Сенин гезитиң!
№26, 29.07.08-ж.
к





  Обон күлкү

Маданиятыбызга белгилүү залкар инсандардын, акын-жазуучу, куудулдардын кызыктуу кылык жоруктарын, какшык, шакаба, азил-тамашаларын иликтеп, издеп, эл шайырларынын шиңгилдеринен ортоңуздарга тартууласакпы деп, күлкүдөн гүл десте сунуп олтурабыз, кабыл алыңыздар.

Күндүзү кымыз, түнү кыз,
Күжүлдөгөн эр кыргыз"…
(Манастан)
Кымызканадагы кызыктардан
Бүгүнтөн баштап, кымыз кызыган жерде кызык сүйлөгөн, кыргыз журтуна аттын кашкасындай белгилүү өнөрпоздордун куйкумдуу кептерин эл дасторконуна тартуулап турмакчыбыз. Биздин алгачкы мейман, кымызкананы кызытып, азыркынын тили менен айтканда ал жердин ди-джейи болуп калган Кыргыз эл артисти Эрмек Мойдунов жана режиссёр Абдрасул Эшалиевдер.

Алтымыштан кийин абайлоо керек!
"Жыйырма беш жаш, жыйырма беш. Отуз жаш деген отуз. Бирок, алтымыштан кийин ойлонуу керек. Этияттабай, калжаңдап кетип бир жаш немеге барып алсаң, анда жооп бериш керек, жооп" деп жанындагы актер теңтушун тамашаласа, анда сөзгө кошула кеткен режиссёр Абдрасул Эшалиев "Ой колу жакшы болсо болду да, туда-сюда кыймылдабаса, что ты с больными руками пришел болбой" деп кымызкананы үч көтөрө күлдүрдү.

"Хорошо" кайнага…
Жакшыны келиндери "хорошо" кайнага деп тергешет. Муну да өзү жакшы билет. Келиндердин мындай ызат-сыйына жетине албагансып жылмайып калат. Эгер келиндердин бирөө-жарымы алдынан чыгып калса "Амансыңарбы аке?"-деп учурашат.
Күндөрдүн биринде Жакшы жолдон өтүп баратса, жакшы көргөн келиндеринин бири Зымыркан бала-чакасы менен жүгөрү чаап жүргөн экен. Жакшы алардын ал-абалын сураганы аттын башын бурат.
- Жакшысыңарбы аке? -деп учурашыптыр Зымыркан
- Жакшымын айланайын. Жакшымын. Жакшы болбогондо бир паста эле башка кишиге айланып кетмек белем-деп кобураныптыр.
Келин сөз маанисин түшүнө бербей барып, акыры аңдаганда, уят болгон бетин чойгулаптыр.

Контрамарка
Токтогулдук бир чоңко шопур Таласка кишилерди тартып барып, МАИнин инспектору тиги чоңконун документтерин кабинетинде кыйлага кармап отура берет. Шопур бир кыйла айып тарта турган болот. Инспекторго ары айтса болбойт, бери айтса болбойт, акча сунуш кылса албайт. Айласы кеткен шопур-чоңко сыртка жөнөйт. Сырттан инспектордун шериги тосуп алат.
- Байке, эмне болду?
- Э… дейт, - кабагын түйгөн чоңко, - Бир контрамарка бар экен, отун жаксам да жылыбайт, көмүр жаксам да жылыбайт, урдум ошону!
Бул сөздү угуп тиги сержант түз эле инспекторго кирип барат.
- Аксакал, тигинин иши эмне болду?
- Анын айыбы көп, правасын лишениеге бериш керек, -дейт.
- Антпеңиз аксакал, ал ким экенин билесизби?
- Эмне, жогору жактагылардын бирдемеси болобу?
- Жо-ок, ал - чоңко экен, -деп жанагыл уккан сөзүн айтат, -Ал эми бул атыңызды элдин баарына жаят!
- Кокуй, -дейт инпектор чочуп, ме тез документтерин алып барып бер!
- Жок, мен алып барсам болбойт, өзүңүз алып барып берип, кечирим сурабасаңыз болбойт!
Инспектор сөздү түшүнүп, чоңконун алдына барып, кечирим сурап, документтерин берет. Чоңко бул атты эч кимге айтпайм деп убада берген менен баары бир өрөөнгө жайылып кетиптир. Талас өрөөнүндө "контрамарка" деген кличкасы бар МАИнин кызматкери азыр да бар дешет.

Илгери, илгери
Чечен казак
СССРдин тушунда маршал Кутахов Казакстанга келип, эл менен жолугушмакчы болуп калат. Атактуу маршалдын фамилиясын казакча айтыш оңойго турбаптыр. Жолугушуу учуру жакындаган сайын чоңдордун жаны чыга баштайт. Меймандарды ээрчитип жүргөн казак чечен экен, алдыга чыгып:
- Баурдастар! Жолдастар! Казир сендердин алдыңыздарда Советтер Союзунун Маршалы Жолдас Шошаков сөз сүйлөйт деп жымсалдаган экен.
А. Асранкулов

Такмазалар
- Менин итим аябай акылдуу, эстүү ит эле, арам ой менен келаткандарды дароо көзүнөн билип, каап алчу.
- Ой, анда ал аябай акылдуу ит турбайбы?
- Бирок, мен аны сатып жибердим.
- Ие, неге?
- Кийинки күндөрү мени да каап алчу болду.
ххх
- Сайнаш, бул жакшылыгыңды унутпасмын, чын эле ушул крем беттин бырыштарын жоготот дедиңби?
- Ананчы секет, менин эрим ушул крем менен терезенин жаракаларын бүтөп жатканын өз көзүм менен көрбөдүмбү.
ххх
Эшектин тушамышын да чече албаган партия түзө берип барк албаган, барк алса да бак таппаган демократ-саясатчы Топчубек Тургуналы тегин капчыктуу бирөөгө кошулуп, кезектеги "Элди азаптан куткаруу" партиясын түзгөнү жатат дейби?…
ххх
- Ээ, кошуналар силерге эмне болду мынча алдастап?
- Биз куруйлук. Гараждын кулпусу үйдө, үйдүн кулпусу машинада, машинанын кулпусу гаражда калып кетиптир.
ххх
- Береги чемичке сатып отурган аял айрып отурган сенин китебиңби?
- Ооба, жакшы чыгарманын пайдасы кишиге ар убакта тиет эмеспи.

"Салаквалидзе…"
Зооданбек деген акын:
- Айланайын Жаке, кечээ көчөдөн бир жаш кызды көрдүм тим эле сандары салактайт-десе, Жаке адатынча грузинче чала которуп:
- Кыскасы, сандары - "Салаквалидзе" дечи? - деп каткырган экен.

Эси жок эркек
Келишимдүү аял жол менен баратса, артынан бир эркек ээрчип алды.
- Эмне ээрчип келатасыз?-деди аял бурулуп.
- Сулуу келин, мен сизди сүйүп калдым, - деди эркек муңайыңкы.
Аял жылмайып туруп:
- Тээтигинде менин сиңдим менден сулуу. Көзү тим эле карагаттай-деди. Эркек сүйүнгөн бойдон чуркап барса, ал аябай карыган кемпир экен. Ачуусу келген эркек жерге түкүрүп, баягы сулуунун артынан кууп жетип:
- Эмне үчүн мени алдадың? -десе
- Жок, чоочун киши сиз мени алдадыңыз. Эгер мени чындап сүйсөңүз башка аялдын артынан чуркабайт элеңиз- деп кыз жандуу эркекти уялтып жолуна салыптыр.

Көңүл бургула!
Конкурс, конкурс…
"Боло берет турмушта, особенно кыргызда" аттуу эң кызыктуу күлкүлүү окуяларга конкурс жарыялайбыз. Эң мыкты деп табылган авторлордун чөнтөк телефонуна 100 бирдиктен жөнөтүп турмакчыбыз. Sms аркылуу 0555000986 жана 0772624855 номерине жөнөтсөңүздөр. Эгер почта аркылуу кат жазсаңар биздин абоненттик ящик: Бишкек - 48 А/Я 1551 же болбосо 44-98-21 телефонуна чалыңыздар.

Даярдаган Алмаз Адишов