№19, 10.06.08-ж.
  Күлкү - өмүрдүн мүлкү

Шайырлар шакабасынан
Маданиятыбызга белгилүү залкар инсандардын, акын-жазуучу, куудулдардын кызыктуу кылык жоруктарын, какшык, шакаба, азил-тамашаларын иликтеп, издеп, эл шайырларынын шиңгилдеринен ортоңуздарга тартууласакпы деп, күлкүдөн гүл десте сунуп олтурабыз, кабыл алыңыздар.

Атаңдын башы
Союз жаңыдан таркап, бардык жерде мамлекет мүлкү таланып жаткан учур.
Бир айдоочу шаардан өз айылына келип, досу менен базарлык ичип отуруп калат.
Бир убакта:
- Ээ досум, шаардан көзгө көрүнүктүү эмне алып келдиң? - деп сурайт.
Анда досу:
- Атаңдын башын алып келдим-деп жооп берет.
Буга берки досу чыдабай, заматта экөө жакалашып кетишет. Ортого аялы түшүп, зорго ажыратат. Анан айдоочу досун ээрчитип, сыртта турган жүк ташуучу машинасынын артын ачып, бортто жаткан Лениндин башын көрсөтүптүр.


Аппазициянер
Нурлан Мотуев Топчубек Тургуналиевге барат:
- Аппазициянер болгум келет!
- Аппазициянер болуш оңой эмес, ме, мобу кагаздарды элге таратып кел. Жакшы таратсаң алабыз.
Бир ай өтүп, экөө кайра жолугушат.
- Ой, Нурланчик, эмне мынча жоголдуң?
Мотуев чөнтөгүнөн толтура акча алып чыгып:
- Тимеле мага көмүр берип койгонсуп сүйлөйсүңөр да, келжиреген кагаздарыңарды араң саттым...


Акчаны кайда коротом?
Мидин бир күнү отуруп, досуна:
- Жаке, эгерде өмүр бою ичкиликке короткон акчам азыр кайра болсо.
- Эмне кылмаксың анда сен?
- Кайра ичмекмин...


Эки дос
Бир убакта эки дос жашаптыр. Бирөөнүн көзү азиз, бирөөнүн оң көзү көрбөйт имиш. Күндөрдүн биринде баягы көзү азиз бала досуна "мени кыздарга алып бар" дейт. Берки досу араң макул болуп, көзү азиз досун жетелеп жөнөйт. Жолду кыскарталы деп бадалдуу токойго салышат. Бир маалда жетелеп кетип бара жаткан бала досуна сүйлөйм деп алаксып жатып, дарактын бутагына сол көзүн илдирип алат. Көзү эч нерсе көрбөй досуна жини келип:
- Кыз, кыз деп жатып, мына сага кыздар, мына сага кыздар-деп жиберет.
Анда көзү азиз досу кыздарга келип калдык окшойт деп:
- Кандайсыңар кыздар, кандайсыңар- деп кол сунат имиш.


Суукка калбай өлсөм…
Жылдын бышыкчылык убагында, шаардан барган бала-чакасынын баарын топтоп, коркутайын дегенби же эркелегенби, айтор Апы аксакал керээзин айтып жатат дейт:
- Эми балдарым мен жакшы эле жашадым. Бул жылы ден-соолугум жылдагыдай эмес. Суукка калбай өлсөм болот эле десе ары четте отурган 7 жаштагы небереси Султан:
- Чоң ата, эмне суукта өлсөңүз үшүйсүзбү? -деп отургандарды жыгылгычакты күлдүрүптүр.


Боёгуң канча кил?
Жаңыдан сахнага чыгып ырдап, эл көзүнө көрүнөйүн деген Жаным Айзат менен Малвинанын маегинен:
- Билесиңби Айзат, мен 5 кг арыктадым.
- А сен таразага боёнуп алып түштүң беле же боёнбой эле түштүң беле?
- Мен дайыма эле боёнуп таразага түшөм. Эмне болуптур?
- Айтам да, боёгуң канча килограмм экенин...


Орусча сүйлөсөң тозокко барасың
Бир жигит Кимсанбай ажыдан сурап жатат дейт:
- "Ассалому алейкум молдо аке...! Айтыңызчы орусча сүйлөгөндөр өлгөндөн кийин каякка барышат? "Бейишкеби" же "Тозоккобу?"
Кимсанбай ажы ойлонуп туруп:
- "По моему Тозокко кетет го" деген экен...

Жентельмендик СССР убагы.
Бир айылдык жигит кызын ээрчитип алып сейилдеп жүрөт дейт. Чөнтөгүндө болгону 3 тыйыны бар.
Анан балмуздак саткан аялдын жанына келишет.
Жигит:
- Балмуздак жейсиңби? (жооп күтпөй эле) А жебейсиңби, мейли анда.
Анан кинотеатрдын жанына келишет.
Жигит:
- Киного киресиңби? (кайра эле жооп күтпөй) А кирбейсиңби, мейли анда.
Анан пирожный саткандын жанына келишет.
Жигит:
- Пирожный жейсиңби? (кайра эле) А жебейсиңби, мейли анда.
Акыры газводанын жанына келишет.
Жигит:
- Газвода ичесиңби? (кыз ушунчалык тез) "ичээээм!!!" - деп кыйкырат.
Анда жигит кыйын болуп.
- Кыйкырба, алып берем...


Баласы: Апа мен үйлөнөм!
Апасы: Ким менен?
- 2-кабаттагы Коля менен.
- Кокуй аның орус эмеспи!

Бир күнү арстан менен бука барга ичишкени барып, бир эки ичкенден кийин эле арстан туруп: - Кой, дос мен кеттим үйгө- дептир.
Бука аны шылдыңдап:
- Ээ сен деген чооң арстансың, токойдун падышасысың, саат эми 8 болду, сага жарашпайт экен мындай- десе арстан букага карап:
- Эх дос, мени үйүмдө бир арстан күтүп отурат, сеникиндей уй эмес дептир.


Урматтуу окурмандар, турмушуңуздарда болгон күлкүлүү окуялар болсо бизге жазып жибериңиздер. Эң кызыктуу деп табылган окуялардын авторлоруна редакциянын атайын белектери бар жана калем акыңыздарды почта аркылуу дарегиңиздерге жөнөтүп турмакчыбыз.
Каттар үчүн абоненттик ящик: Бишкек-48 А/Я 1551, же болбосо 44-98-21, телефонуна чалыңыздар.

Дүйнөдө эң кичинекей мамлекет Ватикан




  Анекдоттор

Шаарга жаңы келген бир "Жоошбай" көчөдө фигурасын көрсөтүп, эки колтук арасына тукум коюп алгандай "крутой" басып жүрсө бирөө келип көчүгүнө бир тебет... Жини келген биздики дароо урганга даярданып аркасына бурулуп караса өзүнөн да чоң бирөө турган экен. Анан мындай дептир:
- Кечиресиз, көчүгүм бутуңузга тийип кетти...

Боюнда бар аял күйөөсүнө:
- Билесиңби, экология бузулуп, балдар капкара, анан эки баштуу болуп төрөлүшү мүмкүн экен.
Төрөгөндөн кийин күйөөсү келет:
- И, кандай?
- Капкара.
- Башычы, башы?
- Бирөө.
- Ух, Кудайга шүгүр.


Бир милийса кетип баратса бир киши балкондон бир аялды ыргыта албай түртүп кыйналып атыптыр:
- Эй эмне кылып атасың?!!
- Э бул менин кайненем!!!
- Омиий тырмышканын кара!!


Мейманга келген бирөөгө :
- Сиз чайыңызга канча кашык шекер кошосуз десе, тиги адам:
- Үйдө 3 кашык , конокто 5 кашык.
Анда үй ээси ага карап:
- Өзүңүздү үйүңүздөгүдөй сезиңиз дептир.


Мерседес менен крутойлор кетип баратып светофордон токтосо, аркадан каңк дей түшөт. Түшүп карашса бир Запорожецтин ичинде бирөө коркуп отурат дейт.
- Братандар кечирип коюңуздар, мен байкабай эле… Тормоз жакшы кармабай...
- Ладно экинчи болбосун - деп кетип калышат.
Кайра барып дагы светофордон токтосо, дагы каңк...
Кайра караса баягы биздин Запор.
Кайра эле:
- Байке кечирип коюң аны муну...
Дагы баратса дагы каңк дегенде эле аркадан:
- Эй байке, убара болбой эле кой бул мен эле....


Апенди Америкага барып, пиво барга кирип, бир пиво алыптыр. Пиво 26 цент экен. Пивосун ичип бүтүп 26 центти тизип туруп бармен алайын дегенде бир уруп жерге чачып салыптыр. Бармен жини келип терип алыптыр. Апенди эртеси да келип ошондой кылыптыр. Үчүнчү күнү келип дагы бир пиво ичип 50 цент бериптир. Бармен сүйүнүп кетип, калган 24 сентти тизип туруп апенди алайын дегенде бир уруп жерге чачып ийиптир. Апенди сыр алдырбай чөнтөгүнөн 2 цент алып жерге таштап туруп
- Дагы бир пиво деген экен.


Ата Мекендик согуш учуру. Орус, еврей анан кыргыз жоокерлер туткунга түшүп калышыптыр. Немистер туткундарды Гитлерге алып келип: "Буларды эмне кылалы?" деп сурайт экен. Гитлер: "Орустарды биринчи суракка алып, анан кыйнап, андан соң атып салгыла. Еврейлерди кыйнап анан атып салгыла. Кыргыздарды болсо эч нерсе сурабай туруп атып салгыла" дейт экен. "А эмнеге кыргыздарды дароо эле атып салыш керек?" дешсе Гитлер "Буларды сураштыра келсең эле тууган чыгып каласың" дептир.



Аялы күйөөсүнө сүйлөнүп:
- Ушу сенден көрө, кайдагы бир шайтанга тийбептирмин - десе, күйөөсү камырабай:
Шариятта жакын адамдарга баш кошууга тыюу салынат - деп коёт дейт.


Аялдамада Нигериядан келген бир киши турат дейт (негр). Жанатан бери сонуркап карап турган кемпир жанына басып келип:
- Балам, сен кытайсыңбы? -дейт.
- Жок - деп жооп берет.
Арадан 2-3 мүнөт өтпөй кайтып келип ошо эле суроону дагы бир жолу сурайт.
- Сен чын эле айтып жатасыңбы, сен кытай эмессиңби?
- Жок, Кытай эмесмин - дейт тиги.
Дагы 3-4 мүнөттөн кийин келип, дагы сурайт окшош суроону, ушинтип 6-7 жолу айланып келип эле сурай берет. Тажап кеткен киши:
- Ооба, кытаймын! - дейт
- Мммм, бирок сен негрге өлө окшош экенсиң...