Сенин гезитиң!
№24, 15.07.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Күттүргөн Кумир

Мындан үч жума мурун "Кумир менен баарлашуу" аттуу рубрикабызга конокко чакырылган ырчы Замир Арыкбаев 27-июнда саат 15-00гө күйөрмандарын чакырып, келем деп убада берип алып өзү айткандай "Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет"- болуп белгилүү себептерден улам ошол күндөрү келалбай калган. Жакшылыктын эрте-кечи жок дегендей Замир мырза кече күнү редакциябызга келип, кечирим сурап, көптөн күткөн күйөрмандарына жолугуп, пикир алышты.

Замир Арыкбаев:
"Сахнада сак болуш керек"
Идаят
- Замир, көлдүн кулуну болгондон кийин сууда жакшы сүзсөң керек?
- Сууда сүзүүнү 2-классымдан тартып үйрөнө баштагам. Андыктан каалагандай чабак уралам десем болот. Бирок, аябай алыс кеталбайм.
- УТРКнын "Баракелде" берүүсүндө 1-2 жолу алып баруучу болуп жүрдүң эле. Кийинки кезде көрүнбөй калдың го?...
- Негизи ал берүүгө алып баруучу болом деген деле оюмда жок болчу. Белгилүү режиссёр Сагын Ниязалиева эженин сунушу менен "кастингге" катышып, кокусунан эле өтүп кеттим. Анан биринчи көрсөтүүгө барсам элдин арасынан пикир жыйноого алып баруучу кылып койду. Чынын айтсам мага ал жер жаккан жок. Ошон үчүн өзүмдү кыйнабайын деп экинчи көрсөтүүсүндө эле алып баруучулуктан баш тарттым.
- Эмнеге, кыйын бекен?
- "Чымчыкты сойсо да касапчы сойсун" дегендей ар ким алган билиминин негизинде өз кесиби менен эле иштегени оң экен. Кыскасы миңдеген элдин алдында сүрдөбөгөн телеге барганда камера алдында кадимкидей сүрдөп, толкундандым. Экинчиден алып баруучу болуш үчүн сөз байлыгың көп болуш керек тура. Ушул жагына келгенде сүйлөө речинен бир аз кыйналдым.
- Маданият министрлиги тарабынан силерге көмөк көрсөтүлүп турабы?
- Сахнага чыкканыма Кудай буюрса быйыл алты жылдын жүзү болот. Ушул аралыкта маданият министрлигинен жардам сурап барган да жокмун жана алар өздөрү билип эч кандай көмөк көрсөткөн да жок.

Жамал
- Замир байке, мен сиздин чыгармачылыгыңызды баалайм. Ушул калыбыңыздан жазбаңыз.
- Рахмат карындашым.
- Сизге суроом: Эгер эшигиңизди такылдатып бир учурда атак-даңк, байлык, сүйүү келсе кайсынысын тандамаксыз?
- Мм… байлык, сүйүү, атак-даңк үчөөнүнбү… албетте сүйүүнү тандамакмын. Анткени, сезимиңде сүйүү орноп, жан дүйнөң азыктанып турса калганы өзү келет. Анан да чыгармачыл адамдарда жан дүйнө байлыгы болбосо ырчы, актёр, журналист боло албайт. Ошондуктан мен үчүн сүйүү биринчи орунда турат.
- Сүйүү демекчи, буга чейин биздин тарыхыбызда Олжобай менен Кишимжан, Раймалы менен Бегимай өңдүү сүйүүнүн ыйыктыгын даңазалаган инсандар өткөн. Акыркы кезде ушундай чыныгы сүйүү жоголуп бараткандай… Буга сиздин оюңуз?
- Канга сиңген сүйүү эч качан жоголбойт. Сиз белгилеген улуу инсандар даңазалаган сүйүү бүгүнкү күндө да жашап келет. Буга мисал катары жакында сүйүү үчүн курман болгон Канат менен Заринаны айтсак болот. Ачыкка чыгып билинбегени менен эл арасында канчалаган жаштар сүйүүнүн азабынан терезеден секирип, сууга боюн таштап, өз жанын өздөрү кыйып жатат. Ошондуктан биздин заманда да күчтүү сүйүү бар деп ойлойм. Ошону менен катар алданма, жасалма сүйүүлөр да жок эмес.
- Жубайыңызды капалантып алганда таарынычын кантип жазасыз?
- Экөөбүз бири-бирибизге таарынсак ажылдашып урушпастан дулдуюп көпкө чейин сүйлөшпөй коёбуз. Ал эми күнөө менден кете турган болсо кечирим сурайм, ага да болбосо алдына отуруп алып өткөн-кеткенди айтып күлдүрүп таарынычын жазам.
- "Колумдагы жүрөгүм" деген ырыңыз кандайча жаралды?
- Бул ыр менин өз калемиме таандык. Негизи ырдын жаралышына көп себептер болот. Кээде керт башымдан өткөн окуянын негизинде жазсаң айрым учурда бирөөнүн образына кирип, кыялданып жазасың. Аталган ырды да окуучулук учурга кайрылып, ошол кездеги бир окуяны элестетип жазгам. Учурдан пайдаланып бир нерсени айтып коюшум керек. "Колумдагы жүрөгүм" -деген негизи тамашалуу ыр. Маанилештирип караганда жүрөгүңдү кантип колуңа кармамак элең.

Жылдыз
- Чыгармачылыгыңызды мындан ары улантайын дейсизби же өз кесибиңиз боюнча кетесизби?
- Кээде өзүмдүн кесибим менен эле иштесемби деп ойлонуп кетем. Бирок, ырдабай кантип жүрөм. Ооруп калсамчы. Ыр дагы өзүнчө эле бир дарт. Канткен күндө да бүгүн эле мындай кылам деп айтуу кыйын. Алла-Таала эмнени буйрук кылса ошону көрөбүз да.
- Сизди жаш ырчылардын концертинен көп көрбөйбүз. Мунун себеби эмнеде?
- Мунун жашыруун себеби деле жок. Болгону алар мени чакырышпайт. Анан өзүм барып деле ырдайын дебейм.
- Күнүмдүк керектелүүчү кийимдерди кайдан сатып аласыз?
- Ырчылардын бир магазини бар. Атын айтпай эле коёюн. Ошол жактан сатып алабыз?
- "Жинди сууга" кандайсыз?
- Ансыз жашай албайм да, (тамаша). Даамын билем, бирок, артынан кууп ичкен эмесмин.
- Сахнадагы кызыктуу окуялардан айтып бербейсизби?
- (Ойлонуп…) Чынын айтсам менде анчалык кызыктуу окуя деле болбоптур. Сахнага чыкканда элге күлкү болбоюн деп ар дайым сак болуп турам.
- Саясатка кызыгасызбы?
- Кызыгам, бирок ал менин жумушум эмес. Аралашкым да келбейт.
- Кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөндөгү сүйүү менен үйлөнгөндөн кийинки сүйүүнүн айырмасы болот бекен?
- Мурда бири-бирибизди кандай сыйласак азыр деле ошондойбуз. Болгону, сүйлөшүп жүргөндө ушул кыз мага буюрат бекен, көңүлүн калтырып албасам экен деген суроолор менен арсар болуп жүрсөң, үйлөнгөндө кийин өзүңдүкү болуп жогорудагыдай жоопсуз суроолордон кутуласың. Бул бир, экинчи айырмасы баш кошконго чейин эки жаштын ортосунда бир гана сүйүү жөнүндө сөз болуп, бирге болсом деген эле максат болот. Ал эми үйлөнгөндөн кийин турмуш деп калат экенсиң, башкача айтканда дагы башка максат үчүн умтуласың. Лира экөөбүз кээде сүйлөшүп отуруп кыз-жигиттик доорду эстеп сагынабыз.
- Кызыңыздын атын Акбермет деп ким койгон?
- Кызымдын аты азыркы тил менен айтканда "Кастинг" аркылуу тандалды. Туугандар чогулуп, ар ким өзү каалаган атты кагазга жазып таштап, акырында колума тийген кагаздагы ат Акбермет болуп чыкты. Кызыгы, айланып келип эле өзүмдүн жазган атым болуп атпайбы. Ошондон улам сунушталган 17 ысымдын ичинен Акбермет деген атты жүрөгүмө жакын тутуп, тун кызымдын атын Акбермет атадым.

Маектеш жөнүндө маалымат
Замир Арыкбаев 1981-жылы Ысыккөл облусунун Тоң районунун Ак-Өлөң айылында туулган. Беш бир туугандын ортончусу. КГУСТАнын транспорт бөлүмүн бүтүргөн. Учурда Улуттук консерваториянын студенти, үйбүлөлүү, бир кыздын атасы, келинчеги Лира, кесиби бухгалтер.

Ж.Калдарова