Сенин гезитиң!
№25, 22.07.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Адабият айдыңы

Жаныш Кулмамбетов, драматург:
"Адамдык бийиктик- жашоонун башаты"
- Айтсаңыз, бүгүнкү күндө драматургиянын ахыбалы кандай? Чеке жылытаарлык деле көрүнүш болбогонун байкайбыз.
- Драматургиянын азыркы учурдагы абалы жөнүндө айтыш үчүн ириде "Бизде азыр бул жаатта кандай өсүштөр бар жана кийинки муундун драматургдары барбы?" деген суроо туулушу мүмкүн. Анткени, маданияттын бардык тармактарын жолго коюп, анын ийгилигин камсыз кыла турган жаңы муун керек болуп эсептелет. Албетте, улуу муундагы жана биз сыяктуу орто муундагы драматургдар бар. Бирок, тилекке каршы, биздин драматургияда бүгүн жаңы муун дээрлик жок десек болот. Ошондуктан, улуттук драматургиябыздын тагдыры, өсүп-өнүгүүсү кыйын. Ал эми Россияда жана башка өлкөлөрдө драматургиянын, дегеле жалпы маданияттын абалы өсүштөргө карай багыт алганын байкайбыз. Эмне үчүн? Анткени, баарыбызга белгилүү, аларда маданиятты көтөрүүдө ар дайым мамлекеттик деңгээлде көңүл бөлүнүп, камкордуктар көрүлүп турат. Айталык, бизде пьесага, драмага калем акы төлөө жагы колго алынбай калган. Театрлар да, Маданият министрлиги да буга анчейин кызыкпайт. Экинчи жагы, драматургия- бул өтө татаал жанр болуп саналат. Аны жазуунун өзүнүн ыкмалары, жол-жобосу бар. Диалог түрүндө жазылган чыгармалардын баары эле драма эмес. Бул жаштардын драматургия жаатына келбей жаткандыгынын бир себеби. Үчүнчүдөн, камкордукка алуу маселеси турат. Калем акыдан тышкары, жаш драматургарды окутуп, үйрөтүп, семинарларды үзгүлтүксүз уюштуруп туруу- мезгил талабы. Мына, ушунун баары колго алынганда гана бизде жаңы муун пайда болушу мүмкүн. А жаңы муун деген "Драматургиянын эртеңки келечеги" деген сөз.
- Жалпы эле алганда адабияттагы жетишкендиктер коомчулукка кеңири таанылбай жаткандай?
- Адабиятты жаңы жана эски деп экиге бөлүп карайбыз. Жаңы адабият- рынок шартына, мезгилге, заманга ылайыкташкан. Ал өсүп жатат. Аны биз канчалык жерисек да, жактырбасак да өнүгө берет. Себеби, мезгилдин, элдин талабы дал ошондой. Ал эми эски адабият- бийик идеалдар менен жашайт. Бирок, чындай келгенде андай адабиятты көпчүлүгү окубайт. Ушундан улам, эки адабияттын ортосунда конфликт жаралат. Жаңы адабияттын өкүлдөрү окурмандарын топтоп, жаңыдан гана территорияны өзүнө ээлеп баштагандыктан алар: "Биз адабияттын өкүлүбүз!" деп батынып айтууга кудуреттери жете элек. А эски адабият: "Бул адабият эмес, буларды жоготуш керек!" деп каалашынча сындай берет. "Аны жоготсок, ордуна кандай адабиятты беребиз? Эл окуй турган кандай чыгарманы жаратабыз?" деп эч ким ойлонбойт.
- Бизде акыл эмгеги башынан эле татыктуу бааланчу эмес эле. Бул интеллигенция чөйрөсүн сызга олтургузса керек?
- Акыл эмгеги бизде өтө арзан бааланат… Бирок, мезгил келет. Анан адамдын акыл эмгегинен, интеллектисинен жаралган нерселердин баарысы кымбат болоору шексиз. Анткени, жакшы билесиң, биз информациялык доорго келе жатабыз.
- Сөз эркиндиги, адамдык ыйман менен абийир тазалыгы баарынан бийик эмеспи. Өмүрүңүздө бирөөнү мактап, жактап, байлыкка азгырылып, бийликке чиренип көрдүңүз беле?
- Дароо эле айтайын. Мен байлыкка азгырылган эмесмин. Материалдык жактан алганда, мен өзүмдү "Бай адаммын" деп эсептебеймин. Биз Советтик мезгилдин тарбиясын алганбыз. Экинчиден, мен бийликке да кызыкпагам. Убагында бир топ эле жооптуу кызматтарга көтөрүлүп баргам. Бирок, анын баарын өз ыктыярым менен таштап, илимге жана чыгармачылыкка кеткем. Менин чөйрөмдөгү адамдар муну жакшы билишет.
Адамда жаңы бир асылдыктарга карата көз караш пайда болот. Анан ага бийлик, байлык деген нерселер "Бүгүн бар да, эртең жок, колдун кири" сымал көрүнөт.
Оболу, сенин чыгармачылыгыңдан, интеллектиңден жаралган эмгектериң аздыр-көптүр тарыхта калат. Ушул жагы баалуу деп ойлойм.
Ал эми сөз эркиндиги демекчи, сөз бул ок менен барабар күчкө ээ. Бир сөз менен эле адамды өлтүрүп коюуга болот. Маселен, эгер жан дүйнөсү назик, жумшак адамды же оорулуу адамды элдин көзүнчө катуу сындап койчу, эмне болот? Сөзсүз барып дары ичет, "Тез жардамды" чакырат. Андыктан, сынчы катары кандай чыгарма болбосун, мен ага калыс баамымды бергенге аракет кылам. Адам болгон соң, кайсы бир учурларда жаңылыш баа берип алган кездер да болбой койбойт. Бирок, учурунда байкоос алынбай калган нерсеге мезгил өзүнүн акыйкат баасын берээри чын…
- Кай бир учурларда эң начар, колго алгыс, болумсуз чыгрмалар "Шедевр" болуп, көкөлөтө макталып, тескерисинче, мыкты чыгарманы ылайга оонатып, ага карата ооз көптүрө сын айткан маданий деңгээли төмөн адамдар да арбып барат. Бул нак таланттардын канатын кайрыгандык эмеспи?..
- Биздин билим төмөн, интеллект төмөн. А мындай жерде ак карага, кара акка айланып кала берет. Мунун баары адамдын эстетикалык деңгээлине жараша деген пикирдемин.
- Негизи сөздүн гүлүн, ойдун асылын тандап, көркөмдөп жаза албаган калемгер калемгер эмес да. Дал ушул ойго көз карашыңызды уксак?
- Ар бир калемгердин өзүнүн өзгөчөлөнгөн стили болууга тийиш. Көркөм сөз өнөрү- адабияттагы баалуулуктарыбыздын бири. Калемгер өзүнүн шык-жөндөмүнө, талантына жараша көркөмдөп жаза билсе, демек, бул анын артыкчылыгы деп түшүнүшүбүз абзел.
- Тырмакчадагы "достордун" мамилесине кабылдыңыз беле? Дегеле, кыйын кырдаалда ишенимдүү жолдоштордун колдоосуна таянасызбы?
- (Ойлонуп…) Сен айтмакчы, тырмакчадагы "мамилени" көп эле көргөм. Бирок, анын баарына көңүл бөлүп, нервимди дагы, өмүрүмдү дагы короткум келбейт. Билсең, түбөлүктүү эч нерсе жок… Ишенген жолдоштордон деле колдоо таба албай калган кездер болот. Менимче, мындай учурда өзүңдү жоготпой, сен өзүңө гана таянууң зарыл. Чындык, адамдык бийиктик баарынан жогору турат. Эң башкысы, жүзүң жарык, жүрөгүң таза, пейилиң ак болсо- бул сенин жашооңдун жеңиши. А күнүмдүк боло келүүчү көйгөйлөр, тоскоолдуктар мунун астында эң эле алсыздык кылат жана алар эч кандай мааниге ээ эмес…
Баарлашкан Н. Сагынбаева




(Башталышы
өткөн сандарда)
Аялдык кудуретке ээ болдум. Бала төрөдүм. Бирок таш курсагымды бошотсом да, таш эмчегим бошобой арманда кетип баратам. Баламдын күлкүсүн көрбөдүм. Баланын ширин сөзүн уга албай калдым. Тогуз ай көтөрүп, томугум сыздаган, он ай көтөрүп омурткам сыздаган баламдын "Эне" деген ширин сөзүн уксам болот эле. Эркелетип, ыйлаган көз жашын көрүп, ай жүзүнөн аймалап сүйсөм болот эле. Балтыр этин торолтуп, баарына чыгарсам болмок. Армансыз дүнүйө болбойт тура. Айла жок. Баланы жакшы бак. Чымындай жанын кор кылба. Сүйүү мээриминен жаралган, кандан бүткөн, жандан бүткөн медеримди мен дагы өлөр өлгөнчө эстен чыгарбайм. Ыңаалаган үнүнө зар болсом да чыдайм да. Арман көп… -деп байкуш аял акырындап бүт бойдон жыланга айлана баштаптыр.
Ошо кезде, балдарым, шолоктоп ыйлап жаткан Бөрүбайдын боорундагы ымыркайдын да ыңаалаган үнү чыгат. Ого бетер шолоктогон Бөрүбай эңкейе берип сурайт аялынан:
- Баланын тагдыры не болот? Өзүң жок кантип багам бу кызыл этти? Эч болбосо кеңешиңди айтып кет.
Ушу тапта аялдын бүт денеси жыланга айланып, башы гана адамдыкы боюнча турган дейт. Ошо жерден жылан токтой калып, эринин алдына сойлоп келип:
- Тос колуңду, -дейт.
Бөрүбай алаканын тосот. Ыйынып-ычкынган аял куйкасынан бери жыйрып келип, кабагын катуу кысканда, анын оң көзү бөлт этип эринин алаканына кулап түшөт да, чечекейинен ажыраган чанактан кызыл кан шүүшүңдөп жерге тып-тып эте тама баштаган дейт.
Балдарым, атам жомоктун ушу жерине келгенде мен дагы кошо ыйлап, көпкө басылчу эмесмин. Оңой бекен, баласы үчүн эне чечекейин чукуп бергенден да кайра тартпайт тура. Бала үчүн эне эмнеге гана барбайт. Карачы, ал баарына чыдайт. Эненин көзүн ал эмне кылат дейсиңерби? Сурооңор эң туура. Ал жөнүндө азыр айтам. Кан аралашкан алакандагы көздү Бөрүбай аярлап кармап, буркурап ыйлаган бойдон сураптыр:
- Ардагым, көздү мен эмне кылам? Түшүндүрүп кет.
Анда жылан эне сүйлөптүр:
- Бала ыйлай баштаганда таңдайына сала кой. Бир аз сооротсоң курсагы тоёт. Анан кайра алып, таза идишке сакта. Бир жашка чыкканча балага башка тамактын кереги жок. Эне чечекейинен кубаты баланы ачка кылбайт. Оозуна салгандан кийин унутуп калба. Деги сак бол, бала байкабай чечекейди жутуп албасын.
Ыйлап жатып Бөрүбай кайрадан сурайт:
- Сени мен кайдан издейм? Кайдан табам? Эң кур дегенде кабарыңды билгизе жүр, ардагым?
- Байкушум, мени көргөнндө не пайда. Мен жылан, сен адамсың. Кейпимди көргөндө өзүң жийиркенип, балаң коркот. Жыландын сүрү күчтүү. Кез келген сайын жүрөгүң муздайт. Бир аз күндөн кийин өзүң деле мени тез унутарсың. Махабатка бекем кайсы эркек бар экен… Менин жылан сүлдөрүмдү тез унут. Жылдыздуу Арзыгүлдү эсиңден чыгарба. Энең жылан болгон деп балага эч качан айтпагын.
Аял толук бойдон жыланга айланып, шарт бурулуп жүрүп баратканда Бөрүбай дагы өтүнөнт.
- Ардагым, кылчайбай эле кете бересиңби? Акыркы сөзүңдү угуп, калайын, менин өзүмө бир каалоо айт. Эстей жүрөйүн, көңүлгө түйө жүрөйүн.
Анда жыландын эрине кайрылып айтканы бул:
Баса, адамдар жөнүндө энемдин айткандары туура экен. Аны азыр түшүнүп отурам. Айткандай, адам али адам боло элек турбайбы. Алар али күнчө далай кемчиликтен арыла, тазара электигине көзүм жетти. Мисалга сени эле алалы. Убадага туралбай жалакайлык кылдың. Акыры минтип убалыма калган өзүңсүң. Шорум кайнап ара жолдо турам. Эмнеликтен силерде көктүк чыдамкайлык аз? Ушак-айыңга тез ишенесиңер! Силерде көшөкөрлүк, курулай акчылдануу күчтүү. Боору таштык жана арамзалык да силерде. Күчтүүнүн алдында баш көтөрө албай: "Бийлик бар жерде, кулдук бар"-деп, ага жүгүнүү силер үчүн көнүмүш иш. Байкушка, бечарага бооруңар ачыбайт. Капа болсоң да атайын: боору таштык, кара өзгөйлүк да силерге таандык. Душмандашкан адамыңар жеңилсе ага ылайык кечирим берүү деген болбойт силерде. Тепсеп, жанчып, башын ийининен бөлүп таштамайынча көксөөңөр суубайт. Силер кээде итче да болбогонуңарга таңмын. Ошого кадимкидей кейип кетем. Иттер талашканда жыгылып берип, төрт буту асманды карап калганын каппайт. Көксөөлөрү сууп, ага кечирим бере туруп кетишет. Ушак айтуу жана бириңерди бириңерге көкүтүү да силерге таандык. Ыйманына камчы уруп, чын ишти жалган деген жандимилер да силерде. Салттуу жана ыймандуу карыбаган шүмшүк чалдар араңарда али көп. Мисалы, Бакалбай куучуну силер олуя көрүп, пайгамбарга теңейсиңер. Аныңар эч кимге жакшылык кылбайт. Силер үчүн ал ак сүйлөгөн акылман, көптү билген даанышман. Анысы калп. Арамдыгы адалдыгынан ашып түшөт. Танбайм, билгени бар, көргөнү көп. Анын баары жеке керт башынын кызыкчылыгынан ашпайт. Элиңерди бөлгөн, араңарды жиктеген ошол арамы. Көзүнөн чаары, бетинен чаары чыгып башка кандан кошулган тукумдарга эмнеликтен жүз үйрүйт ал? Анткени анын ичи тар. Алдыма эч ким чыкпаса деп ойлойт. Боорукерлик, адамгерчилик жөнүндө көп сүйлөгөнү менен андан өткөн мыкаачы жок. Эмне үчүн элге кошулбай жалгыздап жүрөт ал? Жайды жайлата ал суурга жана анын чөндөлөйүнө капкан салат. жыландардын ордосун бузуп, жылан кармайт. Суурдун майын кайнатып, анын боорун жейт. Жыландын жаагын тирүүлөй айрып, өтүбүздү алат. Уубузду чогултуп, этибизди кургатат. Чөндөлөйдү кыйнап, анын терисин тирүүлөй сыйрат. Байкуш чөндөлөйдүн канын сорот. Ошондуктан ал кузгунча көп жашады. Жыландын өтүн ичип, уубузду дарылыкка пайдаланат. Биз андан коркобуз, биз жылан тукуму аны жек көрөбүз. Эгер эле Бакалбайда көрөгөчтүк, сергектик бар болсо, ал бизден жуккан. Анын мээсин сергиткен биздин кан, биздин табият. Айтарым, Бакалбай чалга ылайым ишенбе. Бизди бөлгөн, биздин убалыбызга калган ошол арамы. Илгертен анын бизде өчү бар. Жыландын даанышмандыгын, анын ыйыктыгын ал билет. Деги эле жыландын каны менен адамдын каны кошулса эмне болмок? Анда силерге биздеги тазалык жукмак. Тукумуңар жакшырып, келечекте таза муундар көп болот эле. Дүнүйөкорлуктан, ачкөздүктөн арылмаксыңар. Туруктуулук, көктүк, эрдик мүнөзүңөрдө басымдуулук кылмак. Агарат элеңер, көгөрөт элеңер анда. Жылан өлүп алса да даттанбайт, кейибейт. Дым чыгарбай өлөт ал. Эмки айтарым, алдагы бала кандан бүткөн перзент. Мындан ары ушул жалгызды көзүңдүн карегиндей сакта. Наристеге аталык мээримиңди аяба, менин жайымды билгизбе. Эс киргенде энең төрөттөн каза болгон деп түшүндүр. Энемдин бейити кайда деп кыйнаса, эски молону көрсөт. Эңилчек баскан молону мыкчыса көксөөсү сууйт. Эзил жаның кыйналса, энем деп бала ыйласа, үйүңө ак жоолук кийирип ал. Анда айылдан башка жакка көчүп кет. Сөз укпасын жубайың. Ушакка кабылбасын ал. Мени эгерим издебе. Ажал жетип өлгөнчө жалгыздын күнүн көрөм. Кызыкчылыгы жок болсо да өмүр сүрүү ар бир тирүү жан үчүн парз. Өз жанымды өзүм кыйбайм.