№16, 21.05.08-ж.
  Обон күлкү

Шайырлар шакабасынан
Маданиятыбызга белгилүү залкар инсандардын, акын-жазуучу, куудулдардын кызыктуу кылык жоруктарын, какшык, шакаба, азил-тамашаларын иликтеп, издеп, эл шайырларынын шиңгилдеринен ортоңуздарга тартууласакпы деп, күлкүдөн гүл десте сунуп олтурабыз, кабыл алыңыздар.

Генийлер…
Мар Байжиевдин Дзержинскийдикине окшоп турган сакал - мурутуна тийишип Салижан Жигитов:
- Как дела, Феликс Едмундович - десе, анда Мар Байжиев Сакемдин тастайган башын тиктеп туруп камаарабай:
- Ничего, Владимир Ильич, переживем -деп жооп бериптир.
Үркыз Бактым.

Күмөндүү Күмөндөр
Экөө тең кыргыздын таш жарган таланттары. Бири обончу - Калыйбек Тагаев, экинчиси куудул Күмөндөр Абылов. Алардын коёндун бөжөгүндөй, чычкандын момолоюндай окшоштуктары каяктан, ыя?...
Калыйбек Тагаев: - Экөөбүз ээрчишип алып үйгө барып калдык. Кызуубуз, ыргалабыз. Аны көргөн аялымдын ачуусу келип, көтөрүп барган бөтөлкөбүздү ташка чаап сындырмак болуп калды.
Анда Күмөндөр:
- Омей, атамдыкына бир жолу келип, анан бир шише арак ичпей кетемби?!-деп жатпайбы тамашалап. Окшошкон экөөнү бир сыйра түспөлдөштүрүп карап, жеңесинин ууртуна күлүмсүрөө пайда болуп, жибип кетиптир.
Чын эле, бул окшоштук кокустукпу, булар бир туугандарбы? Абыл аксакал мурда да үйлөнгөн болуп жүрбөсүн?
Эмне үчүн Күмөндөр деп куудулга күмөн туудурган ат коюлган. Жети айлык, же ара төрөлдү бекен? Айтор, Күмөндөрдүн күмөнү ар тараптуудай? Балага ат койгондо да жөн койбогон кыргыз, дагы эмнелерди айткысы келип туру…

"Кашка айгыр"
Күндөрдүн биринде Байдыкеме үйүнүн алдынан жолугуп калдым. Колун таңып, мойнуна асып алыптыр.
- Ой, жезде, эмне болду? - деп чочуп кеттим.
- Эмне болмок эле, түндө эжеңдин үстүнөн жыгылдым, деп мулуңдап күлүп койду.
- Койчу жезде, жатканда минсеңиз мынча жыгылбайт элеңиз, ушу басып баратканда мингенсиз го, дедим жооп кайтарып.
- Эй, Жолочу "Кашка айгыр" каерде азынса, ошол жерден минем да -деп тамашалап турбайбы Байдыкем.
Ж.Рыспаев

Кожонасредин менен Эшен
Эч кимге жемин жедирбеген, ар нерсени ойлоп тапкан амалкөй бир сараң эшен болгон экен. Анын канчалык амалкөй экендигин өз көзү менен көрүш үчүн Кожонасредин эшегин минип жолго чыгат. Эшен анын ким экендигин билбесе да жакшы тосуп алат.
- Ии, келген жумушуңду айта отур, -дейт эшен.
- Сизге шакирт болоюн деп келдим. Өзүңүздөн таалим тарбия алып, сиз сыяктуу молдо болсомбу деп ойлойм.
- Анын эмнеси бар экен, азыртадан баштап өзүңдү менин шакиртим деп эсептей бер деген экен Эшен.
Атактуу эшендин андан башка дагы шакирттери көп болсо керек. Эртеси эртең менен алардын барын эртелеп ойготуп, жумушка алып, барат. Шакирттери колдоруна кетмен-күрөк алып жерден баш көтөрбөй иштей башташат. Эшен болсо эки колун артына алып, тигилерди текшерип ары-бери басып жүрөт. Кожонасредин да жумуш иштебей эки колун аркасына алып ары-бери басып жүрө берет.
- Эй мунуң эмне?- дептир эшен. Эл катары жумуш иштебейсиңби?
- Жо-ок, молдоке сиз бир аз жаңылышып турасыз, мен сиздин шакирттериңиздерден эмес, өзүңүздөн үйрөнүү үчүн келгенмин. Ошондуктан кымбаттуу устатым, сиз эмне иштесеңиз мен дагы ошону иштешим керек! Эшен жаңы окуучусунун ким экенин ошондо гана билип, анын шылдыңына учурабоо үчүн кечке чейин кара жумуш иштептир.

Анекдоттор
Орус жолугуп эй чукчалар балыкты аягынан сүйрөсөңөр жеңил болот десе чукчалар аягынан сүйрөп баратып бири айтат дейт: Орустар аябай акылдуу ээ десе, экинчиси акылдуусу го акылдуу, а бирок, биз кайра эле көлгө кетип атабыз да дептир.
ххх
Бир жигит молдодон сурайт:
- Молдоке, мен сүйлөшкөн кызым менен күнүнө 15 жолу жатам. Бул күнөөбү?
- Күнөө, балам... апыртып сүйлөгөн- бул күнөө.
ххх
Ата презервативге акча берчи?
- Хрен сага! Мага небере керек...
ххх
Аялы күйөөсүн каргап-шилеп жатат:
- Сен келесоо дагы 2 жолу келесоосуң. Баарын келесоолордой кыласың, сүйлөсөң да келесоолордой сүйлөйсүң, эгер келесоолор конкурсуна катышсаң 2-орунду алмаксың.
Күйөөсү:
- Эмнеге?
Аялы:
- Ошо.. сен келесоо болгонуң үчүн да.

Сот жеди…
Арыкбай Осмон уулу Каракулжа районундагы башы көрүнгөн белгилүү адамдардан эле. Бир күнү райондун соту экөө бир конокко чакырылып калат. Арыкбай кечиккенден башты сотко тартышат. Ал башты бузбай, этин шылып алат да, Арыкбай кечигип келген кезде баштын сөөгүн газета менен жаап, Арыкбай отура турган тушка коюп коёт. Экөө катуу тамашалашчу экен. Арыкбай келгенде:
- Кел, Арыкбай ырас келбедиңби, башты коюп койдук эле, кана ал-дейт. Арыкбай баштын газета менен бекеринен жабылбаганын бир карап дароо билет да, аны көрсөтүп:
- Муну же сот жеди же ит жеди - деген тура.

"Сооронбай менен Ташты алдап,
Келген жерим Кашкалдак…"
Алайлык белгилүү акын раматылык Айтмамат Үмөталиев Москвада окуп жүргөн жылдары каникул мезгилинде Ноокат районундагы Кашкалдак деген айылга тууганчылап бармак болот. Соксоюп жалгыз барууну эп көрбөй, кайдагы жок "зарыл" жумушун шылтоолоп, алдап, соолап курбулары Сооронбай Жусуев, Таш Мияшевди шерик кылып ала барат. Меймандарга союлган койдун башын ит көтөрүп кетип, айласы куруган үй ээси "Студент болсо, баштын маанисин түшүнө койбос"- деп башы жок союшту бышырып тартат.
Жилик колго тийгендеги тос кезеги акын Айтмаматка келгенде ал комузду ала коюп, мындай дептир:
- Сооронбай менен Ташты алдап,
Келген жерим Кашкалдак.
Айтылуу Мойдун айылында,
Атаганат, олтурбадым ов, баш кармап. Мойдун бектей атактуу инсандын инилери болуп туруп сөзгө сынганына арданган үй ээси түн ортосунда кайра союш сойдуруп, таң агараарда Айтмамат акындын алдына баш тарткан экен.
Ж.Каримов

ГАИни кубалаган куудул
Гастрол мезгилинде автобустун шопуру жол эрежесин бузгандыктан ГАИнин кызматкери токтотуп калат. Айылдын чети "Алаксытып тургула"-деп шашкан Асанкул Шаршенов интермедияда ойногондо кийүүчү майордун формасын кийип чыга келет.
- Ээн жерде эмне кылып жүрөсүң?- дейт опурулуп. Тиги улук сержант честь берген бойдон ооз ачалбай калат.
- Шыпааналык кылып жүрөсүң го,ээ! Жогол тез, көзүмө көрүнбөй,- дегенде сержант мотоциклине минген бойдон көздөн кайым болот.

Атасын аңдыган мадырабаштар
Аялы менен күйөөсү кечинде төшөккө жатып, жаңы эле иш баштайлы деп жатса,кичинекей баласы,төшөгүнөн тура калып, карап калат... Атасы аялынын үстүнөн түшө калып,уулуна -"уктабайсыңбы?"- деп урушат. Баласы жатып калат.Бир аздан кийин кайра баштайлы деп жаңы эле үстүнө чыкса, кайра баласы отуруп карап калат. Атасы кайра түшө калып кыйкырат. Ошентип 3-4 жолу кайталанат. Тажаган атасы,-"бу силер уктайсыңарбы же жокпу"-деп кыйкырат. Анда экинчи баласы,-"мен байкеме айткам, жатып эле көрөлүчү десем, жо-ок, отуруп алып көргөн кызыктуу болот деп болбой жатпайбы"-деп коет дейт...

Тооктор тамашасы
Эки тоок бир короздон качып баратып бирөөсү экинчисине: Качпай эле койбойлубу. Баары бир жетип алып эметип салат десе, анда экинчиси: Кичине чуркап коёлу, көргөндөр жаман ойлоп калбасын дептир.

Урматтуу окурмандар, турмушуңуздарда болгон күлкүлүү окуялар болсо бизге жазып жибериңиздер. Эң кызыктуу деп табылган окуялардын авторлоруна редакциянын атайын белектери бар.
Каттар үчүн абоненттик ящик: Бишкек-48 А/Я 1551, же болбосо 44-98-21, телефонуна чалыңыздар.

Даярдаган Алмазбек Эркебай