№19, 10.06.08-ж.
  Кумир менен баарлашуу

"Кыз деген кол жеткис бийиктикте туруш керек"
Көп кырдуу таланттын ээси, тилинен чаң чыккан бал тилдүү ди-джей, сүйкүмдүүлүгү менен көптөгөн кыздардын жүрөгүн туйлаткан таланттуу ырчы Чынгыз Мырзаевди мактап-жактабасак да, анын чыгармачылыгын колдогон күйөрмандары күн санап өсүп жатканы байкалат. Албетте, мындай ийгиликке жетишиш үчүн талыкпаган эмгек, такшалган талант керек. Бул сапаттарды Чынгыз мырзадан оңой эле тапканга болот. "Кумир менен баарлашуу" аттуу рубрикабыздын негизинде Чынгызды редакциябызга чакырып күйөрмандары менен жолуктурдук эле. Андыктан кумир менен анын күйөрмандарынын баарлашуусу сиздердин назарыңыздарда.

Лазат
- Чынгыз сага чыгармачылык ийгилик каалайм. Жаңы алган темир тулпарың кут болсун. Машинаңдын төрт дөңгөлөгүнөн шамал өтүп, жакшылыктарга минип жүрө бер. Сени ди-джей, мугалим, актёр, ырчы катары жакшы билебиз. Эгер тандоо учуру келсе кайсынысын биринчи орунга коёт элең?
- Чоң рахмат. "Тишиң барда таш чайна, тишиң жокто аш кайда" деп коёт эмеспи. Азыр ал-күч барда мүмкүнчүлүгүм жетишинче иштеп жатам. Анан эми сиз айткан тандоо убагы келсе "бир бармагым тиштесем бир бармагым ооруйт" болуп кыйналам го. Бирок, баары бир баарысын таштай албасам керек. Атам дайыма "кайсы кесипте, кайсы жерде ким менен иштебе, адам деген атка татыктуу бол"-деп кулагыма куюп келет. Ошондуктан кайсы жерде жүрбөйүн адамдык жүзүмдү жоготпогонго болгон күчүмдү жумшайм.
Майрам
- Бала чагыңызды эстегенде көз алдыңызга кайсы элес тартылат?
- Мен бала кезимде өтө шок болчумун. 1-классымда 3 жума кыргыз класста окуп, анан 3-класска чейин орус класста окудум. Ошондо тил жагынан аябай кыйналгам. "Шишка" деген сөз болсо, андагы "ш" менен "и"ни айырмалай алчу эмесмин. Үйдө уулдардан жалгыз болгондуктан апамдын эрмеги болуп эрке өстүм. Балалыгым 7-класска чейин Кадамжай районунун Орозбеков айылында өтүп, андан кийин 20 жашыма чейин ата-энемдин жумушуна байланыштуу Чаткалга көчүп кетип, ошол жакта жашадык. Азыр болсо Бишкекте турабыз.
- Кайсы жерди көбүрөөк сагынасыз?
- "Туулган жердин топурагы алтын" дегендей балалык издерим калган, киндик кан тамган жерим жакшы көрүнөт. Ошону менен бирге Чаткалдын таза абасы, көк асмандай тирелген тоолору менин талантыма түрткү берди деп айталам. Мен үчүн кадамым калган ар бир жер ыйык.
Кунчуайпери
- Мен биринчиден менин бүгүнкү туулган күнүмө чексиз бакыт тартуулаган сүйүктүү "Обон" гезитиме рахматымды айтып, ыраазычылыгымды билдирем. Бул күн мен үчүн унутулгус болуп эсте калат. Чынгыз аке, мен сиздин карындашыңыз болуп кетем. Ошондуктан карындаштарыңыз жөнүндө айтып берсеңиз. Аларды кантип эркелетесиз?
- Айпери биринчиден 15 жаш күлгүн курагың кут болсун. Бекем ден-соолук, бактылуу жашоо каалайм. Менин Айтурган, Күнтурган, Эркинай деген үч карындашым бар. Үчөөнү тең туруп калсын деп Кудайдан тилеп алганбыз. Аты айтып тургандай Эркинайыбыз абдан эрке. Күнүнө үчөө үчтөн балмуздак жемейинче тура албайт. Майрамдарда эс алдырам, ойнотом, эркелетем. Кээде ага катары какыс-кукус кылып тартипке салып турам. Үйдө менден кичине айбыгышып, мени сыйлап турушат.
Гүлнара
- Күндүзү радиодо, кечинде түнкү каналда болсоңуз, андан сырткары ырдап, тамадалык кылсаңыз кайсы убакта уктап, кайсы учурда эс аласыз?
- Убакыт ар кандай болуп калат. Маселен бүгүн эртең менен 6-30дан 10-00го чейин радиодо эфирде болдум, андан кийин тарых музейинде чоң мамлекеттик деңгээлдеги жыйынды алып бардым. Азыр болсо сиздер менен маектешип олтурам. Мындан чыгып үйгө барып сакал-мурутту кырып алып, түнкү каналга келем. Эртең кечинде тойго барам. Биздин жумуш ушундай. Кээде 3 саат, кээде 5 саат, айрым учурларда такыр уктабаган күндөрүм болот. Бул менин турмушум, жашоом ошон үчүн мен аз уктадым же жетишпей калдым деп милдет кылбайм.
- Араб тилинде окуй аласызбы? Дегеле динге болгон көз карашыңыз?
- Динге болгон көз карашым түз. Мечитке барып турам. Эми бул нерсени мактануу катары айтуу туура эмес. Оң колуң бергенди сол колуң билбесин дейт. Мурда намаз окучумун, азыр убакытка байланыштуу үзгүлтүккө учурап калды. Негизи жараткан "качан акыр заман болгондо жүрөгүндө кымындай ишеним бар адам бул - ыймандуу киши деп эсептелет"-деп айткан экен. Андыктан менин динге болгон ишенимим абдан чоң. Бизди Кудай жараткан. Ал үчүн сыйынам. Ал эми араб тилинде сүйлөй албайм, бирок тамгаларын жаттагам.
Кунчуайпери
- Сизге хиджаб кийген кыздар жагабы? Дегеле кийимге кандай маани бересиз?
- Элди бекеринен көлгө, селге, дарыяга салыштырбаса керек.Элди бир нукка салыш мүмкүн эмес. Кандай кийинсе да ал ар кимдин өз эрки. Негизи адам өзүнө өзү жооп бериш керек. Менимче кеп кийимде эмес анын жүрөгүндөгү ыйманында.
Майрам
- Сенин колуңда бир гана билет бар дейли. Ошол эле учурда жаныңда бир тууган карындашың анан күйөрманың мен турам. Билетти кимибизге бермексиң?
- Мен үчүн экөөң тең ыйык адамсың. Колдон келсе экөөңдү тең киргизмекмин. Эгер бирөөң калып кала турган болсоң экөөңү тең таштап үйгө качып кетмекмин.
Асел
- Сүйүүнү баладай багып, гүлдөй асыраш керек дешет. Жер бетинде түбөлүктүү сүйүү бар экенине ишенесизби?
- Сүйүү бар үчүн эки жарты бир бүтүн болуп жашап келатабыз. Жалгыздык жаратканга гана жарашат дейт. Калган ар бир нерсе жубу менен болуш керек. Көз-көз менен, жарык караңгы менен, аял эркек менен дегендей.
- Жакшы көрүү менен сүйүүнүн айырмасы барбы?
- Бар. Жакшы көрүү деген бул адамдын сапаттарын баалоо деп түшүнөм. Бирөөнүн күлгөнүн, бирөөнүн сүйлөгөнүн, тыкан жүргөнүн, мамилесин ички дүйнөсүн жакшы көрүү. Ал эми сүйүүдө сүйгөнүңдүн кемчилдиги көзгө көрүнбөйт. Ошон үчүн сүйүү сокур деп бекер айтылбайт.
- Качан апаңызды келиндүү кылып, колун узартайын деп жатасыз?
- Мына күнү деп кесе айталбайм. Кудай буюрган күнү үйлөнөм деп турам.
Лазат
- Чынгыз эсиңдеби мен сага 2006-жылы гезиттерге чыккан интервьюларың, сүрөттөрүң чапталган калың дептер менен өз эмгегимден жаралган шым белек кылбадым беле. Сурайын дегеним,ошол шымды кийип жүрөсүңбү?
- Рахмат сизге, сиз менин чыныгы күйөрманым экенсиз. Бул бекерчинин иши эмес, аны мен баалагандык, сыйлагандык деп түшүнөм. Сиз берген дептерди архив кылып сактап койгом. Ал эми тигип берген шымыңыз үйдө турат. Өзүм шыпыргыдай жан болсом чоң келип калышы мүмкүн эмес. Өзүмө ылайык экен. Сахнага ылайыкташтырып тиккен экенсиз,ошондуктан азыр кийип келген жокмун.
Асел
- Сени катуу сүйүп, артыңдан чуркап, көз жашын көлдөткөн кыздар болгонбу?
- Мм… Жок десем жалганчы, бар десем мактангандай болом. Чынын айтканда болгон. Катуу тийсе кечирип койгула кыздар. Негизи кыздын кыздай, кыштын кыштай болгону эле жакшы. Мен эле эмес, кыргыз жигиттери үчүн бул жагымсыз көрүнүш. Мындай жагдай менен кыздар жигиттерди сүйдүрө албайт, тескерисинче ирээнжитип коюшу мүмкүн. Кыз деген кол жеткис бийикте туруш керек. Менин көшөгө артында кандай адам экендигимди билбей туруп, берилип сүйүп алуу алсыздыктын белгиси. Ошондуктан кыргыздын ай чырайлуу сулуу кыздары кайсы жерде болбогула өз ордуңарды билип, кадыр-баркыңарды түшүрбөгөнгө аракет кылгыла дейт элем.

Автордон
Аталган рубриканы алып барып олтуруп бүгүнкү жолугушууга Чынгыздын чыныгы күйөрмандары келгендигин байкадым. Чынгыз эшиктен шашкалактап кирип келгенде жүздөрү алоолонгон оттой болгон кыздар сүрдөшкөнүнөн сөздөрүн таппай, апкаарып калышты. Албетте бул да болсо таланттын ким экендигинен кабар берет. Баарынан да жогорудагы Лазат аттуу окурманыбыздын Чынгызга арналган калың дептери көңүлүбүздү бурду. Бул дептерди барактап отуруп Чынгыз жөнүндө китеп жазса да болчудай деген ойго келдим. Өзү да ыр жазган "чымыны" бар кыз экен. Ырчынын чыгармачылыкка келгенден тартып бүгүнкү күнгө чейинки ар бир ийгилигин, кантип дем алып, кантип жашап жаткандыгы жөнүндө бардык маалыматтарды жыйнаптыр. Ал тургай Чынгыздын эң биринчи тушоо кесүү концертинде ошондогу продюсери Ильяз Адамовдон ырчынын өлчөмүн (размер)сурап, 10 күндүк убакыттын ичинде өз эмгеги менен бир жагында "супер", бир жагында "ди-джей" деген жазуусу бар шым тигип, белек кылыптыр. "Чынгыз катышкан бир да концерттен калбайм"-деген тигүүчү кыз ырчыга берилген шымды Мадина базарындагы эң кымбат материалдан алып тиккенин жашырган жок. Андыктан бу жарыктыкта Чынгыз үчүн гана жашап жаткандай таасир калтырган окурманыбыздын Чынгызга арнап жазган ырына орун бермекчибиз.

Сүйүү күчү
Көрүү үчүн сени мен ардагым,
Сен катышкан концерттерден калбадым.
Сыйкырдуу сүйүүнүн сүрү бардай,
Гүл кармап жаныңа мен баралбадым.

Сени сүйүп жүрөгүмдү кыйнадым,
Сен деп жүрүп башканы мен карабадым.
Сага деген сезимимди сезсең боло,
Чынгыз сен жаш жүрөгүм жараладың.

"Сүйүүңдү кулпула"-деген "кайрылууң",
Кусалыкка салды мени жемелеп,
Сага деген алгачкы ак сүйүүмдү,
Сенин сүйүүң кетти го дейм тебелеп.
09.11.06. Лазат.

Уюштурган Ж.Калдарова