Сенин гезитиң!
№23, 09.07.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Бешене

Сойкулуктун сазына кептегендер...
"Тагдыр бул - ар бир адамдын маңдайына жазылган жол тура. Биз бул жарыктыкка келээр замат түпсүз узун ичке чыйыр аркылуу турмуш деген кооптуу жолго аттанууга ашыгабыз. Чиркин, ал алгач мөлтүр кашка суудай таптаза өмүр сересинин башаты. Андан ары бассак тирүүлүктөгү көйгөй деген арабага туш келебиз. Аны алабыз да "күнөө" жана "сооп" деген нерселерди жүктөп тынымсыз жүрүп олтурабыз. Ал жакта бакыт жана бактысыздык, күлкү жана кайгы деген бекеттерге токтолуп өтөбүз. Даңгыр жолдун сүрөткери турмуш. Ал өтө татаал. Мергенчидей жашынып алып чалышып бараткан пендеге мээлеп атып көрөт, соккудан мүдүрүлгөнүнө дагы үстөккө сокку берет.
Ошол жаанын жебеси жүрөгүмө таамай тийип жараланып турганымда, экинчи соккусу бутумдан чалып, жаралуу аркардай чабалактап өйдө болууга умтулсам жырткычтар сүйрөп тытмалап, тарпымды сазга ыргытышты. Азыр саздан бутумду сууруй албай, тереңине улам сорулуп олтуруп, белчемден төмөн карай тартылып андан чыгалбай бараткандаймын..."
- деп жазылган экен катта. Анда окурман, армандуу кат ээсинин жашоосун сиздер менен тең бөлүшүүнү туура көрдүк!. .
Таң агарып калганда максатсыз сенделип көчөгө чыктым. Таңкы сыдырымдын муздак жели саамайыман желпип, кайдадыр албууттанып кайра чарасыз мага окшоп жол таба албай дымып калып жатты. Чоң жолго чыкканча күн да жылуулугун жер бетине тегиз жеткире албай күңүрттөнө, муңая жүзүн кара булуттан арачалай көтөрүлдү...Чыйрыга энем сатып берген чоң сумкамды улам кармалап кайсыл багытка бет алаарымды боолгоп аялдамада жалгыз турсам, жеңил автоунаадан түшкөн эки жигит мага карай басыгын ылдамдатып алдыдагысы:
- Саламатсызбы Гүлзат? -деди жайдары. Эки-жагымды карасам эч ким көрүнбөйт. Артынан жашы отуздар чамасындагы аял да келе жатат. Кызарган көзүмдү жашыра терс карап олтуруп алдым. Тиги аял ой-боюма койбой эле:
- Ии, тааныбай калган тура бизди, -деди шаңкылдай, колун далыма коё коюп, өзүнө каратып. Сүйлөйүн десем ыйлап ийчүдөй жашым тамагымды бууп турду. Акидей асыла жаагы, жаагына тийбеген сүйлөөк аял:
- Гүлзат, жүрү үйүңө жеткирип коёлу.
- Мен Гүлзат эмесмин.
Кой, кагылайын жапжаш болуп туруп сен кимди алдайсың, тигинде иним да күтүп олтурат - деди машинени жаңсап. Өз кайгым көөдөнүмө батпай, ичим күйүп, дилим карайып баратты. Кашымдагы шакылдаган келин колун тигилерге жаңсап койгондо кеп-сөзгө келбей жанымда карайлаган экөө, машинеге карай сүйрөп эки бүктөй арткы орундукка салышты. Ушуну эле күтүп турган айдоочу менен бейтааныш жигит мага сырдуу карашып, дароо жеңил унааны от алдырып кайдадыр алып-учуп жөнөдү. Таң атканча ыйлап чыккангабы, кыйкырсам да көзүмдөн жаш чыкпай койду. Кайра-кайра айтсам да тигилердин угаар түрү жок. Төрт-беш саатка чукул жол жүргөндөн кийин бийик коргондуу темир дарбазанын алдына келип токтотушту. Машине токтоору менен үйдөн бир топ аял топурап чыгышып:
- Ии, кайгылайын түшө гой!.. - дешип чуулдашты. Элейген менин колумдан тарткылашып, эркиме койбой жасалгалуу кооздолгон бөлмөгө киргизишип, башыма жоолук салышты. Көп өтпөй эле, менден эч уруксаат сурашпастан молдо чакырышып нике окутушту... "Абийрим өз агамдан кордолоордон мурун ушул иш болсо кана!.." Мени мыскылдуу заар көздөрү менен тиктеген күйөө сөрөйүм, ойлогону оңунан чыкпагандан кийин сөз айтпастан сыртка чыгып кетти. Ал күнү мага эч ким ооз ачып сүйлөгөн жок. Чындык Гүлзаттын ата-энесинен келген жолдомодон кийин ачыкка чыкты.
Көрсө, алардын белгилешкен жери дал мен жолго чыкчу аялдама экен. Энесинин жери болгон Таласка келгиси келбей, эрегишкен кызы, таң атпай жактырган жигити менен чет жакага качып кетиптир деп сүйлөшкөндөрүн уктум.
Кайнененин каары
Бул окуядан кийин жайдары үй-бүлөөнүн мага болгон мамилеси суз болуп, өзгөчө кайненемдин каары күчөп баратты. Ар бир экинчи сөзү эле: "Кайдан келген тексиз жетимди алып келип, сыйлуу төрүмдү тепсетип!" деп албууттанганы басылбайт. Ырасында, Айсалкын кайнежемдин адаштырганындай эле Гүлзат экөөбүз окшош экенбиз. Ал бир аз толугураак эле болбосо, союп каптагандай окшоштугубузду сүрөттөн байкадым. Жолдошум алгач ал кыздын сүрөтүн башына жааздап терс карап жатып алчу. Кийин мага үйүр алып бараттыбы, энесинин сөздөрүнө да кулак салбай мага эң эле ынак болуп бараткан. Билинбей күндөр айга алмашып ортодон үч ай өткөндө кош бойлуу экенимди сездим. Болбогон жытка окшуп эч нерсеге табитим тартпай, кыйналсам да кайненемдин көңүлүн жибитейин деген сайын мени душманындай көрчү болду. Күйөөгө чыга элек кайнисиңдилерим да сыртын салып теңсинишпейт какшык сөз таштап. Эмне кылмакчымын, көз жашымды жутуп тим болом. Көңүлүмдү кичине жылыткан кайнежемдин кээ бир күнү келе калгандагы жылуу сөздөрү, соолуп бараткан көңүлүмө азык болуп, ал келгенде баары унутулгандай болчу. Ал маңдайымдан сылай:
- Таты, кичине чыда, баары жакшы болуп кетет. Алмаз да сага көнүп баратат, ал сен деп турганда апамдар кайда барышат эле, - деп көңүлүмдү сооротчу.
Туңгуюкталган жашоомдун жолу ачылгандай, мээримдүү энекемдей элестетип азга чыдасам бул кыйынчылыктан өтсөм өз энем менен да кезигээр күндү элестетип, ичимден кудуңдап калаар элем. Ооба ал күндөрү өзүмдү кыялымда бактылуу адамдай сезчүмүн.
Жашоонун азабы же жоготуу
- Абийирсиз келген аялдан, тилсиз айбан артык. Дердейип кайсы арына уктап жатат дейм да...
Заарканган кайненемдин үнүнөн ордумдан ыргып турдум. Келгениме көп өтпөй эле боюма бүтүшү кайненемдин кыжырын келтирип жүргөнүн сезип жүргөм. Ээрдимди кесе тиштеп чыдаган сайын анын ачуу сөздөрү жилкиниме жетип, жанымды сыздатчу.
- Алмаз, энем экөөбүздү бирге жашатпайт го. Мен да минтип уйку басып оордошуп... Жанымда көзүн ачып жаткан Алмазга акырын үн каттым. Ал мурун энеси урушканда мени жылуу сөзү менен жубатып койчу, бул жолу оор үшкүрө терс бурулуп кетти. Кимдир бирөө жыланды капысынан койнума салып жибергендей чыйрыга түштүм. "Оо Жараткан , мага мынчалык кастарыңды салдың?!
Бул да мени жектеп калган го?.." Ыйлап, ыйлап басылдым. Алмаз бөлмөдөн кабагы суз чыгып энесине:
- "Эми балалуу да болобуз, Тазагүл экөөбүз ЗАГС алалы?" десе,
- Кайдагы бир ар кимдин тепсендисинде калган аял менен ЗАГСка турам дегениң эмнең! Мээң айланып калганбы сенин?!. -деди.
Жашаганыбызга жети айдын жүзү болсо да Алмаз экөөбү граждандык никеде жашачубуз. Ызаланып түпсүз чечилбеген ойдон башым эңги-деңги болду. Кийинки күндөрү Алмаздын ортодо жанчылып энесинин сөзүн кыя албай жүргөнүн сездим. "Аттиң ай, мен өз абийрим менен бул үйдүн босогосун аттаганымда кандай бактылуу болоор элек" деп коём ичимден. Апама дайынымды билдирбей жүргөнүмдү ойлогонумда жаным көзүмө көрүнүп кетти. Бирок, энеме агамдын кылыгын кантип чыдап, айтам...
Тексиз жетим атыгып бирөөнүн босогосунда тепселип жүрө бербей бул жерден кетүүнү чечтим. Күздүн суук күнүндө, апам сатып берген чоң сумкамды алып, Алмаз менен коштошууга аны кыя албай турдум. Жүзүндө санаа турса да мага карай жароокер жылмайып алды. Анын муңайган жүзүн көрүп жүрөгүм "тыз" дей түшүп бурула берээрде артымдан кучактай:
- Мен силерди жакшы көрөм, -деп шыбырады ичимдеги наристени аяр сыйпалай кармап. Көзүмдөн жашым кулап бирөө бизди түбөлүккө ажыратып жаткандай кыналышып көпкө турдук. Алмаз чөнтөгүн чукулап бир тутам акчасын энесинен жашырып карматып, артымдан шаарга барам деп мени узатып көзүнөн чолок жаш таамп, аялдамада жалгыз кала берди.
Шаарга келгенде өз апамдын үйүнө чердейип кетүүнү эп көрбөдүм. Алмаздын берген акчасына издеп жүрүп арзан батир таап, күн көрүүгө туура келди. Жашаган жеримден анча алыс эмес цехке үтүктөөчү болуп ишке кирдим. Өйдө-ылдый болгон сайын ичимдеги балам ылдыйлап бүгүлө калганымды көргөн кожойке:
- Ичиңдеги балаң менен иштей албайсың го? - деди. Мындан кетсем ачка калчудай:
- Жок, мен иштеп жүрүп эле көз жарамын -дедим калың пальтонун жакасын кайра үтүктөп жатып. Ал да менин абалымды түшүндүбү, өзүң бил дегендей, кол силке сыртка чыгып кетти. Күн өткөн сайын ичим чоңойгондон чоңоюп, баратты. Бир айдан өтүп төрөтүм жакындап баратса да Алмаздан кабар болбогонунан чогуу иштеген кыздардан суранып анын чөнтөк телефонуна байланышсам, жакын арада келээрин айтып көңүлүмдү көтөрүп койду. Сөз да болсо мага дем-күч бере кыйналганыма карабай иштеп жүрдүм. Ал күндөрү кыш өз өкүмүн сүрө баштаган. Азапка төрөлгөн жаным кыштын ызгаарду күнүндө толгоом башталды. Кунарсыз бөлмөмдө жалгыз чабалактай жер сойлоп чыдабай калганымда, обочороокто жашаган көзү кызарган батир ээсине бейтапканага жеткирип коюңуз деп жалбардым. Алгач ар шылтоону бир айтып кетип калды. Жарым сааттан кийин бөлмөмдө чабалактап жан алектке түшкөнүмдү көрүп, шалдыраган жигулиси менен төрөтканага жеткирди. Суу көп кеткенгеби, бала чыкпай жатты. Кан улам кетип ыйынууга да шайым келбей, көзүм жумулуп, эсимден танып бараттым. Көзүмдү ачсам терезеге сүйөнүп кайненем туруптур. Алгач эле сураганым балам болду. Бул жолу боору таш кайнемдин көзүнөн жаш алып:
- "Оо, бейбак! Жаштайыңдан эле эне-атаңды жеп тынган экенсиң, эми минтип баламды да наристеңди да жеп тындың!" -деди көзүнүн жашы тыйылбай. Биздин үйгө да кесирдигиңди тийгиздиң го, аягы суюк куу жетим!..
- Жок, мени баламдан ажыратпагыла... Суранам силерден... Оо, Кудай, баламды...

(Уландысы бар)
Даярдаган
Чынара Абдраева




Мен эртеңки жолугушууга шаштым, ал күнү өзүмдү ушунчалык бактылуу сезип, бирок мындан да таттуу учур эртең болоорун күттүм, эңседим. Бакыт экөөбүздүн бактылуу шаар аралап жүргөнүбүздү элестетип, кыялданып жатып кантип уктап калганымды билбейм. Көзүмдү ачсам жерге жарык кирип, бээлер келип, кулундар желеге байланып калыптыр. Бүгүн кайсы жерден жолугушат болдук экенбиз деп, ар түркүн санаага кабылып, кыялым тоо аралап кетет.
Биз Бакыт экөөбүз түшкө жакын жолугуштук. Бири-бирибизге сөз айтууну ыраа көрбөй, өбүшүп көрүшөбүз го деп ойлогом. Бирок, андай болбоду, мен Бакытка канчалык берилүүгө аракет кылганым менен ортодо бирөө карап тургандай башка нерсеге алаксып кетип кайдыгер учураштым. Менин мындай мамилемден улам ал да мага салкын карады. Кечээ ортодо эч нерсе болбогондой сүйлөшүп жаттым. Бир маалда ал бир нерсе эсине түшүп чочуп кеткен адамдай эчтеме дебей эле шарт кучактап калды. Көзүмдү жумуп өзүмдү ага арноого умтулсам, кайдан-жайдан келгени белгисиз, Бахиддин муздак көздөрү теше тиктеп турганын көрүп чыйрыга түштүм. Чыйрыккандык купуя ойлордун арасында гана калбастан, денеме чейин муздак аралап кетет. Өзүмдүн кантип силкинип алганымды байкабай калып, Бакыттын алдында бир топ ыңгайсыз учурларым арбыды. Башында Бакыт мындай көрүнүшкө таң калып маани бербесе, улам кайталана берендиктен тажап кетти, оор үшкүрүнүп алды. Акырында чыдай албай кетти окшойт:
- Сен чын эле мени жакшы көрөсүңбү же айылдык немени деп шылдың кылып жатасыңбы? - Менде ушундай абал болуп жатат деп кантип айтмак элем, жер тиктеп тим болдум. Минтип жоопсуз калтырганымды ал таптакыр башкача түшүндү да таарынгансып алысыраак турган чоң ташка барып отуруп алды. Ал мага терс маанай түздү, бул мени чындап жакшы көрбөйт, мен өзүм сунуш кылгандыктан гана мени пайдаланып калайын деп жатат деп эсептедим. Ушул жолугушууга келгенге абдан өкүндүм. Ортону далайга жымжырттык ээледи. Бир маалда Бакыт мени кепке тарткысы келди окшойт:
- Сен эмнеге мынчалык муздаксың?- Бакыт мага суроолуу тиктеди, олуттуу тартып.
- Жылыта албай жатасың го… - Тамашага айландыра жооп бердим.
- Эмнеге мага жолукканда минтип чыйрыгып турасың? - ал баягы калыбын, жазбай.
- Билбейм, ал ооруга байланыштуу болсо керек. - Анын суроосу чынында мага оор тийди. Ызага алдырдым, бир эсе эркелегим келди. Бирок Бакыт ага түшүнө албады, тескерсинче билбеген бул маселени аныктап жаткансып:
- Ал эмне оору?...
- Саамга ойлонуп турдум да, анын алдында ачык жана таза болгум келди. Башымдан өткөргөн окуяны төкпөй-чачпай айтып бердим. Бакыт бир топко жер чукуп ойлонуп отурду да:
- Анда мен бекер эле убара болуп жаткан турбаймынбы?!... - демите суроолуу тиктеди. Эмне деп айтаарымды түшүнбөдүм. "Менин жанымда кал, сен гана бактылуу кыла аласың" дей албадым. Ортобузду үнсүз жана өтө оор жымжырттык аралады. Кандайдыр бир жан кейиткен үшкүрүктөн кийин:
- Сен мени менен болгонуң менен дайыма аны ойлой берет турбайсыңбы? - Бакыт мени атып жиберчүдөй карек менен теше тиктеди. Мен аны ойлой берем же ойлобойм деп айта албадым. Себеп дегенде анын элеси менин акылыма баш ийбей көңүлүмдү тебелеп басып кетчүдөй. Мен сени менен бактылуумун десем, Бакыт менин жанымда калаарына көзүм жетип турат. Бирок кандайдыр бир күч бул сүйлөмдү айттырбай койду…
Сөз бүттү. Биз унчукпай көпкө отурдук. Дагы эле отура берет белек, бизди ар бирибизди оюбуздан менин инилеримдин келиши, жеңемдин чакырып жатканын айтышы алаксытты. Бакыт бир ирмем тиктеди да, "болуптур" дегендей башын ийкеп коштошту да, басып кетти. Мен бул жерде анын аракетин кандай түшүнөөрүмдү билбей калдым. А жолугалы деп да, кош деп да айткан жок. Далай күндөн бери сезмимде багып жүргөн таза, аруу сүйүүмдүн ушинтип бир күнгө, бир сааттык сүйлөшүүгө туруштук бере албай кыйраганына ызаландым, бирок көзүмө жаш албадым. Өзүм да таң калдым, биринчи жолу тагдырыма мисирейип тике караганыма. Ушунча күндөн бери жүрөгүмдө түптөлүп келе жаткан бул сезимден көңүлүм кирдеген жок, өзүмө-өзүм гана капа болбодум сезимимди эртерээк билдирип жибергениме. Бакытты күнөөлөбөйм, болгону аны мындай чечкинсиздиги менен качандыр бир мезгилде өзүнө келген чоң сезимге туруштук бере албайт деп ойлодум. Кыздарга жигиттен мындай кайдыгерлик эмес, көтөрмөлөгөн сөз, жылуу маанай керек экендигин туйдум да Бакытта андай касиет жетишсиздигин баамдап, ал баары бир менин сүйүүмдүн кадырына жетпейт эле, ошондуктан эртерээк бүткөнү жакшы болду деген бүтүмгө келдим.
Ал күнү ой басты, түнкүсүн уйку да жакшы болбоду. Кабыл алган бул чечимдин туура экендигин туйсам да, көнүп калгандыкыбы же сүйүү ушундай болобу, айтор Бакыт кайра кечирим сурап келеби деп күттүм. Түш ооду. Бул күткөнүм алсыздык экендигин түшүндүм да, анын жанында бир мүнөт калбай шаарга кетүүнү чечтим. Оюмду чоң энеме айтсам чочуп кетти, бирок каршылык көрсөткөн жок. Болгон оокатымды жыйнап алып, түш оодарып жакага түштүм да, эртеси шаарга сапар тарттым.