Сенин гезитиң!
№25, 22.07.08-ж. Кыргыз гезиттер
Аликбектин ар-намысы канча сом?
"Акыйкат үчүн" коомдук бирикмесинин лидери Аликбек Жекшенкулов "Агым" гезитин ар-намысына доо кетиргендиги үчүн сотко берген эле.
Аликбек мырза өзүнүн ар-намысын 2 млн. долларга бааласа, сот 25 миң сомго түшүрүп таштаптыр. Ал эми, доого негиз болгон "Джек потрошитель" макаласынын автору Касымбек Жумагуловдун ким экенин тактай албай жатышат. Ошентип, "Агым" гезити аталган макалага төгүндөө жарыялоо менен бирге, Аликбек мырзадан кечирим сурап, 25 миң сом айып төлөмөй болду. Мурдагы Кыргызстандын ОБСЭдеги өкүлү, экс-министрдин ар-намысы канча экени билинди.

Түп жана Аламүдүн райондорунун акимдери алмашты
Президент Курманбек Бакиевдин 19-июлдагы буйругу менен Өмүрбек Шаршеналиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун акиминин кызматынан бошотулду. Өлкө башчысынын башка буйругуна ылайык Саматбек Керимкулов мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Ысык-Көл облусунун Түп районунун акими болуп дайындалды. Ал эми Темирлан Биримкулов Чүй облусунун Аламүдүн районунун акими болуп дайындалды. Белгилей кетчү нерсе, өкмөт башчысы Игорь Чудиновдун буйругуна ылайык Ыбрайым Жолдошев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Ысык-Көл облусунун Түп районунун акиминин биринчи орун басары кызматынан бошотулду.

Чолпон-Aтада "Оймо" эл аралык көргөзмө болот
Көргөзмө 26-июлда башталып, 31-июлга чейин созулат. Ага Орто Азия өлкөлөрүнөн келген кол өнөрчүлөр, чеберлер өздөрүнүн буюм-тайымдары менен катышат. Көргөзмө 26-июлда Бишкекте ачылып, 27-июлда Чолпоната шаарында уланат. Үч жылдан бери өткөрүлүп келаткан бул фестиваль Маданият жана маалымат министрлигинин "Маданий 100 долбоор" программасынын алкагында уюштурулууда.

Ысыккөлдө сел жүрдү
Ысыккөлдөгү Чоңсарыой, Булан сөгөттү, Корумду, Өрнөк айылында катуу жааган жаандан улам сел жүрүп, ондон ашуун үйдү суу каптап, бир нече картошка аянттарын жууп кеткен. Учурда кыян суу келтирген чыгымдардын көлөмү эсептелүүдө.

Адам да сатылабы?
Өлкөдө адам сатуу боюнча 15 факт катталган. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда адам сатуу боюнча Бишкекте 3, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 7, Ош облусунда 2, Жалалабат облусунда 1 факт катталган. Ал эми алты айда мыйзамсыз миграция боюнча 41 факт катталып, 265 чет элдик жаран өлкө аймагынан чыгарылган.

МАИчилерди ким өлтүрдү?
Ош шаарындагы төрт адамдын өлтүрүлүшү боюнча кылмыштын бетин ачуу аракеттери көрүлүүдө.Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Жеңиш Жакыповдун айтымында, тез арада бул кылмыштын бетин ачуу үчүн учурда ички иштер министри Молдомуса Конгантиев өзү Ош шаарында жүрөт. "Ош облустук ички иштер башкармалыгынан башка ИИМдин иликтөө тобу, Жалалабат, Баткен облустарынын милиция кызматкерлери дагы иликтөө иштерине тартылды",-дейт Жакыпов.17-июлда Ош шаарында ОМАИнин эки кызматкерин, "Тико" автоунаасынын айдоочусун жана нарколог-дарыгерди белгисиз адамдар башка атып өлтүрүшкөн.

Бирдиктүү формага өтөбүз
Мектеп окуучуларына бирдиктүү форма киргизүү боюнча кайчы пикир жаратып келген сунушка чекит коюлду.
Эми 1-4-класстын окуучулары санитардык нормага жана замандын талабына жооп бере турган форма киймек болушту.
Кыздар үчүн жайында кийүүчү жеңил форма менен катар кышкы костюм (төш чөнтөгүндө өлкөнүн желегинин сүрөтү түшүрүлгөн), шым, ал эми балдар үчүн деле ушул түстөгү костюм, шым, жилеткасы менен даярдалган.
Бул форманын баасы 1200 сом. Башталгыч класстар кийген бул кийимди эмдиги жылдан баштап жогорку класстын окуучулары да кийишет.

Керим менен "Камбаркан"
Кытайда концерт коюшту
Пекинде белгилүү ырчы К.Турапов өнөрүн, ошондой эле "Камбаркан" фольклордук тобу кыргыздын элдик күүлөрүн жогорку чеберчиликте тартуулашты. Кытайдагы Олимпиада оюндарын утурлай өткөрүлүп жаткан бул иш-чарага А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын жана "Камбаркан" фольклордук тобунун артисттери катышууда. Маданият жана маалымат министрлигинин маалымдашынча, Шанхай Кызматташтык уюмуна (ШКУ)мүчө мамлекеттердин маданий кечеси 16-июлда башталган иш-чара 23-июлга чейин уланат.

Канча адам пара алган?
2007-жылы кызматтык кылмыш кылгандар боюнча 1001 кылмыш иши козголсо, быйыл алардын саны 523кө жеткен. Быйыл алты айда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган 109 кызматкер, пара алып 66 кызматкер кармалган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Нарында бруцеллез менен ооруган балдардын саны өсүүдө
Нарын облусунда өткөн жылы бруцеллез дартына 15 жашка чейинки 113 бала катталса, быйылкы алты айда 60 бала бул оору менен ооруп калышкан. Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси Кыял Мамбеталиев бруцеллез оорусуна кабылгандар негизинен айылдык балдар экенин билдирет. Анын айтымында, оорунун 80 % кой, эчкилерден жугат. Дарттын жайылышынын экинчи жагдайы облуста дарыгерлердин жетишсиздиги болуп саналууда. Жаш врачтардын депозити программасы боюнча былтыркы жылы облустун айыл-кыштактарына 12 врач иштөөгө келсе, быйыл бир гана врач келиптир.




  Дүйнө дүбүрт

Ангела Меркелдин самолету зыян тартты
Ангела Меркелдин Алжирден учуп кетишине 15 мүнөт калганда бундесканцлердин самолетуна аны менен Меркель бортко көтөрүлүп чыгууга тийиш болгон трап келип урунган. Урунуу ушунчалык күчтүү болгондуктан кабинадагы экипажды катуу солкулдаткан, ал эми самолеттун кабыгы зыянга учураган, ал 30 сантиметрге жакын узундукта айрылып кеткен.

АКШ Ооганстанга жардам берет
АКШ өкмөтү Ооганстандын саламаттыкты сактоо тармагына 218 миллион доллар жардам берет. Жардам 5 жылдын ичинде Ооган өкмөтү аркылуу берилмекчи. Ооганстандын саламаттыкты сактоо жана каржы министрликтери сөз болгон каражатты өзү билгендей жумшайт. Парижде өткөн донорлордун конференциясында ооган жетекчилери жардамдын ири бөлүгү чет өлкөлүк фирмалар же бейкөмөт уюмдар аркылуу берилип, жергиликтүү мекемелердин финансылык мүмкүнчүлүктөрү өнүкпөй жатат деп арызданышкан. Айрым донор-мамлекеттер болсо Ооганстандагы коррупциядан чочулап, тикелей жардам берүүнү жакташпайт.

Ооганстанда дале тополоң
Ооганстанда аба соккусунан кеминде 8 тургун набыт болду. Фарах чөлкөмүндө орун алган окуядан 2 киши жарат алды. Коалициянын патрулу жолдун боюндагы турак жайдан аткылоого алынгандан кийин, имаратка абадан сокку урулган, - деп ырасташат АКШ жетектеген эл аралык күчтөрдүн өкүлдөрү. Улуттар уюмунун жакында өткөргөн иликтөөсүнө ылайык, быйыл Ооганстанда ар кандай кармаштар учурунда 700дөй бейкүнөө адам каза тапты.

Экспонаттарды уурдашкан
Орусиянын музейлеринде 50 миңге жакын экспонат жоголгон. Бул тууралуу Музейлерди текшерүү боюнча өкмөттүк комиссиянын жыйынтыгында айтылат. Комиссия бир миң алты жүз музейди текшерип чыгып, анын жарымынан көбүндө экспонаттар уурдалганын маалымдады. Өкмөттүк комиссия 2006-жылы Санкт-Петербургдагы Эрмитажда 200 экспонат жоголгону аныкталгандан кийин түзүлгөн.

Кувейт Иракка элчисин жиберет
Кувейт 1990-жылдан бери биринчи жолу Иракка өз элчисин жиберүү чечимин кабыл алды. Саддам Хуссейндин жетекчилиги учурунда Ирак Кувейтти окуппациялагандан кийин Кувейт Багдадда өз өкүлчүлүгүн жабууга мажбур болгон эле. Кабарларга ылайык, Кувейттин Ирактагы жаңы элчиси болуп армиянын башкы штабынын мурдагы жетекчиси Али ал-Момен дайындалды. АКШ араб өлкөлөрүнүн жетекчилерине кайрылып, Багдадда элчиликтерин ачууга үндөгөн. Жакында эле Иракта өз элчиликтеринин ишин кайрадан жандандырарын Иордания жана Бириккен Араб Эмираттары билдирген болчу.

Усама бен Ладендин жансакчысынын соту болот
Гуантанамодогу абакта кармалган Йемендин жараны Салим Ахмед Хамдандын үстүнөн сот болот. Террорчулук жасаган деген шек менен абакта отурган Ахмед Хамдан - Усама бен Ладендин жансакчысы болгону маалым. Бул - Гуантанамодо колго түшкөндөргө карата террорчулук аракеттерди көрдү деп айыпталып жаткандардын үстүнөн алгачкы сот болот.

Германиянын тышкы иштер министри кайда барат?
Германиянын тышкы иштер министринин Франк-Валтер Штайнмайердин бул сапары менен грузин-абхаз чатагын жөнгө салуу аракетин көрүүдө. Министр Штайнмайер Тбилиси менен Сухумини тил табышып, диалог баштоого, зордук-зомбулуктан баш тартууга үндөдү. Өз кезегинде Абхазиянын тышкы иштер министри Сергей Шамба Грузия талаштуу деп эсептелген Кодори капчыгайынан аскерин чыгарып кетүүгө тийиш экенин айтты. Өз сөзүндө министр Шамба 1990-жылдары Абхазиядан качып кетүүгө мажбур болгон 25 миң этникалык грузиндердин кайтып келүүсүнө макулдугун берээрин кошумчалады.

Даярдаган Калыбай СУЛТАНГАЗЫ