№19, 10.06.08-ж.
  Жаңырган издер

Бурулча
Өткөн тарыхка кылчайып карасак, ар бир учурдун өзүнүн мыйзамы, салты болуп келгенин тана албайбыз.
"Баарын убакыт даарылайт" деп айтылгандай, убакыттын өтүшү менен эмне деген гана өзгөрүүлөр болуп өтпөдү. Бул дүйнөдөгү жашоо сапары карыган адамдардын ордун кийинки муун толуктап, күн өз нугунда айланып өтө берет тура.
Бизге чейин тоолуу аймагыбызда, сууга бай өлкөбүздө кимдер жашап өтпөгөн. "Баарынан эне улук" демекчи бул дүйнөнүн туткагы болгон аялзаты жөнүндө сөз учугун баштап, тарыхта ысмы калган кыргыз айымдарынын басып өткөн жолунан кийинки муундарга сабак болсун үчүн үстүртөн баян кылып кетели деген изги ойдо, ушул рубриканы ачтык.

Бурулча кыз жөнүндө бардык эле эл биле бербесе керек. Дегеним, азыр техникалашкан заманда жаштарыбыз тарыхка деле көңүл бурбай, мектеп окуучуларына, студенттерге калкыбыздын Бурулча өңдүү талантка бай кыздары жөнүндө мугалимдер кеңири айтып түшүндүрдү деп ким кепил боло алат.
Эмесе сөз өңүтүн Бугу уруусунан чыккан Алымбек кызы Бурулчага бурабыз. Бурулча кыз кезинен эле өткүр мүнөз күтүп, өзгөчө улуттук музыкалык аспабыбыз комуз, ооз комузду жигине жеткире ойноп, учурунда Бурулчанын "Күйгөн күү", "Ботой", "Боз салкын", "Желдирме", "Кош Кайрык", "Керме тоо", "Селкинчек" өңдүү күүлөрүн эл эңсеп келип угуп кеткен күндөрү болгон экен. Таланты таш жарган Бурулча азыркыча айтканда "жылдыз" болуп, эл оозуна эрте алынып, жаңы бышкан алмадай бой тартып келатканда, Алишер бийдин уулу Батыркандын көзүнө кыз оюнунда кабылып калат.
Бурулча ооз комузда ойноп атып, өзүн теше тиктеген, кийген кийимине караганда байдын же бийдин баласы өңдөнгөн жигит менен тиктеше түшөт да, анын курч көзүнө туруштук бере албай, андан көзүн ала качат. Ошондо жаш жүрөккө билинбеген сүйүүнүн изгини белги берип, көңүлүн алагды кылат.
Эки жаш эбин келтирип жолугушканы менен бирин-бири жактырып калышкандарын ачык айта алышпаса дагы жүрөктөрүнөн сезишти. Кийин Батыркан атайын ат арытып, жол карытып Бурулчага жолугууга келип, аны айылынан таппай калды.
Батыркандын баркын угуп Бурулча анын айылына бүлө болуп, алысты жакын, пасты жогору кылсам дегенде эки көзү төрт болот. Жүрөгүнө Батырканды түйүп жүргөн күндөрдө атасы Алымбек жайчы калыңын жеп койгон жерге узатууга шашып, энесинен башка жан өбө элек кызын Телгарага токол аялдыкка берет. Бурулча айла-амалы жок күлгүндөй жаш курагында жашы өтүп, кубаты кайтып, ысыгы муздап бараткан Телгаранын терге чыланган төшөгүндө көңүлү айнып, итиркейи келип, кейиштүү тагдырына наалат айтып аргасыз баш иет.
Көп убара, көп машакат менен козголгон оор тулку улактай уйпалап, жанын кыйнап, бир эмес эчен ирет зээнин кейитти. Бурулчанын ошондо супсуну сууп, кайдадыр белгисиз жакта чабыттап учуп жүргөн текөөрү курч барчындын ууз сүйүүсүн эңсеп, далай армандуу түндөрдү үшкүрүк менен өткөрдү. "Тең теңи менен тезек кабы менен" деп айтылгандай, өзүм теңдүү тектүү жердин уулуна турмушка чыксам, кыргызга кыргыз үчүн күйгөн, чыныгы баатыр уулду төрөп берет элем. Менде эмне жазык, тийген эрим гана жарашпай калды деп, болгон муңун ичине катып Телгаранын койнун жылытып жүргөн кезде Батыркан, Телгаранын атасы Бегиматтын үчүнчү зайыбынан төрөлгөн Жийдеканга кайындап келип, Бурулчага жолугуп калды.
Айткандай Бегиматтын көзү өткөн соң, Жийдекан бойго жеткенде, анын башын ачып, кудалашкан жери Батырканга узатчу Телгара болуп калган.
Батыркан сыртынан бычып кайындаган колуктусуна ат бастырып келе элек, ал турсун көрө да элек болчу.
Ата даңкы менен жамаатка таанылып, энеден эрке туулган жаш мырзаны солкудаган кыздар, жаңы келген жаш колуктулар кыргак элечек кылыктуу зайыптар, өргөөлөрдүн жылчыктарынан шыкаалап "Биздикине түшсө экен" деген кусалуу тилек менен кийим алмаштырып, бүктөөсү жазылбаган жибек, атлас көйнөктөрүн үкөктөн сууруп, шаан-шөкөт менен бүлүнүп күтүшчү экен.
Мына байлык менен бийликтин керемети.
Жандыгы түгөл, дөөлөттүү жандын бири Телгара Кааны байбиченин төрүндө куш жаздыкка чыканактап, күйөө-кызды тели-теңтуштары менен эркинче ойносун деп, жайыктагы өргөөгө обочо койду.
Батыркандын астына кыл жаткызбай кайын жеңелер кирпикке карай мамилеге өткөн. Улууга күйөө, кичүүгө жезде катары Батыркан сыпаа, өзүн салават алып отурганда, сырттан шыңгыр күлгөн үн угулуп, алтын кирпик ак элечек кийип, Телгаранын кара көзү Бурулча жарк этип босогону аттады. Уй мүйүз тартып олтургандар тең жарылды, үйгө ажайып нур кирди. Батыркан ордунан тура калып салам берди. Жүрөгү дүр этип, жүзүн көк тепти. Эрке бала шып эткизе чөгөлөп, төшөктү төрт бүктөп, Бурулчанын астына салды. Бурулча каалгый басып келип мамык төшөктөн орун алды. Элге кеңири сиңген "Боз салкынды" кага баштады. Ооз комуз адегенде жай, анан кайрыктуу ыргак алды. Белестен жорткон боз салкын дымыгандай, теребелди ыргалта балкыткан күүнүн лып токтошу, олтургандарды бир улутунтту. Үй ичи үч көтөрүлүп, дагы күү кайруусун өтүндү, ал жердеги көпчүлүк. Жалынычтуу көз караштарды сергек сезген Бурулча кайра-кайра сураткан жок. Ооз комузду оозуна кармап сөөмөй серпип, оболу "Тагылдыр тоону", анан "Керме тоо" деген күүнү какты. От кайра тутангандай олтургандар анын жагымдуу илебине көшүлүштү.
Аттиң ошол учурда азыркыдай видео тасма болгондо эмне деген ажайып кооздукка, таза талантка өз көзүбүз менен күбө болот экен. Бурулчанын акырын соккон алкымында, толуп турган ууртунда, мөлтүрөгөн карегинде агы ак, кызылы кызыл, дидарында ашыктык ойноп, деминен келин курак илеп уруп турду. Ошондо Бурулча жандүйнөсүн, жан сезимин, жансырын сыртка чыгарып, албырып, элжиреп ооз комузду берилип какты.
"Жел эзсе көк шибер көйкөл болот, бөпөлөсө кыраан туйгун үндөккө көнөт" демекчи Бурулчанын таланты, өргөө ичиндегилердин бүт сезимин өзүнө буруп, ал турсун, аларга тоскоол болбойлу деп, демдерин ичине катып, берилүү менен тыңшап турушту. Эх таланттын керемети. Ал кезде азыркыдай талант булганган эмес эле да. Баары таза, күлгөн күлкү, сүйлөгөн сөз, жасаган мамиле, черткен күү, ырдаган ыр, жасалган тамак, ичкен суу, дем алган аба деги койчу айтып олтурсак сөз жетпейт го ал кездеги тазалыкка. Тазалык бардык жерде көп жашайт деген сөз бар. Анын сыңары, Бурулча дагы өзүнүн өнөрү менен тарыхта ысмы калып олтурат. Талантты аздектеп баккан Бурулчанын учурунда кадыры күчтүү болгонун ушундан улам билсек болот, өзүн бир көрүүнү эңсеп, азем күүлөрүн өз кулагы менен угууну самап, Телгаранын айылына тай жетелеп келип, талантына күбө болгондор болгон экен.
Аш-тойдо же топто болсун Бурулча өнөрү менен Телгаранын кадырын, зоболосун көтөргөнү дагы айтыла калып жүрөт.
Батыркан кыялга термелип олтурганда, күү соңуна чыгып, Бурулча кезекти Баткырканга узатып жатып:
- "Өнөрлүү өргө чабат, өнөрсүз жонго чабат. Кулактын курчун, жүрөктүн черин, көңүлдүн бугун жазыңыз"-деди.
Батыркан жайдары мүнөз менен:
- "Алтынды чыккан жерден каз"-демекчи кезек шарты бар деп көңүл күүсүн комузга толгоп алыскы айылдык салт-санаасын жолдоп, мукамдуу үнү менен обон созду да, кайра ыр кезегин Бурулчага узатты. Алымсабак иретинде, Бурулча ооз комузун какты. Бурулчанын авазын Сагымбайдын комузу коштоп, кош кайрык күү кыялды бирден миңге сүрдү.
Мемиреген түнкү жайлоодо кубулжуган күү аба толкуну менен алда кайда тарап жатты.
Бири кем дүйнө демекчи өнөргө бай, мүнөзү шар Бурулчанын дагы арманы болбой койгон эмес. Жүрөгүнө бүлүк салган Батыркан өзүнүн сөзүнө тура албай, байдын эрксиз уулу болуп, учурунда кайран кыздын кадырына доо кетиргени ар түрдүү варианттар менен айтыла калып жүрөт. Бирок, ириде кеп кылынгандай тазалык баарын жеңип, бутун сунса дасторкон кармап, бутун артса дасторкон салынган, койлук эмес тайлык конок болуп, кадыр күткөн Батырканды азыр ким билет. Ал турсун ал кайсы уруудан болгонуна кызыккан жан жок. "Байлык менен бийлик колдун кири" деп айтылгандай сансыз байларга караганда өнөрлүү адамдарын ысымы көпкө жашаарын ушундан улам билсек болот. Батыркандын байлыгы менен бийлиги Бурулчанын өнөрүнүн бир бучкагына дагы жетпей калган.
Бурулча бир гана өнөргө бай болгон эмес, ал абдан намыскөй, адамдын ички дүйнөсүн окуй билген, эл, жер үчүн күйгөн чыныгы патриот аялзаты болгон экен. Кээ бир учурда кыз болуп төрөлүп калганына өкүнүп, алсыз, намысы жок эркектерди бийлигине, байлыгына карабай бетке сөз менен жеткире айткан, кедей кембагалдарга кайрымдуу болгону да өзүнчө чоң сабак кеп болот.
Убакыт баарын таразалайт" деп айтылгандай. Убакыттан өткөн калыс эмне бар. Эгер Бурулчанын учурунда кадыры элге сиңбегенде кадырына көлөкө түшүргөн Батыркандай аты-жыты билинбей калаар эле го. Конок сымал бир келген бул жашоодо таланты таш жарган Бурулча өңдүү кыздарыбызды эстей жүргөнүбүз албетте моюндагы парз. Эмесе ушуну менен Бурулча жөнүндө баяныбызга чекит коёбуз .
P.S. Гезитибиздин кийинки санында Курманжан датка жөнүндө сөз учугун улайбыз.
Бердикижо Бийназаров