№18, 03.06.08-ж.
  Жаңырган издер

Көксулуу
Өткөн тарыхка кылчайып карасак, ар бир учурдун өзүнүн мыйзамы, салты болуп келгенин тана албайбыз.
"Баарын убакыт даарылайт" деп айтылгандай, убакыттын өтүшү менен эмне деген гана өзгөрүүлөр болуп өтпөдү. Бул дүйнөдөгү жашоо сапары карыган адамдардын ордун кийинки муун толуктап, күн өз нугунда айланып өтө берет тура.
Бизге чейин тоолуу аймагыбызда, сууга бай өлкөбүздө кимдер жашап өтпөгөн. "Баарынан эне улук" демекчи бул дүйнөнүн туткагы болгон аялзаты жөнүндө сөз учугун баштап, тарыхта ысмы калган кыргыз айымдарынын басып өткөн жолунан кийинки муундарга сабак болсун үчүн үстүртөн баян кылып кетели деген изги ойдо, ушул рубриканы ачтык.

Убакыт өтүп тарых барактары улам жаңырып, агымы күчтүү селдин күчүндөй мезгил алга жылган сайын, эмнегедир орусташып бараткан калкыбыз элибиздин улуттук аспабы - комуз менен ырдалган ырларга далысын салып, эстрада коштогон ырларга көңүл буруп, комуз коштогон ырларды өгөйсүнтүп бараткандары албетте көңүл оорутат. Андыктан, биз учурунда даңкы менен таланты таш жарган төкмө акын Жеңижоктун чыгармачылык талантына жана анын махабатынын ээси Көксулууга сөз өңүтүн бурсак.
Чын-чынында чыгармачыл, өзгөчө ырга жакын адамдар сүйүүнү даңазалап, махабаттын бийиктигин, сулуулугун өзүлөрүнүн таланттары менен барктап келгенин тана албайбыз.
Айтмакчы, сулуу кыздардын баркын колунда бийлиги бар адамдар, болбосо өнөргө бай, таланты күчтүү Жеңижок өңдүү төкмө акындар гана чыгарып, келгенине толук ынансак болот. Дегеним, эгер Көксулууну Жеңижок сүйүп, тийип алган күйөөсүнөн ажыраштырып, ага үйлөнбөсө, "Көксулуу" деп ага арнаган махабатын жар салып ырдабаса, Көксулуу ким болгонун азыр билбейт элек го.
Бул да болсо талантка, өнөргө бай булбул үндүү Өтө Көкө уулунун эмгегинин үзүрү деп айтсак жарашат.
Айтмакчы, Жеңижоктун өз ысымы Көкө уулу Өтө. Атасы Көкө Жеңижок төрөлгөндө эле уулун элдик уул болсун, элине кызмат өтөсүн деп атайын ырымдап, жаңы төрөлгөн наристеге "Өтө" деп ат коёт. Ооба, ал учурда балага ат коюу ырымы кенен кулач жайган эмеспи.
Өтө, Көкө уулу 1860-жылы азыркы Манас районундагы Покровка айылында эрте күздө жарыкка келген экен. Ата-энесинен эрте ажырап, тестиер чагында адегенде Караванга качып келип, андан соң Карасуу кыштагында жашап туруп калат.
Таланты эрте ойгонгон Өтө бара-бара элге бат алынып, комузда кол ойнотуп, күү чертип, насаат ырларды көп ырдап, Өтө аты көмүскөдө калып, "Жеңижок" деген эл койгон аты менен оозго алынып, азыркыча айтканда "Жылдыз" болуп чыга келген. Күз мезгилинин биринчи айында Жеңижок "Жаңыалыш" деген жерге барып, тойдо эл алдына чыгып ырдайт. Той ээси баш болуп уй мүйүз тартып олтурган эл Жеңижоктун талантына таң беришип, берилүү менен ырдаган ырын угуп олтурушту. Тойдун көркү ыр менен эмеспи. Кирпичти кынаптап койгон устадай Жеңижок куюлушкан сөздөрдү ирети менен тилинен чаң чыгара кеминде эт бышым убак ырдады. Качан гана ырынын аягына чыкканда, той ээси ордунан элпек туруп, кош колдоп Жеңижоктун колунан кысып, ыраазычылыгын билдирди. Дүркүрөгөн кол чабуулар болуп, эл Жеңижоктун дагы ырдашын суранышат. Жеңижок комузун күүлөп алып ырдап баштаганда алдыңкы катарда отурган кызды байкоосуздан көзү чалды. Бул убакта Жеңижоктун жашы болгону он алтыда эле. Алиги сулуу кызды көзү чалганы эмнегедир сүрдөп, сөздөрүнөн жаңылып, бул саам ырынын аягына эптеп чыккан. Жеңижок четке чыгып, өзүн алагды кылган, жүрөгүн козгогон кызды тигиле карап, бир көрүп сүйүп калган сүйүү түйшүгүнө кабылды.
Күн уясына батып, айлананы күүгүм каптап, көз байланып калган кезде Жеңижок, Көксулуунун жеңелерин ортого салып, өзүн ойго салган сулуу кыз менен тааныштыруусун өтүндү. Минген атынан башка байлыгы жок Жеңижоктун бул сунушуна Көксулуунун жеңелери моюн толгогону менен акындык талантын баалап, ай толгон кезде короо четинен Көксулуу менен тааныштырышты. Эл алдына чыгып ырдаганда сүрдөбөгөн Жеңижок, Көксулуунун алдына келгенде камдап алган сөздөрүнүн бирин дагы айта албай кыйналды. Андан көрө миңдеген элдин алдына чыгып ырдаса, алда канча өзүн эркин сезмек. Эки жаш үнсүз гана жүрөк сезими менен сүйлөшүп аткандай болушту. Эх, сүйүүнүн касиети! Жеке эле Көксулуу эмес, Жеңижок дагы тике карай алган жок. Качан гана кыздын жеңелери "Болгула биз үйгө кирели, издеп калышты го" деп үн салганда гана эки жаш баштарын жерден көтөрүшүп, айдын жарыгында бир саамга тиктеше түшүштү. Көксулуу назик, пас үнү менен: "Жакшы калыңыз, мен үйгө барайын, күтүп калды"-дегенде гана Жеңижок сөзгө келип: "Көксулуу эми качан жолугабыз аны так айта албайм. Бирок, сени эч качан эсимден чыгарбайм. Кийин сөзсүз сага келип жолугам. Эртең эрте жолго чыгабыз"-деди. Ошол жолугушуудан кийин Жеңижоктун бүт оюн Көксулуу ээлеп алды. Ырдап, өзүнүн ички бугун ыр менен чыгарды. Чыгарманын чыгышына дагы бир нерсе себеп болуш керек эмеспи. Анын сыңары Жеңижоктун ал кездеги жараткан чыгармалары жазуу түрүндө болбогондуктан көбү сакталган эмес. Сүйүү деми жүрөгүнө тынчтык бербей атайын алыстан ат тердетип келип, Көксулуунун жеңесинин үйүн көздөй аттын башын бурган Жеңижок, баарын жеңесинен угуп, бул жолу Көксулууга жолуга албады. Анткени, ошол күнү Көксулууга куда түшүп, жуучулар келген эле. Оюу оңунан чыкпаган Жеңижок ээн талаада аты менен жалгыз келатып бир гана Көксулууга жетүүнү "Алладан" тилек кылды. Анткени, Көксулууга жолукпаганы менен жеңеси аркылуу берген жүзаарчысы өзүнө карата анын дагы оюу түз экенин билген эле.
Убакыт бир нуктан жазбай өтүп, Көксулуу турмушка чыгып, өз теңин таап кеткени, Жеңижокко өтө катуу сокку болду. Болгон ой тилеги, Көксулууну күйөөсү менен ажыраштырып, ага баш кошуу гана болду. Сүйүүнүн түйшүгү акыры ушул ойду ойлогонго түрткү кылды. Күнү-түнү тилеген тилеги, ой-максаты "Көксулууга кантип жетүү керек" - деген гана ой менен жашап калды. "Жаштын тилегин берет" деп айтылган кеп бар эмеспи. Анын сыңары Жеңижоктун бул тилеги дагы кабыл болчу күн дагы келип жетти. Бир күнү кайсы бир калың калкка кадыры сиңген Болуш той берип, "Ырдап берсин" -деп тойго Жеңижок дагы чакырылды. Эгер Жеңижоктун акындык өнөрү болбосо, мындай тойго чакырылмак эмес эле да. Тойго эл көп келет. Улуттук оюндар ойнолуп, акындар ырдын жаагын айрышты. Жеңижоктун өнөрүнө баа берген той ээси, эл эгеси Болуш, Жеңижокко мындай деди! "Эмне кааласаң айт. Мен аны аткарам" -деди. Оюнда Болуш Жеңижок кедей болгондуктан "Мал сурайт" -деп ойлогон эле. Бирок Жеңижок Болушту таң калтырып: "Мен сураган нерсе сиздин колуңуздан келбейт"-деди. Байлыгына жана бийлигине чиренген Болуш каткырып күлүп! "Эмнеге келбейт экен? Келет, эч тартынбай айта бер. Мен бир сүйлөгөн адаммын"-деди. Бул сөздү уккан Жеңижок учурдан пайдаланып: "Мен сүйгөн Көксулуу күйөөгө тийип кетти, колуңуздан келсе Көксулууну күйөөсүнөн ажыратып алып бериңиз. Менин болгон өтүнүчүм ушул" -деди.
Болуш кытмыр күлүп: "Ушул элеби, сенин өтүнүчүң. Кийинки аптада кел, мен анын күйөөсү менен сүйлөшүп көрөйүн" -деп убада берип, башка ырчылардын ырына көңүл бурган болду. Жеңижок энеси эркек төрөгөндөй сүйүнүп, кийинки аптаны күтүп, күн өткөрдү. Андайда убакыт дагы өтпөй калат эмеспи. Бул убакта Жеңижоктун тамагынан аш өтпөй, табити эч нерсеге тартпай, түнт дагы болуп кетти. Сөз адамдын кулу, ооздон чыккан соң адам сөздүн кулу болуп калат эмеспи. Анын сыңары Болуш убаданын кулу болуп, Көксулуунун күйөөсүнө жолугуп, аны менен сүйлөшүп, көндүрүп, ага тандап кыз алып берип, Көксулуунун башын бошотот. Жылуу жеринен козголгусу келбеген Көксулуу алгач каршы болот. Бирок буйруктан кантип кутулмак эле. Жеңижок Болуштун бул эмгегине абдан ыраазы болуп арзыганына жеткенине ишене албай турду. Акыры күткөн учур да келип, Жеңижок эңсеп тилеген Көксулуусуна Болуштун жана өзүнүн өнөрүнүн арты менен жетип, сүйүнүчүндө чек жок болду. Сүйгөнүнө жетүү айтканга оңой болгону болгону менен чын-чынында бул дүйнөдөгү чоң бакыттын бири эмеспи. Бири кем дүйнө деп айтылгандай, учурунда эңсеп жүрүп Жеңижок Көксулууга жеткени менен өмүрү өткөнчө наристе үнүнө зар болду. Кийин жашы өйдөлөгөндө катуу өкүнгөн экен "Мен Кудайдан тилек кылганда Көксулууну эле тилебей, бала кошо тилеп койсом болмок экен" деп. Айткандай Көксулууну кайненеси эшиктен эмес керегенин алдынан чыгарып, Көксулуу чыкканга чейин каргаган экен. "Балага зар болуп, жалчы болуп өт" -деп. Бул айтылаган сөздүн чындыгы бардай. Болбосо Көксулуунун "этеги канайт" эле го.
Көксулуу төрөбөгөнүнө көзү жеткенде Жеңижокко "төшөк жаңырт" деп айтты. Жеңижок аялы Көксулуудан мындайды күткөн эмес эле, кабагын түйүп: "Мен сага арнаган аруу махабатымды булгагым келбейт. Сага жетүү үчүн мен эмне деген гана тилек тилебедим. Сени жылуу жериңден козгоп, тийген эриңден ажыраштырып алдым. Мунун баары бир гана сага арнаган менин арзуум, таза махабатым" -деп өз оюнан кайткан жок.
Ошентип Жеңижок 58 жаш курагында узак оорунун кесепетинен "оо" дүйнөгө узап кете берди. Бирок артында туяк калбаганы менен көөнөрбөс талантынан жаралган чыгармалары, Көксулууга арнаган ыры эл оозунан түшпөй келет. Бул да болсо Жеңижок акындын туруктуулугу, аруу махабатты сыйлаганы деп сөзүбүзгө чекит коёбуз.
Р.S. Гезитибиздин кийинки санында айтылуу Бурулча кыз жөнүндө баяныбызга кезек беребиз.

Бердикожо Бийназаров




  Жылдызыңыз жөнүндө толук маалымат

Көөкөр (Водолей)
(21-январь - 18-февраль)
Мүнөзү сезимтал, табияты тез таасирленгич. Көөкөрдун колдоочусу Сатурн жана Уран. Биринчиси аны тагдырга баш ийүүгө туш кылат. Сатурн - көңүлсүз эскерүүлөрдүн, кейикчээлдиктин, аткарылбаган үмүттөрдүн планетасы. Уран тескерисинче - аракеттин планетасы окумуштуулардын шыктандыруусу. Ошондуктан Көөкөрдүн мүнөзү бир жактуу эмес, бир жагынан кыялкечтик, экинчи жагынан күч-кубат. Көөкөр белгисиндегилер өзүнүн адамкерчилиги менен башкаларды өзүнө абдан тарта алат. Ар бир Көөкөр белгисиндегилерде ойлоп табуучулук, жеткилеңдиктин идеясын сиңирүү бар. Анын жалкоолонгон, ишсиз учурлары болот, бирок өзүн колго алса көз караштарды жек көрөт, майда баратка такыбасынуу жат. Туруксуз, кээде өзүнө өтө ишене албагандыкты сезет, бирок ал тез эле токтоолук жана демилгелүүлүк менен алмашылат. Табияты боюнча негизинен токтоо, мээримдүү болуп туруп, алар коомдук пикирге чакырык таштоо менен рахат алат. Анын негизги сапаты - кийинки сырды түшүнүү чыдамсыздык менен алга умтулуу. Ошол сыр сиз болушуңуз мүмкүн жана бул сизди кубантат.
Эркиндикти сүйгөн көөкөр күлкүлүү, өзүмчүл, баш ийбеген бирок түшүнө билген, уяң, назик, дипломат да боло алат. Анын турмушунда көңүл чөгүп, эч кимди көргүсү келбей калган жалгыздыкты сезген учурлары болот. Бирок, кандай абалда жүрсө да өзүнүн өткүр байкагычтыгын башка белгилерден тереңирээк сактайт.

Эркек - Көөкөр
Эркек - көөкөр бирөөнү өтүнүч менен алагды кылууну сүйбөйт. Анын турмушу бактысыз болушу мүмкүн, бирок эч качан түссүз бир калыпта өтпөйт. Анда бардыгы - кедейлик, байлык, ийгилик, оор окуялар, жактыруу, көңүл калуу болот. Башкалардын оюна, көңүлүнө баш бакканды жакшы көргөн менен бирөөнүн көзүнчө өз сезимин, оюн ачпоого аракет кылат. Өздүк ыкмасы, реакциясы татаал. Сизге байланып туруп, башкаларга болгон кызыгууну жоготпос үчүн, ал түгүл чегине алат. Бирок сиз өзүңүздүн бай жана ар түрдүү ички дүйнөңүз менен кызыктыра алсаңыз, ал абдан карамдуу көңүлдөш боло алат.
Ал абдан назик, жумшак болушу мүмкүн, бирок анын тышкы токтоолугунан - зыкым экен деп эсептөөгө чыдабайт. Өзүн колго ала албаган көөкөр такыр күтүлбөгөн аракеттерге жөндөмдүү. Булар тазалыктын алдында жүгүнөт. Байлык жана чоң абал үчүн айрым гана учурда максат боло алат. Эреже катары ал акчага акыл-эс менен мамиле жасайт, бирок сизге кантсе да үнөмдөөгө туура келет.

Аял - Көөкөр
Бул белгидеги аял жагымдуу. Анда көптөгөн аялдардын сапаты бар, көптөгөн сезимдердин гаммасын берет. Дайыма өзгөрүп турат, аны менен отурган адам эч качан көңүлсүз болбойт. Эркек - көөкөргө окшоп ал да эмгектенүүнү сүйөт, катаал тартипке чыдай албаган менен ар кандай ишке жарашык, жалтылдактык кошот. Ал келишимдүү, жакшы бийлейт, сүйлөшүүгө кызыктуу. Турмушка тез чыгат, бирок айрым учурда гана бактылуу боло алат.
Аны менен мамилеге өтүүдө, ал бардыгы сыяктуу эле сүйүүдө парадоксалдуу. Анда жетишээрлик ишеним жок, ар бир күчтүү белгилер сыяктуу. Ошол эле убакта ал сүйүп калган учурда да сезимдеринде жетишсиздик байкалып турат. Белгиси Аба болгондордун дээрлик бардыгы ошондой.
Эркиндикке болгон талабы абдан туруктуу, бирок ушул чектен анын сүйүүсүн кабыл алган кишиге ишенимдүүлүгү чексиз. Бирок сиз бул ишенимден пайдаланам деп ойлобоңуз. Бул анда кызганыч сезиминин жоктугунан болуп же мүнөзү күчтүү эместигинен болбойт. Аны менен жагымдуу аңгемелешүүгө болот. Кылык-жоругу келишимдүү, өзүн токтоо, ал түгүл уяң кармайт. Бирок, анан Уранга мүнөздүү болгон өзгөрмөлүүлүк башталышы мүмкүн, анда такшалган эркек да өзүн жоготот. Талашта ага өз оюңузду эч качан таңуулабаганга аракеттениңиз. Тең укуксуздукка чыдабайт, такыр кол жеткис болуп кетет.
Анын табиятында өзүнчө багыт жок болгондуктан, ага сезимин билдирүү оңойго турбайт. Анын сүйүүсүн түшүндүрүүсү бир нече гана сөздөн турат. Анын туюму сонун өнүккөн. Ой-жоруусу туура же өтө өзүнө ишенгендей сезилиши мүмкүн, бирок бул аял эртеңки күн менен жашайт жана бизге жашыруун болгон келечекти ачык көрөт. Ал алдын ала айткандарга кирет. Ал ишке аша элек идеяны, кайра жаңырган турмушту, тобокелчиликти сүйөт. Булар шыңга бойлуу, арык чырай, бардык жаңы, башкача нерсеге ыңгайланышкан, адамды түшүнүүгө, аёого тез көңүл бөлгөн , бирок сезими терең эмес келип, бардыгын тез унутуп калат.
Жетилүү доору: 21-28 жаш. Турмуштук тажрыйба окуудан, достордон жыйналат. Анан 56-63 жаш ачылыштар доору. Эртең мененки таңдын алгачкы нурлары.
Кара түс жагымсыз. Саны - 8, 11,13.

Кийинки саныбызда Балыктар жылдызын окуй аласыздар.