Сенин гезитиң!
№25, 22.07.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Кумир менен баарлашуу

Эстрада ырчылары Талант , Самат Кадыровдор:
"Сулуулардын көпчүлүгү кыска ойлуу келишет"
"Кумир менен баарлашуу" аттуу рубрикабыздын бу жолку мейманы бүгүнкү күндө ыр ышкыбоздорунун арасында популярдуу болуп жаткан "Эх жаным", "Сүйүү арманы", "Садага" аттуу ырларды аткарып келаткан белгилүү ырчы Алтымыш Кадыровдун балдарынын курамынан түзүлгөн "60 К" тобунун мырзалары Талант менен Самат Кадыровдор болмокчу.

Жазгүл
- Самат, биринчиден сенин өтүп кеткен туулган күнүң менен куттуктайм. Ылайым эле өмүрлүү бол. Сага суроом: Сахнага өз каалооң менен эле ырдап чыгып жатасыңбы же атаңдын атын өчүрбөш үчүнбү?
- Чоң рахмат. Мен сахнага эки максат менен чыктым. Биринчиси көөдөнүмдө оргуштап жаткан көрөңгөнү көмүскөдө калтырбай жарыкка алып чыгуу, башкача айтканда жаратканымдан берилген талантты өчүрбөш үчүн. Экинчиси өзүңүз айткандай ата жолун улап, маркум атамдын арбагын ыраазы кылуу. Атам жетпеген максаттарга биз жетип, атам ойлогон иштерди биз аткарсак деп аракет кылып жатабыз.
- Атаң каза болгондо сен канча жашта элең. Дегеле ал кишинин кайсы элеси көз алдыңда калды?
- Мен анда 15 жашта болчумун. Атамдын жумшак колдору менен башымдан сылап жылмайып күлүп турганы азыркыга чейин жадымда турат. Атамдын ак костюм-шымын, ак туфлисин, аккордеонун көргөндө атамдын кадимкидей ырдап жаткан жайдары элеси көз алдыма тартыла түшөт.
- Түшүңө киреби?
- Ооба. Аябай сүйүнгөнүмдө же кыйналганымда тирүү кезиндегидей күлүмсүрөп жаныма келип, балдарым азаматсыңар деп ыраазычылыгын билдирет.

Мээрим
- Талант байке, "60 К" деп тобуңардын атын кимдин идеясы аркылуу койдуңар?
- Мурдатан эле атамдын атынан бир топ ачсамбы деп ойлонуп жүргөм. Кийин Бекбол, Шайыр деген досторумдун кеңеши менен "60 К" деп атадык. "60" дегенибиз атабыздын атын сан менен атап койгонубуз, ал эми "К" Кадыровдор дегенди билдирет.
- Самат, экөөңүздөр сырткы келбетиңерге караганда бир туугандай көрүнбөйсүздөр. Анан да кайсы бир гезиттен бир туугандар эмес деп окудум. Мунун чын-төгүнүн өзүңүздөн уксак?
- УТРКнын түнкү каналында ушак программасы бар эмеспи. Бул ошондон чыккан ушак сөз. Негизи Самат экөөбүз бир энеден, бир атадан туулган чыныгы бир туугандарбыз.
- Бир туугандар арасында да пикир келишпестиктер болсо керек?
- Албетте, бул табигый көрүнүш. Самат экөөбүз көңүл калышканча урушпасак да анча-мынча өйдө-ылдыйлар болот.
- Алтымыш Кадыровдун 3 аялы болгон деп угабыз. Сурайын дегеним башка бир туугандарыңыздар менен да катташып турасыздарбы?
- Аталаш 5 бир тууганбыз. Улуу эжебиз казак жигитке турмушка чыгып, Казакстанда жашайт. Улуу агабыз үйбүлөөсү менен Россияда турушат. Ал эми Саматтан кичүү Канат деген инибиз Бишкекте жашайт. Бардыгыбыз бири-бирибизден кабар алышып, катташып турабыз. Сенин апаң башка, менин апам башка деген бизде жок.
- Өзүңүзгө жакпаган адатка айланган сапатыңыз кайсыл?
- Бүгүн бүтүрө турган ишти эртеңкиге калтырган жалкоолугумдун, анан да чечкен кийимимди чечкен жерде калтырган ышкоолугумдун айынан көп азап тартам.

Жибек
- Акыркы жолу качан маршруткага түштүңөр эле?
Самат: - Мен маршруткага көп эле түшүп жүрөм. Анын эмне уяты бар экен. Мага караганда Талант көбүнчө такси менен же болбосо досторунун машинеси менен жүрөт.
- Таптакыр акчаңар жок калган күнүңөр болду беле?
Талант: - Мындай жагдай ар бир адам баласынын башынан өтөт болуш керек. Анын сыңарындай биз деле ушундай учурларга кабылабыз. Элдин арты эмес, элдин алды эмес, элдин ортосу болуп эле эл катары жашайбыз.
- Сулуулукка кимдер гана суктанбайт. Сулуу кыздарды көргөндө бир тамшанып алаттырсыңар?
Талант: - Чынын айтсам, мен сулуу, татынакай кыздарга көп кызыга бербейм. "Сулуу аял сеники эмес" деген сөз мага аябай таасир бергендиктенби, айтор психологиялык жактан өзүмдү ушинтип тарбиялап алгам. Андыктан алдымдан сулуу кыз өтсө карабай деле өтүп кеткенге кудуретим жетет.
Самат: - Талант акем айткандай арканды узун таштаган сулуу болсо гана. Азыркы сулуулардын көпчүлүгү кыска ойлуу келип, татынакай, чырай жүздүү келбетине көө сүйкөп алып жатышат. Анан ошондой кыздардан эркектер деле качабыз да. Мен муну менен бардык кыздардын намысына тийгим келбейт. Арабызда төгөрөгү төп келген ыймандуу, акыл-эстүү сулуу кыздарыбыз да жок эмес.
- Самат катуу тийсе кечирип кой, сен бир көргөн адамга кыздарга жакындай сезилет экенсиң?
- Туура. Бул айтканыңызда да чындык бар. Кыргыздын "Бала болсоң шок бол, шок болбосоң жок бол" деген жакшы сөзү бар. Андыктан эркек болгондон кийин кандайдыр бир деңгээлде кыздарга көз салып туруш керек да.

Салия
- Кыз талашып балдар менен мушташкан күндөрүңөр болгонбу?
Талант: - 2-класста окуп жүргөнүмдө Перизат, Нурзат деген эки кызды жакшы көрчүмүн. Бир күнү Бекзат деген досум Перизатты тартып алып, ошонун айынан мурдубуз канап, кийимибиз жыртылганча мушташканбыз.
Самат: - Мындай учур менин жашоомдо да болгон. 3-классымда Амантур деген досум 1-атаман, мен 2-атаман элем. Анан өзүм менен чогуу окуган бир кызды жакшы көрүп, көзүмдүн карегиндей кастарлап карачу элем. Жанына бирөөнү жолото койчу эмесмин. Күндөрдүн биринде ойдо жок жерден ошол Амантур атамандыгына салып күч менен тиги кызды тартып алды. Андан кайрып алалбасымды билген соң жок дегенде өчүмдү алайын деп таяк жегениме да ыраазы болуп, күчүмдүн жетишинче салгылашканым эсимде.
- Чыгармачыл адамдар сезимтал, өтө эле кыялкеч келишет го. Силер эмне жөнүндө кыялданасыңар?
Талант: - Кайдан-жайдан көбүрөөк акча таап алып, жардамга муктаж адамдарга көмөк көрсөтүп батасын алсам дейм. Негизи ой күлүк да. Кыялым менен барбаган жерим, жасабаган жумушум калбайт, баарына жетишип, баарын аткаргым келет.
Самат: - Сыйкырчы болуп, ким эмнени кааласа орундатып берсем деп кыялданам. Чын эле ошондой болуп калса биринчи кезекти эмнеден баштасам деп өзүмчө эле башымды катыра бермей адатым бар.
Жазгүл - Шаар жеринде коркутуп үркүткөндөр көп эле кездешет. Силер да ушундай учурга кабылган жоксуңарбы?
Талант - Мындан 1,5 жыл мурда кафеде иштеп жүргөн кезимде бейтааныш бирөөлөр келип бир жерде той бар эле деп заказ кылып алып кетишип, Бишкектин четиндеги ээн талаага алып барышып акчамды, чөнтөк телефонумду алып, үстүмдөгү кийимимди чечип жолго салышкан. Ошондо тонолгонума да ыраазы болуп аман калганыма сүйүнгөм.
- Гастролдогу кызыктуу окуяларыңыздардан айтып бербейсиздерби?
Самат: - Бир жолу Ошко гастролго барып, бир мейманканага түнөп калдык. Продюссерибиз Назгүл эже Талант экөөбүздү уктатып туруп эшикти бекитип, базарга кетип калыптыр. Бир мезгилде ажаатканага барайын десем эле эшик жабык. Эженин соткасына чалсам албайт. Эмне кылаарымды билбей бир бөлмөдө өзүмдү алаксытып ары-бери чуркайм. Ага да болбой күчөгөндөн күчөп баратат. Шоктук кылып терезеден секирип түшөйүн десем 1-кабаты кафе экен. Кафенин терезесин сындырып аламбы деп корктум. Акыры шаштым кетип, алапайымды таппай баратканда эшикти даңкылдатып баштадым. Анан кошуна бөлмөдөгү жигит келип запастагы ачкыч менен бир саат дегенде эшикти ачты эле эч нерсеге карабай чуркап кеттим. Ошондо аз жерден Талант акемдин алдында уят болуп кала жаздагам.
Мээрим: - Азыр продюсериңер менен эмнеге иштешпей калдыңар?
- Назгүл эженин жумуштарынын көптүгүнө байланыштуу өз алдыбызча иштегенге туура келди.
Даярдаган Ж. Бороева