№18, 03.06.08-ж.
  Дүйнө жылдыздары

Атактуулардын ааламында
Бир жумада беш жолу ОРТ каналынан дүйнөдөгү жаңылыктар менен тааныштырып, өзүн тыкан алып жүргөн бул айымдын өмүр таржымалы ар бирибизге кызык болсо керек. Бүгүн биздин рубрикада жеке жашоосу менен карьерасы бирдей гүлдөгөн Екатерина Андреева менен тааныштырабыз.

Екатерина Андреева
Екатерина Андреева 1961- жылы 27- сентябрда Москвада жарык дүйнөгө келген. Кичинекей кезинде өтө жоош болгондуктан ата-энесине көп деле түйшүк жараткан эмес. Орто мектепти бүткөндөн кийин юридикалык окуу жайды сырттан окуп , кийинчерээк тарых факультетине которулуп кеткен. 1990-жылы окуусун бүтүп "дикторлордун мектебине" атайын курстарга жазылып, Игор Клейменовдон тарбия алган. Бир жылдан кийин телевидениеге жумушка орношуп "Кутман таң" берүүсүнө экономика тармагына жаңылыктарды даярдап, алып чыга баштаган. Телевидениеде алгач Екатеринага эч ким көңүл бөлбөй, эч ким аны этибарына алган эмес. Толук, сөөктү Катя ушул калыбынан жазбай жүрө берсе, көп ийгиликке жетише албасына көзү жетип, арыктоого бел байлайт. Катянын бактысына жараша ага жакшы кеңешчи жолугуп, атайын спорт залга келип күнүгө машыгып, тамакты ченеп жеп эки айда жыйырма килограммга арыктайт. Мындай бурулушту Катя өзү да күтпөгөндүр. Эми аны баары эркинин күчтүүлүгүнө таң беришкен. Ошондон бери Екатерина эртең менен жана кечкисин көк чай, каша гана жейт. Ал толуп кетүүдөн абдан коркот. Жаңыдан телевидениеге келген жаш кыздын өжөрлүгүнө таң калган кызматкерлер ага мурдагы кайдыгер мамилесин өзгөртүп, жылуу кабыл ала башташат. "Время" берүүсүн алып барыш үчүн ал көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөргөн. Аталган берүүнү ал кадимки жай турмуштан, жакшы окуялардан баштаганды жактырат.
Екатерина Андрееванын жеке жашоосуна баш багып көрсөк жолдошу Душсан Югаславияда туулуп өскөн. Экөө үйлөнүп ЗАГСын алуу үчүн эки жыл убара тартышкан. Анткени экөө эки мамлекеттин өкүлү болгондуктан, эки жаш баш кошушканда бир топ кыйынчылыктарга учурашкан. Жолдошу жеке ишкер, ал башында орус тилинде эки сөздүн башын бириктире албаса, азыр ал тилди эң мыкты өздөштүргөн. Жолдошу Екатеринаны телевизордон көрүп жактырып калып, үч жыл бою артынан калбай сүйүүсүн билдирип жүрүп үйлөнгөн. Көңүлүндөгү адамына туш болгонуна көзү жеткен Катя биринчи күйөөсүн таштап, кечигип келген сүйүүсүнө баш кошот. Албетте мындай көрүнүшкө баары нааразы болуп, өзгөчө чоңоюп калган кызы Анастасия апасынын мындай кадамына таарынып, экөөнүн мамилесине жаракка кетет. Кызы азыр МГИМОнун юридикалык факультетинде окуйт.
- "Кызыңыз эмнеге сизди тартып диктор болгон жок?" - деген деген кабарчылардын суроосуна Екатерина төмөндөгүдөй түшүндүрмө берет.
"Настя мени карьерам жактан кандай жапа чегип , түйшүк тартканымды көрүп жүрүп , ашыкча жүктү өзүнө каалабаса керек. Бул тармакта билимиң жогору болгондон сырткары, жөндөмдүүлүгүң жок болсо иштеп кетүү кыйын экенин жакшы түшүнөт. Азыр ал окуусунан тышкары иштеп да жатат. Мен анын чечимин толугу менен колдойм. Настядай кезимде мен ата-энеме жардам берчүмүн, эми ал мага да жардам берип, өз оокатын өзү тартышын каалайт элем" -дейт. Ал эми Екатерина жумушунан чыккандан кийин чарчаганын жазуу үчүн өзүнүн Вольвасына олтураар замат музыканы катуу коюп, үйүн көздөй багыт алат. Үйүнө келээри менен жайдары тосуп алган Душсан менен Настя Катянын черин жазышат. Алып баруучуну өкүндүргөн нерсе көчөгө чыкканда ичкичтерди көргөндө зээни кейип, заманасы курулуп кетет. Бош убактысында музей кыдырганды жакшы көрөт. Жашы 47ге келсе да күйөрмандарынын арзуусун билдирген каттардын катары токтой элек.



Меладзе эмнеге ызы-чуу салды?
Валерий Меладзе Новосибирскке гастролдоп барса, мейманканада ысык сууну өчүрүп салышкан. Мындай ыңгайсыздыкка көнбөгөн ырчы жуунуш үчүн көчө аралап сауна издеп жөнөйт. Жакын жердеги саунанын бирине кирип, колун жаңы самындаса дагы суу токтоп калат, чындап жини келген ырчы турган жеринен кандай жерге туш болгонун түшүнбөй жаңжал салган. Өзү токтогон мейманкананын кызматкерлери Меладзенин көңүлүн табуунун аракетин кылып, жинин таратыш үчүн чуркап барып аптекадан шапмунь алып келип беришкен.


Алексей Гоман анча акылдуу эмес тура
"Элдик ырчы" наамына татыган Гоман жакында СТСтин "Эң акылдуу" телеберүүсүнө катышып, биринчи эле турунан кулап түшүп, акыл жагынан сыноону "Фабрика звезд" долбоорунун катышуучусу Никита Малининге алдырып жиберген. Мындай кырдаалга мурда - кийин туш болуп көрбөгөн ырчы уялганынан кирээрге жер таппай турган учуру.


Катя Лель турмушка чыкпай калды
Үч жылдан бери сүйгөнү менен улам урушуп, улам табышып жүргөн Катя "жакында баш кошобуз" деген кыязда жигити экөө үч жылга жакын граждандык никеде жашап жүрүшкөн. Төгөрөгү төп келген ишкер Игорь сүйгөнүн буга чейин оюндагысын аткарып жакшы эле эркелетип келген. Бирок кимисинен жазганын ким билсин айтор, экөө эми эки башка жолго түшүп, мамилеси ириген сүттөй болду.


Ксения Собчак ким менен жакын мамиледе?
Ксения "Дом 2" долбоорунун катышуучусу Гена Джикил менен жакын мамиледе жүрөт. Досторунун айтымына караганда ал жигит терс чөйрөдөгү адам болгондуктан, Собчактын андан алыс жүрүүсүн суранып жатышат. Бирок сүйүүдөн башы тумандаган Ксения алардын сөзүн кулагынын сыртынан кетирип, анча этибарына албай жаткан кези. Атасынын акчасына кутурган эрке кыз дагы кандай балээге туш болот деп Ксениянын тагдырына жакшы санаалаш достору кабатыр болуп жатышат.


Дмитрий бутунан жаракат алды
Жаңыдан төбөсү көрүнүп келе жаткан ырчы Дима Колдун жакында эле Израилге гастролдоп барып, концертине эки саат калганда сууга түшкөнү барса, суунун жээгинде жаткан крабдарды шашып сууга ыргытам деп, жанында жаткан дөңгөчкө бутун катуу оорутуп алган. Бирок бутунан жаракат алганга Дима өкүнбөйт экен, анткени ал крабдарга жардам көрсөтүп, сооп иш кылганына сүйүнүп отурган чагы.

Алла Пугачеванын үнү жоголду
Жакында сахналаш досторунун берген чоң концертине конок болуп барып, ырчы үч ырды гана жандуу үн менен ырдап, калган чыгармаларын фонограмманын коштоосунда аткарган. Кышылдаган примадонна адистердин жардамысыз болбосун түшүнүп, доктурга кайрылат. Ырчынын мындай абалына таба кылган сахналашы Маша Распутина: "Үндү бир калыпта караш үчүн, "тамекини азыраак чегиш керек" деген насаатын айткан.

Даярдаган Анара Дүйшөналиева