Сенин гезитиң!
№21, 24.06.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Чачыла

Тентек пикиробон
- Чачыңызды өстүргөнүңүздүн сыры эмнеде?
Мерген Турган, ырчы:
- Чачымды өстүргөнүмдүн себеби, бул менин стилим, имиджим десем болот. Чынын айтсам эч кимге окшобой, өзгөчөлөнүп тургум келет. Бул адатым бала чактан бери сакталып келе жатат десем жаңылышпайм. Арада чачымды алдырып койгон учур да болду, анан кайра өстүрдүм. Чач өстүрсөм ар ким ар кандай сөздөрдү да чыгарып жүрдү. Айтор, чач өстүрүү өзгөчө болуунун жолу деп айтаар элем. Ушул менин чач өстүргөнүмдүн тарыхы.

- Жашоодо ыйык тутуп, колдонгон буюмуңуз?
Кубаныч Сатаев, ырчы:
- Менимче ар бир адамдын бөтөнчө жүрөгүнө жакын буюму болсо керек. Менде дагы көп жылдардан бери сары майдай сактап, кол тийгизбей бапестеп келген буюмум бул - атамдан калган аккордеон болуп саналат. Каякка барбайын ал ар дайым жанымда мага күч-кубат тартуулап, өзгөчө бир дем берип турат десем болот. Аккордеон жанымда жүргөндө ар дайым атамдын арбагы колдоп, атам жанымда жүргөндөй, өзгөчө бир таасирленип жүрөм. Жүрөгүмө жакын бул буюмду ар дайым аздектеп колдономун.

- Назира Жетигенова менен гастролдо
жүргөнүңүздө жубайыңыз кызганса керек?
Жакут Сыдыков, куудул:
- Эми менин сахнада жүргөнүмө сегиз жыл болуп калбадыбы. Башында эжең төрт жыл аябай эле кызганып жүрдү, ал эми азыр болсо эмнегедир кызганбай, кайрадан көмөк көрсөтүп, кеп-кеңешин берип, колдоп калды. Менимче көндү окшойт. Мурда өзүм жалгыз эле чыкчу эмес белем, жалгыз чыкканым менен жаш, суйкайган сулуу, кымча бел бийчи кыздар дайыма жанымда жүргөндүктөн, ошолордон кызганып эле турчу. Азыр кайда барбайлы Назира менен бирге жүрсөм да, бийчилерден кызганганы менен Назирадан таптакыр кызганбайт. Себеби, өзүңөр билгендей ал өзү эркекке окшош эмеспи.


- Сиз үчүн жашоонун кызыгы эмнеде?
Лилия Абдыбаитова,
ди-джей:
- Жашоонун кызыгы эртеңки күндө. Бизди алдыда эмнелер күтүп жаткандыгын, кандай болуп кетээрин билбегенибиз деп айтат элем. Кээ бир учурда биз күтүп жүргөн нерселер оңунан чыгып, кээде таптакыр башкача болуп кетиши да толук ыктымал. Ошол учурда күтүүсүз келген нерселер менен алпурушуп, жакшы нерселерди жаратуу-ар бир адамды чыйралтып, дем -күч берип, ар дайым күчтүү болууга дилгирлентет. Алдыда эмне болоорун эч ким биле албайт эмеспи, ошол нерсенин өзү өзгөчө кызыктуу.


- Кыздар үчүн таяк жеген
учуруңуз болгонбу?
Темир Назаров, ырчы:
- Бала кезимде аябай тентек болчумун. Ошол себептен күн алыс ар кандай шылтоолор менен балдар менен урушуп, согушуп жүргөн учур көп эле кездешкен. Классташ кыздарга бирөө-жарым катуу сүйлөп же таарынтып койсо, ал балдар менен албетте жакалашканга чейин барганбыз. Бирок, ушул учурга чейин тунук сүйүүгө жолугуп, ал үчүн мушташып, таяк жеген учур боло элек. Кудай буюрса келечекте сүйүктүүмө жолугуп калсам, аны коргоо үчүн кандай гана учур болбосун мушташууга да, жакалашканга да даярмын.


- Сокур адамга өзүңүздү кантип сүрөттөп бермексиз?
Назгүл Исраилова, "Назик" бийчилер
тобунун жетекчиси:
- (Күлүп…) Кызык суроо экен. Эмне десем, өзүмдүн кандай адам экенимди колдон келишинче сүрөттөп бермекмин. Фигурам 90-60-90, боюм узун да, кыска да эмес орточо. Өзүм сулуу болбосом да, жан дүйнөм сулуу, таза, жөнөкөй, бирөөгө жамандык каалабаган жан экенимди айтмакмын. Жүрөгүмдө эмне болсо, кандай сапаттарга ээ болсом ошонун баарын төкпөй-чачпай айтып түшүндүргөнгө аракет кылаар элем.

- Мүмкүнчүлүгүңүз болсо дүйнө жылдыздарынын кимиси менен дос болмоксуз?
Талант Кадыров, ырчы:
- Эгерде колдон келип, ошондой мүмкүнчүлүгүм болуп калса Дима Билан менен дос болмокмун. Анын мага жаккан сапаттары, кийген кийиминен баштап, сахнада өзүн алып жүрүшү, орундуу сүйлөгөнү, стили, элди өзүнө бат тартып, башканын көңүлүн бат тапкан жактарын, талантын, деги койчу бардык жактарын өзгөчө сыйлайм. Бизде да ошондой ырчылар көп болушун каалайт элем.


"Мери Кей" сапаттуу косметика
Эгерде кошумча акча тапкыңыз келсе, биз менен кызматташууга чакырабыз.
Тел: 0555971413




  Сен сүйгөн обон

Асылбек Өзүбеков
Балачак
Өмүр деген кыпкызыл гүл жайнаган,
Өмүр деген булбул бакта сайраган.
Өмүр барда өкүнбөстөн ойноп күл,
Өмүр өтсө жаратылбайт кайрадан.

Оо, өмүр сен чалкып жаткан көлдөйсүң,
Бирде өмүр салкын соккон желдейсиң.
Каалаганча пайдалана бергидей,
Же өмүр сен колдо буюм эмессиң.

Жашчылыгым кайда калып баратат,
Өмүр өтсө ак чач кылып жаратат.
Арт жагымда ак жоолугун булгалап,
Алыс калдың айланайын балачак




Эд
Шульжевский
Я и Ты
Не ждал, не спешил задавать вопросы
Врал я самому себе
Не верил, что будет совсем не просто
Мне не думать о тебе

Мне не думать о тебе
И однажды мои сны
Превратились в ...
слово "Мы"

Припев:
Я и Ты, никаких для нас границ
От земли до неба и вниз
В отражениях высоты -
Мы нашли любовь, Я и Ты

Никаких для нас преград
Слева вниз и снова назад
Где сбываются мечты
Нашли мы друг друга, Я и Ты

Поделим с тобой Луну и Солнце
На двих поделим Мир
Дай руку, послушай, как сердце бьется
Бьется в унисон с твоим

Бьется в унисон с твоим
Сделай на встречу шаг,
Мне объясни всё на словах

Припев:
Я и Ты, никаких для нас границ
От земли до неба и вниз
В отражениях высоты -
Мы нашли любовь, Я и Ты

Никаких для нас преград
Слева вниз и снова назад
Где сбываются мечты
Нашли мы друг друга, Я и Ты

Припев:
Я и Ты, никаких для нас границ
От земли до неба и вниз
В отражениях высоты -
Мы нашли любовь, Я и Ты

Никаких для нас преград
Слева вниз и снова назад
Где сбываются мечты
Нашли мы друг друга, Я и Ты

Я и Ты...

Я и Ты...

Никаких для нас преград
Слева вниз и снова назад
Где сбываются мечты
Нашли мы друг друга, Я и Ты