил агымынын талабына ылайык, Улан менен Азамат кайрадан топко кайтып келе алышкан жок. Учурда Эмил экөөбүз чогуу иштеп жүрөбүз. Эки жылдын ичинде чыгармачыл капчыгыбызды бир катар жаңы чыгармалар менен толуктаганга жетиштик. Патриоттук маанайда жазылган "Сүйгөн жерим" деген ырыбызга клип тарттырдык. Учурда "Сени карап" деген чыгарамабыздын да видео версиясын жараталы деп турабыз. Кудай буюрса, мен Сочиден кайтып келгенден кийин ишке ашырылат.
- Адам баласы дайыма жакшылыкка ишенип, ийгиликтен үмүттөнүп, алдыга умтулат эмеспи. "Пять звезд-2008де" кандай жетишкендиктерге ээ болом деп күтүп жатасың?
- Кандай гана иште болбосун эң алгач адамдын жүрөгү таза болуш керек. Эгерде жан дүйнөң таза болуп турса, Кудай да сенден ырыскысын аябайт эмеспи. Ийгиликке жетишүү үчүн болгон күчүм менен 100 пайызга даярданып жатам. Негизи эле буга чейин мен катышып келген эл аралык иш-чаралардан күбө болуп жүргөнүмө ылайык, биз кыргызстандыктар музыкалык деңгээл жактан КМШ мамлекеттеринин биринен да артта калбайбыз. Абдан бай потенциалыбыз бар деп айтсам жаңылышпайм. Кудай буйруп, конкурстун калыстар тобу, чынында да калыс баалашса, жакшы эле жетишкендиктерге ээ болом деген оюм бар. Анын үстүнө конкурска даярдыктар ойдогудай жүрүп жатат. Эгерде, буга чейин эл аралык конкурстарга катышуу үчүн болгон даярдык иштерин аткаруучу өзү жүргүзүш керек болгон болсо, "Пять звезд-2008дин" толук даярдык иштерин Улуттук Биринчи Канал жүргүзүүдө. Башкача айтканда, менин конкурстук репертуарымды иштеп чыгууга кетүүчү каражаттан баштап, кандай костюм кийип чыгаарым, калкка маалымат жеткирүү, ал жакка баруу боюнча маселелер деген сыяктуу суроолордун баардыгын Кыргызстандагы уюштуруу комитети чечип жатат. Мен чыгармачылык менен гана алекмин. Учурдан пайдаланып, УТРКнын Башкы директору, "Пять звезд-2008" эл аралык конкурсунун Кыргызстандагы Улуттук Тандоо Комиссиясынын төрагасы Мелис Эшимкановго, аталган долбоордун биздин республикадагы координатору Айнура Токтошевага көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылыгымды билдирем.

Кошумча маалымат: "Пять звезд-2008дин" Кыргызстандагы координатору Айнура Токтошеванын билдирүүсүнө караганда быйыл конкурстун калыстар тобунун курамына биздин республиканын өкүлү да кирет. Бул максатта Сочи шаарына Кыргыз Республикасынын Эмгек Сиңирген Артисти Актан Исабаев бара турган болду. Эсиңиздерге салалы, жаш аткаруучулардын "Пять звезд-2008" Эл аралык музыкалык сынагы 28-31-август күндөрү Россиянын Сочи шаарында өтөт.