Сенин гезитиң!
№26, 29.07.08-ж. Кыргыз гезиттер
 "Обон"-почта

ОП-26-01. "Кыргызстан обондорунун" мукам үндүү, бал тилдүү ди-джейи Нурзада Жолдошевага чоң салам. Сый-урматым менен Жылдыз

ОП-26-02. Салман Кхан жөнүндө жазгылачы? 0772213706

ОП-26-03. "Обон" сен суперсиң, сен менин ар жумада келчү коногумсуң. 07773940хх

ОП-26-04. Ноокатта жашаган байкем Кутманды жеңем Тазагүл менен бактылуу өмүр сүрүшүн каалайм жана ишине ийгилик. Бишкектен Акмарал

ОП-26-05. Айка жигиттериңе айт 1053кө дозвон кылбасын, уялсаң боло арыздангандан. Кайнимди тынч кой. Жеңеси

ОП-26-06. ОП-22-13 А... 07775018 номерлуу кыз Жумандын боору таш эмес, просто сен анын сүйүүсүнө арзыган эместирсиң. Жуман анын агасы Руслан да менин билишимче эң жакшы балдар жана бир туугандар. Русланга салам, окусаң "Обонго" e-mail инди таштап койчу сени тааныган жана сен тааныган бир кыз

ОП-26-07. Салам Чымкент! Зейнеп, Самара, Күмүшай, Флюра, Нуржан ж.б. бардык досторума иштерине ийгилик, бакыт, узун өмүр каалайм. Бишкектен Таттыгүл

ОП-26-08. Седеп менин сага болгон сүйүүм чексиз. Мен сени эч кимге бербейм. Сүйгөнүң

ОП-26-09. Алматыда иштеген абжем Жанарага, жеңем Майрашка чоң салам. +770218160хх

ОП-26-10. Менин сүйүктүү кумирим Нурзада Жолдошевага: Сизге кааларым узун өмүр, чыгармачылык ийгилик, дайыма жаркырап жайнап жүрө бериңиз! Сиз асмандагы жанып турган жылдызсыз. Сизге эч ким жетпейт! Сиздей ди-джей болуш кыйын. Сизди урматтап, сыйлаган күйөрманыңыз Разия 07730702хх

ОП-26-11. Салам Адеми, сен кыздардын баркынын кеткенин кайдан көрдүң? Алар Ильяздын чыныгы күйөрмандары, бул жерде алар Ильяздын кызы жөнүндө айтышкан жок, жөн гана жүрөктөн чыккан каалоолорун, сын- пикирлерин айтышты. "Ал силерди окубайт" деп кыздардын маанайын түшүрбө. Азаматсыңар Ильяздын күйөрмандары. Силерге ийгилик каалайм. Зыягүл

ОП-26-12. Ассалоому алейкум ва рахматуллохи ва баракату. Бардык мусулмандарга тынчтык тилейм. Чаткал районунун Шекафтар айылына салам. Бекназар

ОП-26-13. Мен да ошол 17-июль кайтып келишин каалап жатам. Бирок, эмне кылайын ал күн кайтып келбейт да. Айкан

ОП-26-14. Жака, Мемо, Кадыровдор менен сүйлөшүп жатасыңарбы же …07722737хх

ОП-26-15. Салам "Обон"! Түштүк кызы карындашым садага, сыздап ырдап жүргөндүгү кечинде./ Сүрөтүңдү карап олтуруп, "Арман ай" деп күйгөндүгү эсимде. Учур келди айта турган сендеги, уккулуктуу кооз мукам үнүңдү. Унут кылбай ата жолун улаган, улуу журтка арнай бердиң сүйүүңдү. Кубаныч чыгармачылык ийгилик каалап терең урматым менен Диас

ОП-26-16. Аида 07738861хх абоненти сен Бактыгүл Бадыевага асылбагын. Оозуңа карап сүйлөгүн. Бактыгүлдү эмне эле көрө албайсыңар? Жика

ОП-26-17. Оштук балдар менен таанышам. Жашым 16да. 0773043846

ОП-26-18. Сулуу жана ыймандуу кыздар менен таанышам. 0777662926

ОП-26-19. Омарга: Айталбай сырларымдын жайын сага, Омар жагып калдың абдан мага. Ар дайым көргөн сайын кубанамын, Айдай болгон жүзүңө мен суктана, Сизге ийгилик! Биз сиз менен биргебиз. Айчолпон

ОП-26-20. Салам Омар, кандайсыз? Сиз менен сыймыктанабыз. Алабукага качан концерт коюп келесиз? Терең урматтоо менен күйөрманыңыз

ОП-26-21. Жаным, сенин жүрөгүң таш экен, сезбептирмин сезимим сага кор болгонун. Бирок сүйөм, акылым башканы ойлосо да. Мен эмес жүрөгүм сүйөт сени, айтчы жаным, бир көз ирмем бакыт үчүн түбөлүк азап тартамбы? Сенсиз деле жашоо улана берет, күн өтө берет, бирок билесиңби, сенсиз өткөн жашоо мен үчүн Кудайымдын мага берген тозогу. Нурзат

ОП-26-22. Нурзада, жаркылдаган жагымдуу үнүңүз "Обонушкадан" эч качан өчпөсүн, сиздей ди-джей менен жолугуп баарлашуу мен үчүн чоң сыймык. Жылдыз 07736518хх

ОП-26-23. "Кыргызстан обондору" радиосунун булбул үндүү ди-джейи Нурзада Жолдошевага чоң салам. Силерди сыйлап, урматтап "Обонушканын" туруктуу угарманы Жылдыз

ОП-26-24. Эки шакек аларсыз, бирин колго саларсыз. Смсти окуганда жаңы күйөрманыңызды эсиңизге саларсыз. Нурзада эже бактылуу болуңуз. Айдай 0777308хх

ОП-26-25. Алматыдагы "Олжа" базарында иштеген Диляга салам жолдойм. +770148854хх

ОП-26-26. Ассалому алейкум, Нураим. Урмат Усеновду чын эле сүйүп калсаң кайра күйөрмандары арбын болсун десең болмок. Меники дегенге да ашыкпа, Жараткандын бешенеге жазганын биз эч качан өзгөртө албайбыз. Эң негизгиси баарыбызга Жараткан бакыт берсин. Катуу тийсе кечирим сурайм. Гүлшан

ОП-26-27. Кызбурак, эртерээк бутуң жакшы болуп кетсин. Абдан жакшы кыз экенсиң. Ооруканадан чыккандан кийин дагы жолугабыз. Түбөлүк сүйүү, түгөнбөгөн бакыт каалайм. 07724195хх

ОП-26-28. Менин саламым Гүлнур Сатылганова, Неля, Урмат Усеновго. Эки жашоодо тең Алланын сүйүктүү пендеси болуңуздар. Теңирим тартуулаган талантыңыдарды түбөлүккө өстүрүп, өркүндөтүп сактаңыздар. Ийгилик изинде жүрүңүздөр. Сиздер дагы кумир менен баарлашууга келсеңиздер абдан кубанат элем. 07724195хх

ОП-26-29. Караколдуктарга ысык салам! Алина, Асема

ОП-26-30. "Обондун" жалпы жамаатына ийгилик каалоо менен бирге "Обондун" окурмандары Кунчуайпери, Жака-Жазгүл, Жеңиш кроша, Лазат, Майрам, Айка жана башка окурмандарга салам.07778933хх

ОП-26-31. Жетекчилер ичип- жебей иш кылсаңар болбойбу? Наркы дүйнөдө жооп берээриңерди ойлойсуңарбы? Жетекчилердин оппозиционери.07778302хх

ОП-26-32. Сизге кааларым: Асманда айдын актыгын, /Ден соолуктун сактыгын,/ Жамандыкты билбеген. / Жакшылыкты издеген. /Тилинен бал тамган,/ Көзүнөн нур жанган бактылуу кыздардын катарында болууңузга чын жүрөктөн тилектешмин Нурзада. Сенин күйөрманың Уланчик.

ОП-26-33. Каалоо жаздым сотка кармап колума. Сени менен жолугушууга. Баасы арзан, наркы төмөн болсо да/ Окуп койчу суранаарым/ Бул сөздөр менден сага эстелик. 07776629хх

ОП-26-34. Дооронбеков атындагы орто мектебинин окуучуларына жана ошондой эле менин курбу кыздарым Кунчуайпериге, Аселге, Ырысканга, сагынычтуу салам деп Айгерим. 0777370814 номерине чалгыла.

ОП-26-35. Нурзада Жолдошевадай бал тилдүү ди-джей менен жолугуп баарлашуу мен үчүн чоң сыймык. Сиздин ишиңизди ийгилик, жашооңузду жакшылык коштоп жүрө берсин.

ОП-26-36. "Кыргызстан обондору" радиосунун булбул үндүү ди-джейи Нурзада Жолдошевага чоң салам!!! Сизди үйбүлөбүз менен жакшы көрөбүз. "Обонушканын" угарманы

ОП-26-37. Менин биринчи саламым булбул үндүү, Кыргызстандын мыкты ди-джейи Нурзада Жолдошевага. Сизге дүйнөдөгү бүт жакшылыктарды каалайм. Булбулдай үнүңүз эч качан өчпөсүн. "Кыргызстан обондору" дүйнөдөгү эң мыкты радио. Жакшынакай жүзүңүздөн күлкү кетпесин. Угарманыңыз Жика

ОП-26-38. Бактыгүл качан кетет экен? Аябай коркуттуң го! Кетсең кете бер, сендей сапатсыз ырчылардын кереги жок. 07731840хх

ОП-26-39. Ойлоп көрсөм чындыгында ушул кеп, "Обон" гезит тайманбасын эл билет, Опол тоодой бийиктей бер ар убак, Оо калайык, аздектей бер ай улап. Баарына тең карайсыңар азаматтар! 07778464хх

ОП-26-40. Шымкенттеги "Самал" базарында соода кылган сиңдим Гүлзинага салам. Келечекке койгон максаттарың орундала берсин. Биз сыймыктана турган кыздардан бол. Нази

ОП-26-41. Салам "Обон" гезитинин жалпы жамааты жана Нурзада эжеке. Мен "Кыргызстан обондору" радиосунун угарманы, "Обон" гезитин окурманы жана сиздин күйөрманыңыз катары каалоо-тилек айткым келет. Чыгармачылыгыңызга ийгилик каалоо менен бирге супер ди-джей Нурзада эжеке дээр элем. Нука

ОП-26-42. " Обондун" 25-саны да жакшы чыгыптыр ээ Гүлшан эже? Канжар

ОП-26-43. Уу-аа-уу салам Нурзада эже, угушумча сиз Аксыдан болот экенсиз, мен дагы Аксыдан болом. Демек бирге олтуруп маек кылганга не жетсин. Кандай дейсиз? Алдын ала рахматым менен Канжар

ОП-26-44. Баарыңыздарга ысык салам. Өзгөчө "Обонтайдын" жалпы жамаатына! Кыргыздын кымча бел кыздары, качан ырчы жигиттерге ашыгып, арзууңарды жалынып, жалбарганыңарды токтотосуңар? Алар баары бир жазганыңарды окушпайт! Кыргыз кыздары намысты унутпайлы! 07778446хх

ОП-26-45. Ильяз Андашка супер салам. 30-июль туулган күнүң менен чын жүрөктөн куттуктайм. Бактылуу бол. Күйөрманы

ОП-26-46. Ильяз Абдыразаковго ысык, сагынычтуу саламымды жолдойм. Ильяз, сен бар болсоң, биз да бар болобуз. Ильяз сен суперсиң! Эки дүйнөдө бактылуу бол! Аллахым сага намаз окуганды буйрусун! Сенин алдыңда чын жүрөгүмдөн ийилип таазим этем! Зейне

ОП-26-47. Чынгыз Мырзаевдин фанаткалары Лазат, Нурия эмне үчүн жоголуп кеттиңер? Жеңиш кроша

ОП-26-48. Талантуу бир туугандардан түзүлгөн "60 К" тобуна салам жолдоймун. Талант жана Самат сиздер менен таанышып сүйлөшүп калганыма ушундай кубанычтамын дейсиңер! Жака- Жазгүл

ОП-26-49. Оштогу Чынарага салам айтам. Чипо, рахмат сизге! Сөздөрүңүз жанымды ээритип жиберди! "Обон" гезитин калтырбай окусаңыз баары сонун болот! Эх, ырахмат сизге! Жака-Жазгүл

ОП-26-50. Сүйкүмдүү жүзү менен, жагымдуу сөзү менен элди өзүнө тарткан Нурзада Жолдошевага чыгармачылык ийгилик каалайм. 07777413хх

ОП-26-51. "Атына заты жарашкан" деп ушул адамды айтсак болот. "Урмат" деп аты айтып тургандай, бул адамды чын дилимден урматтайм. Урмат байке, сиздин ырдаган ар бир ырыңыз ушунчалык мазмундуу жана жагымдуу. Мен сизди ырчы жана адам катары жогору баалайм. Сизге айтаарым эч качан адамгерчиликтүүлүгүңүздөн жана жөнөкөйлүк сапатыңыздан арылбаңыз. Сизге ийилип таазим кыламын. Урматым менен Тахмина

ОП-26-52. Ноокаттыктарга салам. Гүлзина

ОП-26-53. Мита, мен сени сүйөм. 11-троллейбусту дайыма карай берем. Мен сенсиз жашай албайм. 07777749хх

ОП-26-54. Дайыма менин жүрөгүмдө бек сакталган сүйгөн адамым Нурланга, эң жакын сүйүктүү дос кызым Жазиге салам. Жазгуля сүйгөн адамың менен бактылуу бол. Достугубуз бекем болсун. Фатима

ОП-26-55. Саламым Мирбек Иманбековго. Ишине ийгилик,чыгармачылык чоң жетишкендик каалайм. Сендей ырчы менен ар дайым сыймыктанам. Астра

ОП-26-56. Кубанычтын ырдаганын ал 11-классты бүтүп жатканда уккам. Үйүндөгүлөр ырдаганына каршы экен деп айтышат. Кээде эстегенде ырдаса болмок деп койчумун. Кийин ырдап чыкканда абдан сүйүндүм. Мен Кубанычтын ырларынын баарын сүйүп угам. Таланты ташкындай берсин. Таластыктардын атынан 07771327хх

ОП-26-57. Султан, сен ырчылардын султанысың. Мен сени сүйөм. Аксыдан Кундуз

ОП-26-58. Салам кыргыз шоу-бизнесине болгон күйөрмандар. Неля менен Бактыгүлдү салыштырбай тынч койгулачы? Аларга жаны кейиген Сабира

ОП-26-59. Кыргызымдын чүрөгү Анжелика, булбул үнүң жан дүйнөмдү ээритет. Оштон Баха

ОП-26-60. Астанада иштеген бөлөм Алишерди 24-июль туулган күнү менен куттуктайм. Ар дайым бар бол, бир туугандарың сыймыктанган накта кыргыздын жигити бол. Ден соолук каалайм. Адил

ОП-26-61. Гүланда Айбек чалдын эмнесин сүйдүң? Маус

ОП-26-62. Менин саламым ата-энеме жана бир туугандарыма жолдонот. Улан ака алган машинаңыз акжолтой болсун. Шымкенттен иниңиз Улук

ОП-26-63. Ильяз Абдыразаков Жака-Жазгүлдөй фанаткалары жана Кудай берген таланты бар үчүн, көптөгөн ийгиликтерге жетишип келет. Майрам

ОП-26-64. Сахна ажары Б. Бадыева деп жазган ОП-25 124 төгү адашасыз. Бактыгүл Таттыбүбүгө окшобойт. Таттыбүбү эжебиз ага окшоп, сахнага жарым жылаңач кийинип чыккан эмес. 07729101хх

ОП-26-65. Менин саламым кыргызымдын супер ырчылары Динара Акулова, Айгерим Расул кызы, Роза Шакирова, Бегимай Карабаева, Неля, Сайкал Садыбакасова, Чынгыз Мырзаев, Сыймык Бейшекеев, Урмат Усенов, Семага, силер мыктысыңар. 07731661хх

ОП-26-66. Жака- Жазгүл мен силерге кошулам. Ильяздын күйөрмандары келгиле баарыбыз бир жерден жолугабыз. Кандай дейсиңер? Айсулуу

ОП-26-67. Нурзада эже ар дайым бар болуңуз. Ата-энеңиздин маңдайында аман жүрүңүз. 07722967хх

ОП-26-68. Алтынбек Борошев, сизге ден соолук, чыгармачылык ийгилик каалайм. Элиза

ОП-26-69. Кызыл-Кыялык Татыш, мени алдайм деп ойлобо. +770253401

ОП-26-70. Ынак Осмоналиевге салам жолдоп, чыгармачылык ийгилик каалайм. Перизат

ОП-26-71. Ош шаарындагы "Южный" кичирайонунда жашап жаткан апама жана сиңдилерим Санам, Алмаш, Элиза иним Тимурдун 31-июль туулган күнү менен куттуктайм. Чымкенттен эжең Наргиза

ОП-26-71. "Бекжан" базарынын 2-кабатындагыларына чоң салам. Айка

ОП-26-72. Чымкенттеги сүйүктүү сиңдилерим Гүлназ жана Аселге салам. Жашоодогу бардык жакшылыктар силерди ыроолоп жүрсүн. Ар дайым сүйкүмдүү, кыргыздын кадырлуу кыздары болгула. Биз силер менен сыймыктаналы. Мека

ОП-26-73. Менин сүйүктүү кошуналарым Калыс, Зыядат, Айсалкын эжелерге, шок эрке кызыбыз Нуриге жолдонот. Ыйманга бай болгула. Жакшылык силерден кетпесин, жамандык кууп жетпесин. Жараткан силерди колдосун, ишиңерди ар дайым ийгилик коштосун. Чымкенттен Мээрим

ОП-26-74. Максат, сага арналат. Алтыным, кызганычым пайда болду, жүрөк тарып башкаларга ыраа көрбөй, Күйүп-жанып жөн гана жактыруу деп ойлоп жүрүп, азыр чын жүрөгүмдөн сүйүп калдым. Жеңиш кроша

ОП-26-75. Салют, сырдаш сиңдим Гүлшанга. Милашка дайым ден соолукта бол. 05557918хх

ОП-26-76. Сизди күтө берип өмүрүм өтүп кетеби деп корком. Жашоодо бар экениңизди билбей адашып калбадымбы. Капыстан кезигишип, кайчы жолдо күттүрдүңүз. Жүрөгүм толо арман, сагыныч... +77024413598

ОП-26-77. Саламым апама, Ирка эжеме, Манас жездеме жана бир туугандарыма ар дайым бар болгула. Мен силерди жакшы көрөм. Фирдаус

ОП-26-78. Темир Назаров, сен суперсиң. Москвадагы концертиң сонун болуптур. Ийгилик сизге! 05502210хх

ОП-26-79. Айдарчикке кайрылып кетсем, мен дайым эле сени менен биргемин го.Мен сенсиз деле бактылуу өмүр кечирүүдөмүн. Чынын айтсам, сен үчүн жүрөгүмдө бош орун бар, дос катары. 07733186хх

ОП-26-80. Өзгөн районунун Ленин жол айылындагы Дамира эжеме, Замир жездеме салам жолдойм. Чың ден соолук, узун өмүр, ишиңизге ийгилик. Бактылуу болуңуздар. Сиңдиң Нурида

ОП-26-80. Өзгөн районунун Шоробашат айылдагы 1988-жылкыларга салам жолдойм. Окууңарга ийгилик. Сагындым классташтар 87023706736 ушул номерге смс жазгыла. Нурида


ОП-26-81. Мен алтындай болгон апама салам жолдойм. Ден соолугу чың, өмүрү узун, балпайган бактылуу байбиче болсун. Эрке кызы Манера

ОП-26-82. Жан дүйнө жараланып ооруп турганда жүрөктү эргитип, ааламды өз ырлары менен көркүнө чыгарган У.Усеновго ийилип таазим этем. Жүрөк дарыгери сиз гана болууга тийишсиз Урмат байке. Түбөлүк колдоп, урматтап, сыйлап Бегай

ОП-26-83. Алматыда "Барахолкада" иштеген Гүлжигит, Айбек, Кыял чарчабагыла. Ишиңерге ийгилик. Жанка

ОП-26-84. Казакстанда 4 жыл иштеп келген кошуна эже "кыргызча билбей калдым"деп казакча сүйлөйт. Айтсаңар, достор кантип эле 4 жылда эне тилин унутуп калсын? Золушка

ОП-26-85. Айдарчик, сага ысык салам. Ишиңе ийгилик, сүйгөнүңө жет. Эгерде сүйсөң анда жообу жооптуу болот деп ишенем. Урматым менен Айка-Айнура

ОП-26-86. Кыздар айылга эс алганы барганда абайлагыла, ала качпасын. Менин үч курбумду ала качып, курбум жок калдым. Бирок, тойго барам. 07778933хх

ОП-26-87. Салам Кунчуайпери, кайда жүрөсүң? Чалып кой. Айка

ОП-26-88. Суусамырда эс алып жүргөн байкем Алмаз, иним Айжигитке салам. Жакшы эс алып, бизге кымыз ала келгиле. Биз силерди абдан сагындык. 07778933хх

ОП-26-89. Көлдө эс алып жүргөн досторум Диля, Айка, Жанка, Зарина, Аималарга салам. Жакшы эс алып келгиле. Золушка

ОП-26-90. Жаным, ардагым, берметим, секетим, жашоомдун маңызы Ильяз Абдыразаковго салам. Берекем, сени мендей эч ким сүйө албайт. Сен үчүн өмүрүмдү да берүүгө даярмын. Түшүмдө да, өңүмдө да көзүмдүн алдында жалгыз сенин элесиң турат. Сүйөм го сени, сүйөм, сүйөм!!! Жака-Жазгүл

ОП-26-91. Жаным Айзат, мага тийишпечи, эжең болом го. Эжең Н

ОП-26-92. Сүйүктүү курбум "Обондун" такай окурманы Майрам, эч качан капаланба. Бул күндөр да өтөт, кетет. Майрам, биз сени мененбиз. Курбум эч капаланба. Жеңиш кроша

ОП-26-93. Кунчуайперини мактабасаңар деле кандай кыз экени смс жазганынан билинип турат. Жаш болсо да көптү билген акылдуу кыз экен, азамат Кунчуайпери алга, ушунуңдан жазба. Жеңиш кроша

ОП-26-94. Ураа, ураа, ураа кыргыз элим мен Кудай буюрса 2-июлда жеңелүү болом. Куба+Бегимай=сүйүү жана сүйүү!!! Кунчуайпери

ОП-26-95. Т.Назаров, сенин жакында боло турган үйлөнүү тоюң кут болсун. Сенин чыныгы күйөрманың Мека

ОП-26-96. "Обондун" баа жеткис окурмандары Жака-Жазгүл, Жанка, Айка-Айнура, Жеңиш кроша, Уулкыз, Ильяз, Сырдуу кыз, Сырдуу жигит, Гүлшан, Лазат, Тазагүл, Жуля-Жунь, Хан- Шай, Кулпунай, Золушка ж.б. окурмандарга ысык салам. Жаратканымдын жарыгы ар дайым силерге тийип турсун, алтын башыңар аман болсун. Мен силерди жакшы көрөм. Кунчуайпери

ОП-26-97. Нарында жашаган атам Шайбекке, апам Ырыска жана дагы Мусековторго ысык салам. Кеминден Үмүт Шаапы кызы

ОП-26-98. Шолпан, Аймандын оюнчуктарын талашпа, ал сенин эжең го. Силерге кааларым келечекте ата-энеңерди сыйлаган кыздардан болгула. Чымкенттен эжең Нази

ОП-26-99. Оо Жанка, сагындырып кайда барып келдиң? Биз сени аябай сагындык. Кунчуайпери

ОП-26-100. Кунчуайпери, Лазат эмне смс жазбай калдыңар? Майрам

ОП-26-101. Нарзада эже ишиңизге ийгилик, мага жеңе болуңузчу! Анан да сизге жабышкан балдарды өзүм эле жайлап коём го чиркин. Айнура-Айка

ОП-26-102. Айнура, сени менен таанышканыма кубанычтамын. Ишиңе ийгилик. Кунчуайпери мага маяк таштап койчу. Номерим 89250280768 Динар

ОП-26-103. 07722534хх абоненти, Кунчуайпери "Обондун" супер окурманы. Сага смс жазып атабы же сенин бирдигиң кетип жатабы. Динара

ОП-26-104. Ээй кыздар, эмне үчүн ичибиз тар пендебиз. Бирөөнү көрө албастан кызганып, жамандап ушактай беребиз? СМС чилер бири-бирибизге асыла бербей ынтымактуу бололук! Эмне эле ырчылардын артынан бири-бирибизди жаман көрүп жатабыз? 05551297хх

ОП-26-105. Ар дайым армандуу махабаты менен смс жазган Нурзат, сен өзүңдүн эле жүрөгүңдү эмес, биздин да жүрөктү ооруттуң го. Жеңиш кроша

ОП-26-106. Канат Култаев, эмне Темирге бут тоспосоң жашай албайсыңбы? 05502210хх

ОП-26-107. Албетте Жака-Жазгүл сөзүңө кошулам. "Обон" эң мыкты гезит. Чындыгында Самат менен Талант күйөрмандарын сыйлаган жигиттерден экен. Мэмо

ОП-26-108. "Сүйүү" деген балекетке кабылган бактылууларга салам. Барби

ОП-26-109. "Обондун " жалпы жамаатына, ошондой эле Мемого, Жакага, Салияга жана Кадыровдорго салам. Айкан

ОП-26-110. Жака, Кунчуайпери менен тааныштырып койбойсуңбу? Айкан

ОП-26-111. Алматыдагы "Олжа" базарында иштеген Диляга салам. +770148854хх

ОП-26-112. Айжамал эже, сиз аябай жөнөкөй ырчы экенсиз. Сиз менен жолугуп баарлашканыма абдан кубанычтамын. Сиз менен Москавада жолугуп, колуңуздан чай ичем деп ойлобогом. +792502807хх

ОП-26-113. Кунчуайпери азаматсың. Сени менен таанышкым келет. "Обондун" ар бир санын Москвада болсом да алып окуганга аракет кылам. Москвичка

ОП-26-114. Сиздер аркылуу бүткүл кыргыз элиме салам жолдойм. Москвадан Тургунбек

ОП-26-115. Менин саламым сүйгөн жигитим Белекке, мен сени сагындым. Сени сүйөм жаным деп түбөлүктүү түгөйүң Айпери

ОП-26-116. Эй калайык калк, бизде качан калыстык болот? Сулуу болгонго жараша акыл жактан да мыкты болушпайбы? Менин оюмча бардык жагынан Анжелика мыкты экен. Сынчы

ОП-26-117. Эдил Эркинбаевдин август айындагы туулган күнү менен куттуктайм. Ар дайым бизди сүйүндүрүп, обондорун сайратып, бийик ашууларды багындырып, максатына жетип, бактылуу болсун! Ага батасын берип, туулган күнү менен куттуктаган кыргыз эли бар экенин айткым келет! Биз сени жакшы көрөбүз! Шапу

ОП-26-118. Салам "Обонушка"! Мен силердин гезитиңерди биринчи жолу алып жатам.Мындан ары көп-көп сатып алып турам, ишиңиздерге ийгилик. Окурман

ОП-26-119. Менин саламым сүйүктүү ди-джейим Эдил Эркинбаевге жолдонот. Чыгармачылык ийгилик каалайм. Угамын радиодон үнүңүздү, арбап алдыңыз жүрөгүмдү, эмне мынча үнүңүз жагымдуу?Сизди көрүп сыр бөлүшсөм арман жок эле. Сизди урматтап сыйлаган Айдеми-Айка

ОП-26-120. Жыл өтөт айлар агып күндөр өтөт, Мезгил өтүп алга карай сүрүп өтөт. Ушул күндү бактылуу бул мезгилди, Бул саптар эске салып сынап өтөт. Войкоскаяда жашаган досум Азамат ишиңе чоң-чоң ийгилик. Кумара

ОП-26-121. Нелядан башка иштеген ырчы кыз жок. Талыкпай эмгектен. Азиз

ОП-26-122. Диора, Бема, Нурпери барсыңарбы? Жайкы эс алууңар кандай? Жакшы өткөргүлө. Кудай кааласа жакында барам. Силерди сагындым. Алматыдан досуңар А...

ОП-26-123. Алматыда иштеген Ули барсыңбы? Каяктасың? +77026027690 номерине SMS жаз күтөм. Классташың

ОП-26-124. Гүлчө айылындагы апам Катычахан, атам Эрмек, сиңдим Самара, кайниме салам жолдойм. Айпери

ОП-26-125. Менин саламым Токтогул районунун Үчтерек айылында жашап жаткан атам Сарделов Жолдошбекке жолдонот. Сизди катуу таарынтып алганым үчүн кечирим сурайм. Ошондой эле сиңдим Адилетке, иним Нурсултанга чоң салам. Оорубагыла. 07772442хх

ОП-26-126. Ильяз Абдыразаковдун талантын көрө албагандар деги тажасаңар боло. Бут тосуп эле атын өчүрө албайсыңар. Деги эс алып, уктап эле жата бергилечи. Ильяз азамат, бирөөгө жалдырабай, өз жемин өзү таап жүрөт. Жака-Жазгүл

ОП-26-127. "Обондун" жалпы жамаатына зор салам. Алтындай гезитсиңер. "Обонду" окусаңар жашооңор керемет болот. Ильяз Абдыразаковдун ишине ийгилик каалайм. Айдеми-Айка

ОП-26-128. Азыр саны бар, сапаты жок ырлар менен ырчылар чыга баштады. Мен Омар, Мирбек Атабековду сыйлайм. Аларда чыныгы талант бар. Ырысгүл

ОП-26-129. Салам Айдарчик, эгер сен сүйсөң анда сүйүүң жооптуу болот деп ишенем. Ал сенин колуңда. Ийгилик сага, сүйгөнүңө жет, чындап сүйөсүңбү? Жооп жаз. Айдеми-Айка

ОП-26-130. Сүйүктүүм, жүрөгүмдүн ээси Майрамбекке салам жолдойм. Мен сени сүйөм, мендей сени эч ким сүйбөйт, ишенчи жаным. Айдеми-Айка

ОП-26-131. Чынгыз Мырзаев кыргыздан чыккан экинчи атактуу Чынгыз болооруна ишенем жана ошону жараткандан суранам. Ал баарынан мыкты. Лазат

ОП-26-132. Токтогул районунун Үчтерек айылынын быйылкы бүтүрүүчүлөрүнө салам. Бема

ОП-26-133. Султан Садыралиев, Мирбек Иманбеков силер суперсиңер. Күйөрманыңар Гүлмира

ОП-26-134. Нурлан мен сени сүйөм. Сенин Жулеттаң Айка

ОП-26-135. Бакыт Беделов, мен сени менен достошкум келет. Оштон Наргиза. 077851315

ОП-26-136. Докуга салам. Астанадан агаларың

ОП-26-137. "Обон" тоодой бийиктегиле. "Кыргызстан обондорунун" ди-джейи Эдилге салам. Тээ алыста бирөө келет, көзгө сүйкүм карааны. Өзүң го деп карай калсам, Сен эмес экен ал дагы. Диаз

ОП-26-138. Алматыдагы "Болашак" базарынын 9-10-катарындагы бут кийим саткан бардык кыргыздарга салам. Ишиңерге ийгилик. Айгерим

ОП-26-139. Саламым НХЦтин жалпы врачтарына жана медсестраларына жолдонот. Баарынын иштерине ийгилик. 07775465хх

ОП-26-140. "Стар-Денстеги" досум Мээримге салам. Сага ийгилик каалайм. Ырыс

ОП-26-141. Айкеге жалындуу ысык салам жолдойм. Тамагыңар оорубасын, күлкүңөр өчпөсүн. Толтура күйөрмандардын кучагында жүрө бериңиздер. Жака-Жазгүл

ОП-26-142. Алай районунун Гүлчө айылынын тургундары атам Базарбайга, апам Раатканга, сиңдим Алмаш, Жакуга салам жолдойм. Баарыңарга бакубат жашоо, чың ден соолук, узун өмүр каалайм. Бар болгула, бай болгула, аман болгула. Алматыдан Айдана

ОП-26-143. Нурзада колуңдан баары келсе ата-энеңдин эмгегин кантип актаар элең? Жалалабаттан Мека

ОП-26-144. Тык-тык баскан, алга карай шашкан, кулун сындуу, назик үндүү, Айдан ардактуу, күмүштөн салмактуу ырчы кыз Бактыгүл Бадыева ушунуңдан жазба. Тек гана алга! Алматыдан Куба

ОП-26-145. Чет жакта иштеп жүргөн бардык кыргыздарга чоң салам. Han-Shai

ОП-26-146. Алай жергесинде жашаган ата-энеме салам жолдойм. Ата-апа ар дайым биз үчүн бар болгула. Алматыдан Токтогүл

ОП-26-147. Алтындан ардактуу, күмүштөн салмактуу, шылдыр суунун үнүндөй, ыйык аккуунун өзүндөй Нурзада эжеге салам. Каалайм арчадай узун өмүр, булбул куштай тунук үн. Үйбүлөнүн тактысы, сүйгөн жарыңыздын бактысы болуп, келечекте мээримдүү эне, сүйкүмдүү чоң эне болуп, кыргыз элиндеги кадыр-барктуу адамдардан болуп жүрө бериңиз. Чолпонатадан Айзат 7731783хх

ОП-26-148. Менин жүрөгүмдүн ээси Чынгыз Мырзаевге чоң салам. Жанымдын жартысы ар дайым бар болуңуз. Аман болуңуз. Сизди сүйөөрүмдү эч качан унутпаңыз. Жика

ОП-26-149. Жака-Жазгүл, сүйөм сени гана. Алтыным го өзү. Айдарчик

ОП-26-150. Даниэлдин апаппакай садагасы Жанкага чоң салам. Жанка алыска кетип эмне кыласың билбейм, бут алдыңда жериңдин алтын топурагы турганда. Албетте сагындым сени. Эркелегенге киши таппайм. Дайым жаныңда жүрө берсем гана? Улам эле тентип кетесиң да. Досум шыңгыр күлкүңдү дайым чачып жүрчү. Жака-Жазгүл

ОП-26-151. Золушка салам. Биздин компанияга кош келипсиң. Бизге кошулсаң эле баары беш болот. "Обон" менен бирге бол дайым. Жака-Жазгүл

ОП-26-152. Урматтуу ОП-25-36, Анжеликанын күйөрманы Анжелика сулуу бирок, Бактыгүл менен Неля да сулуу. Алардын да өздөрүнүн күйөрмандары бар. Жараткан ар бирибизге өзүнчө сулуулук берген. Анжеликадан башка да сулуулар бар экенин унутпа. Сынчы

ОП-26-153. Сагын, Ислам, Мамыт, Жумадил, Зирек, Бактилек, Эрнист, Аскар, Муку баарыңарга салам. Бекназир

ОП-26-154. Бакыт Беделовго супер салам. Оштон күйөрманы

ОП-26-155. "Бекжан" базарында иштеген Кымбат, жаным сени сүйөм. Сен сулуусуң, сен үчүн мен баарына даярмын. Бирок, мен билбейм сен мени карайсыңбы? +77026072239

ОП-26-156. Достук аке ден соолукта болуңуз. Сизди жакшы көрөм. Карындашыңыз Залина

ОП-26-157. Чымкенттеги "Бекжан" базарында иштеген баардык кыргыздардын ишине ийгик каалайм. +77021640516

ОП-26-158. Менин биринчи саламым сүйүктүү апам Динарага, атам Аликке жолдонот. Аларга чың ден соолук, узун өмүр каалайм. Кызыңар Жаңылай

ОП-26-159. "Тумар" радиосунун ди-джейи Улан Жолчиевти 30-июль туулган күнү менен куттуктайм. Керемет үнүң ар бир инсандын жүрөгүнө кубаныч тартуулап, күйөрмандарыңдын арзуусуна арзып, ар бир баскан изиңди ийгилик коштоп, бул жашоодо бактылуу бол! Ысыкатадан Айзада

ОП-26-160. Ош шаарында жашап жаткан досторум Айжан, Жанараларга салам. Айкөл

ОП-26-161. Темир Назаровго жана "Обон" гезитининин жалпы жамаатына салам. Сиздер суперсиздер. Самара

ОП-26-162. Менин саламым сүйгөнүм Дониге. Жаным сенсиз жашоону элестете албайм. Айка

ОП-26-163. Карындаштарым Чика, Аня, Самара, Алина, Венера, жана дагы Алинага салам. Каникулду жакшы өткөргүлө. Чымкенттен агаңар

ОП-26-164. Чымкенттин "Бекжан" базарында иштешкен Макелең, Наргүл, Кымбат жана Айжамалга салам. Ишиңерге ийгилик. Агаңар

ОП-26-165. Салам "Обон" биз сенин чыгышыңды чыдамсыздык менен күтөбүз. Иштериңиздерге чоң ийгиликтерди каалайм. Алматыдан Алтынай

ОП-26-166. Чымкенттеги "Самал" базарындагы иштеген досторум Айжамал, Жамалай, Жазгүл, Замира, Рахат жүзүңөрдөн жылмаюу кетпесин. Досуңар Сүйүн

ОП-26-167. Өзгөн районуна караштуу Жалпакташ айылынын 1988-жылкы балдарына салам. Алматыдан Жеңишмырза

ОП-26-168. Өзгөндүн чүрөгү, Мырзарыктын мүрөгү Айданек туулган күнүң менен куттуктайбыз. Ата-энени сыйлаган, эненин сүтүн актаган кыздардан бол. Бир туугандарың

ОП-26-169. Чымкентте "Бекжан" базарында иштеп жаткан Замир байкеге салам жолдойм. Капталдагы орунда шым саткан Замир аке, сиздин баскан турганыңыз мага жагат. Сизди көрсөм мен Шварценеггерди көргөндөй болом. Менин жүрөгүмдү кыспай таанышып албайсызбы? Бирок, сиздин бир жериңиз мага жакпайт. Тайтайып басканыңыз. Эки алаңыздын ортосуна жана эки колтугуңузга сыздоок чыгып алганбы, байке айтыңызчы? +770260563хх

ОП-26-170. Менин саламым Алай жергесиндеги Сопу айылындагы 1988-жылкыларга жолдонот. Астанадан Айкол

ОП-26-171. Отузадыр айылында жашап жаткан атам Жалалга, апам Ирсалатка салам жолдойбуз. "Бекжан" базарынан балдары Майрам, Иси, кызы Анара

ОП-26-172. Оштогу Каратай айылында жашаган апам Алмакан, атам Суранбайга сагынычтуу салам. Кумара

ОП-26-173. Менин биринчи саламым "Обон" гезитинин жалпы жамаатына жолдонот. Сиздердин чыгармачылыгыңар өркүндөй берсин. Чымкенттеги "Бекжан" базарында "Обон" гезити биринчи орунда турат. Ушул гезитти бизге Жанка аттуу эже жеткизип турат. "Кудай буюрса ушул гезиттен түшкөн каражатка жакында мерс-600 алам" деп жүрөт.Тилегиңизге жетиңиз Жанка эже. +770260563хх

ОП-26-174. Менин саламым алтындай болгон досторум Шано, Чика, Алисага жолдонот. Москвадан жетип келдиңерби? Качан көрүшөбүз? Досуңар Кадамжайдан Сабира

ОП-26-175. Канттагы "Лаур" кафесинде иштеген Чынгыз, сени жактырып калдым. Сен менен кантип байланышсам болот. 0777838182

ОП-26-176. Менин саламым апам Назирага жолдонот. Апа, мен сизге узун өмүр, бакыт-таалай каалайм. Кадамжайдан кызыңыз Сабира

ОП-26-177. Салам Султан Садыралиев. Сенин Москвадагы мекендештерибизге жакшы концерт берип келишиңди чыдамсыздык менен күтөмүн. Мен сенин талантыңа таазим этем. Бар бол, бай бол. Чыгармачылыгыңдагы сенин ырларың мага абдан жагат. Сен кайсы бактылуу кыздын бактына жаралдың экен. Сен супер-пупер ырчысың. Сабира

ОП-26-178. Омар, мен сизди сыйлайм жана урматтайм. Өнөрүңүз өркүндөй берсин. 07773866хх

ОП-26-179. Папандагы ата-энеме, ини-карындаштарыма салам жолдойм. Тынч болгула. Чымкенттен Алмаз

ОП-26-180. Чымкентте соодада иштеген сүйүктүүм Махбуратка, кыздарым Мираида, Минура, уулум Темурланга чың ден соолук, узун өмүр ишине ийгилик каалайм. +770216405хх

ОП-26-181. Айдай сулуу, мукам үндүү "Кыргызстан обондорунун" булбул үндүү ди-джейи Нурзада Жолдошевага кааларым чың ден соолук, узун өмүр, кажыбас кайрат, ар дайым жадырап жүзүнөн күлкү кетпей, кыргыз элине талыкпай кызмат кылып, дайыма бар бол. Сиздерди ар дайым сүйүп уккан такай угарманыңар Токмоктон Айжан 05501109хх

ОП-26-182. "Бекжандын" 2-кабатында кофта саткан Карамат сен жакшы кызсың. +770260315хх

ОП-26-183. Чымкенттеги "Самал" базарындагы досторум Гүлнурага, Гусиге, Гуляга салам. Гүлнура дос, сенин жүзүңдөн жылмаюу кетпесин. Жонгина досуң Мериха

ОП-26-184. Бекжан мен сени сүйүп калдым. К... 05552619хх

ОП-26-185. Темир Назаров качан концерт бересиң? Чыдамсыздык менен күтөм. Сахнага кийип чыккан формаларың өзүңө абдан сонун жарашат. Баасына жараша го? 05502210хх

ОП-26-186. Шоу балет "Стар-Денс" силердин группаңарга кантип кошулса болот?. Фирдаус

ОП-26-187. Урматтуу Нурзада эже. Биринчиден саламатсызбы, иштериңизге жана жеке жашооңузга жалаң гана ийгиликтерди каалайм. Бактылуу болуңуз. 07733186хх

ОП-26-188. Менин алтындай болгон эжем Ташматова Мастура 27-июль туулган күнүңүз менен куттуктайм. Жездем менен бактылуу болуңуз. Көкжар айылынан сиңдиңиз Бактыгүл

ОП-26-189. Мадина жазган СМСиңе караганда тилиңен бал тамгандай. Кел таанышалы. +770260315хх

ОП-26-190. Мен Астанада стоянкада иштеген досум Муктарга салам жолдойм. Муктар, биз албетте көрүшөбүз деп жаның Айзат

ОП-26-191. Алматыдагы Тынчтык, мен сага өтө ишенип калдым. Сен да ишен жаным.Ишиңе ийгилик. Сени сүйгөн Алматыдан Азёма

ОП-26-192. Менин саламым Өзгөн районунун Калта айылындагы атам Бердалы, апам Бурмайымга, инилериме салам. Сиздерге бардык жакшылыктарды каалайм. Мериха

ОП-26-193. Жака-Жазгүл, Кунчуайпери, Жеңиш кроша азаматсыңар, достор алга! Han-Shai

ОП-26-194. Астанада "Зулкияда" иштеген Нурсанам, сен коркпо себеби эң акылдуу, айкөл, чечкиндүү кызсың. Сен баарын жеңесиң. 100% көзүм жетет. Han-Shai

ОП-26-196. Досторум Айжамал, Бурулкан, Нурканга ысык салам. Каникулуңар ойдогудай өтсүн. Акманай

ОП-26-197. Карасуулук жигиттер менен таанышкым келет. 05551397хх

ОП-26-198. "Фенкс" кафесинде иштеп жаткан жамаатыма салам жолдойм. Иштерине ийгилик каалайм. Ошондой эле Кашат айылындагы ата-энеме сагынычтуу салам. Алмира

ОП-26-199. Биз Чымкенттеги "Бекжан" базарында иштеген Жоодардын аяшыбыз менен табышканы үчүн куттуктайбыз. Түбөлүккө ажырабагыла! Досторуң Канат, Тимур

ОП-26-200. Чымкенттеги досум Канаттын 30-июль боло турган үйлөнүү тою менен куттуктайбыз. Бактылуу болгула! 89-дун балдары Жанболот, Тимур, Жоодар ж.б

ОП-26-201. "Обондун" такай окурманы Гүлшан, сен аябай ыймандуу, акылдуу кыз экенсиң. Сени менен кантип жолукса болот? Дайыма ушунуңдан жазба. 0777828962

ОП-26-202. "Обон" сиздерден сураныч "Кумир менен баарлашууга" И.Абдыразаковду чакыргылачы? Гүлзина.
P.S. Урматтуу Гүлзина ушул рубриканы алгачкы ачкан кумир И.Абдыразаков болчу. Ошондуктан башкаларга орун берүүдөбүз.

ОП-26-203. Кыргызстанга келип аябай эриктим. Бул жакта эч кимди тааныбайм. Достор да жок. Кунчуайпери эмне дайының жок? Сен жок "Обон" көзүмө башкача көрүнүп жатат. Han-Shai

ОП-26-204. Мирбек Иманбековго чыгармачылык ийгилик, жеңиш менен кайтышыңа тилектешмин. Жердешиң Айдеми

ОП-26-205. Мен соткамды уурдатып жибердим. Ким уурдаган болсо да флешкамды кайтарып бергилечи, суранам. Ильяз Абдыразаков менен түшкөн сүрөттөрүм бар эле. 0777462921 номери эле. Айсулуу 0777158980

ОП-26-206. Алматыдагы Кубага салам. Албетте баарыбыз таанышабыз. Бирок, айта кетчү нерсе "шайырлыктын принцессасы" деген наамды чын дилимден Жака-Жазгүлгө ыйгарам. Кунчуайпери

ОП-26-207. Мырзакедеги 1980-жылкы кыздар-балдарга салам жолдойм. Ар дайым бар болуп, ишиңерди ийгилик коштоп жүрсүн. Чымкенттен Асел

ОП-26-208. Омар, сага албан-албан ийгиликтерди каалайм. Кыргыз эли сени менен сыймыктанат жана сага ишенет. Ар дайым кыргыз желегин дүйнөлүк фестивалдарда желбирете бер. Сени РТРден көрүп алып, көзүмө жаш тегеренди. Мемо

ОП-26-209. Сыдыковдорго чоң салам. Иштерине ийгилик каалайбыз. Сыдыковдор

ОП-26-210. "Бекжан" базарында иштеп жаткан Нургүл эжеме обондуу салам. Иштериңизге ийгилик, түгөнбөгөн байлык, түбөлүктүү бакыт каалайм. Таңсулуу

ОП-26-211. "Бекжандагы" Гүлзада эже, билесизби сиз дүйнөдөгү эң сулуу, акылдуу, жөп-жөнөкөй, кыскасы супер перисиз. Ылайым ушунуңуздан жазбаңыз. Сизди кумир туткан Карагат

ОП-26-212. Жака-Жазгүл менен Кунчуайпери "Обонду" минип албай түшкүлө, же бекерчисиңерби? Муни +77017042296

ОП-26-213. Каракулжа районунун Октябрь айылында жашашкан атама, апама, Жаныш акеме, жеңеме, инилерим Роман, Ыйман, Аллаудинге жана сиңдилерим Маяга, Сиренага ысык салам жолдойбуз. Чымкенттен Кенжегүл, Ырысгүл

ОП-26-214. Саламым Султан Садыралиевге. Ар дайым бар болуңуз. Фирдаус

ОП-26-215. Чымкенттин "Бекжан" базарында иштеген эжем Наргиза ишиңизге ийгилик. Сиңдиңиз Гуля

ОП-26-216. Сарыколот айылындагы 91-жылкыларга жагымдуу ысык салам. Кымбат

ОП-26-217. Астанадагы Мухтардын иштерине ийгилик каалайм. Келечекте ойлогон ой-максаттарың орундалсын. Чымкенттен Наргиза

ОП-26-218. №81 мектептин 11-а классынын бүтүрүүчүлөрүнө салам жолдойм. Күмүш

ОП-26-219. Нурзада эже иштериңизге, жеке жашооңузга жалаң гана ийгиликтерди каалайм. Дайым бар болуңуз, бактылуу болуңуз. Жүрөгүңүздөгү ар бир аруу тилегиңиз орундалсын. Үнүңүз дайым жаңырып турсун. Жака-Жазгүл

ОП-26-220. Чымкенттин "Самал" базарында иштеп жатан сиңдим Гүлназга салам жолдойм. Жашооңдун ар бир кадамын бакыт коштоп, бактылуу өмүр кечир. Барчын

ОП-26-221. Астанада иштеген Кубага салам жолдойм. Иштерине ийгилик, ар дайым ден соолукта бол. Алдыга койгон максаттарың орундала берсин. Кудай буюрса көрүшөбүз. Чымкенттен Наргиза

ОП-26-222. Кыргызстаным, кыргыз калкым, биз сиздерди аябай сагындык. Казакстандан Айпери

ОП-26-223. Жанайым сени сүйөм! Сенсиз мага жашоо кызыксыз. Сен менин жанымсың. +770252807хх

ОП-26-224. Россияга кеткен Кызылкыялык 88-жылкы Талант жана Чыңгыз эмне дайынсыз болуп кеттиңер? Досуңарды унутуп койдуңарбы? Мен али силерди унута элекмин. Азыр мен Алматыдамын. +077026027690 номерине чалгыла. Сырдуу кыз

ОП-26-225. Менин саламым Алатоолуу кыргыз жериме, ак калпактуу кыргыз элиме. +770260722хх

ОП-26-226. Саламым Өзгөн районуна караштуу Кызылсеңир айылында жашаган акелерим Сапарбек, Санжар, Болотко жолдонот. Силерди жакшы көрөм. Карындашыңар Мираида

ОП-26-227. Кыргызстандын ырчыларына чоң салам! Дайыма чыгармачылыгыңар өркүндөй берсин. Кумара

ОП-26-228. "Бекжан" базарында иштеген досторум Динара, Рахат, Назгүл Гүлзадага салам. +770156549хх

ОП-26-229. Алай районунун М.Адышев атындагы орто мектебинин 2007-жылкы бүтүрүүчүлөрүнүн 11-б классына салам. Айдана

ОП-26-230. Салют "Обон" гезитинин окурмандарына. Ошондой эле досум Мирага салам. Салия

ОП-26-231. Адеми сен кайдан билесиң анын окубаганын? Мүмкүн окуйт Ильяз. Окубаса да жүрөгү менен сезет. Биз ишенебиз. Айка

ОП-26-232. Жаныбекти 21-июль туулган күнү менен куттуктайм. Узун өмүр, чың ден соолук, дүйнөдөгү бардык жакшы нерселерди каалайм. Атаң

ОП-26-233. Жанка сага чоң салам. Таанышканыма кубанычтамын. Айка-Айнура

ОП-26-234. Кыргызымдын сулуу кыздары менен таанышам. Жашым 31де. 0772280736га чалгыла. Нурлан

ОП-26-235. Миргүл жаным, сени сүйөм. Сенсиз мага жашоо жок. Алтынбек

ОП-26-236. Ооруканада дарыланып жаткан апам Уулкелди оорубаңыз. Тазагүл

ОП-26-237. Карасуу районундагы Ташарык айылындагы Ташиевдерге салам айтам. Салия

ОП-26-238. Ильяз Абдыразаков жаңы клибиң жакшы тартылыптыр.Кыз дагы татынакай экен. Кыскасы клип супер болуптур. Татына сынчы

ОП-26-239. Кубик кызы Айперинин 28-июль туулган күнү менен куттуктайм. Айпери

ОП-26-240. Менин сүйүктүү апам Мастураны 27-июль туулган күнү менен куттуктайм. Дайыма жаз гүлүндөй ачылып, жаш болуп авам экөөңүздөр бар болуңуздар. Асел, Муслимбек

ОП-26-241. Сарыкамыш айылындагы ата-энеме, бир туугандарыма салам. Чымкенттен Сүйүмкан

ОП-26-242. Бекчоронун клибине сулуураак кыз табылбай калганбы? Жок дегенде бетин гримдеп койсоңор боло? Бекчоро экөөнү кантип түгөй кылдыңыз, урматтуу режиссер? Татына сынчы

ОП-26-243. Ким эле Неляны жамандап жатат? Неля чыныгы талант жана пери. Бактыгүл Неляга жеткенче карып эле кетет го. Неляга жалаң жакшылык каалап, Татына сынчы

ОП-26-244. Урматтуу Татына сынчы, "сын таккандын сыңар өтүгү майрык" дегендей, өзүң кандай адам болдуң экен? Сага жакшылык каалайм анча ашыкча кетпесеңчи? Ар бир адамдын жашоодо өз орду бар. Чектен чыга ар нерсени айта берсең кийин өзүңдүн башыңа муш болот. Кулпунай

ОП-26-245. Токтогулда жашаган 1987-жылкы Элдияр мен сени аябай сүйүп калдым. Жанка

ОП-26-246. Сүйүктүү байкем Эдил Эркинбаевдин келе жаткан 6-август өздүк майрамы менен куттуктайм. Ар дайым маанайыңыз ачык болуп, элдин батасына арзып, ата-энемдин бактысына бар болуңуз! Сизди баардыгыбыз жакшы көрөбүз. Келечекке койгон максаттарыңыз орундалсын! Карындашыңыз Шахрезада

ОП-26-247. Шайданда жашаган Мааданбеков Исламды жакшы көрөм. Биринчи сүйүү эстен кетпейт, экинчи сүйүү кадырыңа жетпейт. Сизди сүйгөн Гүлмира

ОП-26-248. Ноокенде жашап жаткан атам Кочкорбай, апам Разияга баардык жакшылыктарды каалайм. Сиздерди сагынган кызыңар Гүлмира

ОП-26-249. Казарманда жашаган эжем Гүкүнүн 29-июль туулган күнү менен куттуктайм. Бекем ден-соолук, ачык маанай жана бактылуу жашоо тилейм. Жездем Бакыт жана балдарыңыз: Ислам, Бекмырза, Бекзат менен түбөлүккө бактылуу болуңуз! Бишкектен сиңдиңиз Айнура

ОП-26-250. Мирбек Иманбеков сенин сулуулугуңдан башка эч нерсең жок. Көп өзүңдү сулуу сезбечи, макулбу? Мурда колхоз эле болгон экенсиң го. Анжелика

ОП-26-251. Мирбек Иманбеков Астанадагы концертиң сонун болду. Б.Карабаева "Жалгыздык" деген ырың аябай жакты. Силерге чыгармачылык ийгилик каалайм! Кыргыздын атын далайга чыгарып жүрө бергиле. Гүлиза

ОП-26-252. Чынгыз Мырзаев, сен жылдыз болуп асманда жүрүп калдың го? Жерге түшсөң сонун болмок. Өзүңдүн баркыңды өзүң түшүрбөсөң боло. Минтип жүрсөң көпкө барбайсың. Айкыз

ОП-26-253. Кызыл-Сеңир айылындагы досторум Азат, Мытыш, Калый, Мунар, Белек, Акжол ж.б салам жолдойм. Алматыдан Нурсеит

ОП-26-254. Оштогу досум Айгеримге салам жолдойм. Мен сени сагындым. Байкем Адилетти жакшы карап жүр. Мека

ОП-26-255. Замир Мырза, сен менин жактырган ыйык инсаныма аябай окшошсуң. Талантың дайым өркүндөй берсин! Тамара

ОП-26-256. Жака-Жазгүл атыңды кандай түшүнсөм болот? Канжар

ОП-26-257. Чакмаксуу айылында жашаган атам Рысалы, апам Шаршенкүлгө жана байке, эжелериме чоң салам. Гүлзина, Назира

ОП-26-258. Жаным Айсулуу мен сени сагындым. Маратик

ОП-26-259. Досум Максаттын 28-июль туулган күнү менен куттуктайм! Марат

ОП-26-260. Нарын шаарында жашаган атам Султан, апам Замирага салам жолдойм. Ар дайым төрүбүздө аман болуп, кыздарыңардын сый-урматын көрүп, бар болгула! Сиңдим Жаңылдын окуу жайга өтүшү менен куттуктайм. Мындан кийинки кадамың ийгиликтер менен коштолсун! Айнура

ОП-26-261. Салам Нурзада Жолдошева, сизге чыгармачылык ийгилик каалайм 0555290416

ОП-26-262. Салам Темир Назаров, сиз супер ырчысыз. Сизге дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм. Самара

ОП-26-263. Урмат Усенов, сизге эч ким жетпейт. Сиз суперсиз. Балдар Урматтын атынан звонок кылбагылачы. Урмат ушул номерге чалып койчу. Анжелина 0777824090

ОП-26-264. Мирбек Иманбеков, "Айдагы кыз" деген ырыңдын клибине мени алчы. 07778240хх

ОП-26-265. Салам Нурзада Жолдошева, биринчиден сизге чыгармачылык ийгилик каалайм. Булбулдай болгон үнүңүз "Кыргызстан обондорунан" жаңырып турсун. Жаратканым өзү колдосун. 0555290416

ОП-26-266. И. Абдыразаков жана Мирбек Атабеков, сиздер теңдеши жок таланттарсыңар. 07737490хх

ОП-26-267. "Обон" дегенде жанын берчү окурмандар Айдеми, Кунчуайпери, Мемо, Айкан, Тентимиш, Жанкага салам жолдойм. Мен силерди жакшы көрөм. Банкрот болуп отурганда мени эстеп, бирдик салып турган Жанка, Айдеми, Айка канча карызмын деги силерге? Рахмат силер үчүн Жака-Жазгүл

ОП-26-268. Сүйүктүү байкем Азаматтын келе жаткан туулган күнү менен куттуктайм. Ар дайым баскан жериңиз гүл болуп, ийгилик менен бийик максаттарды багындырып, ата-апам сыймыктанган бактылуу жигиттерден болуңуз. Мен сизди чексиз жакшы көрөм. Айнур

ОП-26-269. Сынчы кызга айтаарым, сындасаң жакшылап сындабайсыңбы! Эмне Султан, Мирбектен башкасы которбойт бекен? 07720307хх

ОП-26-270. Алтынбек Борошев, сиз менен жакындан таанышкым келет! Оштон Биназир

ОП-26-271. Кимиси эмне сатканын, кимиси канча тапканын. Бири айтат келип мактанып, бирөөнү жыга чапканын. Турганда бирөө байкабай, тумагын жула качканын. Бири айтат алган акчасын, бирөөнүн тебип капталын… Макы

ОП-26-272. Саламым чоң ата, апамдарга бар болгула, бай болгула. Азаматсың Нүзүш, Майсал

ОП-26-273. Элмара ден соолукта бол, Кудай колдосун. Аман бол. Акең Макы

ОП-26-274. Эрлан, мени кечир! Менин жүрөгүм Адилет деп согот. Айдира

ОП-26-275. Баткен облусуна караштуу Кайтмас айылында жашап жаткан жездем Төрөгелди, эжем Асылканга жана Амангелдиге салам жолдойм. Аман болуңуздар. Бекназар

ОП-26-276. Анжелика+Айма+Урмат+Анжелина+Урмат Усенов= бар болгула.

ОП-26-277. Токтогул районунун Үчтерек айылынын быйылкы бүтүрүүчүлөрүнө салам. Бема

ОП-26-278. Менин саламым апама, атама жана баардык туугандарыма. Аларга ийгилик жана ден соолук каалайм. Фирдаус

ОП-26-279. Салам Айтурган Эрмек кызы, кечирип койчу. Бактыма байланыштуу телефонду таштап кеткенимди көр. Мүмкүн ишенбестирсиң. Жаман ой ойлобо суранам, сенин телефон чалышыңды күтөм. Сени сүйгөн бейтааныш жигит. 07777413хх

ОП-26-280. Менин сүйүктүү ырчым Бекчорого салам. 07778348хх

ОП-26-281. Анекдот: Кытай менен монгол сүйлөшүп олтурушат. Кытай монголго суроо берет: - Ээ моке, кыргыздардын өкмөтү орус тилге аябай катуу талгак болду го! Деги эле каналдардын баары эле орусча, кыргызча эч нерсе жок. Өзү качан талгагы канат? Анда монгол: - Буюрса, шайлоо болгондо.

ОП-26-282. Урматтуу Чымкенттеги "Бекжан" базарында иштеп жаткан кыргыздар силерден өтүнөм, өзүбүздүн тилибиз бар, желегибиз бар, смсиңерди "Шымкент" дебей "Чымкент" деп жазгылачы. Окуп алып зээним кейиди. +770260563хх

ОП-26-283. Нурзада сени менен таанышкым келип жатат. Менин атым Иманалы 07732312хх

ОП-26-284. Алматыдагы "Акжар" базарындагы кыргыздарга салам. Соодаңар жакшы болсун. +770218160хх

ОП-26-285. Менин саламым Чымкенттеги "Бекжан" базарында иштеген апам Калыска. Апа, өмүрүңүз узун, ден соолугуңуз чың болсун. Ишиңизге ийгилик. +770257098хх

ОП-26-286. "Бекжан" базарында 2-кабатта калготки саткан Замир үйлөнөсүңбү же … Сырдуу жигит +770261099хх

ОП-26-287. Н.Жолдошевага: Ойлойм сени бассам турсам дайыма, эңсейм сени элесиңе зарыга. Жолуксам деп үмүт тилек ой менен, сени күтөм карааныңа жалына. 07736758хх

ОП-26-288. Жагымдуу дилге жакын үнүң менен, жүрөктүн кылын черткен ырың менен Ильяз ай! Тынчыбызды алып койдуң, кыздар көп, жүрөгүн сага арнаган. Пери

ОП-26-289. Астанадагы айдай сулуу таежелерим Батина, Зейнегүлгө жана Алматыдагы бөлөштөр Талас, Токтосунга. Ар дайым маанайыңар жаңы аткан таңдай жарык болсун. Ишиңерди ийгилик коштосун. Шымкенттен Мээрим

ОП-26-290. Карасуу районуна караштуу Жаңарык айылындагы Айпери, Эдил, Айгеримге чоң салам. Бир тууганыңар Бакыт. +770260426хх

ОП-26-291. Мирбек Иманбековго салам. Бар бол, бай бол. Чыгармачылык ийгилик. Айнура

ОП-26-292. Астанага автобус айдаган Кубат ага, мен сизди абдан сүйүп калдым. Айнура 07723719хх

ОП-26-293. Батма мен сени сүйөм. Өзгөндөн Нурчик 07736308 хх

ОП-26-294. Нурзадага: Үнүң сенин булбул куштай кубулжуган, укканда көңүл сергип жан жыргаган. Чырайыңды сүрөттөрдөн көрсөм эле, сени менен жолуксам деп кыялданам. 07736758хх

ОП-26-295. Эң бир асыл, эң бир жөнөкөй, татынакай мыкты ырчы кыз Бегимай Эсенгулова. Саида

ОП-26-296. Омар, чыгармачылык ийгилик каалайм. 0777386659

ОП-26-297. Нурзада эже ырдаса үнү, сүйлөсө таттуу сөзү менен элди тамшандырган көп кырдуу талант. Сизге актаңдай аруулукту, күн нурундай жылуулукту, Эр Манастын эрдигин, шердигин, Курманжан датканын батасын, элибиздин бардык жакшылыгын каалайм. 07777413хх

ОП-26-298. Сагынам элесиңди көзгө алып, кээ күнү жаштар агат салааланып. Сагыныч ушундай нерсе беле? Иш кылдырбай бутуңдан чалыштатып. Т.А.А.Ы.М.А.

ОП-26-299. Саламатсызбы Нурзада эже, сиздин үнүңүздү элибизден сырткары болгондуктан жакшы уга элекмин. Сизди биринчи ирет клибиңизден эле көрдүм. Сиздин жакшы сапаттарыңызды сыналгыдан эле байкагам. Сиз менен баарлашкым келди. Нурис 07733167хх

ОП-26-300. Жарма ачытып аялы, көзү катып чалы, кечинде жармага тост айтып турган чагы - Кана кемпир жармадан таң атканча ичели, таң калып калсын ичеги, дальше-больше ичели, далдырап калсын ичеги. 0773052635

ОП-26-301. Менин саламым Россиянын Екатеринбург шаарындагы апама, туугандарыма, курбуларыма. Алардын иштерине ийгилик. Жазгүл +790438245хх

ОП-26-302. Жаңылмырза, алтышкам туулган күнүңө баралбай калдым. Капа болбо, паспорт алайын ошондо дагы бир ирет туулган күнүңдү белгилейбиз. Алматыдан Роза

ОП-26-303. Алматыда жашап жаткан бөлөлөрүмө салам. Жуси

ОП-26-304. Шымкенттеги досторум Азамат менен Флюранын кеч болсо да үйлөнүү тойлору менен куттуктайм. Бактылуу болуп, көп балалуу, ынтымактуу жубайлардан болушсун. Бишкектен Таты

ОП-26-305. Шымкенттеги шаңдуу күндөрдү сагындым. 86-87-жылкы кыздар-балдарга салам. Номериңерди жазгыла, кабарлашам. Таты

ОП-26-306. Нурзада, сага мени көптөрү окшоштурушат. Ошондуктан сага жолугуу менин максатым. Манзура 07778477хх

Жаңы сынак
SMS-форум
Урматтуу sms ээлери! Бүгүндөн тартып сиздер үчүн жаңы "SMS-форум" сынагын ачтык. Келгиле бир теманын айланасында маектешип көрөлү. Биз берген суроого кимде-ким маанилүү, кызыктуу жооп бере турган болсо ал жеңишке жетишип редакция тарабынан 100 бирдик "падеркени" чөнтөк телефонуңардын номуруна "жүктөп" коёбуз . Андыктан чамдагыла! Суроо: Сүйүү деген эмне?