№16, 21.05.08-ж.
 "Экөөбүздү бир үйбүлө деп ойлошот"

Маектеш жөнүндө маалымат
Сакиш - Айнура Тургунбаева
1968-жылдын 9-январында Аламүдүн районунун Стрельников совхозунда төрөлгөн. Бойдок.
Бопуш - Марат Жанталиев
1961-жылы жадыраган жаздын 3-мартында Нарын облусунда туулган, үйбүлөлүү, 3 баланын атасы.

Элдин көңүлүнө шат жаратып, жүзүнөн күлкү нурун төгүлткөн, жаш-кары дебей, баарынын көңүлүнө бирдей жаккан, кыргыз элине эле эмес коңшу элдерге да кеңири таанымал, "Жаштар" театрынын "Сакиш - Бопуш" деген ат менен элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан таланттары Айнура Тургунбаева жана Марат Жанталиев биз менен кенен отуруп ой бөлүштү.

- Айтсаңыздар "Сакиш - Бопуш" деген атты канчадан бери алып жүрөсүздөр?
Бопуш: - Мар Байжиевдин "Кер какшык" деген интермедиясында Айнура "Сакиштин", ал эми мен "Бопуштун" ролун аткарып калдык. Ошондон кийин өз атыбыз өчүп Сакиш, Бопуш аталып калдык. Бул атка көнүп калгандыктан Марат деп чакырышса өзүнчө эле кимге айтып атат деп кызыктай боло берем. 1991-жылдан баштап, 17 жылдан бери ушул ат менен элге таанылып, кызмат кылып келатабыз жана кыла беребиз Кудай буюрса.
- 17 жылдан бери чогуу эмгектенип жүрөт экенсиздер, деги таланттын артынан эмне таап, эмнеге жетиштиңиздер?
Бопуш: - Таланттын артынан Сакишимди таптым. Ар бир актердун жүрөгүнөн орун алган максаты популярдуулукка жетишүү. Кандай гана актер болбосун эл таанысын, эл көрсүн деген тилекте болушат. Азыр булуң бурчтун баары Сакиш-Бопуш экенибизди билишет десем болот. Кээ бирөөлөр экөөбүздү бир үйбүлө экен деп ойлосо, жөн гана шериктеш экенибизди билгендер да толтура.
Сакиш: - Көп эле нерсеге жетиштик. Бопуштун жетишкени менин жетишкеним. Бири-бирибизди таптык, күйөрман чогулттук. Биздин дагы ийгиликтерибиз алдыда. Киного тартылып жатабыз, телевидениеде иштеп жүрөбүз. Каякка барбайлы, кандай киного тартылбайлы экөөбүз ажырабайбыз. Жакшы макал бар эмеспи "осурагы сиңишип калган" деген биздин да осурагыбыз сиңишип калган десем болот. 17 жылдан бери эч кимге айтпаган сырымды, атамдай болуп калган Бопушка айтам.
- Жашоонун агымы бир калыпта акпайт эмеспи, бир жерге барсаңар болушунча колдогон же күлбөй, коштобой койгон күндөр да учураса керек?
Сакиш: - Оой андай күндөр толтура да. Ак чийин, кара чийин деп коёт. Ак чийинге киргенде аябай жакшы болот, күлбөй койгон күндөр да учурайт. Биздин көрүүчүлөрүбүз кээде биз канча кыйналып, тердеп-тепчип аткарып берсек да момоюп, момурап отура беришет.
- Сахнада ар дайым шайыр жүргөн артисттерибиз, сахна артында, жашоодо кандай болду экен?
Сакиш: - Артисттер десе эле элдер ойлойт да ой, артисттерде акча көп, жыргал, күлүп өтүп кетет деп. Бир чети эл айтканы деле туура, сахнанын касиети менен көйгөйлөрдүн баары сахнанын артында калат. Концертиңди берип бүткөндөн кийин кайра эле көр оокатка аралашып, тиги жетпейт, бул жетпейт болуп дагы бир көйгөйлөр пайда болот. Артистмин деп эле көчөдө жалжактап жүрө берген болбойт го. Кадимки кишилердей эле маршруткага тыгылып-сыгылып, согүлүп-кагылып киребиз. Анан эле сахнага чыкканда башкача адам болуп калабыз себеби, бул биздин жумушубуз.
- Чыгармачыл адамдын артынан ар кандай сөздөр кууйт эмеспи. Ошолордон тажаган учурда кол шилтеп коюп башка жумуш менен алек болсом деген ойлор да болбой койбосо керек?
Бопуш: - Чыгармачылыкка келгенден кийин кетиш кыйын го биз үчүн. Кеткендер кетип калды ар кандай жумушту аркалап. Эл оозуна алынган соң, ар кандай сөз ээрчиген бул боло турган иш. Элибизде "Жакшыга сөз жабышат, жаманга чөп жабышат" деген сөз бар. Ошол сыңары кайда барбайлы Сакиш экөөбүздүн артыбыздан ээрчиген сөз токтобойт.
Сакиш: - Эмне үчүн дегенде беш кол тең эмес да. Ишиң жүрүшүп, итиң чөп жеп турса, бери жактагылар, бул ким мен үчүн деп алы жетпегендер гана ушак чыгарышы мүмкүн. Атып же сайып өлтүрө албагандан кийин кызыл тилде сөөк жок эмеспи, ооздугу жок агытып коёт анан кете берет. Кээде чучукка жеткен сөздөрдү укканда өзүмдүн бир жакшы сөзүм бар ошону айтып коюп кете берем. Ушул ушактардын артынан чыгармачылыкты таштабай калайлы.
- Жашоодо эмнеден коркосуңар?
Сакиш: - Мен бир гана Кудайдан корком. Башка эч кимден коркпойм. Марат да Кудайдан коркот. Адам болгондон кийин кээде араздашып кетем. Бирөөгө арамдык кааласаң ал албетте өзүңө кайтат да. Мисалы кээде маршрутка бир аз эле толтура болсо, ий кийинкисине эле түшөйүн деп күтүп отурсам андан толтура болуп кыйшайып, жыгылып кетем. Ошол үчүн Кудайдын кудуретинен ушунчалык корком. Анан дагы бакадан корком.
Бопуш: - Сакишке баканы алып келип туруп, бул ишти жаса десең, бир мүнөткө калтырбай жасап баштайт.
- Экөөңүздөрдү карап туруп сиздерден өткөн ынак адам жок сыяктуу сезилип турат. Бирок, урушкан күнүңүздөр да болсо керек?
Сакиш: - Оо-о, урушканда ак ит кирип, көк ит чыгып кетет кайра.
Бопуш: - Анчалык деңгээлге жете элекпиз эми. Ай Сакиш муну мындай кылып коёлу десем, эмнеге сен айткандай болуш керек деп калат, анда мен да а эмнеге сенин айтканыңдай болуш керек деп калам.
Сакиш: - (Каткырып) Бирок, баары бир Бопуш мага баш иет. Себеби мен аялмын да.
Бопуш: - Мунун айтканын кылганымды билип алып, айтканынан кайтпай туруп алат. Агасын башкаргандай башкарып алат.
- Марат байке, жумушта го Айнура эжеге баш иет экенсиз, үйүңүздө да ушинтип жибип кетесизби?
Бопуш: - Эми аялым Сакиштей болуп аңкылдабайт да, жоош, акырын сүйлөп тигиндей, мындай деп кетип калат. Бирок, баары бир аялыңды угат экенсиң да.
Сакиш: - Аны укпаганда эмне кыласың. Эмне үчүн дегенде ал менен сый болуп атпайсыңбы. А мени менен канча ай жүрөсүң, ошон үчүн аңкылдашып калганбыз. Аны менен конок катары эле үйүнө барат, анан бири-бирин сыйлашпай эмне кылышат.
Бопуш: - "Достук" ресторанында банкетте отурганбыз мен, аялым Асел, Сакиш анан досторубуз болуп. Бир маалда "жүрү Асел бийлеп келели" -деп бара жатсак анда Сакиш жөн турбай, "баргыла бийлеп келгиле элдер Бопуш ойношу менен бийлеп атат" -деп ойлоп калсын дейт.
Сакиш: - Чын эле ойлоп калышат да. Анан жаңы чыгып жүрсөк баары экөөбүздү бир үйбүлө деп жүрсө, кантип ойлобой коюшпасын. Анда мен да жөн отурбай бар эми Асел бийлеп кел мен отуруп турайын, элдин баары ойношу экен деп ойлоп калсын десем күлүшөт каткырып.
- Бир убакта "Таңкы катты" алып барып жүрдүңөр эле, эмнегедир кийинки күндөрү көгүлтүр экрандан көрүнбөй калдыңыздар?
Бопуш: - Чындыгында аябай кызыктуу кылып алып барып жатканбыз. Элдерге да жагып гастролго барган жерден каттарын берип жатышты. Туптуура бир жыл алып бардык. Ал биздин колубузда эмес болчу, телевидениенин өзүнүн долбоору болчу кайра өздөрү жапты.
- Сакиш эже мен эс тартып, сиздерди тааныгандан бери сиздин узун чачыңызды көрө элекмин, бул да болсо өзүңүздүн стилиңизби?
Сакиш: - Жаңы чыгып жүргөндө чачым белимден болчу. Чачыңды кесип же боёп койсоң эле стилин, имиджин өзгөртүптүр деп каласыңар.
Чачым узун кезде химияга бердим, голливуд кылып кестирдим, кылбаган нерсем калбады анан кыска чачты да көрөйүнчү деп кесип көрсөм сонун экен ошондон бери өстүрө албай жүрөм.
- Кызыктуу маегиңер үчүн рахмат.

Маектешкен Нурзат Жусупова




  Жылдыздар төлгөсү

19 - 25-майга
Кой (21.03-20.04)
Аптанын башталышы кой жылдызы үчүн оор болуп, сизди курчап турган адамдардын арасында түшүнбөөчүлүк келип чыгат. Мындайда сизди урматтаган жакын адамыңыз менен да тил табыша албайсыз. Жеке жашооңузда, туугандар арасында пикир келишпестиктер болуусу ыктымал. Ал эми жашооңузга дем берген жаңы таанышуулар көңүлүңүздү ирээнжитет. Мындай жагдайда ак караны ажырата баамдай алсаңыз, кырдаалдан чыгып кете аласыз. Жуманын экинчи бөлүгүндө кызмат ишиңизде ийгилик булагы оргуштаганы менен кесиптештериңиздин өз көмөчүнө күл тартканын көрүп, көңүлүңүз кирдейт. Жашооңуздагы жагымсыз ийгиликтерден көңүлүңүздү чөгөрбөңүз, сиз үчүн бул жумада ийгиликтин кирешеси соода булагында.

Букачар (21.04.-20.05)
Аптанын агымында букачарлар өткөн көйгөйүнүн айынан финансылык кризиске кептелүүсү ыктымал. Жашоонун мындай караңгылыгынан суурулуп чыгууда жалгыз гана өзүңүздүн талбаган эмгегиңиз же таланттуулугуңуз керек. Мындайда аша чаап кетүүнүн зарылдыгы жок. Сизди курчап турган чөйрөңүздөгү мамиледе өзгөчө сынга алган кишилер менен талашып-тартышуунун кажети жок. Кызматыңызда жетекчиңиз, сиздин эмгегиңизден кызмат абалынан пайдалануусунан абайлаңыз. Мындайда жагымсыз жоготууну жаратып алууңуз мүмкүн. Аптанын аягында активдүүлүгүңүз артып жаңы таанышуулардын болуусу күтүлүүдө. Күнүмдүк жашооңузду болжобой эртеңки күнгө да көз чаптыра билүүңүз зарыл.

Эгиздер(21.05-21.06)
Дүйшөмбүдө үй тиричилигине байланышкан чечимди кабыл алаардан мурун жакын адамыңыздын көңүлүнө карап иш жасаңыз. Мындайда сизге жардам берген акыл кеңешчиңиздин айткандарына кулак сала билсеңиз ойлогон оюңуз ордунан чыгат. Жуманын агымында жанга жагымдуу жаңы иш пландын башталуусу күтүлүүдө. Бул убакыт аралыгында достор же тааныштар менен ой бөлүшкөнүңүз оңтойлуу. Мындай багыт аялдар үчүн карьерасын түптөп калууда зор мүмкүнчүлүк жаратат. Ал эми эркектер чет жакага сейилдеп келүүдө жолдомо алуулары күтүлүүдө. Келечек үчүн баарына чечкиндүү болуп финансылык маселени да эске алганыңыз оң.

Бөйөн (22.06-22.07)
Аптананын башталышы бөйөндөрдөн күжүрмөн эмгекти талап кылат. Ар бир майда -барат жумуштун башатында улуу күч бар экенине байкоо салуу менен эмгектенип, иштин жай жүргөнүнө кыжырданбаңыз. Мунун арты жакын адамыңыз менен кагылышып кетүүңүзгө кептөөсү ыктымал. Жашооңуздагы жагымсыз кырдаалдын алдын алуу өз колуңузда экенин эсиңизден чыгарбаңыз. Анткени сиз каалабаган жагымсыз жагдайдан кийин соңу качып кутула албайсыз. Бейшемби өзгөчө күн. Убакыттан пайдаланып кызмат ишиңизде көптөн бери ишке ашпай жүргөн ишти жүзөгө ашырып калыңыз. Аптанын аягында достор же туугандардыкына конокко барууну пландоодон көрө ден-соолугуңузга кам көрүп, дача же бакчада эс алыңыз.

Арстан (23.07-23.08)
Кызмат жаатында көңүлгө жакпаган көйгөй келип чыгат. Бул убакыт аралыгында сизден чоң аракетчилдик талап кылынат. Өзүңүздүн мүмкүнчүлүгүңүздү колдон чыгарбай эмгектениңиз. Күтүлбөгөн жыйынтык арстандарга кызмат ишиндеги көйгөйдү жеңе билгениндеги эмгегинин аркасында болот. Мындайда сизге боор толгоп колдогон демөөрчүңүздүн көмөгүнөн баш тартпаганыңыз жөндүү. Кээде көзгө илинбеген майда сөз да адамдын көңүлүн ирээнжитип коёрун эсиңизден чыгарбаңыз. Аптанын экинчи бөлүгүндө атайын жолугушуу, документ иштеринде жана финансылык жаатта болуусу күтүлүүдө. Жолугушууда кабак салуудан көрө сөзмөр болууга аракет жасооңуз кырдаалдан чыгарат. Аптанын ишемби жана жекшемби күндөрү баардык багыттагы маектешүүлөр максаттуу жүрөт. Көпчүлүк сиздин оригиналдуу идеяларыңызды колдоп, жаңы баскычтагы пландарды жаратуу мүмкүнчүлүгүнө эгедер болосуз. Мындай эс алуу күндөрү жашоонун образына кыялданганыңызды өзүңүз да сезбей каласыз.

Бийкеч (24.08-22.09)
Бул жумада бийкечтер финансылык же көптөн бери көңүлгө алынбаган чек жаатында баш катырышат. Аптанын башындагы мындай көйгөй кызматышыңыздын да көңүл борборуна кирип, кесиптештерден кеңеш суроого аргасыз кылат. Акылга сыйбаган кеңештерден көрө кабыргаңызга кеңешип, чечим кабылдап документтиңизди белгилүү мөөнөттүн ичинде акча жаатында кайтарып берүүнү белгилеп койгонуңуз оң. Апта агымында кетирген чыгашаңыз сиздин акча казынаңызга укмуштай кедергисин тийгизбейт. Кырдаалдан чыгып кетүүдө жакын адамдар жана туугандардын жардамына муктаж экениңизди жылдыздар эсиңизге салат.

Тараза (24.09.-23.10)
Жуманын биринчи бөлүгү таразалар жан эргиткен жагымдуу кызматташтары менен иши жүрүшкөндөй болгону менен жуманын экинчи бөлүгүндө кесиптештер арасында тирешүү келип чыгат. Мунун негизи акча маселесине келип такалат. Бул жумада жашооңуз сиз ойлогондой жөнөкөй эмес. Алга карай маанилүү кадамдарды сиз жаңы чөйрөдөн эмес, эски достор арасынан табасыз. Энергиялуулугуңуз жетишээрлик бийиктикке көтөрүлүп, сизди сынга алган кесиптештериңизди таң калтырат. Аптанын аягында алыска чакыруу же кайдадыр сапарга чыгууңуз күтүлүүдө.

Чаян (24.10-22.11)
Аптанын алгачкы күнүндө жетишкен ийгиликтер жана өткөн кемчиликтер менен келечекке талдоо жүргүзүү аркасында баш катырасыз. Бул убакыт өзүңүздүн билим деңгээлиңизди сыноочу аралык экенин унутпаңыз. Андыктан өз каалоңуздун ишке ашуусу үчүн абдан эрктүү болууңузду убакыт талап кылат. Ошондо гана ийгилик кушу өзүнөн-өзү тууруңузга келип конот. Аптанын агымында сизде өтө оңтойлуу идея жаралат. Дал ушул убакыт аралыгында чечимди келечегиңиз үчүн жети өлчөп, бир кесиңиз. Жашооңузда маңыздуу болгон мындай каалоо-тилегиңиз келечегиңиз үчүн пайдалуу. Апта аягында актуалдуу чечимди кабыл аласыз. Мындайда кесибиңизде ар тараптуу кошумча булактардын пайдубалын түптөөгө мүмкүнчүлүк жарата аласыз.

Жаачы (24.11-22.12)
Дүйшөмбүдө ар кандай маанилүү иштерди бүткөрүүдө финансылык маселенин артында бүтөөрүн көңүлүңүзгө алыңыз. Бул убакыт аралыгында жакын кеңешчи адамдардын көмөгү аркасында өткөн карыздарыңыздан кутулуп калууңузга болот. Андыктан кырдаалдан пайдаланып калыңыз. Жашоодогу жаңыча максаттуу көз карашыңызды көпчүлүк менен маңыздуу баарлашуудан баштаңыз. Мындайда эмоционалдуулуктун кажети жок экенин жылдыздар эскертет. Жуманын бейшемби күнүндө романтикалуу кечти жаңы таанышыңыз менен өткөрүүдөн көрө кийинки күндүн маанилүү ишин планга киргизиңиз. Аптанын ишемби күнү көптөн күткөн жакын адамыңыз алыстан келип жан дүйнөңүз жаздай жаркып кубанасыз.

Текечер (22.12-20.01)
Текечерлер үчүн бул жума туруктуу эмес. Көңүл чөгөөрлүк көйгөй достук түзүүдөгү мамиленин шалакылыгынан улам келип чыгат. Өткөн мамилени калыбына келтирүүгө аракет жасабай эле койгонуңуз оң. Мындайда дарак башынан ийри өскөнүн көз алдыңызга келтирип алсаңыз жетишээрлик болот. Жашоонун өзү күрөш эмеспи, жөн гана убакыт кетирип, ойлонуп олтуруудан көрө акылыңызды калчап пайдубалыңызды андан ары түптөп кетиңиз. Апта аягында жеке жашооңузга да көңүл бөлүп, оптимист болуңуз. Мүмкүн сиз менен тирешкен досуңуз, болуп көрбөгөндөй өзгөргөн финансылык абалыңызды көрүп алыстан сук артканын байкоого үлгүрөсүз.

Көөкөр (21.01.-19.02)
Аптанын алгачкы күнү өздүк ишиңизде сүйлөшүүгө оңтойсуз. Бул күнү пландалбаган бирөө менен жолугушуунун да кажети жок. Мүмкүн мындайда жакын досуңуздун кеңеши жардамга келет. Жуманын агымында дипломаттык ишмердүүлүгүңүздө бөтөн бирөөнүн сунушун кабылдабаңыз. Эгер сизге жан күйүп кеңеш айтса да ушул жолу логикалык акылыңызга калчап чечим кабылдасаңыз ийгиликтүү болот. Аптанын эс алуу күндөрү ден-соолугуңузга да көңүл бөлүп, жеке өзүңүзгө тиешелүү болгон бир топ маселелерди чечип алууга ыңгайлуу.

Балык (20.02-20.03)
Кызмат абалдагы опурталдуу жашооңуз жетекчиңиз тарабынан кысым көрсөткөндөй болгону менен азырынча кызмат ордуңузду жаңыртууга оңтойсуз экенин эсиңизге алыңыз. Жакшыраагы жан дүйнөңүзгө төп келген кызматты күтүңүз. Мүмкүн сиздин көз карашыңызга төп келген учур пайда болот. Аптанын жүрүмүндө акча жаатында көңүл чөгөөрлүк абалга кептелүүңүз ыктымал. Жалпы жолунан алганда финансылык жаатта азырынча капаланып кайгырбай эле койгонуңуз оң. Жеке жашооңузда ирээтсиз башаламандыкка жол койгуңуз келбесе ар бир иште чечкиндүү болуңуз.