№19, 10.06.08-ж.
 

Кыргыз-орус президенттери жолугушту
Санкт-Петербургда КМШга мүчө бардык 12 мамлекеттин мамлекет башчылары катышкан жыйналыш болуп өттү. Аны РФ Президенти Дмитрий Медведев кириш сөзү менен ачты. КМШ мамлекеттеринин төрагалыгын КР президенти Курманбек Бакиев аткарды.
Санкт-Петербург шаарында кыргыз президенти Курманбек Бакиевдин Орусия президенти Дмитрий Медведев менен эки тараптуу жолугушуусу болду. Анда орус президенти бул жолугушууга жана кызматташтыктын учурдагы абалы талкууланып жатканына кубанычта экенин билдирип, эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгы өсүп жатканын, товар алмашуу акыркы мезгилде элүү пайызга өскөнү эки тарапка пайдалуу мамилелердин өсүшүнө оң таасирин тийгизип жатканын белгилеген. Кыргыз президенти болсо Дмитрий Медведевди мамлекет башчысынын кызматына расмий киришүүсү менен куттуктап, ага бул зор жоопкерчиликтүү кызматта ийгиликтерди каалады. Ошондой эле Кыргызстандын тышкы саясатында Орусиянын өзгөчө орду бар экенин, мурда кээ бир биргелешкен долбоорлор жөнүндө сөз гана болуп келген болсо, акыркы жылдары алар турмушка ашырылып жатканын белгиледи. Жолугушууда Кыргызстан менен Орусия ортосундагы эки тарапка тең пайдалуу шериктештик кызматашууларды мындан ары тереңдетүү жана кеңейтүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
КМШ өлкө башчыларынын кезектеги саммити 26-сентябрда Бишкекте өтөт

28 пансионат жабылды
Көпчүлүк пансионаттар тазалоо системасы жоктугунан жабылды. Бул тууралуу билдирген айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Арстанбек Давлеткельдиевдин айтымында, кээ бир эс алуучу жайларда көл жээгине автоунаа менен кирүү уруксат экени жана тазалоо жабдыктары начар иштеп атканы аныкталды. Буга байланыштуу быйыл пансионаттарда тазалоо системаларынын бар жогу гана эмес, алардын сапаттуулугу да текшерүүгө алынат. 2007-жылы жаратылышты коргоо боюнча мыйзамда каралган талаптарды аткарбаган 11 пансионат жабылган.

Жолдубай Кайыпов жөнүндө жаңы китеп
Сталбек Абдыраев жазып чыгарган "Өчпөгөн жылдыз" китебинде маркумдун өмүрү, чыгармачылыгы, замандаштарынын, жакындарынын, кесиптештеринин эскерүүлөрү камтылган. Бул китеп Улуттук телерадио компаниянын 50 жылдыгына карата чыккан алгачкы китеп болду.
Улуттук телерадионун белгилүү диктору, обончу, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Жолдубай Кайыпов 1981-жылы киши колдуу мерт болгон. Кайыпов 80ге жакын обон жана обондуу ырларды жазган.

Кадырбеков дале камакта
Ленин райондук соту Ишенбай Кадырбековду камакта кармоо мөөнөтүн 6-августка чейин узартты. Курулуш жана архитектура агенттигинин мурдагы жетекчиси Ишенбай Кадырбековду кызматынан кыянаттык менен пайдаланды деп 6-майда Каржы полициясы камакка алган. Сот чечими чыккандан кийин адвокат Лужанский Кадырбековдун кылмыш ишинде далил база жок экендигин, өткөн бир ай ичинде эч кандай далилдүү негиздер кошулбагандыгын билдирди. И. Кадырбеков өзү болсо азыркы бийликте калыстык бар экендигинен биротоло үмүтү үзүлгөндүгүн билдирди.

ЖК Чыңгыз Айтматовго кат жолдоду
Жолдогон катта парламент депутаттары Чыңгыз Айтматовго тез арада сакайып кетүү тилегин билдиришти. "Жогорку Кеңештин депутаттары жана Кыргызстандын бардык коомчулугу сиздин саламаттыгыңыз үчүн тынчсызданууда. Элиңизге жана жериңизге болгон сүйүүңүз сиздин чыгармаларыңызда чагылдырылган. Ал чыгармалар аркылуу сиз ар бир кыргызстандыкты Мекенин, тилин, жаратылышын аздектөөгө үйрөтүп келесиз" деп айтылат депутаттар жолдогон катта.

Ошто быйыл азык-түлүк каатчылыгы болобу?
Ош облусунда былтыркыга салыштырмалуу дан эгиндери арбын эгилген менен анын 30 гана пайызы буудай. Буудай бышканда Өзбекстанга ташылат. Ал эми ун сатып алуу маселеси эмдигиче чечилбей турат. Ошол себептен аймакта кышка жетпей азык-түлүк каатчылыгы күтүлүшү мүмкүн.
Ош облусунун губернаторунун орун басары Болот Бүргөев райондордо 14 миң гектар аянтка буудай айдалгандыгын билдирип, түшүм толук жыйналса, азык-түлүк маселесин чечүүгө болоорун жана Казакстан, Орусиядан ун ташылаарын кошумчалады.

Шаарга ысык суу берилет
Ысык суу буга чейин пландаштырылгандай эле 12-июнда берилет. Жылуулук тармактарында ремонттук-профилактикалык жумуштарды жүргүзүү үчүн шаарда ар жыл сайын ысык суу бир айга өчүрүлүп келет

Машинеден граната табылды
"Арсенал" аттуу текшерүү учурунда Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн башкармалыгынын жана Октябрь районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан "Ниссан-Тина" унаасынан РГД-5 үлгүсүндөгү граната табылган.

Камчы Көлбаевдин спортчуларга урматы
Бишкек шаарында өткөн Кожомкул балбандын байгесине арналган эркин күрөшкө катышкан Кытай, Өзбекстан, Казакстан сыяктуу беш-алты өлкөнүн командалары Ысыккөлдө эс алды. Алтымыштан ашык мындай спортчу жана машыктыруучуларга көлдүн криминалдык авторитети деп аталган Камчы Көлбаев ак калпак, чепкен кийгизип, сый тамак уюштурду. Борбордон келген көрүнүктүү эстрада ырчылары аларга концерт тартуулады




  Дүйнө дүбүрт

БУУ ачка болгондорду азайтат
БУУнун Римдеги саммитине катышкан өлкөлөр 2015-жылга карата бүткүл дүйнө боюнча ачка болгондордун санын эки эсеге кыскартууга жана азык-түлүк каатчылыгын жоюу боюнча тезинен чара көрүүгө убада беришти. "Биз эл аралык шериктештик өтө аялуу өлкөлөр үчүн баалардын кескин өсүшүнүн терс кесепеттерин жоюуга тезинен аракеттенүүлөр тийиш экендигине ишенебиз", - деп айтылды саммиттин декларациясында.

Шахтада метан жарылып...
Польшадагы шахтада метандын жарылган кесепетинен 4 кенчи курман болуп, 13 адам жаракат алган. Метан Силезиядагы Ястржеби-Здроеде "Борыния" шахтасында 900 метр тереңдикте жарылган. Ал жарылган учурда забойдо 32 кенчи болгон.

Клинтон Обаманга жол бошотту
Өз сөзүндө Хиллари Клинтон бардык тарапкерлерине ыраазычылык билдирип, аларды ушул жылы ноябрда өтө турган президенттик шайлоодо Демократиялык партиядан АКШнын президенттиги үчүн талапкер Барак Обама үчүн добуш берүүгө үндөдү.

Мунайдын баасы жаңы рекорддук чекке жетти
Муну менен катар америкалык баалуу кагаздар жана доллар дагы арзандады. Мунайдын баасы бир күндө баррелине 10 доллардан ашыкка кымбаттап, кечээ Нью-Йорктогу биржада жеңил таза кара май 139.12 доллардан бааланды.

Грузияда жаңы парламент ишке киришти
Оппозиция лидерлери ага катышуудан баш тартып, парламенттин алдында демонстрация өткөрүштү. Акцияга 100дөгөн киши келди. Бирок президент Саакашвили парламенттин биринчи сессиясын пландалгандан бир күн мурда өткөргөндүктөн, оппозиция нааразылык акциясын чукул даярдаганга жетише албай калды. Оппозиция бийлик партиясына парламенттеги 150 орундун 119ун ыйгарган өткөн айдагы шайлоолор мыйзам бузуулар менен өттү деп ырастоодо.

Хиджабдын азабы
Түркиянын конституциялык соту бейшембиде ЖОЖдордо хиджаб кийип жүрүүгө тыюу салууну алып таштоону ырастаган өлкөнүн башкы мыйзамындагы түзөтүүнү жойду. Мындай чечимдин негизи ал жарандык мамлекеттин негиздерин буза тургандыгынын фактысы болду. Хиджабды кийип жүрүүгө тыюу салууну алып таштоо жөнүндө конституциялык түзөтүү башкаруучу, адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясы жана улуттук кыймылдын оппозициялык партиясы тарабынан сунуш кылынган жана 2008-жылдын февралында түрк парламенти тарабынан кабыл алынган.

Түркмөнстанда интернет үйдө
Өлкөнүн интернет тейлөө жаатындагы жалгыз ишканасы - "Түркмөнтелеком" кечээ Ашхабатта жуманын башынан бери 20 үй интернет менен туташканын кабарлады. Дагы 2 миңдей адам кезекте турат. Гурбангулы Бердимухаммедов президент болгондон бери 2006-жылы каза болгон Түркмөнбашы Сапармурат Ниязовдон калган бир катар чектөөлөрдү алып салууда. Былтыр Бердимухаммедовдун уруксаты менен өлкөдө алгачкы интернет кафе ачылган.