Сенин гезитиң!
№25, 22.07.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Cыр маек

Саламат Садыкова:
"Кыргыз ырлары Испанияда жаңырат"

Ташкындаган талантынын күчү менен табигат берген өнөрүн кастарлап, кыргыздын элдик чыгармаларын күйөрмандарынын жүрөгүнө жеткире ырдап келет. Созолонгон арген үнүн уккан ар бир адам анын өзүн көрбөй туруп эле жазбай тааный алат. Комузду ойногондо, ал ойногон обондун ыргагы өзгөчөлөнүп башкалардыкынан комуз ойноо стили айырмаланып тургансыйт. Мамлекеттик деңгээлде өткөрүлгөн концерттердин эч бири бул ырчынын авазысыз өз көркүнө чыкпаса керек.
Ал тургай эл аралык аренада кыргыз фольклорунун жүзү катары эмгеги сиңип келүүдө. Биз жогортон сөз кылып жаткан инсан КРнын эл артисти, Казакстандын эмгек сиңирген артисти, Мамлекеттик Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты, залкар ырчы
Саламат Садыкова гезитибиздин бүгүнкү коногу.
- Өмүрдүн башаты бактылуу балалык. Анын сыңарындай артыңызга кылчайып, тээ алыста калган балалыгыңыз тууралуу айтып берсеңиз?
- Балалык деген балалык. Адамзаттын төрөлгөндөн баштап балалыгы бирдей эле болот го деп ойлойм. Анткени ата-энең Кудайдан тилеп ат коюп, мээримине бөпөлөп өстүрөт. Ошондой эле мен дагы ата-энемдин арзып көргөн жалгыз туягы, эрке кызымын десем болот. Балалыгым башкалардыкынан бөтөнчө өттү. Айрым адамдар "эмнеге ушундай бийик даражага жетип туруп бала кезиңдеги арманыңды айта бересиң?" дешет. Мен кээ бир адамдарга окшоп кооздоп, бурмалап, мактанып айта албаймын. Анткени тирүүчүлүктө эмнелер гана болбойт экен. Атамдан эрте калдым. Бирок "атаңды көргөн өлбөсүн" дегендей ал кишинин көзүн көргөндөр анын аты Момун экендигин, аябай жакшы киши болгондугун айтышат. Эки жарым жашар мени жакшы көрүп көкүрөгүнө кыса басса-турса эшегине өңөрүп алып жүрчү дешет.
Атам аябай катуу ооруп, биринчилерден болуп Сочиге барып дарыланып, кайра кайтып келе жатканда кызым чоңойгондо тагынат деп деңиз жээгинен маржан мончокторун ала келген экен. Көрсө атам менин келечекте чоң өнөрлүү адам болушумду тилесе керек. Антип айтуумдун жүйөөлүү себептери бар. Бала кезде биздин айылда устакана болоор эле. Атам ошол устаканадан кызым чоңойгондо кагат деп мага арнап ооз комуз алып койгон экен. Мен 4-класста окуп жатканда атамдын Орункүл деген эжеси "Айланайын ушул Момунумдун сага калтырган белеги болчу, эми ушуну сен кагып жүр"-деп ошол ооз комузду бергени эсимде. Бул нерсе мага аябай таасир берип, мектептеги танаписте же үйгө келе жатып жолдун жээгине олтура калып ооз комузду шаңшыта кага берчүмүн. Анан бирге окуган классташтар мени тегеректеп олтуруп калышчу.
Биздин айыл дөңдүн астында кыялай жайгашкан эле. Ошол дөңгө чыгып алып, тоо суусуна үңүлүп, күрпүлдөп-шарпылдаган улуу селдерди тиктээр элек. "Короз кант" (короздун формасында тоңдурулган шекер момпосуй) жегендей табигаттын таттуу канттары болгон тоодон аккан суунун тамчыларынан биригип, ар кандай формада тоңуп калган муздарды кемирчүбүз.
- Балалыгыңыз андан ары кандай уланды?
- Атам өмүрдөн өткөн соң, апамды кийинчерээк башка кишиге турмушка беришиптир. Өгөй атам чабан анан мыкты уста болчу. Бала кезимде дагы бир эстен кетпеген окуя мен бир күнү өтө катуу ооруп, төшөктөн туралбай калдым. Анан өгөй атам мотоциклинин артына учкаштырып козунун сорпосун дарылык үчүн ичиргени тоого алып жөнөдү. Алсыздыгыман баягы кишинин артынан кармап баратып томолонуп түшүп калыптырмын. Бир саатча ыйлап кумга аралашып оонап жатсам кайра келип алып кетти. Үйгө алып барып козунун сорпосун ичирип, апам экөө дарылашты. Жаңылбасам ошондо 9 жашта болсом керек, апамдан айрылган жылдарга жакындап калган экен. Кийин көп узабай 27 жашында 27-сентябрь менин туулган күнүмө оро-пара апам көз жумду. Ошентип мен томолой жетим калып турмуштун бороон-чапкынында, ак менен каранын ортосунда адамдардын боорукерлигин, кайдыгерлигин боюма сиңирип, чыйралып көп күндөрдү ыйлап жүрүп өткөрдүм.
Эсимде, пахта талааларында жүрөөр элем. Бир колумдан китеп түшчү эмес. Негедир китепти жакын сырдашымдай көрүп, жашынып олтуруп алып окуп, кайгылуу жерлери болсо көз жашымды көл кылып ыйлачумун. Бара-бара бой тарта баштадым. Баткендин салты катуу, сыртымдан тон бычып жуучу түшкөндөр болду. Анан айылымда алыс туугандарымдын балдарына беребиз деген сөздөрдү угуп калдым. Ал бала мага жакчу эмес, эмнеге дебейсизби? Алыс болсо да адамга тууган керек. Анын үстүнө туугандарымдын улуусунун үйүнө тартылып көп барчумун. Анан тигилердин үйүндө көп бир тууган, бапыраган чоң үйбүлө болчу. Адам ошондой ызы-чуу, шатыра-шатман жашоого тартылат эмеспи. Анан мен ал үйбүлөнүн кичинекей Камила аттуу кызын "салкын бешикке" салып, өзүмчө толкуп кошуп ырдай берчүмүн. Агам кийин: "Ушундай болооруңду кошуп ырдаган ырларыңдан эле билчүмүн" деп айтып жүрдү. Ал үйгө барганда жанагы мени колукту кылып беребиз деген агам кыялы оор, жаман киши болчу. Бала болсом да баарын билип туйчумун. Дайыма үйүнө кирээрде жаман көзү менен кемсинте, бул жетим кыз эмне келди деп карап калчу. Анан мен тартынып акырын четке барып олтуруп калар элем. Ошол үйдөгү ызы-чуу жашоого тартылып барсам керек, тартынганымдан тамакты жей да алчу эмесмин. Анын ордуна ата-энемдин жоктугун эстеп, алар болгондо мындай болбойт эле деп өкүнчүмүн.
- Сизди чыгармачылыгыңызга байланышкан иш сапар менен Испанияга барат деп уктук?
- Ооба, мага Испаниядан расмий түрдө чакыруу келди. Өмүрүмдө көп жакшы сапарларды көрүп келе жатам, бирок бул өзгөчөсү. Анткени ар бир сапар чыгармачыл адам үчүн дем берет. Анын сыңарындай кубанычым койнума батпай, жан дүйнөм тазарып турган учурум. Бул жолу менин жеке атым аталып, кыргыздын улуттук ырчысы катарында, жалгыз өзүмдүн дараметимди көрсөтөмүн. Ал жакка баруу эл аралык деңгээлде чоң калыстардын элегинен өтөт. Болгондо да Испанияда өтө турган фестиваль ярмаркага мени Кыргызстандан эч ким көрсөткөн жок. Америкадан "Folklore Productions" деген музыкалык компания 2 жыл мурун, дүйнө жүзүндөгү элдик музыкаларды изилдеп жүрүп менин компакт дискимди угушуп, үнүмдү жактырып калган экен. Анан алар дүйнөлүк аренада чеберчилигин көрсөтө турган ырчы катары талапкерлигимди көрсөтүшөт.
Ошолор менин резюмемди Испанияда да өтө турган фестиваль-ярмаркага 600 адамдын ичине кошуп добушка коюшуптур. Анын ичинен 40-50 өкүл гана фестиваль-ярмаркага катышууга жолдомо алышат. Бул жеке менин эмес угармандарымдын, жалпы кыргыз элимдин ийгилиги, жеңиши деп ойлойм. Менин максатым кыргыз фольклорун дүйнөгө даңазалап таанытуу. Учурда 45 мүнөттүк программа түзүп, баш катырып изденүү менен даярдануудамын.
Программада кыргыз эненин ролун көрсөткөн "Алдей" бешик ыры бар. Кыргыз маданиятынын өзөгү болгон нукура фольклорду көрсөтүү максатында "Манас" эпосунан үзүндү даярдап жатам. Элдик классикалык чыгармалардын катарында биздин азыркы композиторлордун жакшы мелодиялуу ырларынан аткарам. Анын ичинде Асанкалый Керимбаевдин "Гүлдөр гүлгө арзуу айтып ачылат" деген ыры бар, өзүмө да аябай жагат. Себеби бул ырдын ыргактары назик, жагымдуу гитара менен ырдай берсе да болот. Оор чыгармалардан К. Тагаевдин "Өмүр кайрыктары" деген философиялык ырын аткарууну чечтим. Убагында бул ыр мага көп ийгиликтерди алып келген. Дагы бир кызыгы дүйнө жүзүндө кездешпеген кошок өнөрүн алып чыгуу планда бар. Мында кыргыздар төрөлгөндө жана өлгөндө да ырдап, сөөктү ызаттап, сыйлап узатабыз деген жанрды көрсөтөм. Кыскасы фольклорубузду татыктуу таанытуу үчүн бардык аракетимди жумшап, изденип жаткан чагым. Буюрса баары жакшы болот деген ойдомун.
- Үйдүн куту, бактылуу эне катары үйбүлөңүз тууралуу да сөз козгосоңуз?
- Аялдын биринчи миссиясы жар, андан кийин эне болуу да. Мына ошол миссияларды жасаган аялдардын катарына киремин. Кудайга шүгүр ак көшөгөнүн артында олтуруп, элдин батасы менен агарып, кайын эне, кайын ата, кайын журт күттүм. Баткен менен Таластын салты жагынан асман менен жердей айырмасы бар. Таласка келип турмуштун чоң мектебинен өттүм.
Бул нерсе менин чыгармачылыгыма чоң таасир берди. Таласка келип комуз ойногонду үйрөндүм. Кундуз, Махабат деген кыздуу болдум. Алардын улуусунан бүгүнкү күндө жээн бар. Көр турмушка баш ийип, бечара болуп калбай кийинчерээк Кудай берген касиетти кастарлашым керек деп, өзүмдүн жеке аялдык турмуштан ала турган ырахаттын баарын кечип туруп чыгармачылыкка баш отум менен кирип, элдик театрда иштеп өнөрүмдү өркүндөттүм.
Чыгармачылыктын айынан жолдошум менен ажырашууга туура келди. Жолдошум жакшы жигит болчу, бирок, бир кемчилиги обу жок кызганчаак эле, ыр дегенди угузба дечү. Бул кызганыч деген нерсе адамды көп нерседен аксатып коёт экен да. Жолдошум тайкыраак, кыска ойлонуп "жок дегенде жок" деп туруп алды. Анан мен да жок болсо жок деп тобокелге салып чыгармачылыкка жалгыз өзүм аттандым. Бүгүнкү күндө кыздарым атасы менен катташып турушат. Экөөбүз азыр бири-бирибизди көргөндө эски тааныштардай учурашып коёбуз.
- Аялзаты үчүн карьера биринчи орундабы же үйбүлөбү?
- Аял, эркек деп бөлүүнүн өзү туура эмес. Бүгүнкү күндөгү турмуштун боткосун бышырып жаткан аялдар. Мындай айтканда жамачыны жамап аткандар да аялдар. Өзгөчө биздин чыгыштын аялдары акыл жагынан кем эмес. Кыргыздын кыздары акылгөй, бекер жеринен Курманжан датка, Каныкей, Айчүрөктөр жаралган эмес. Булардын баары турмушта болгон үчүн айтылып келет. Гендердик саясат жөнүндө туура суроо бердиңиз. Аялдардын ролу коомдо өтө зарыл. Анткени аялзатынын сүйүүсү дагы, сыйы дагы элине-жерине туруктуу болот.
- Өзүңүздү бактылуумун деп ойлойсузбу?
- Бакыт дегенди адам ар кандай түшүнөт. Өмүрдүн ырахаты кайда экенин билбей чабылып-чарпылып, урунуп-беринип өтөт. Турмуштан мен чыгармачыл аял катары ырдасам ырдай, ыйласам ыйлай алам. Күлсөм абайлап күлөм, кубанган күндөрүм балким аздыр, бирок өзүмдү элимди кубантканга аракет кылып жүргөн кыргыздын бир идиректүү, зирек, сезимтал, назик кыздарынын катарындамын деп ойлоймун. Демек, мен бактылуумун.
- Дүйнөгө кайрадан жаралсаңыз кандай адам болоор элеңиз?
- Сократ сыяктуу өлбөстүктү тургуза алган, дагы эле болсо акыл менен турмушта күн кечирген карапайым адам болмокмун.
- Арзуу, махабат темасында эмне айта аласыз?
- Сүйүүнүн кубанычынан өкүнүчү көп. Сүйүү бар. Бирок, кээде аягы өкүнүч-кайгыга толгон ызалуу көз жашка айланган күчтүү сезим.
Айпери Абдасбекова
P.S. Саламат эже менен баарлашып олтуруп өз кесибинин мыкты чебери экендигин байкадым. Анткени кыргыз искусствосу бүгүнкү күндө эжедей таланттарга таңсыктыгы жашыруун эмес. Эмне демекчибиз, Саламат эже, ак жол сизге.