Сенин гезитиң!
№23, 09.07.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Түркүн дүйнө

Өзгөчө төрөттөр
Аялзаты наристени жарыкка алып келгенде канчалаган кыйынчылыктарга туш болсо, ага чейин да андан кем эмес түйшүктү башынан кечирээри талашсыз. Көпчүлүгү бир баланы азап-тозок менен жарык дүйнөгө алып келсе, айрымдары бир нече эгизди бир төрөп, бир нече ымыркайга жашоо тартуулап келишет. Башкалардан өзгөчөлөнтүп, тагдыры укмуштуудай тамашага айланган айымдардын таржымалы менен тааныштырабыз.

1 килограмм салмак менен төрөлгөн алты эгиз
Эгизди да Кудай берчүлөргө берет. Эгиз болуунун өзү чоң бакыт дешсе, кээ бири эгиз болуудан өткөн кордук жок деп айтор, эгиздердин айланасында бир топ талаш-тартыш жаратып келишет.
Отуз эки жаштагы Американын тургуну Дженни алгач доктурга барып текшерүүдөн өткөндөн кийин ага алты балалуу болоорун билдиришкенде жолдошу Брайн экөө уккан кулагына ишенишпей, көпкө чейин эстери ооп, таң калышканын жашырышкан эмес. Алгач доктурлар үчөөнү калтырып, үчөөнү алып салууну сунуш кылышса Дженни менен Брайн такыр макул болушкан эмес. Өмүрүнө коркунуч туулуп жатканын эң мыкты билсе да жубайлар тагдырын тобокелге салышкан. Эгерде бирөөсүнүн эле дем алуусу начарласа алты наристенин тең абалы кыйын болмок экен. Тогуз ай бою ичкени ирим, жегени желим болуп, ар бир мүнөт сайын коркунуч күткөн Дженнини төрөтүнө эки жума калганда алып келишип, кылдаттык менен ден-соолугуна байкоо жүргүзүшөт.
Дженни төрт ай болгондо төшөккө жатууга туура келген. Анткени алты бала жаткан курсагы басмак тургай, отурганга да чоң тоскоолдуктарды жаратчу. Төрөтүн төрт доктур кабыл алып, ар бир ымыркай беш мүнөт сайын жарыкка келишкен. Алардын ар бири 1 килограмм, боюнун узундугу 40 сантиметрди түзгөн. Эми Бейли, Молли, Саванна аттуу үч кызга жана Коул, Блейк, Грант деген үч кичинекей жигиттин жашоосуна эч кандай коркунуч туулбай, аман-эсен чоңоюп жаткан чагы. Алтоо бир күндө 38 бөтөлкө сүт, 50дөн ашык памперс коротушат. Өзүнүн бактысын Дженни: "Менин бардык тарткан азап-тозокторум, үмүтүм, тилегим баары акталды. Кээ бирөөлөр бир балалуу болгонуна сүйүнүп жатышса, мен алты балалуу болуп, сүйүнүчтөн жүрөгүм жарылганы турат. Мындан ары жараткандан балдарымдын ден-соолугун, өмүрүн тилейм, мен чексиз бактылуумун"-дейт.



Курсагынын чоңдугу боюнча рекорд койгон
Сяо Юбо
Дагы бир ушундай кызыктуу окуяга Кытайдын жашоочусу Сяо Юбо кабылган. Ал ичинин чоңдугу менен бардык боюнда бар айымдарды басып өткөн. Бою 167 сантиметр болгон Сяонун жамбашы 175 сантиметрге жеткен. Ичинде беш бала бар экенин билген жакындары кубангандан мурда таңкалгандары көп болгон. Адистердин айтуусунда беш эгиз чанда гана төрөлөт. Мындай эгиздердин көбүнчөсү жашоосу менен төрөлөөр замат коштошушат экен. Наристенин ар бири башка эгиздердей болуп 8,500 килограмм салмакта төрөлсө Сяо Юбонун беш баласы тең текши бирдей 3 кг салмакта төрөлүшкөн. Сяо Юбону учурда жолдошу, жакындары, туугандары кубанычын тең бөлүшүп жаткан кези.

Тогуз баланын ичинен тирүү калган ымыркай
Жыйырма беш жаштагы Сауд Арабиясында жашаган Айша он жети жашында турмушка чыгып, көптөн бери балалуу боло албай келгендиктен атайын дарылануудан өтүп, бир жылдык эмгегинин убарасынын акыбети кайтып, доктурлар ага боюнда бар экенин кабарлашат. Бирок ак халатчандар Айшанын боюндагы балдар бирөө эмес, тогузоо экенин араң үч айлык кезинде билишкен. Түйүлдүктөр алгач жакшы эле чоңоё баштаганы менен аялдын ичи жомоктогудай болуп күн сайын , саат сайын чоңоёо баштайт. Буга чейин тогуз бала төрөгөн аял тарыхта болбоптур. Ал эми Айша төрөгөн тогуз ымыркайлар биринин артынан бири төрөлөөр замат өлүп олтуруп, бирөө гана тирүү калган.

Омурткасынан операция жасалган Сэмюэль
Сэмюэль Александер Армастын 21 жума болгондогу сүрөтү. Ага төрөлөөрү менен омурткалары ооруйт, кийин чоңойгондо басып -турууга жөндөмсүз болуп калат деген диагноз коюшкан. Төрөлө электе эле аны энесинин жатынынан омурткаларына операция жасашканда кичинекей Самуэль энесинин жатынынан колун чыгарып, доктурдун сөөмөйүн бекем кармап "ыраазычылык" билдирген.

Даярдаган Анара Дүйшөналиева