№16, 21.05.08-ж.
  Я, алла...

Карызды кайрыган дубакер
Ишенсең койсоң өзүң бил
Эмнегедир эсил кайран СССРдин кыйраганына өкүнгөн адамдын саны арбын. "Жакшы" деген сөздүн өзү кулакка кандай жагымдуу. Айткандай, союздун убагы жакшы болгон үчүн ураганына жыйырма жылга чукул убакыт болсо да, али күнчө жомок сымал, союздун учурун ооздон түшүрбөй айтып келаткандардын саны азыркы базар экономикасындагы алдым-жуттум заманга ичтери тойбой, эл өткөндү эстеп улутунуп тим болушууда.
Ооба, эгемендүүлүктү колго алганы, тактап айтканда ынтымактуу он беш союздун тарашы жеке эле Кыргызстанга эмес, бүт союздук республикага зыянын тийгизди.
Алдоо, тоноо, калп айтуу деги койчу көңүлгө төп келбеген эмне деген гана окуялар болуп өттү жана болуп атат.
Эгемберди Москва районунун бир айылынан болот. Өзү бала кезинен убадага бек, ишенчээк, оозунан чыккан сөздү аткарган, тартиптүү, адам баласына таандык жакшы сапаттарга бай, өз чөйрөсүндө урмат-сыйга ээ болгон адам. Союздун учурунда айылдын активи болуп, жооптуу кызматта иштеп, көптөгөн сыйлыкка ээ болуп, ардактуу пенсияга чыккан эле. Эми минтип жашы жетимиштен өтүп, карылыкка моюн сунуп калган кезде, каратып туруп эски таанышына 50 миң сомун берип, кайрып ала албай, үч жыл убакыт бою чуркады. Карызды колуң менен берип, бутуң менен алчу бул куудуң-шуудуң заманда берип жакшы көрүнгөнчө, бербей жаман көрүнгөндөн өтөөрү жок болуп калбадыбы. Эгемберди, Токтомушту өзүндөй көрүп, ишенип берген эле да акчасын, зарыгып турганда. Эми минтип Токтомуш жүзүн буруп "Болгондо берем" деп кекеткенинен акчасын сурап барбай да калды. Ал турсун Токтомушту көргүсү да келбейт. Аны көрсө эле итатайы бузулуп, "кантип уялбай басып жүрөт"- деп нерв болуп чыгат. Бүгүн андай адамдардын саны арбыбадыбы. Уят, намыс деген таманга түшүп, адамдык сапаттан акча менен байлыкты жогору тутуп калган бул заманда, ойго келбеген окуялар болуп атпайбы. Убакыт күзгө таяп калган кезде Эгемберди короосунан байлап аткан өгүзүн уурдатып жиберди. Өгүзү зоот, эт багытындагы мал эле. Эртең менен туруп эле короосуна келсе, өгүзү жок. Ичи ачышып, айылдык милицияга кайрылды. Милиция эмне кылат. Кагазына жазып алганы болбосо, дароо эле таап бере коймок беле. Тигинтип, ак эмгеги менен чогулткан акчасынан кол жууса, ал эми керегиме жаратам деген өгүзүнөн минтип кол жууп, алапайын таппай, ары чуркап, бери чуркап, акыры көңүлү чөгүп отуруп калды.
Балдары шаарда өгүздү издемек турсун, өздөрүнүн жашоосу менен алек.
Бир күнү кемпирин ээрчитип алып Эгемберди Сокулук районундагы кудасынын алтымыш жылдык тоюна келди. Кудасы бардар жашаган адам. Элди көп чакырган экен. Ошол жерден Эгемберди Имер молдого жолугуп калат. Имер молдо жаш кезинде машина айдап, Эгембердинин кол алдында иштеп көп эле пайдасын көрүп, сыйына карк болгон. Аны кантип унутат. Эски тааныштар кучакташып көрүшүп, жан алдары калбай учурашкан соң чокчо сакал күткөн Имер молдого, Эгемберди тийишип:
- "Ой, сен дагы молдо болуп кеттиң беле?" -деп тамашага сала сүрөп калды. Имер молдо башынан өткөн окуяларды бир баштан айтып, чоң атасынын касиети өзүнө оогонун кеп кылып, дубанын түрүн, диндин жолун кенен түшүндүрүп берди эле Эгемберди көктөн издегени, жерден табылып, болгон арманын айтып, Имер молдого кайрылды, Имер молдо:
- "Анын жарасы жеңил. Бирок, мен жөнүндө эч кимге айтпаңыз, эртең кеч бешимде үйгө келиңиз. Мен дуба окуп берем. Аласаңыз он күнгө жетпей колуңузга тиет да бир айга жетпеген убакта өгүзүңүз табылат"-дейт.
Дин жагынан сабаты жок Эгемберди бул айтылган кепке көп ишене бербейт. Ошентсе да, илгери үмүт менен эртеси айтылган убакта Имер молдонун үйүнө келет. Имер молдо чай кайнам убакыт дуба окуган соң, жоголгон малдын өңүн сурайт. Эгемберди:
- "Ала чандыр кара өгүз, оң кулагында бакан эни бар. Куйругунун учу ак, сол жамбашында "Э" деген тамгасы бар"- деп өгүзүнүн белгилерин айтып берет.
- "Болду. Эми малыңыз табылып, аласаңыз үстөгү менен колуңузга тиет"-деп ишеничтүү айтып, ал күнү Эгембердини козу союп коноктойт. Эгемберди Имер молдонун такыр башка адам болуп өзгөрүлгөнүн ушул саам байкайт. Имер молдо мечиттеги молдолордой көп деле ачылып сүйлөбөгөнү менен өзүнүн кыймыл аракети, жасаган мамилеси Эгембердинин көңүлүн өзүнө бурат.
Эртеси эртең менен жолго чыгаарда Имер молдо:
- "Мен жөнүндө жан адамга айтпаңыз, менин өнөрүмдү уккан күнөөсү бар адамдар тынчымды алып убара кылат"… деп сөзүнүн аягын туюк бүтүрөт. Эгемберди сөз өңүтүнө дароо түшүнүп, башын ийкеп, убада берген болду да машинага түшүп үйүнө жөнөйт.
Убакыт учкан куш деп айтылат эмеспи. Үйдөгү түйшүк менен жүрүп Эгемберди карыя Имер молдо айткан он беш күн убакыт өткөнүн деле унутуп калат.
Убакыт бешим намазына жакындап калган кезде Токтомуш өзү келип салам берет. Анын өңүн көргөндө эле Эгемберди жактыра бербеген жүз менен карап, берилген саламды көңүлү суз кабыл алат. Көңүл калган кишини ким эле жактырып кабыл алсын.
Токтомуш жан алы калбай кечирим сурап, элүү беш миң сом берет да:
- "Эмнегедир акыркы күндөрү карыздан кутулбасам жаным жай албачудай кыйналып кеттим. Ушул сизге бересемди берсем оор жүктөн кутулчудай болуп туруп алдым"-деп айтканда Эгемберди Имер молдого барганын, анын дубасын эсинен чыгарып:
"Карыз- дегенден кутулбаса, ыйманы бар киши ошентип кыйналат. Сага дагы ыйман кирип калган го"-деп тамашага салып сүйлөп, тигини жанынан кетиргенче шашат. Бир чети акчасы колго тийгенге сүйүнөт.
Арадан бир апта өткөн соң, коңшу айылдагы өтүп кеткен досунун улуу баласы келип, учурашып:
"Аяш ата, мен ит болдум да, куш болдум"-деп кечирим сурайт. Саламды алик алып, эч жаман ой жок Эгемберди:
- "Ой сага эмне болду?" - деп суроолуу карайт да, досунун баласынан жооп күтөт. Бирок, ал бала мукактанып эч нерсе айта албай, тетири бурулуп басып кетет. Бул окуяга таң калган Эгемберди берген суроосу жоопсуз калганына ичинен өкүнүп кала берет.
Эртеси эртең менен жоголгон өгүзү баштагыдан да семирип эшигинин алдында туруп калат. Ошондо гана Имер молдо эсине келип, анын өнөрүн эстейт бирок, адам баласынын биринчи душманы тил болот эмеспи, анын сыңары Эгембердинин оозунан Имер молдонун өнөрү чыгып кетет да, калың элге тарайт.
Имер молдо "пендечилик" деп тим болот. Мал жоготуп, карызын ала албагандар ат тезегин кургатпай өзүн арзып келгендерге "Менин андай өнөрүм жок" деп жолго салат. Көрсө, Имер молдо көңүлү түшкөн ишенген гана кишилерге жардам берет экен. Азыр Имер молдо дале бар. Бирок, анын дарегин так айтканга болбойт. Айткан күндө дагы ал киши кабыл албайт. Атасынан оогон "дубакер" өнөрдү аздектеп бакбаса да болбойт эмеспи. "Дүнүйө пайгамбарды жолдон чыгарыптыр" демекчи Имер молдо биринчиден, бирөөнү капа кылгандан, экинчиси акчага азгырылгандан өзүн алыс тутуп, өнөрүн калың элге чыгаргандан сактанып келет.
Белгилүү себептер менен Имер молдонун ысмы өзгөртүлүп берилди.

Бердикожо Бийназаров




(Башталышы өткөн
сандарда)
Атамдыкындай жумшак болсо керек. Мүмкүн андан да жумшактыр… Бул ойлор кыялымда андан ары уланат беле, ким билет?.. Кыялымды Мамыт аяш атамдын сөзү бөлдү?
- Эмка, сага эмне болду? Качантан бери минтип ооруп жүрөсүң? - Колумдун тамырын кармап көрүп жатты. Элестетип көрсөм, бала кезимден бери эле ушинтип ооруп жаткандай боло түштүм. Ушул төшөктө бир да жолу турбагандай, эч качан басып көрбөгөндөй элес пайда болду. Кичине эле кыймылдасам башым айланып жер көчө баштаганын сездим. Бутум менен баспай эле учуп жүргөндөй сезилип кетти өзүмө. "Демек, мен бутум менен баспай эле уччу турбаймынбы", деген ой башымды бийлеп алды. Мурда кантип учуп жүргөнүмдү элестетүүгө аракеттендим. Бирок таптакыр элестете албадым. Бир маалда жүрөгүмдү кандайдыр бир ысыктык тээп, өзүмдү-өзүм токтото албай абага калкып чыккандай болдум. Кичине көөдөнүм жеңилдеп бир аз эс ала түштүм. Эки жагымды карадым. Бүт тарабымды булут курчап тургандай, каалгыган туман менен курчалганын сездим. Ошол булуттардын арасынан жашынмак ойногондой анда-санда көрүнө калган Бахиддин элесин көрүп турдум. Мени издеп, таппай жүргөндөй элес калтырды. "Бахид, Бахид, мен мындамын" - деп кыйкыра баштадым. Бирок, ал мени карабай койду. Башка бирөөнү издеп жаткандай. Жиним келди. "Мени дубалап, азапка салып коюп, анан минтип башка бирөөнү издеп жүрөт, ыя?!" аны тилдеп, кыйкырып жаткандаймын. Кыйкырган үндөрүм кайрадан өз кулагыма жаңырып угулат.
Бахид улам мага жакындаган сайын, кадимки алптардай чоңоё баштады. Кучактайын десем кулачым жетчүдөй эмесмин. Мени таптакыр кумурскадай кылып кичирейтип салган турбайбы деген ой кетти. Дубалап өзүнө багындырып салып, анан минтип алдаган турбайбы деп ойлонуп алып буркурап ыйлап кирдим. Көз жашым бүткөн боюмду каптап чыйрыктыра баштады, үшүп кеттим. Кийип алганга эч нерсе жок. Бахид кучактап жылытат го деп аны карасам ал улам кичирейип алыстап баратыптыр. Аңгыча кулагымдын түбүнөн атамдын үнүн жакшылап тыңшасам:
- Эмка, Элмира, көзүңдү аччы. Мен папаңмын. Көзүңдү ачып мени карап койчу? - деген сөздөрүн кулагым чалып калды. Мен кайдамын? Папам мени эмнеге издеп жатат. Байкуш папам адашып калган го деген ой кетти. Көзүмдү ачып издегенге аракеттендим. Өзүм да байкабадым, акырындык менен көзүм да ачыла баштады.
- Эмка, мени карачы, эсиңе келчи, - атамдын үнү кулагыма жаңырды. Анан мурдун шуу тартып, ыйлаган апамдын дабышын сездим. Көзүмдү ачып кароого аракеттендим. Бая мен каалгып учуп жүргөн булуттар тарай баштады. Көз алдыма кадимкидей караандар көрүнүп бая аралашып жүргөн нерселерден акырын кутула баштадым. Акырындап жанымдагы сөлөкөттөрдү ажыратууга жетиштим. Так менин маңдайымда менин эки көзүмдүн ачылышын тиктеп атам отуруптур тизелеп. Анын артында мени унчукпай жалдырап карап, жакшылыктан тилек кылган түр менен апам турат көз жашы менен бетин жууп. Андан кийин ак халатчандарды көрдүм. Аларды бирин экинчисинен бөлүп тааный баштадым, Мамыт аяш атам баш болгон бир топ врачтар экен. Алардын жумшаган кызматын аткарып медсестралар да жүрөт жандарында. Байкасам, мен жаткан палата кишиге толуп кетиптир.
Тамагым кургап аба жетишпейт. Суу ичким келди.
- Суу, суу ичким келип жатат. - Татынакай бир медсестра суу алып келип берди. Суу ичип кичине өзүмө келгенден кийин кайрадан дары беришти. Дары ичпейм десем болбой ичиришти. Мен дары ичип бүтөөр менен Мамыт аяш атам артында турган врачтарга, медсестраларга кайрылып:
- Эми кичине эс алсын, калганын анан сүйлөшөлү. - Ушул эле буйрукту күтүп турушкансып ак халатчандар чыгып кетишти. Апам жалооруп карап турган экен, аны капталга түртүп, атам экөө сыртка чыга жөнөдү.
Мамыт аяш атам төшөгүмдү оңдоп, кымтылап коюп, ал да унчукпастан чыгып, эшикти акырын жапты. Уктаганга аракеттенип көзүмдү жумдум. Кандайдыр бир күчтүн бутумдан баштап, акырындап өз кучагына алып чырмап келатканын байкадым. Көзүмдү ачтым. Мындай көзгө даана көрүнгөн эч нерсе жок, бирок балтырларым чымыраганын сездим. Кайра көзүмдү жумдум. Ушуну эле күтүп тургандай, жанагы неме бүт денемди басып калды. Коюу караңгылык. Тияк-биякка учуп, кандайдыр бир жарык издеп жаткандаймын. Бир маалда коюу караңгылык суюлуп, аппак булут сыяктанган дүйнөгө туш келдим. Булуттарды аралап кайсы бир тарапка учуп бараткандаймын. Жакшылап байкасам учуп бараткандай эмес, мени кимдир бирөө сүйрөп бараткандай. Бул Бахид эле болуш керек деген ой кетти. Андан башка эч ким мындай күчкө ээ эмес. Эч кимде мындай сыйкыр жок. Ушул ойду далилдегендей баягы ак булут сымалдардын арасынан Бахид көрүндү. Жүзүндө адамга жагымсыз жылмаюу бар. Аны көрөрүм менен кыжырым кайнады. Ушунча кыйноого туш келтирип коюп жыргап жүргөндүгү үчүн жазалагым келди. Жаактан ары бир салууга аракеттендим. Бирок, колум көрүнбөйт, байлануу сыяктанат. Жок дегенде бир чаба албаганыма ызаландым, ыйладым бирок, үнүм чыкпайт. Туталандым, жетип колунан тиштеп алууну ойлодум. Улам жакындасам эле ал артка секиргендей алыстап кетет. Такыр жете албадым. Мында да ызаландым. Көңүлүмдү караңгылык басты. Кандайдыр бир ээндикте калгандай болдум. Бүткөн боюм зыркырап ооруйт. Эми жаным өз денеме келгендей сезим жаралды. Көзүмдү ачып эки жагымды карадым, жанымда акырын сүйлөшүп атам менен апам отуруптур. Алар мени ойготуп албайлы дешип, акырын шыбырашып отурушкан экен. Менин кыбыраганымдан улам экөө тең мени карашты.
- Кызым, ден-соолугуң кандай? Өзүңдү кандай сезип жатасың? - Атам чекемен сылап шыбырады.
- Жакшы. - Көөдөнүмдөн кандайдыр бир боштукту, бир нерсеге болгон эңсөөнү сездим.