Сенин гезитиң!
№25, 22.07.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Чыр маек

Гүлбүбү Иманалиева:
"Элмирбек мындай майдачыл адам эмес эле..."
Кыргыз элинин колоритине ыктап "Балама", "Жеңелер", "Бозойго" сыяктуу элдик ырларды ийине жеткире ырдаган мукам үндүү ырчы айым Гүлбүбү Иманалиева менен өмүрлүк жары белгилүү төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин ортосун "кара мышык аралады" деген сөздү угуп, Гүлбүбүнүн чыгармачылыгы жана жеке турмушун өз оозунан укмакка кепке тарткан элек.
- Гүлбүбү эже, чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыктар, жаңылануулар болуп жатат?
- Чыгармачылыкка жакындан киришип кызуу иштеп жатам. Учурда жаңы клип жана дуэт ырларды жаздырдым. Кудай буюрса жакынкы күндөрү эл алдына тартууланып калат.
- Кайсы ырыңызга клип тарттырып жатасыз жана кандай өзгөчөлүгү менен айырмаланат?
- Мен негизи эле элдик ырларды аткарып жүрөм. Жакында обону Алымкуловго, сөзү Шакировага таандык "Жеңелер" атту ырга клип тарттырдым. Мында башка клиптерден өзгөчөлүгү кыргыздын каада-салтын камтыган кыздын эс тартып чоңойгондо өрүлгөн беш көкүл чач өрүү жана кыз узатуудагы жеңелердин орду сыяктуу кыска сюжеттер камтылган.
- Чыгармачылыктан сырткары жеке турмушуңуз жөнүндө да айта кетсеңиз, Элмирбек байкенин айрым гезиттерге берген маалыматтары чындыкка жатабы?
- Ал гезитте берилген маалымат чындыкка коошпойт. "Эл оозунда элек жок" дейт эмеспи, ар кандай айтылган кептерди кошуп-ташып жазышыптыр. Берген маалыматы чыккандан кийин Элмирбек өзү да мага байланышып кечирим сурады. Бул жерде мен өзүмдү актагым келбейт. Ошондой болсо да элибизде жакшы сөз бар го, "Ак ийилет бирок, сынбайт" деген, анын сыңарындай чындык бир күнү өзүнөн-өзү ачыкка калкып чыга келет. Элмирбектин ичип кеткенин мен айтпасам деле эл билет экен. Дагы айта кетчү жагдай "Үйлөнгөнүмдө 15те болчумун" дегени да жалган, айта берсем сөздөрүнүн көбү төгүнгө чыгат. Элмирбек мындай майдачыл адам эмес эле, аны мен эч качан жамандыкка ыраа көрбөйм. Мен жалган сөзгө эрегишип чаң салганды жек көрөм.
- Учурда Элмирбек байке менен мамилеңиз жакшы элеби?
- Албетте, Элмирбек экөөбүз сүйлөшүп эле турабыз. Ал тургай кайын-журтума ага караганда мен көп барам. Ортодо эки кызыбыз бар, аларды алып барып кайра алып келип дегендей. Кайын-журтумду ушуга чейин сыйлап келгенмин, дагы эле сыйлай беремин.
- Кыздарыңыз тууралуу айтып калдыңыз, учурда алар кимдин колунда?
- Эки кызым тең мени менен чогуу турушат. Кыз бала ар качан эненин жанында жүрөт эмеспи.
- Кыздарыңыз менен баарлашып көрсөк болобу?
- Албетте.
- Алло саламатсызбы, биз ким менен сүйлөшүп жатабыз?
- Бул мен Сезим.
- Тынчыңды "Обон" гезитинен алып жатабыз, Сезим учурда ким менен турасыңар?
- Апам менен таенемдикинде чогуу турабыз, кыздар апасы менен жашайт да.
- Атаңарга да барып турасыңарбы, дегеле атаңды сагындыңбы?
- Ооба. Атамды жакшы көрөм.
- Кимисин көбүрөөк жакшы көрөсүң?
- Экөөнү тең.
- Гүлбүбү эже, айтсаңыз, "Чымчыктай жүрөккө чынардай сыр батат" эмеспи, буга чейин айтылбай келген сырларыңыз?
- Сыр деле катпайм. Чындыкты ачык эле айтам. Айтылбай келген сырым буга чейин талантымды, баардык нерсемди жыйыштырып коюп, Элмирбектин чыгармачылыгына дем берип, колдоп-коштоп келгеним чындык. Муну ал өзү да жакшы билет.
- "Жакшы аял эрден чыкпайт, эрден чыкса да элден чыкпайт" дейт элибизде, Элмирбек байке менен кайрадан турмуш багытын бирге улантайын деген оюңузда барбы?
Негизи элибизде сөз бар: "Жакшы эрден аял кетпейт". Эгер мен да Элмирбекке атаандашып үйбүлөлүк таарынычтарды айта берсем сөз өтө эле көбөйүп кетет. Мен анчалык ылдый түшкүм келбейт. Үйбүлө маселеси эки адам чечүүчү маселе деп ойлойм.
- Берген маегиңизге чоң ырахмат, ылайым эле жаман көздөн алыс болуп, бакыт кушу тууруңуздарга консун.

Маектешкен Чынара Абдраева




  Ильяс Агыбай уулу, куудул:

"Галкинден мурун төрөлгөм…"
Куйкумдуу курч сөздүн, тамшандырган таланттын ээси, сүт сатуучу чалдын ролун келиштире ойногон белгилүү куудул, пародист Ильяс Агыбай уулунан алынган чакан маекке көңүлүңүздөрдү бурабыз.
Ильяс Агыбай уулу Жалалабат облусунун Чаткал районуна караштуу Каныш-Кыя айылында 1974-жылы март айында туулган. Он бир туугандын кенжеси. Үй-бүлөлүү.
- Биринчи үйбүлөңүз менен кандайча мамилеңиз келишпей калды? Балдарым бар дедиңиз, ушул туурасында айта кетсеңиз?
- Анда мен жаш экенмин, ал да жаш түшүнбөстүктөр болду. Тагдыр жубайым ушундай болгон соң, маңдайга жазганды көрөт экенбиз. Кудайга шүгүр, Кенже менен бактылуу жашап жатам. Балдарым бар, жаман эмес, бир уул, бир кыздын атасымын.
- Сиз көбүнчө чалдардын ролунда жакшы ойнойсуз. Себеби эмнеде же чалдардын мүнөзү жагабы?
- Ооба, мен чалдардын образын аткара берем, ал жаккандан эмес, азыркы турмуштун картинасын чагылдырууга аракет кылабыз.
- Белгилүү адамдарды туурай коюп, эртеси алар нааразы болгон учурлар болду беле?
- Болгон, аны эч кандай жашыруунун кажети жок. Акаевдин учурунда Акаевди туурайм деп бир топ азап тарткам. Муну түшүнгөн адам гана түшүнөт. Мен мисалы Рахман Разыковду, Жамбыл акени, башкасын деле туурай берем, бирок алар дайыма туура кабыл алышат.
- Көчөдөн күйөрмандарыңыз тосуп алып, куудул эмессиңби, бизди күлдүрүп, тамашалап кетчи десе кандай кылат элеңиз?
- Андай учурлар көп болот. Сураган соң, көңүлдөрүн көтөрүүгө аракет кылам.
- Бакиевди же чиновниктердин бирөөсүн тууроо оюңузда барбы? Туурайт белеңиз?
- Пародиянын артынан мен бакыт да таптым, оор абалда да калдым. А балким анча-мынча чачтарым да ошондон агаргандыр (күлүп). Азыр эми адам болгондон кийин туураса болот. Бирок, негедир саясатка аралашкым келбейт.
- Бизде эң жакшы өнүккөн сапат бар, чет элди туурашат, которуп алуу дегенге кандай карайсыз?
- Ооба, андайлар көп, бирок мен Галкинден мурун төрөлгөм. Заманга жаңы нерселерди киргизүү керек экен. Жаңылык киргизүүгө аракеттенем.

Маек курган
Фарида Тукаева