Сенин гезитиң!
№20, 17.06.08-ж.
  Дил маек

Дилшат Кангелдиева:
"Узун бойлуу көлдүк жигитти жактырдым"
Кыргыз маданиятын дүйнө элдерине таанытып, нагыз фольклордук ырларды аткарып келе жаткан таланттуу ырчы, комузчу, кыякчы жана аткаруучу Дилшат Кангелдиева жалпы жумурай журттун улуу, кичүү муунуна бирдей таанымал, кыргыз сахнасынын ажарын ачкан ырчы айым 1966-жылы 31-августа Жалалабат облусунун Ала-Бука районунда туулган. Беш бир туугандын кенжеси.

- Чыгармачылыктын чыйыр жолун канча жашыңыздан баштагансыз?
- Мектеп босогосун аттаганымдан. Биздин учурда даярдоо классы бар болчу. Билим булагы мектеп демекчи алты жашымдан тарта пионино бөлүмүнө жазылып үйрөнө баштадым. Эки жыл орус класста окуп, андан кийин атамдын өтүнүчү боюнча кыргыз мектебине которулуп, он жашымда комуз боюнча билим алууга көнүгө баштадым. Кичинемден тарта музыкага кызыкдар болгонумдан өзүм жактырган кесипти аркалоого туура келди. Кыргыз колоритин сактоо үчүн атайын фольклордук багытка ыктап билим алдым. Азыр өз кесибим менен иштеп жүрөм.
- Адам канчалык билимдүү болсо дагы өзү сезбеген кемчилдиги көп болот эмеспи, сиздин мүнөзүңүзгө карай айтылган же өзүңүз баамдаган терс сапаттарыңыз?
- Эгер мага карай курбуларым же жакындарым сын айтышса туура эле кабыл алмакмын. Жашоодо кемчиликсиз адам болбосо керек. Бир жагынан болбосо экинчи жагынан кемчилдик өзүнөн-өзү айгине болоору бышык. Бирок, ушул убакка чейин менин чыгармачылыгыма карай айтылган сын уга элекмин. А өзүм байкаган кемчилдигим тартынчаакмын. Бул сапатым чыгармачылыгыма кедергисин да тийгизет.
- Айрым адамдардын кулагы-акыйкат сөздү угуу үчүн ийненин көзүндөй тар, эки ача сүйлөгөндөргө дарбазадай кенен ачылат. Чыгармачыл адамдардын арасында да дал ушул мүнөздөгүлөрдү кезиктирүүгө болобу?
- Албетте, чыгармачыл адамдардын арасында көралбас ичи тардык, акыйкат сөздү бурмалоо көп кездешет. Атын атоонун кажети деле жок, ошондой болсо да кээ бир чыгармачыл инсандар атак -даңкка көөп, кишини киши катары санабай калгандары да бар. Ошон үчүн элибизде айтылып калса керек "беш кол тең эмес" деп.
- Элдик адам болууңузга кандай күч таасир этти?
- Чынында жолдошумдун сүрөмөлөөсүнүн аркасында чыккамын. Алгач экөөбүз конкурстарга, фестивалдарга чогуу катышып жүрчүбүз. Андан кийин "Камбаркан" оркестрдик тобунда да чогуу иштедик. Ошол учурда жеке солист болуп ырдап чыгуу оюмда такыр жок эле. Жолдошум "өзүңчө ырдап чыкпайсыңбы?" деген. Алгач бул сөздү кулак сыртыман кетирип, тартынчаактыгымдан эки жыл сахнага чыга албай жүрдүм. Кайра-кайра "Сенден жакшы талант чыгат, качан чыгасың?" дегенинен бир чечимге келе албай экөөбүз таарынышып да жүрдүк. Акыры Дамира Ниязбекова менен "Мекен" деген ырды дуэт ырдап чыкканмын.
- Алгачкы ырдаган үнүңүз менен азыркы үнүңүздүн айырмасы барбы?
- Айырмачылык бар. Алгачкы ырларымды азыр укканымда добушу тунук шылдыр аккан суудай таза чыкса, азыркы ырдаган үнүмдө такшалган үн кеңейип күч кошулганын байкайм.
- Алгач чоң сахнага чыккан күнүңүз эсиңиздеби?
- Алгач чоң сахнага кыргыздын фольклордук музыкасы менен чыкканбыз. 1993-жылы Польша, Швейцария, Япония сыяктуу чоң мамлекеттерде кыргыздын менталитетин чагылдырган ыр, музыкалар менен өнөрүбүздү тартуулап, бөтөн элдин кызуу колдоосуна татыганбыз.
1996-жылдан тарта жеке өзүм "Кусалык", "Күзгү", "Жаш өмүрүң өткөрбө" аттуу ырларды аткарып эл оозуна алына баштадым.
- Чыгармачылыгыңызда эмне жаңылыктар болуп жатат?
- Чыгармачыл адам болгондон кийин тынымсыз иш үстүндөбүз. Азыр жолдошум менен биргеликте филармонияга атайын Япониядан алынып келинген үн жаздыруу студиясын ачтык. Ишке киришкенибизге бир айдын жүзү болду. Мындан сырткары жалаң чыгармачыл сегиз ырчы кыз менен ушул айдын башында концерт койдук. Жакында жаңы альбомумду жаратканы турам. Анын аталышын "Бар болгула" деп койсомбу деген ойдомун.
-Арийне кай бир чыгармачыл инсанды калайык абаз кылып көргүсү келет. Дал ушул ойду көксөгөн күйөрмандарыңыздын арасында жагымдуу маанай жаратып, сизди дагы көрсөк деген эңсөөнү эл демине сиңире алдыңызбы?
- Калайыктын менин чыгармачылыгыма болгон эңсөөсүн жарата алдым дей албайм. Бирок, калк арасынан он пайызга болсо да көңүлдөрүнөн түнөк таап калганыма ишенем. Көчөдөбү же айылдап барып калгандабы жылуу жүз менен учурашып, чыгармачылыгымды баалаган күйөрмандарымдын алкыш сөздөрүн угуп калам. Мүмкүн, менин жөнөкөй мүнөзүмдөнбү мени абаз кылган жакын санаалаштарыма ар дайым жайдары жүз менен мамиле кылам.
- Жолдошуңуз менен чогуу окугансызбы?
- Ал менден улуу болгону менен бир курс төмөн окучу. Аскердик милдетин өтөп, менден эки жыл кийин тапшырган. Жолдошум экөөбүз бир окуу жайда окугандыктан коомдук иштерге чогуу катышчубуз, азыр да бирге иштейбиз.
- Табият ыроологон аруу сезимге качан кабылгансыз?
- Экинчи курста окуп жүргөндө окуу жайга жаңыдан келген узун бойлуу көлдүк жигитти жактырганмын. Сырымды сыртка чыгарбай ичимден эле жактырып жүргөнүмдө, ал бала менин артымдан байкап, сураштырып жүрүптүр. Бир күнү китепканада олтурсам, аны менен чогуу жүргөн досу кирип, кайра эле чыгып кетти.
Көп өтпөй мен жактырып жүргөн узун бойлуу жигит кирип: "Кайсы сабактан даярданып жатасың?" -деп сурап калды. Алгач таанышканда Саадатбекти сүйлөгөн сөздөрүнөн улам туруксуз жигиттей сезилгени менен бара-бара менин байкоом төгүнгө чыгып, сөзүнө бек, ишенимдүү экенине ынандым. Студенттик жылдарда экөөбүз тең жатаканада жашагандыктан, ал мени тамак жасап чакырып калчу. Кийин Саадатбек экөөбүз фестивалдан келе жатканда айылына ала качып кеткен. Менин арзуум жолдошума арналган десем да болот.
- Акылдуу аял жолдошунун бактысы дейт, үйдө кандай кожойкесиз?
- Мээримдүү, боорукер, кээде чечкиндүүмүн. Жашоодо аял эркек экөө тең бирдей деңгээлде болбошу керек. Кээде үйбүлөлүк маселени мен чечсем, кээде жолдошум. Экөөбүз ылайыгы келген учурда кезек менен келишип, баардык жагынан төп келишкен кожойке болууга аракет кылам.
- Үйбүлөңүз тууралуу да айта кетсеңиз, канча баланын энесисиз?
- Мен өзүмдүн үйбүлөмдө, беш бир туугандын эң кичүүсүмүн. Жолдошум экөөбүздүн Кубаныч аттуу жалгыз уулубуз бар. Кудай буюрса 18ге толот. Жакынкы күндөрү өзү каалаган окуу жайына тапшыртабыз деген ойдобуз.
- Жашооңузда ачууга алдырып, ызаланган учуруңуз болобу?
- Сөзсүз, бул жашоодо болуп туруучу көрүнүш десем болот. Өзгөчө ызаланган учурлар бут тоскондо. Мамлекеттик иште иштегендиктен жыйырма жылдан бери суугуна тоңуп, ысыгына күйүп чыдап иштеп жүрөм. Элибизде жакшы сөз бар го "Артистин бир көргөнүн ит да көрбөйт, бай да билбейт" деп. Эсимде 1993-жылдары дүкөндөрдө эч нерсе калбай кыйналган оор күндөрдү да баштан өткөргөнбүз. Кудайга шүгүр азыр элдин жашоосу жакшырып калды. Нан болсо ыр болот демекчи элибиз бай болсо той тамашалар да арбын болот.

Маектешкен Чынара Абдраева