Сенин гезитиң!
№24, 15.07.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Дарамет

Бекчоро:
"Мен ар дайым жерде жүргүм келет"
Жакынкы аралыктан бери "Мен үчүн белең", "Кыргыз кыздар", "Сезим" аттуу ырлары менен кыздардын жүрөгүнө от жандырып, сахна дүйнөсүн аралап калган жаш ырчы Бекчоро, бүгүн бизге кызыктуу маек куруп берди.

- "Балалыкка кетким келет, апаке" деп Сыймык Бейшекеев ырдагандай, сен да алтын балалык кезиңе бизди алып барып келсең?
- Мен Тогуз-Торо районунун Казарман айылында төрөлүп, ошол жерде балалыгымдын алтын издери калган. Албетте, бала кезине кимдер гана баргысы келбесин. Сегиз бир тууганмын. Өтө шок, тентектигим менен байке-инилеримден айырмаланып турчумун.
- Демек, тентектигиң менен далай кыздар, балдардын сазайын колуна бериптирсиң да?
- Туура. Бир окуяны айтып берейин. Бала кезимден баштап мен алманы жакшы көрөм. Мени менен чогуу ойноп, дос болуп жүргөн кошуна баланын үйүндө алма багы көп болчу. Алма сурасам экини же үчтү берип койчу. Ушунча көп алмасын менден аяйт деп жиним келип, жарык өчкөн маалда досторум менен ууруга кирмей болдук. "Сенин кошунаң, сен кир" болуп жатып короосуна кирдим. Алма бактын башына чыгып алып тере баштасам, ары жактан досум итин алдырып, жаныма чуркап келди. Көзгө сайса көрүнгүс караңгы болгондуктан ал мени тааныбай, "Эй ким бул, түш деп жатам. Азыр атамды чакырам" деп узун таяк менен бутумду улам-улам ургулап коёт. Мен болсо өзүмдүн алмамды терип жаткансып камырабай, "эй Рустам мен эле Бекчоро, эмне болду сага?" дегеним эч эсимден кетпейт. Балдар менен чогулуп отуруп калганда ушул жоругумду айтып күлүп калабыз.
- Тукумуңарда ырчы же чыгармачыл адамдар барбы, кандайча чоң сахнага ырдап калдың?
-Тукумубузда чыгармачылыкка жакын адам жок. Негизи мен айылда жүргөндө эле гитара чертип, досторума ырдап берчүмүн. Көбүнчө мени "гитарист Бекчоро" деп билишчү. Байкемдин Эсен деген досу менин гитара чертип ырдаганымды жактырып, "кафелерге музыкант болуп иштебейсиңби?" деп сунуштап калды. Кийин Рустам аттуу опера ырчысы менен таанышып, анын колдоосунун негизинде ырдоонун сырларын, эрежелерин үйрөндүм.
- Музыка жаатында алган билимиң барбы, кайсы ырчылардын талантын баалайсың?
- Улуттук филармониянын эки жылдык эстрадалык-вокал бөлүмүн аяктагам. Анарбек Ибраевдин колунан сабак алганыма сыймыктанам. Эстраданын көзүрлөрү: Актан Исабаев жана Гүлнур Сатылганованын талантын баалап, аларга таасирленип келем.
- Продюсер менен иштешкен ырчылардын катарын толуктайсың, ортоңордо кагаз түрүндө келишим түзүлдү беле?
- Продюсерим менен иштешип жатканыма бир жыл болду.Семетей экөөбүз буга чейин жакын достордон элек. Бир чети бири-бирибизди колдоо ирээтинде ушундай чечимге келгенбиз. Ортобузда эч кандай кагаз жүзүндө келишим жок. Себеби, Семетей мага, мен ага ишенем.
- Эки, үч жылдын аралыгында өчүп калам деп коркпойсуңбу?
- "Жаман айтпай жакшы жок" дегендей, муну да ойлоно жүрүш керек. Бирок, талантты багып аракет менен эмгектенсең, кудай мындай өчүп калуудан сактайт деп ойлойм. Азыркы тапта эстрадага жаңылык катары, жаңыча ырлардын жана өзгөчө стилдин үстүндө иштеп жатабыз.
- Репертуарыңда канча ыр бар? Ырларыңды өзүң жазасыңбы?
- Өзүмдүн калемиме "Мен үчүн белең", "Сезим", "Кыргыз кыздар" таандык. Репертуарымда алты ыр бар. Жетинчи ырымдын үстүндө иштеп жатам. Клиптер тууралуу айта кетсем, "Мен үчүн белең" ырыма клип тартылган. Жакында да бир ырыма клип тарттырганы аракет кылып жатабыз. Буйурса кыргызымдын сулуу кыздарына кастинг жарыяланат.
- Кыздар жөнүндө сурагым келип жатат. Жүрөгүңдүн ээси барбы, кандай кыздарды жактырасың?
- (күлүп) Мага жаккан бийкечке жолуккам. Негизи, кыргыздын ыймандуу, акылдуу, өзүнө тыкан кыздарын жактырам.
- Жашооңо кандай из калтыргың келет?
- Жакшы суроо экен. Чыгармачыл чөйрөдөн татыктуу ордумду таап, кийинки муундарга таасир бере турган иш жасасам дейм. Албетте, үйбүлөмдүн келечеги да мени кайдыгер калтырбайт.
- Спортко болгон мамилең кандай, кыргыздын улуттук оюндарынан кайсыл оюнга кызыгасың?
- Мен азыркы учурда оор отлетика менен машыгам. Улуттук оюндардан "кыз куумай" менен "эркин күрөштү" жакшы көрөм. Негизинен кыргыздын ар бир оюну өзгөчө маанини берип турат.
- Шоу бизнеске чейинки Бекчоро менен азыркы Бекчоронун айырмасы?
- "Башың жетсе булутка, бутуң жерде унутпа" деген макалдай мен ар дайым жерде жүргүм келет. Чынын айтсам азыркы Бекчоро, мурдагы Бекчородон убактысынын тардыгы менен гана айырмаланат.

Маектешкен Айнура Султанова.




"Ямаханы тилим менен ойногондо…"
Элдин купулуна толуш үчүн талыкпаган эмгек талап кылынат эмеспи. Заманаң бөрү болсо, бөрү бол, түлкү болсо, түлкү бол деп жеңил-желпи ырларды жалпы журтка сунуп көнүп калган ырчылар бүгүнкү күндө чымындай жайнап кетти. Бул бүгүнкү күндүн талабына ылайык көрүнүш болгону менен алардын ичинен чыныгы талант же жөн гана кызыкчылык үчүн ырдап жүргөндөрүн убакыт өз жайына коёруна шек жок. "Тулпар тушунда кымбат"- демекчи кайсыл чыгармачыл адам болбосун жылдызы жанып турганда өзгөчө барктуу. Ал эми жаңы эл оозуна алынып жаткан таланттарды унутуп коюу жакшылыкка жатпас. Бүгүнкү биздин коногубуз таланттуу ырчы, "Кеңеш" тобунун жетекчиси Мүзүр Мамбетов.

- Сиздин ырларыңыз радиолордон көп берилгени менен сиз жөнүндө көпчүлүк эл биле бербесе керек. Келиңиз сөздү баштап жатып кантип музыка чөйрөсүнө аралашып калгандыгыңыз жөнүндө айта кетсеңиз?
- Макул. Мен чыгармачылыктын чыйыр жолуна эрте эле, тактап айтканда бала кезден түштүм десем жаңылышпайм. Кечинекейимден тартып аккордеон менен ырдап, жакынкы айылдарга барып элге талантымды тартуулап эле жүрчүмүн. Эл да жакшы кабыл алып, колдоп-коштоп турганы эсимде. Кийин ямаха чыгып калды. Ямахамды көтөрүп алып кайсыл жактан жыт чыкса ошол жерде сөзсүз мен болчумун. Той-топур мен жок өтчү эмес. Менин колдорум ямаха үчүн жаралгандай сезилчү. Ошол күндөрдүн биринде адаттагыдай бир тойдо ойноп отурсам жамы- журт мени эргүү менен карап отуруптур. Мен ямахамды көтөрүп, тилимди чыгарып, тилим менен ойногондо бардыгынын оозу ачылып, таң калышкан. Тойго келген чоң музыканттар, галстук таккан чоңдорубуз талантыма таң беришип, сени шаарга алып кетип ырчы кылабыз дешкени менен эч кандай майнап чыккан жок. Чынын айтсам айылда жүрүп элге тааныла албайт экенсиң.
- Тобуңардын "Кеңеш" болуп аталышына эмне себеп болду жана канча киши эмгектенесиңер?
- 1988-жылы армиядан келсем атам "аял аласыңбы же ямаха аласыңбы?" деп калды. Мен азыр жашмын, ямаха алам десем, эки атты сатып, мага PSR-50 маркадагы ямаха сатып берди. Ушул ямаха менен өз жолун таап кетет дедиби, айтор мага аябай эле ыраазы болду. Бирок шум ажал менин ийгиликтеримди көрсөтпөй эки айдан соң оо дүйнөгө алып кете берди. Ошондо атамдын атын өчүрбөө максатында топту атамдын атынан "Кеңеш" деп атадык. Бул топто менден сырткары Адилет аттуу таланттуу мырза эмгектенет.
- Жаңы ырлардын, клиптердин үстүндө иштеп жатасыңарбы?
- Ооба, жакында "Нике кайып" деген ырыбызга клип тарттырдык. Анда жубайым Гүлмира экөөбүз дуэт ырдадык. Радиолорго бердик эле кудай буюрса эл жакшы кабыл алууда, клибин көрсө андан да жакшы болот деп үмүттөнөм.
- Клиптин идеясы кимге таандык, клипке канча каражат сарпталды?
- Клиптин идеясы "МБ" студиясына таандык. Бул клипке баштан аяк 50 миң сом сарпталды. Каражаттын бардыгын жубайым Гүлмира өз чөнтөгүнөн чыгарды. "МБ" студиясына жана анда ойногон бардык актёрлорго рахматымды айтам.
- Аталган клипти тартууда кызыктуу окуялар болбой койбосо керек?
- Кызыктуу нерселер аябай көп болду. Бакыт үйүнөн кыз качып чыгып кеткенде, бала артынан чыгып жерге отуруп , санын чаап калган жери бар. Тамеки чектирип койбойлубу дешсе, ал чекпейт экен. Анда Эрнис деген бала анда насыбай салып ал оозуңа дегенде аябай каткырып күлүп калдык. Дагы бир өкүнүчтүү жери кызды машина коюп кеткен жери бар эле. Ошол жерде ары жактан маршруттук такси келип тоскоол болуп калды.
- Сиздин жеке жашооңуз жөнүндө билгиси келген күйөрмандарыңыз да жок эмес, жубайыңыз менен алгач таанышкан күнүңүздү бөлүшө кетпейсизби?
- Гүлмира менен таанышканыма Алим Токторов себепкер болгон. Мен анда Аламүдүн базарында "Чынгыз" деген кафеде иштечүмүн. Алим байкеге ырдайм деп келсе, бизге жөнөткөн экен. Келип бурчта уялып туруп-туруп кетип калды. Кийин кайра мен иштеген кафеге курбу кызын ээрчитип алып көп келип жүрдү. Негизи кафеге кирген адам сөзсүз түрдө ичип-чегип отурушат да, а алар болсо жөн эле суусундуктарды ичип, тамак жеп ашыкча нерсе жасабай эле чыгып кетишет. Чачы дагы узун болчу. Көзгө аябай башкача көрүнгөн сулуу кыз менен көпкө сүйлөшүп, сүйүшүп-күйүшүп жүрүп, 2001-жылы бирге түтүн булатып калдык. Азыр 1 балабыз бар, аты Медер.
- Чыгармачылыктан сырткары эмне менен алектенесиз?
- Гүлмира экөөбүздүн жакшы бир чоң дүкөн ачып алсак деген тилегибиз бар эле. Кудай буюрса ачылып калат, ачылганда барып чай ичип кеткиле. Чакан бизнесим бар десем да болот.

Нурзат Жусупова