Сенин гезитиң!
№20, 17.06.08-ж.
  Сыр маек

Омар:
"Жүрөккө бир гана сүйүү батат"
Эстрада чөйрөсүндө жаңы ысымдардын катары көбөйүп, сапаттан да сан жагы арбып барат. Бирок, мезгил баарына калыс тараза. Ал эртедир- кечтир баарына өз баасын берип, орду-ордуна коёру чын. Гезитибиздин бул чыгарылышында Омар биз менен ой бөлүшүп, баарлашкан эле.

- Омар, алгач сөзүбүздү жакында болгон ийгилигиңден баштасак. Юрмала шаарында өтүүчү конкурска ат салышып, үч турдан ийгиликтүү өтүп, эми фестивалга катышууга камданып жатасың. Белгилей кетсек, бул кыргыз эстрадасынын тарыхында биринчи жолу болуп олтурат. Ушул туурасында өзүңдөн уксак?
- Аталган конкурска тандоо жүрүп жатканда мен Астана шаарында жумуштарым менен жүргөм. Ошол учурда продюсерим Нурслан Сыдыгалиев мени чакыртып калды.
Кыргызстанга Москвадан, Казакстандан комиссия келип, ырчылардын сүрөттөрү, чыгармачылык дараметтери менен жакындан таанышып, карап чыгышып, үч ырчыны "Конкурска катышууга татыктуу" деп табышкан экен. Алар- Жанета Бобкова, Мирбек Атабеков жана мен элем. Алматы шаарында алгачкы тандоо туру болуп, анда Мирбек экөөбүз өткөнбүз. Экинчи тур Москвада уюшулуп, анда мен катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдум. Анан жакында эле үчүнчү турда Кудайдын буйругу менен бул татаал тепкичтен да кубаныч менен өтүп кеттим. Чынын айтсам, үчүнчү тур аябай оор болду. Көрсө, мында эң татыктуу делген накта таланттарды тандап алуу максаты коюлуптур.
Эми буюрса, 10-июлда Москвага аттанганы турабыз. Фестиваль 23-29-июлга чейин болот. Азыркы тапта ага карата чыгармачылыкта чымыркана даярдыктарды көрүп жатабыз. Калганын убакыт көрсөтөөр…
- Сиздердин барып-келишиңерге кимдер көмөкчү болууда?
- Азырынча атайын бизге кайрылып: "Жардам беребиз" дегендер боло элек. Бирок, Кыргызстандын аты үчүн мааниси терең болгон натыйжалуу ийгиликтер үчүн ар тараптан колдоолор болсо деле түзүк болмок.
- Айтсаң, жашоодогу негизги кубанчың эмне?
- Менин кубанчым- бул атак-даңк же байлык эмес. Анткени, алар утурумдук нерселер. Бүгүн бар да, эртең жок. Ошондуктан, жакындарымдын маңдайында аман-эсен жадырап-жайнап жүргөнүм жана адам катары татыктуу жашоого карай багыт алып бара жатканым мен үчүн сыймык.
- Эгер сени байдын кызы жактырып калып: "Байлыгымдын баары сен үчүн! А сен мен үчүн…" десе кандай кылаар элең? Байлыкка кызыккан жигиттерибиз деле жок эмес…
- Билсеңиз, мен жан дүйнөнүн өтө жөнөкөй болуп турганын баалайм. Андай кырдаалга кабылсам, мен байлыкты, мансапты эмес, жаркыраган келечек жашоомдун таза, туруктуу үлгүсүн тандайт элем. Андыктан, байлыгы ашып-ташкан бийкечке сылык гана: "Кечириңиз. Айрылыш жолдон кезигип, адашып алган экенбиз…" деп коймокмун.
Эр-жигитте ар-намыс деген болуш керек. Дүнүйөгө кызыгып, өзүн, өзүнүн адамдык, мырзалык атын унуткан жигиттерге ачуум келет. Алтын-күмүш, акча- жүрөктүн ачкычы боло алган эмес жана да боло албайт!
- Кийим тандоодо эмнесине көбүрөөк көңүл бурасың?
- Жашоомдо мен катардагыдай эле жөнөкөй кийинип жүргөндү жактырам. "Мода" деп жарашпаган кийимдерди кийип алганды каалабайм.
(Күлүп…) Азыр ысыкта үстүмө футболка, башыма кепканы баса кийип алып эле жүрөм. Дегинкиси, жөнөкөй жана ошого жараша ыңгайлуу кийингенге не жетсин.
- Кичинеңде кандай бала элең?
- Кай бирөөлөр: "Бала кезимде тентек элем, эми чоңойгондо токтолдум" дешет. А менде тескерисинче болду окшойт. Балалыгымда аябай жоош, токтоо экенмин. Болпоюп эле жүрө берчүмүн. Азыр ал мүнөзүм калып бара жатат.
- Балдар менен мушташып, ызы-чуу түшкөн учурлар болгондур?
- Албетте. Мектепте окуп жүргөнүмдө мен классымдын экинчи атаманы элем. Муштумдар түйүлүп, далай эле боз-ала чаң болгонбуз.
- Жолдо кечинде кетип баратасың дейли. Алдыңда бир татынакай, ай чырайлуу пери бара жатат. Аңгыча беш-алты бала чыга калып, кыздын сумкасын жула качышты. Мындайда сен эмне кыласың? Коркоктук кылып, баса берет белең же?..
- Мактангым келбейт. Чынында беш-алты балага менин күчүм жетмек эмес. Андыктан, кызга толук жардам бере албасам да, аны жалгыз таштабай, жылуу сөз айтып, үйүнө жеткирип коймокмун.
- Жигиттердин табити ар кандай эмеспи. Дегеним, шаардык кыздар жагабы же айылдыкпы?
- Ишенесизби, бир жакшы жери мен антип тандабайм. Эң негизгиси, мен үчүн кыздын ыймандуулугу, руханий жактан тазалыгы башкы орунда турат. Бул жөн эле сөз эмес. Бул менин чыныгы оюм деп түшүнүңүз.
- Балалыгың кайда өткөн?
- Негизи мен Бишкекте туулуп-өскөм. Бирок, атам Таластан, апам Нарындан болот. Ушул кереметтүү эки жерде тең менин балалык издерим калган. Айыл жери мага аябай кызык көрүнчү. Таластан талаа жумштарын жасаганга көнүккөм. Ал эми Нарын жеринен кыргыздын эр-азаматтарына таандык кой союуну үйрөндүм. Айылга көп баргандыктанбы, каруу-күчкө толгон жигит катары кара жумуштарды катыра жасайм. Дегеле, эр-азаматка ак кол болгон жарашпайт.
- Ишенгениң?
- Жаратканга ишенем. Ар дайым ичимден келме келтирип, Куран айтып, жума намазына үзбөй барып турам. Жараткандын алдында таза жүрсөң- адам катары жашоодо жакшы атыңды, татыктуу изиңди калтыра алганың деп билем.
- Туулган күнүңдү кантип тососуң?
- Каалаган досторум, жакындарым бул күнү мени куттуктап келиши мүмкүн. Бирок, мен туулган күнүмдө атайын конок чакырып, шаан-шөкөт кылып өткөрбөйм. Майрамдарга көп деле маани бербейм.
- Турмушта кызык кырдаалдар көп болот го. Эгер сен эки кызды бирдей жактырып калсаң, кандай кыласың?
- (Ойлонуп…) Кыйын суроо экен. Так айта албайм. Кандай десем… Кыздардын көңүлүн калтырганды жактыра бербейм.
- Демек, экөөнү бирдей сүйүктүү жар кылып алышың мүмкүн экен да?
- Жоок. Мен көп аял алууга толугу менен каршымын. Бул жалпы эле аялзатын, биздин мээримдүү энелерибизди, сыйлуу эжелерибизди, сүйүктүү карындаштарыбызды сыйлабагандык, баалабагандык деп түшүнөм.
- Анда эки кыздын бири ыйлап калат го?
- Ошондой болот го. Анткени, мен бирөөсүн гана тандашым керек да. Кандай болбосун, андай абалга кабылыштан корком. Анткени, эки адамга бир эле учурда арзыган- ушунчалык оор жана азаптуу көрүнүш деген пикирдемин.
"Анна жана падыша" кинотасмасын көрсөңүз керек. Бир бакыйган мамлекетти өзүнүн терең акылы, зиректиги, укмуштай зор кайраты менен чарк айланта башкарган падыша махабаттын күчүнө багынып, таазим кылат эмеспи. Ал: "Жашоодо бир гана адамды сүйүп жашаса болот тура" дейт го. Көрдүңүзбү, демек, чыныгы ашыктык сезим бир гана адамга арналып, өмүр бою бакубат жашагандар да бар.
- Эмнени жактырасың?
- Эртең менен таң заардан туруп, айлананын кооздугуна, көркөмүнө суктанып, көл жээгиндеги шарпылдаган ажайып кооз толкундарды карап алып, ойго баткандан кадимкидей ырахат, кубаныч алам. Эмнегедир мындай учурлар мен үчүн өзгөчө жагымдуу сезилет жана көз ирмемдик бакыттын илеби дал ушул мүнөттөрдө дене-боюмду аралап, мени белгисиз бийиктерге алып баргандай болот.
- Омар, омоктуу ойлоруң үчүн ырахмат! Жакында болуучу фестивалда сени ийгилик коштосун. Биз сени менен биргебиз!

Баарлашкан
НУР- КЫЯЛ