Сенин гезитиң!
№23, 09.07.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Дарамет

"Жашоомдо маска кииип жүргүм келбейт"
"Ар бир кесип ардактуу" деген элибизде таамай айтылган сөз бар эмеспи. Өз кесибине жүрөгү менен берилип, кудай берген талантын эл алдына тартуулап келаткан "Учур" телетеатрынын белгилүү актёру, "Кайырлуу кеч", "Ала-Тоо таңшыйт", "Нукура кыргыз" телекөрсөтүүлөрүнүн алып баруучусу Нурдөөлөт Копоев бүгүн бизде конокто.

Актёрлук кесибим жана сахна дүйнөсү
Чындыгында мен мектепте жүргөндө эле сахнанын адамы болсом дечүмүн. Мейли ырчы болобу же бийчи болобу чыгармачыл адам болгум келчү. А бирок, кийин терең ойлонуп актёрлук кесипти тандап алгам. Себеби, актёр болсоң: ырчы да, бийчи да, айтор, бардык кесиптин ролун аткараарыма көзүм жеткен. Ошол убакта актёрлор, ырчылар тууралуу гезит-журналдар көп чыкчу. Мен аларды кесип алып дептериме чаптап, чыгармачыл адамдардын жашоосуна кызыга берчүмүн.
Менин ичимдеги оргуштап чыга албай жаткан талантымды улуу эжем Нурила байкап, мени шаарга алып келген.
Белгилүү актёр Дүйшөн Байдөбөтов агай менен таанышып, Москвадагы "Щепкин" атындагы жогорку театралдык окуу жайына тапшырдым. Окуу жайды 2001-жылы аяктадым.
Мени чыгармачыл чөйрөгө алып келген Нурила эжем менен Дүйшөн агама ыраазы болуп, алардын ишеничтерин актаганга аракет кылып жатам. Биздин Москвадан алган билимибиз ар тараптуу десем болот. Себеби, театр жана киноактёр деп жазылганы менен теле алып баруучу, радио диктор, айтор бардык жагын окутуп, аларды да өздөштүргөнгө салымдарын кошкон. Башкача айтканда, теледе алып баруучу болгонума, "Жаштык" "Кыргыз радиосу", "Мурас" бирикмелеринде сүйлөп, иштешип жатканыма Москвадан алган билимимдин таасири десем болот.
Жомоктор тууралуу да айтып кетсем. Улуттук биринчи каналдан жума сайын кетип туруучу "Бөбөк сенин жомогуңдан" сырткары биз беш жомокту Аравиянын Маскат шаарына "Бүткүл дүйнөлүк балдар фестивалына" алып барып, эки жарым ай ойноп келгенбиз. Алар: Мулан, Пакаконта, Маугли, Алибаба, Кырк карачы деген жомоктор болгон. Спектаклге караганда жомок оңой дешет. Бирок, ошол эле учурда балдардын жан дүйнөсү менен иштеп, аларды жомокко ишендириш өтө кыйын. Ошондуктан актёрлук чеберчиликтин натыйжасында аларга ишеним көрсөтөбүз.
Ал эми актёрлук кесип, театр жөнүндө айтсам, театр -жашоонун күзгүсү деп айтылат. Ал эми театрдагы эң башкы нерсе -актёрлор.
Актёрлор күзгү боло турган жашоонун нерсесин көрсөтүп беребиз. "Актёр сахнада гана актёр болушу керек, жашоодо актёр болбогула" деп бизге мугалимдер көп айтчу.
Өзүм болсо эркиндикти жакшы көрөм. Өңүмө маска кийип, кошоматчылык кылгым келбейт. Болсо болду, болбосо жок дегендей буйруган ырыскы менен жашагым келет.
Бизге Тажикстандан келген Султан деген агай: "Адамдар маска кийип жүрөбүз, аларды чочутуп жиберсең, ал маскасын чечип жиберет" деген сөзүн айткан. Биз дагы көчөдө жүрсөк мындай басалы же коноко барсак мындай олтуралы деп жасалма жүрөбүз. Кыргыздар тартынчаак келебиз да, өзүбүздү эркин сезбейбиз.
Сахнада ойногон ролум жөнүндө айтсам. Султан Раевдин "Меккеге карай узак жол" спектаклинде, чоң кишинин ролун ойнодум. Бул жерде баарыбызга ат берилбейт. Бул спектаклде мен өзүмдүн аткарган ролума ыраазы болуп канааттандым. Себеби, ыйлай турган учурубузда көзүмдөн жаш шолоктоп, аягына чейин токтобой бере турган ойду толук жеткире алдым. Ошол ролум азыркыга чейин көз алдымдан кетпейт.
- Нурдөөлөт байке, сиз балалык кезиңиз, театр дүйнөсү, аткарган ролдоруңуз тууралуу окурмандарга кенен сөз кылып бердиңиз. Эми бир аз суроолорго өтсөк. Байкасам, сиз чыгармачылыкка баш отуңуз менен берилип иштеп жатып, жеке жашооңуз унутта калган сыяктуу, качан бойдокчулук менен коштошосуз?
- (Күлүп…) Кыргызда жакшы сөз бар го, качан той болот десе эле күздө деген. Ошол сыяктуу мен да быйылкы күздө деп жатам.
Бир гана чыгармачылык, карьера, гастроль, запись, сьемка-кино деп жүрө берген болбойт экен. Буюрса ата-энемди келиндүү, өзүм келинчектүү, үйүм кожейкелүү болсун деп аракет кылып жатам. Күздө сиздердин редакцияңардын жамааты да менин тоюма күбө болот.
- Эл оозуна алынган актёрлордун катарындасыз, чектен чыккан күйөрмандарыңыз болсо керек?
- Чектен ашкандары болбосо да менин талантыма сыймыктанган күйөрмандарым бар. Концерттерде же болбосо көчөдөн сүрөткө түшүп, кол тамга сурап калышат. Мен аларга жок дебейм. Баарына жакшы мамиле кылгым келет. Кээ бирлери менен дос болуп, азыркыга чейин катышып жүрөм.
Менин эсимде калганы 14-февраль сүйүшкөндөр күнүндө сьёмкадан кеч келдим. Ошол күнү короомо 100 даана жүрөкчө ыргытып кетишиптир. Кошуна эжеден сурасам, "мен көргөн жокмун, кыздардын үнү чыгып жаткан" деп калды. Кичинекей кагазга "Нурдөөлөт байке, майрамыңыз менен!" деп жазып коюшуптур. Эң өкүнүчтүүсү кыпкызыл болгон жүрөкчөлөрдүн бирөө эле дарбазанын сыртында соо калыптыр. Калганын короодогу эки күчүгүм тиштегилеп, жараксыз кылып салышыптыр.
- Кандай белектерди алганды жактырасыз?
- Менин үйүмдө кичинекей музейим бар. Ал музейде көпчүлүк күйөрмандарымдан, досторумдан алган буюмдар сакталуу. Мен өзүм белек бергенди жакшы көрөм. Негизгиси мага чын ниети менен берген белектер жагат жана мен аларды сактай билем. Соолуп бараткан гүлдү да чын ниетинен берсе мен үчүн ошол ыйык белек болуп саналат.

Маектешкен Айнура Султанова




"Эң биринчи гонорарымды
эгиз балалуу энеге бермекмин"
Сүйүнчү, кыргыз сахнасында дагы бир жаңы ысым пайда болду. Ал ким десеңиз, жумурай журтубузга кеңири таанымал, белгилүү куудул Жаныбек Алыкуловдун уулу Алмаз Алыкулов. Анда эмесе атанын уулу жөнүндө сөз башынан болсун.

- Алмаз, ырчылыкты тандап алышың атак-даңк күтүүбү же акча жыйнообу же ата жолун улообу? Анткени, ар бир адам алдыга койгон үмүт менен жашайт эмеспи?
- Ырчылыкты мен бир гана себеп менен тандадым. Мага акчанын да, атак-даңктын да кереги жок. Анан да жөндөн-жөн эле атамдын атын чыгарайын деп өзүмдү-өзүм кыйнап чыккан жокмун. Болгону Кудай тааламдан берилген талантым, көөдөнүмдө оргуштаган кандайдыр бир жандуу нерсе мени тынч жаткырбай койду. Ошондуктан мен популярдуу болуш үчүн эмес, башка максат менен ыр дүйнөсүнө келдим. Чоң сахнага чыкканга чейин "Кыз Бурак" тобунун даярдоо группасында тарбияланып жүрдүм.
- Азыр, көпчүлүк өзүң сыяктуу жаш таланттар продюсерлер менен иш алып барып жатат. Сенин да продюсер күтөйүн деген оюң жокпу?
- Жок. Башынан эле өз киндигимди өзүм кесип, сахнанын ысык-суугун өз мойнума алайын деп чечтим. Эми келечегим кандай болоорун убакыт көрсөтөт.
- Сени дагы алдыда бийик-бийиктиктер күтүп турат да. Эң көп гонорарлуу болсоң каякка жумшайт элең?
- Эң биринчи эле мени ушул даражага жеткирген ата-энемдин көңүлүн алмакмын. Андан ашып баратса кайрымдуулук иштерин жасап, Ош базарында эгиз баласы менен тилемчилик кылып отурган эжеге бермекмин. Анткени, базарга барган сайын ошол эжени көрүп кадимкидей капа болуп, жүрөгүм ооруйт. Азырынча ал эжеге чоң жардам бералбасам да тапканымды таштап кетип жүрөм.
- Атаңа кайсы мүнөзүң окшош. Жаныбек куудул үйдө да шумданып сүйлөсө керек?
- Ак көңүлдүүлүгүм, тез жиним келип, бат жазылганым атамдын мүнөзүнө окшош. Ал эми атам үйдө сахнадагыдай артисттик кылбаса да эч качан кабагын бүркөп отурбайт. Ар дайым шатыра - шатман күлүп-жайнап жүрөт. Бизге болсо катуу сүйлөп, кол көтөргөнүн көргөн жокмун. Негизи атам абдан боорукер адам.
- Үйбүлөңөрдө сенден башка дагы "чымындуулар" барбы?
- Билсеңиздер керек,эжем Айжан Алыкулова мурда "Кыз- Бурак" тобунда ырдачу.Учурда Францияда өзүнүн кесиби боюнча иштеп жатат. Андан башка бир туугандарым азырынча жаш. Бирок мен алардын ырчы,куудул эмес башка кесиптин ээси болушун каалайм.
- Жакында өткөн Санжар Бердибековдун концертинде сахнаны солкулдата бийлеп, көрүүчүлөрдүн көңүлүн өзүңө бурдурдуң.Менимче мурда-кийин бий кружогуна катышып жүргөн окшойсуң?
- Бий кружогуна катышкан жокмун.Мектепте окуп жүргөндө дискотекалардан калчу эмесмин. Менин оюмча бул да болсо Алла -Тааламдан берилген өнөр болуш керек.
- Сенин ички сезимиң жөнүндө кабардар болуу күйөрман кыздарың үчүн кызык. Жүрөгүңдө аздектеп жүргөн кызың барбы?
- Бир жылдан бери Асел аттуу кыргыздын бир ажарлуу бийкечи менен сүйлөшүп жүрөм. Ал менин чыгармачылыгымды баалаган түшүнүктүү жан. Эң негизгиси ал экөөбүз бири-бирибизди аябай жакшы көрөбүз.
- Жашоодон ар кандай жагдайды күтүүгө болот. Капысынан сүйгөн кызыңды ала качып кетсе кандай чара колдоносуң?
- Тфү, тфү. Кудай анын бетин ары кылсын. Эгер ушундай иш болсо ур-токмоктон коркпой туруп эле артынан барып, алып баса берем.
- Ата-энеси калтырып койсочу?
- Мени аябай жарга такадыңыз го. Менин байкашымча Аселдин жеке жашоосу Аселдин ою менен гана чечилет. Ошондуктан бул нерсеге Асел жол бербейт. Мен ага ишенем.
- Маегиңе чоң рахмат. Ушундай эр жүрөктүүлүгүңдөн жазба.

Баарлашкан Ж.Маматбаева