Сенин гезитиң!
№22, 01.07.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Шумдугуң кур

Эң... эң ... өзгөчөлөр
Эң чоюлчаак тери
Великобританиянын тургуну Гарри Тернер дал ушундай өзгөчөлүккө ээ. Мунун өзү башкаларга кызык көрүнгөнү менен Гарринин абалына суктанып, көз артыштын деле кереги жок. Анткени Тернердин абалын дарыгерлер оор деп баалашат. 15,8 см ге чейин чоюлган теринин түзүлүшү өтө начар. Гарри Тернердин иммунитети абдан алсыз болгондуктан, анын жашоосуна коркунуч туулбай койбойт.

Эң чоң гамбургер
Дүйнө жүзүндөгү эң чоң гамбургерди Таиланддагы ашпозчулар жасашкан. Анын салмагы 36,6 кг ды түзгөн. Мындай зор эмгекти жаратыш үчүн ашпозчулар беш күн, беш түн убактысын жумшашкан. Бирок эмнегедир кимдир бирөө сатып алат деген ашпозчулардын оюу ордунан чыкпай, гамбургерди сатып алгысы келгендер табылган эмес. Айласы кеткен ашпозчулар гамбургерди ошол тегеректеги көлдүн жээгинде эс алып жүргөн адамдарга таратып беришкен.

Эң алыс аралыкка секирген арстан
Эки жарым метр аралыкка секирген арстан Аскольд менен циркач Эдгар Залашные Россиянын жашоочулары Америка Кошмо Штатына гастролго барып, америкалыктардын таң калуусуна, суктануусуна, колдоосуна арзуу болгонуна канааттанбаган Эдгар Аскольдду минип алып дагы бир ирет секирем деп арстандын бутуна катуу жаракат келтирип алат.

Эң көп бетон сындырган адам
Бир мүнөт убакыттын ичинде токсон бетонду катары менен сындырууга кудурети жеткен Норвегиянын жашоочусу Морва Леорит каратэ менен алектенет. Ал бир колу менен гана мындай ийгилике жетишип, күйөрмандарын кайдыгер калтырган эмес.

Эң көп жыланды кармай алган адам
Америкалык Джекки Бибби эч кандай жардамсыз эле оозуна бир нече уулу жыландарды 10 секунд убакыт кармай алган. Көргөн көзүнө ишенбеген айланадагы адамдарды дагы бир ирет таң калтырууну көздөгөн Бибби оозунан жыландарды алып, кайра чогултуп мунусунда он сегиз секунд кармаганга кудурети жеткен. Албетте мындай эрдиги үчүн аны дароо Гиннес китебине киргизишкен.

Эң чоң дөңгөлөктүү авто
Бул ченде жок автоунаанын бийиктиги 4,7 метр, ал эми дөңгөлөгүнүн бийиктиги 3 метр, салмагы 17,236 кг дан ашат. Бул эбегейсиз чоң эмгек Миссури штатында жашаган Боб Чандлерге таандык. Ал 1986-жылдан бери тапкан каражатына ушул сыяктуу автоунааларды куруу менен алек болуп келген. Учурда мындай автоунаалардын он жети түрү бар. Боб Чандлер өзү жашаган шаарда майрам болгон сайын өзүнүн эмгектеринин бирөөсүн элдин алдына алып чыгат.

Эң узун иттин кулагы
Өзгөчө жаралган бул иттин оң кулагынын узундугу 33,9 сантиметр. Ал эми сол кулагынын узундугу 34,2 сантиметрди түзөт. Албетте, мындай аткулактай болгон, эби-сыны жок кулактын пайдасынан зыяны көп экенинде талаш жок. Ошентсе да иттин ээси Кристина жана Брайан Флесснер элден өзгөчөлөнүп алардын ити оозго алынып калганына маңдай жарыла кубанып турушат.

Көзүнөн сүт чыгара турган киши
Түркиянын жашоочусу Жекер Иймиз оозуна ууртаган сүттү көзүнөн 279,5 сантиметрге чейин чыгара алат. Мындай талантын байкаган адамдар аны Гиннес китебине киргизүүнүн аракетин кылып келгени менен Чикер өзү бул алектенүүсүн атакка жетиш үчүн эмес, жөн гана хобби катары кабыл алат.

Эң чоң жана эң кичине жылкы
Эң кичине жылкынын ысымы Тамбелина, анын боюнун узундугу 44,5 сантиметр гана болсо, Бельгиядагы Радар аттуу эң чоң жылкынын боюнун узундугу 2 метр 2 сантиметрди түзөт. Экөө тең 2006-жылы 3-сентябрда Гиннес китебине киргизилген. Учурда дүйнө жүзүндөгү эң чоң жана эң кичине жылкыларды канаттууга кактырбай, тумшуктууга алдырбай көлөкөдө асырап багышууда.

Эң оор алма
Алма өстүргөн аянтында көп жылдардан бери алма өстүрүү менен күн кечирип келген япониянын тургуну салмагы бир тонна 849 кг дан ашкан алма өстүргөн. Кызыгы, бул дүйнө жүзүндөгү эң оор алманы өстүрүүдө ал эч кандай химиялык кошулмасы бар дары-дармектердин бирин да колдонгон эмес, болгону бул табияттын берген тартуусу экен.

Даярдаган Анара Дүйшөналиева