№18, 03.06.08-ж.
  Классташ

Бир партада олтуруп,
Сырынды билип алганмын
Зейнегүл Эргешова, ырчы Салима Балтаеванын классташы:
"Салима кыздардын күзүрү эле"
- Зейнегүл эже, редакциябызга кош келипсиз. Сиз биздин "Классташ" аттуу рубрикабыздын алгачкы коногу болуп олтурасыз. "Досуңду көрүп сенин ким экениңди айтам" дегендей Салима эжени сизден жакшы билген адам жок болуш керек. Алгач, артка бир кылчайып тырмактайыңыздан чогуу өскөн кыргыз эстрадасынын белгилүү ырчысы Салима Балтаева тууралуу сөз козгосоңуз?
- Чоң рахмат. Биринчиден "Обон" гезитине ийгилик каалап, ыраазычылыгымды билдирем. Сиз суроо берип жатсаңыз өткөн күндөр көз алдыма келип, толкунданып олтурам. "Классташ" деген сөздүн өзү эле кулакка кандай жагымдуу. Эми Салима жөнүндө айта турган болсом, Саку экөөбүз там-туң басып, кадам таштаган кезибизден жетелешип чогуу өстүк. Эсимде, 4-5 жашыбызда 10 чакты кыз чогулуп алып, таштардан үй жасап, "той-той" ойночубуз. Ошондо бирибиз дүкөнчү, бирибиз дарыгер, дагы бирөө келин, мен кайната, Салима кайнене болот эле. Салима аябай шайыр, дилгир, кара тору келген томолок кыз болчу. Айылдагы кыздардын баары андан коркуп, ал эмне десе ошонун айтканын жасачубуз. Бир сөз менен айтканда Салима кыздардын "күзүрү" эле. Салима тил албаган кыздарды чымчып урчу, алардын апалары келсе жөн жерден мени түртө салып кырдаалдан чыгып кетчү. А мен болсо Сакудан коркконуман күнөөлүү адам болуп Салиманын айынан көрүнгөндүн апасынан таяк жечүмүн.
- Сөзүңүзгө караганда Салима эже бала кезинде аябай шок болгон экен. А окуучулук күндөрүңүздөр кандай өттү?
- Салима экөөбүз Алай районунун Жошолу айылындагы "Жошолу" мектебинде билим алдык. Салима 1-класска баргандан баштап эле жакшы окуп, классыбыздын лидери болду. 2-класска көчкөндө Салиманы сабактан начар окуган, бети-башы кирдеп эле жүрө берчү бир бала менен отургузуп койду. Салима ошол бала менен отургандан намыстанып партанын ортосунан сызып алып, жанындагы баланы ошол сызыктан бери өткөрчү эмес. Күндө эртең менен өзүнө тиешелүү жерди таптаза кылып сүртүп алып отурчу. Сакунун дагы бир артыкчылыгы сабактан уруксатсыз калчу эмес. 3-класстан тартып комуз кружогуна катыша баштады. Мектептен чыгып алып үйгө жеткенче көчөнү башыбызга кийип ырдап келчүбүз. "Болоор бала жашынан"дегендей Салиманын чымыны бар экенин ошондо эле дайын болчу. Мектептеги ар кандай кароо-сынактар Салимасыз өтчү эмес. Бир жолу "Кана эмесе кыздар" деген конкурста Салима биздин команданын башчысы болуп, бүгүн конкурс деген күнү формасынын жакасын (топчу менен кадалчу) тагынбай унутуп келе бериптир. Анан мугалимибиз формаңдын жакасы жок кантип команда башчысы болмок элең деп Салиманы түшүрүп салды. Ошол жерден ыйлаган бойдон кетип, 1 жума сабакка таарынып келбей койгон. Сакунун атасы чабан болчу, үйүнө да барбай атасына жайлоого кетип калыптыр. Ошондо класс жетекчибиз чакырса да келбей, акырында директорубуз өзү барып, Салиманы кыштоодон ыйлатып атып жетелеп келген. Карабайсыңбы, бала чагынан эле айтканынан кайтпаган өжөр кыз эле. Азыр деле ошондой ,мунун бала кезинен калыптанып калган мүнөзү деп ушундай өжөрлүгүн айтсак болот. Анан да кандай гана кызыктуу окуя болбосун ошонун баарына күбө болгон кыз. Керек учурда шаңкылдаган каткырыгы менен эле мугалимдерди алдап койчу. Кызыгы сочинение жазганда мугалимдерди катыштырып жазып, агай-эжекелерди аргасыз күлдүрчү. Салиманын мектептеги кличкасы "Балта" болчу.
- Айылда өскөндөр үчүн ата-эненин алдында "отурушка" баруу бир топ эле кыйын го. Мына ошол "отуруштарга" кантип барчу элеңиздер?
- Салиманын Гүлчоро деген аталаш тууганы биз менен бир класста окуйт эле. Салима Гүлчоро аркылуу апасын алдап чыкчу. А бизди болсо "аяш эне кызыңыз меникине барып жатып кетсин, үйдө эч ким жок эле" деп сурачу. Салимага бардыгыбыздын апаларыбыз ишенет эле. Кээде Гүлчоро жокто Салима апаларын уктатып коюп, терезесинен качып чыкчу. Башкабыз оозубузду ачып турсак да Салима жол таап кетчү. Көчөдөбү, сабактабы, отуруштабы Салима болмоюн кызык жок эле. Отуруштарда эч кимибизди жөн отургузчу эмес музыканы жаңыртып коюп бийлетип, ырдатып, жок эле дегенде анекдот айттырчу. Өзү мектепте кыздар кеңешинин төрайымы болчу.
- Салима досуңузга ашык болгон жигиттер көп болсо керек эле...
- Күнүгө болбосо да жумасына бир жолу Салима кат алып турчу. Өзүңөргө белгилүү болгондой айыл жергесинде мектептин алдыңкы окуучусуна көз арткандар көп болот эмеспи. Анын сыңарындай классыбыздын лидери болгон Салимага да сүйүүсүн арнагандар ондоп саналчу. Бирок, мен билгенден Салима ошол жигиттердин бирине да оң жооп кайтарган жок. 8-класста окуп жатканда өзүнөн 3 жаш улуу бир бала менен 15 күн сүйлөшүп анан кызга окшогон назик бала экен деп токтотуп койгон. Негизи Салимага анча-мынча балдар жага берчү эмес. Кайраттуу, эр жүрөк, кең далылуу каардуу жигитке турмушка чыгам дей берчү. "Жаштын тилегин берет" деген калетсиз сөз экен. Өзү ойлогондой эле адамга турмушка чыгып, бир кыздын энеси болуп отурат.




Балалык баёо сезим, бактылуу көз ирмем, ойноок мезгил, шаңкылдаган күлкү мына ушунун баары окуучулук доор менен коштолот эмеспи. Урматтуу окурман! Бүгүндөн тартып өмүрүңүздөрдө бир келип кетчү окуучулук алтын күндөрдү эскерүү үчүн гезитибиздин "Классташ" аттуу рубрикасы кызмат кылат. Андыктан биз менен бирге болуңуздар.

Бир көз ирмем
Кенже Дүйшеева, ырчы:
"Аткулактын түбүнө жашынып..."
- Анда мен 3-класста окуйт элем. Бир күнү Света деген классташым экөөбүздү ортого коюшуп "кимиңер атамансыңар, күрөшкүлөчү"- деп калышты. Мен жалгызмын, Светанын жанында эжелери турат. Света эжелерине ишенген адам болуп, "сени бир коюп эле жыгылтып коём, сен мага ким элең"-деп кыжырыма тие баштады. Ал анткен сайын окуучулар мени шылдыңдап күлүшөт. Өзүм да мектепте активисттерден элем. "Кой, болду" десем болбойт, мындай карасам жерде сынык, учу шиштелген кирпич жатыптыр. Ошону алдым дагы Светанын жанына барып туруп, кирпич менен маңдайына бир салып, анан бут кийимимди колума кармап алып, жылаңайлак үйгө качып жөнөдүм. Эжелери артымдан кууп жөнөштү. Эмне кылаарымды билбей энтеңдеп келатып, жыгылып түшүп мурдум канады. Ага да карабай жан далбас менен чуркап келип сарайдын артында өсүп турган аткулактын чоң жалбырактарына жашынып алдым. Бир мезгилде Светанын башын бинт менен таңып, чоң атасы үйгө жетелеп келип мени таппай калды. Коркконумдан ошол жерде отура берип уктап калыптырмын. Бир маалда көзүмдү ачсам караңгы кирип, кумурсканын уюгуна жатып алган экенмин, кумурсканын баары чачымды аралап кетиптир. Ошондо бир жума Светанын эжелеринен качып, көчөгө чыгалбай калгам. Тагдыр, насип экен Света азыр өзүбүздүн туугандарга келин болгон. Мен урган бешенеси азыр тырык болуп калган. Ошол күндөрдү эстеп, ошондо эле "Өзүмө жеңе болсун деп маңдайыңа мөөр басып койгон экенмин" деп тамашалап калам.


Жамбыл Камчиев, куудул:
"8-классымда мектепти
башыма кийип ыйлагам"
- Классыбызда сулуу, сабакты мыкты билген Нуржамал деген татынакай кара тору классташыбыз бар болчу. Аны мен эмес мектеп боюнча бардык балдар сүйчү. Бир күнү эле ошол кыздын Ардак тактада илинип турган сүрөтү жоголуп, аны сен уурдадың дешип жалган жерден жалаа жаап коюшту. Нуржамал өзү дагы менден көрөт. Алган жокмун деп чындыкты айтсам эч ким ишенбейт. Көрүнгөн мугалим кирип алып кулагымдан чоюп ургулайт. Акыры эмне кылаарымды билбей мектепти башыма кийип бакырып ыйладым. Ошондон кийин мени ыйлаганга мажбур кылган Нуржамалды ушунчалык жек көрүп калдым. Азыр ойлоп көрсөм жинди экенмин бир кыздын айынан неге ыйладым экен. Өзүм 8-класстын окуучусу болсом. Андан көрө бас деп жетелеп барып сүрөткө түшүрүп койбоюмбу десең. Анда ушул акылым жок эле да.

Даярдаган Ж. Калдарова