Сенин гезитиң!
№21, 24.06.08-ж. Кыргыз гезиттер
  фотороман

Бала үчүн сүйүүсүн алмаштырган сапар...
Сапар менен Назиранын баш кошкондоруна төрт жыл болсо да наристелүү болуша элек. Сапар Эл аралык Ататүрк - Алатоо университетинде мугалим. Назира окуусун жаңы бүткөндүктөн үй кожойкеси. Баласаак Сапар кичинекей балдарды жакшы көргөндүктөн өзүнүн ата болушун каалап жүрөт. Бегимай сулуу жигиттерди өзүнө багындырганды жактырат. Группасындагы эрке кыз. Азат группасында токтоо мүнөздүү, терең ойлуу жигит. Группалашы Бегимайга ашык болуп жүрөт.

Сапар, 27 жашта. Өзүнө тың, кыз жандуу мугалим. Назиранын жолдошу.
Назира, 23 жашта. Акылдуу, токтоо, үйбүлөсүн баарынан жогору коёт. Сапардын келинчеги.
Азат, 19 жашта. Ыймандуу жигит. Байдын баласы. Бегимай менен чогуу окуган группалашы.
Бегимай, 18 жашта. Кыялкеч, жеңил ойлуу, байдын кызы. Эл аралык Ататүрк - Алатоо университетинде биринчи курста окуган Азаттын сүйгөн кызы.