№15, 13.05.08-ж.
  Билгениң оң

"Цирктин ханбийкеси" жакынкы арада...
Кожойкелердин оорусуна айланган учурда дээрлик баарыбызды кызыктырып, өзүнө тартып турган бул сериалдын жакынкы сериаларында кандай окуялар болоору, сиз жакшы көргөн актерлор башынан кандай күн кечирээрин билгиңиз келсе төмөндөн окуңуз.

71- 75- серияларында…
Асяны апасынын көзүнчө абакка алып кеткенине заманасы куурулган Раиса артынан чыккан күйөө баласын жаакка бир чабат. Бул учурда өз көмөчүнө күл тарткан Галина Иванды прокуратурага жибергиси келбей, күйөөсүн эки анжы ойго калтырат. Аялынын сөзүн эп көргөн Иван өз оюнан баш тартат. Асяга чындап боору ооруган Вольдемар өз чөнтөгүнөн каражат жумшап, Асяга адвокат жалдамак болот. Болгон ишти дале ийне-жибине чейин түшүнбөгөн Ярослав Ася менен инисинин үйлөнүүсүнө өз энеси Виктория себеп болгонун билет. Арманы аттын башындай болгон Вика өз кылганы өз башына муш болуп жатканын мойнуна алып, арман кылат. Тергөөчү Анастасия Соколовская күнөөлүү экенине чындап ишенип, ишин сотко өткөзүп берээринде жардамчысы Александраны суракка чакыруу жөнүндө кеңешин берсе, тергөөчү макул болот. Күйөөсүнө чындап жини келген Ася Ярославдын жардамынан баш тартат. Галина бул учурда Иванга Анастасияны унут же экинчи Иван менен аренага чыкпа деген катуу талап коёт. Виктория сурак бергени Дина менен тергөөчүгө келет. Веник Ярославга Сашанын эч кандай күнөөсү жок экени аныкталганын айтат. Бул маалда Раисага адвокат келип, Асянын ишин бекер кароону сунуш кылат. Тергөөчү Степанга туура эмес маалымат берип, калп айткандыгы үчүн убактылуу түрмөгө камайм деп кысымга алып, коркутуп-үркүткөнгө өтсө, Степан чын эле Асяга ошол түнү чалбаганын мойнуна алууга аргасыз болот. Дале иштин түбүнө жеткенге аракет кылган тергөөчү Асяны болгон чындыкты билдирүүсүн талап кылат. Адвокат Ярославга Асяны куткарууга мүмкүнчүлүк дээрлик жок деп көңүлүн түшүрөт. Иван Асяга жолугушууга келсе ал Светикти чын эле өзү өлтүрүп алганын бирок, эсинде эч нерсе калбаганын айтат. Ярослав Вальдемар менен Степанга жардамынан баш тартпоосун суранат. Жинин кимден чыгараарын билбеген Вика, Динаны кайра качып келген мектебине айдайт. Бир топ ызы-чуу жараткан фибуланы Мальковцевден Петр Аркадьевич сатып алмак болот.
Асяга Ивандын барганын уккан Галина ызы-чуу салып, циркти үч көтөрөт да Иван менен сахнага чыкпай коёт.
Тергөөчү зарыгып күткөн Асянын билдирүүсүн алат. Петр Аркадьевич фибуланы сатып алмак болот.
Бул маалда Ася өзүнүн билдирүүсүн кайра алуусу керек экенин түшүнгөн адвокат Анастасиянын макулдугун алып, тергөөчүнү эреже бузгандыгы үчүн күнөөлөп, кызды убактылуу бошотуусун талап кылат.
Ярослав иниси анын аты менен кредит алганын билип, атайын кандай жол менен кандай шартта акча алганын билиш үчүн банкир менен жолугат.
Доктур Тамарага Степан менен коштошуп кет деген кеңеш берет. Бирок, Тамара ооруканадан эч ким менен жолукпай, коштошпой кетип калат. Асяны бошотууга Ярик болгон күчүн жумшап жаткан маалда, тергөөчү Раисага Ася кылган кылмышын мойнуна алганын билдирет. Бул жаңылыкты Вольдемардын оозунан уккан Иван прокуратуга бармак болот. Петр Аркадьевич Лерага Светославдын үйүнөн алып кеткен фибуланы көрсөтөт. Ал эми клиникадагы майда иштерден бери билүү үчүн Яри Павелдин ноутбугун алат.
Кийинки жумада боло турган серияларын алдын ала "Обон" гезитинен гана окуй аласыз.
Даярдаган
Анара Дүйшөналиева




  Кызыктар дүйнөсүндө

Шиш таканын бийиктиги…
Техас университетинин окумуштуулары тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөгө назар салып көрсөк, бир жылда мамлекет 3 млрд долларга чыгым болот экен. Анткени, аял киши канчалык бийик така кийсе ден - соолугуна ошончолук зыяны тийгенден тышкары, убактысынын теңинен көбүн ушул бут кийиминин айынан насыя жоготот экен. Психологдордун изилдөөсүнө таянсак аял канчалык жапыз така кийсе ошончолук билимдүү, ошончолук акылдуу экен. Ал эми бир жылда 25000 доллардан ашык таппаган айымдар бийик така кийишип, аңкороок келишет.

Япониянын кимочилери
Японияда атайын ушундай ыкма бар. Кимочи - деген түгөйүнүн көңүлүн таба билүү дегенди түшүндүрөт. Себеби, Япониянын маданияты өзгөчө болгондуктан бул жерде түгөйлөр бирин-бири жөн гана кыял жоругунан, жаңсоолорунан түшүнүшөт. Бул мамлекетте сойкулук кылууга анча катуу тыюу салынбагандыктан өлкөнүн премьер-министри ачык эле сойкуларга бара берет. Статистикага таяна турган болсок эң кымбат сойкулар Японияда гана болушат.

Кытайлар ымыркайлардын эти менен тамактанышат
Жакындан бери кытайлыктар ымыркайлардын эти менен тамактанышаары маалым болду. Мындай жүрөктүн үшүн алган маалыматты тайвандык ишкердин үй кызматчысы Луи гезиттерге билдирген. Анын айтымында кытайлыктар кичинекей балдардын этин жесе бир топ жашарып, сулуу болушат. Мындай ишке баары эле бара беришпейт. Бойдон алдырган баланы алар эки-үч ай кезекке туруп күтүшөт. Баарынан организмге пайдалуусу - эркек баланын эти болот экен. Бир журналдын кабарчыларына Луи атайын аларды ашканага алып кирип, "тамакты" кантип жасаганды көрсөткөн. Алласы оозунан түшкөн журналисттерге үй кызматчысы алгач баланын этин бышыраардан мурда аны куйкалап алып, андан соң гана чөп-чар кошуп бышыраарын билдирген. Биринин жүнүн бири жеген кытайлыктарга адам өлгөн, чымын өлгөнгө барабар окшобойбу.

Акыр заман качан келет?
Адамдардын жүрөгүн түшүрүп, үрөй учурган жаңылык көптөн бери айтылып келет. Окумуштуулардын болжолу менен акыр заман 2005-жылы келип, жер жүзүндө жашоо түгөнмөк. Эми изилдөө жүргүзүп көрүшүп, мындай коркунуч бизге 2012-жылы 21-декабрда келээрин аныктап чыгышты.




  Пайдалуу кеңештер

Кызылча
Кызылчанын шресин аз кандуулук жана ич катма ооруларына элдик медицинада пайдаланып жүрөт. Мындай ыкманы пайдалангыңыз келсе, аталган өсүмдүктүн ширеси менен бирге сабиз ширесинин тундурмасын аралаштырып соңунда 30-40 мүнөт салкын жерге коюп коюңуз. Соңунда бир стакан өлчөмүндө пайдалансаңыз болот. Мунун натыйжасы аз кандуулуктун алдын алат жана ич каткандар үчүн да өзгөчө жардам берет.
Кант диабетке
Кадимки жаңгактын ортосундагы жука торчосунан даярдалган бир ууч калдыкты чай оордуна кайнак сууга бир күн бою демдеп, кийинки күнү тамак ичээрден 30 мүнөт мурда стакандын 1/3 бөлүгүн ичүү кажет. Мунун натыйжасы кан курамындагы канттын өлчөмүн азайтып, шалдыроо же уйкусуроону жөнгө салып турат. Мындай ыкманы үзгүлтүккө учуратпай ар дайым колдонуп туруу керек.
Бака жалбырак
Узун чачыңыз экиге бөлүнүп сынып кетпөөнүн алдын алгыңыз келсе, чачыңызды жуугандан кийин атайын бака жалбырактын кайнатмасы менен чайкап жүрүүңүз керек. Муну даярдоонун жолу жөпжөнөкөй. Ал үчүн жаңы үзүп келген бака жалбырагын майдалап 1 литр сууга 30 мүнөт демдеп коюп, соңунда сүзүп алып пайдаланасыз. Эгерде чачыңыз өтө узун болсо, даярдалган суунун өлчөмүн көбөйтүүңүз кажет.
Ооздогу жагымсыз жытты кантип кетирүүгө болот?
Ооздогу жагымсыз жыттан арылгыңыз келсе эмен кайнатмасын даярдоодон эринбеңиз. 60 грамм эмен жалбырагына 0,5 л суу куюп 30 мүнөт кайнатасыз да муздагандан кийин ошол өлчөмдөгү кайнатылган суу кошосуз.
Ушундай эле кайнатманы эрмен шыбагынан жасасаңыз да болот. Муну тамак ичкенден кийин пайдалануу кажет.
Тиштин бүйлөсү
Жабыркаган тиш кыймылдап же биротоло түшүп калса сүйлөгөнүңүздү келбетиңизди гана бузуп көрсөтпөстөн, толгон токой оорулардын очогу экенин эсиңизден чыгарбооңуз зарыл. Өтө кеңири таралган тиш ооруга каршы эң алгачкы көмөк, албетте бала кезден тарта күн сайын тишти жууп-тазалап туруу кажет. Элдик медицинада кенен колдонулуп келе жаткан өсүмдүк шалфейи, мунун кайнак сууга демделген ширесин бүйлөнүн каноосуна каршы колдонсоңуз натыйжалуу көмөк алып келет. Аталган ширени даярдап пайдаланып көрсөңүз, шишиген бүйлөнү калыбына келтирүүгө жардам берет.
Эгерде жөтөл жана бронхит оорусунан жабырлансаңыз анда:
Кадимки түрптү чакан темир идишке майдалап кубик түрүндө туурайсыз да үстүнө шекерден тегиз сээп, капкагын жаап духовкага саласыз. Эки сааттан кийин алып чыгып түрптүн кесиндилерин алып салып, ширесин муздатып атайын таза бөтөлкөгө куюп аласыз.
Өлчөмү: 2 кашыктан тамак алдына жана жатаардан алдында ичүүңүз кажет.
Оргонизимди камсыздандыруучу суусундук
Бирдей өлчөмдөгү ит мурун, кызыл четин, өрүк как жана мейиздин мөмөлөрүн алып бир идишке чогултуп, баарын тегиз аралаштырып алыңыз. Аралашмадан бир аш кашык алып 1л кайнак сууга 4 саат бою демдеп коёсуз. Сиз белгилеген мөөнөттүн соңунда атайын сүзүп тундурманы суусундук катары ичсеңиз болот. Мындай суусундук сиздин оргонизимиңизге зарыл болгон бир күндүк азык менен камсыздандыраарына ишенип коюңуз.

Даярдаган Чынара Абдраева