№18, 03.06.08-ж.
  Бир собол

Арыла албай жүргөн адаттарыңыз барбы?
Динара Эсенгулова, продюсер:
- Эгерде бир ишти жасаш керек болсо бүгүн бүтүрбөй эртеңкиге калтырып коймоюм бар. Ал эми сөзсүз зарыл бүтүрө турган жумуш болсо эрте эле бүтүрөсүң дечи, кээде шартка байланыштуу болуп калат. Мурда мындай эмес элем, акыркы күндөрү жалкоо болуп кеттим. Анан дагы боорукерлигим бар. Кээ бир адамдар кылган жакшылыгымды билбей тескери басып кетишет. Ошондон улам мен ушул сапатымдан көбүрөөк жапа чегем. Бирок, мен эч качан бул жерден мындай жакшылык кылдым эле деп баса көрсөтүп милдет кылбайм.

Сапар Сопубеков, ырчы:
- Мм… Уйкучулук, жалкоолук, анан белгиленген жерге сөзсүз жарым саат кечигип барам. Мисалы, саат 4 тө жолугуш керек болсо, 4-30 га барам. Анан барганда эле чарылдап калабыз. Менин оюмча мунун баары уйкучулуктун кесепетинен болуш керек. Жогоруда айтылган адаттарымды жойсом, анда сөзсүз тактык, жоопкерчилик пайда болсо керек. Убагында барбагандын айынан көп адамдарды таарынтып алам.

Нуриса Абазова, ырчы:
- "Үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы"- дегендей жалкоолук адаттан арыла албай кыйналып келем. Качан болсо жалкоолугум жашоомду артка тартканына карабай баары бир ушул адатты таштай албай койдум.

Эрнис Абдыжапаров, кинорежиссер:
- Менин оюмча ак көңүлдүгүм болуш керек, анткени кээ бир адамдарды шартка байланыштуу катуу айтып койсоң сестенип, этияттап калышат, а мен болсо тескерисинче көп жерден адамдарга жумшак мамиле жасап, өзү оңолот, өзү уялып калат деп, унчукпайм. Ошонун зыяны көп тиет. Көп жерден жумшак мамиле жасасаң, тоотпой башыңа чыгып алышат, ушул адатыман арылып, мен дагы айланадагы адамдарга кичине катуураак мамиле жасаганды үйрөнсөм дейм.

Борончу Кудайбергенов, ырчы, куудул:
- Мен төрт тарабы төп келишкен кыргызымдын мырзасымын да. Мм… Кайсыл жаман адатымды айтсам? Айтып берейин эми. Ишенчээкмин, анан дагы кыздарды жакшы көрөм, аларды көргөндө тим эле көзүмдүн майы агып, шилекейим куюлуп, тилим жерге түшүп араң жыйнап алам. Кээде залакасын тийгизген учурлар да болот. Ушул адатымды качан таштайм билбейм.

Бактияр Токторов, ырчы:
- Менин жаман адаттарым болгон, бу көптөн бери таштай албай жүргөн тамекини таштадым. Аракты таптакыр ичпей койгом. Ичимдиктен алыстап калдым. Ал эми эс тарткандан баштап көңүлчөөктүгүмдүн айынан жапа чегип, оозумду ачып калган учурлардан арыла албай келем.

Рахатбек Бердикеев, каскадер:
- "Алма сабагынан алыс түшпөйт" эмеспи, ошол сыңары менин деле ата-бабалардан мурас болуп берилген өзүмө жараша кыял-жоруктарым болсо керек. Аларды жанымда жүргөн досторум эле айтпаса, өзүм айтканга ыңгайсыз го. Бирок, "шибегени капка ката албагандай" эле кичине оройлук жагым бар. Аны жашырганда эмне, канткен күндө да ар дайым жакшы мамиле кылганга аракет кылам.

Алина Жетигенова, ырчы:
- Менин жаман адаттарым аябай ишенчээктигим, ак көңүлмүн жана уйкучулук жайым бар. Бирөөнүн көңүлүн кыялбайм. Өзүмө керек болуп турган нерсени берип салып, көп жапа чеккен учурлар болот. Уктап калып чакырылган жерден кечигип калган кездер да болбой койбойт.