№15, 13.05.08-ж.
  Атактуунун арзуусу

Жыпар Жекшеев, коомдук ишмер:
"Тагдыр мага махабаттан артын салды…"
Жалындаган сезим
- Жыпар агай, сиздин аруу сезимге малынган балалык баёо учуруңуздагы жана студенттик жылдарыңыздагы бактылуу көз ирмемдериңизден уксак?
- Мм… Балалык махабат мага башкача келген. Мен ал сүйүүмдү башкаларга окшобогон, өзгөчөлөнгөн, кол жеткис тазалык деп айтат элем. Биринчи жолу мен 4-5-класста экенимде өзүбүздүн мектепте окуган бир кызды жалындап, жалбырттап, аябай сүйүп калгам. Кийин байкап көрсөм, мен теңдүү балдардан тарта чоң класстын балдарына чейин ал кызга ашык болуп жүрүптүр. Анткени, ал кыз биздин мектепке башка жактан окуганы келген эле. А жаңы нерсе адамдын көңүлүн буруп, өзүнө тартат эмеспи. Дайым көрүп жүргөн кыздарга анчейин көңүл бөлчү эмес экенбиз.
Ал кезди эстесем, менин кылбаган кылыктарым жок да. Анда атам ардактуу эс алууга чыгып, колхоздун коюн багып, төрт жылча иштеп калды. Ошондо ал кыштоонун жанында Ефрем деген орус тоок бакчу. Анын тооктору кыштоону аралап, жайылып жүрө берчү. Анан ар кайсы чөптүн, куурайдын түптөрүнө, арыктын жээктерине жумуртка тууп кете берет эле. А мен эрикпей ошол жумурткалардан бир топту терип алам да баштыкка салып алып, эшегиме минип, айылга келгичекти баягы жумурткаларды аярлай кармап, сындырбай келем. Анан ал жумурткаларды дүкөнгө өткөрүп, акчасын алып, анын баарына бир канча открыткаларды сатып алам. Ар бир открыткага арзуумду ырга айлантып, сөздөрдүн гүлүн тандап жазып чыкчумун. Бирок, уялгандан улам аягына атымды жазчу эмесмин. Ал кыз менден бир класс кийин окуучу. Ал айылдын четинде жашайт эле. Сабактан чыкканда баягы эшегимди минип алып, ал кыз баскан жолго түшчүмүн да, арзууга толгон открыткаларымды бирден ыргытып кете берет элем. "Ушул открыткалар анын колуна тийип калса, анан анда да мага карата сезим ойгонсо…." деген балалык кыялдарга жетеленчүмүн. Анан эле 6-класстан соң, мен айылдан кетип калдым. Балким, ошол балалык кездеги арзуума жетүүгө жол издейт белем же ал көңүлүмдө унутулбай түбөлүк жашайт беле, ким билет?
Бирок, кийинчерээк баамдасам, ал кыз менин досторум менен, бизден улуу эле айылдаш агалар менен да сүйлөшүп жүрчү экен. Аны билген соң мен: "Кой, болбогон сүйүү тура" -деп көңүлүм кайт боло түшкөн. Бирок, эч качан ал кызга даап барып: "Сүйөм, сүйлөшөлү" деген сөздөрдү айткан эмесмин. Бул алгачкы, эң эле таза сүйүүм болду. Тилекке каршы, ал сүйүүм өз максатына жетпеди.
Ал эми бой тартып калган студенттик жылдарымдагы махабатым да адам кызыгаарлык болсо керек. Тагдырдын тамашасын карабайсызбы. Ошол эле алгачкы арзыган кызымдын жакын туугандарынын кызына ашык болуп калдым. Мен алардын эже-сиңдилерден болоорун кийинчерээк билдим. Ал кезде мен Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайында окуп жүргөн кезим. Ошол жылдары мен "Бүт улуттун маданиятын, каада-салтын, тилин, тарыхын кайра калыбына келтириш керек" деген чоң максат коюп, "Жаш тилек" деген ат менен кыймыл түзгөм. Ошондо "Бул улут маселесин көтөрүп жатат, бул коркунучтуу" деп мага карата куугунтуктоолор да болбой койгон жок. Жогоруда сөз кылган мен арзыган кыз да ал убакта биздин уюмга мүчө болуп жүргөн эң активистка кыздардын бири эле. Бирок, бул бактылуу көз ирмемдик учурлар көпкө созулбады. Тагдыр бул жолу да махабат жаатында мага артын салды окшобойбу. Мен түзгөн кыймылга мүчө болгондордун баарын Парткомго салып: "Экинчи Жекшеевдин жанынан көрүп калсак эле окуганыңарды окуудан, иштегениңерди ишиңерден айдайбыз!" -деп катуу эскертүү берилген экен. Ошол боюнча ал кыз менен да көрүшпөй калдым. Көрсө, айланып жүрүп олтуруп, турмуштун улам бир агымына дуушар болуп, буйрук менен турмуш куруп калат экенсиң. Менимче, көпчүлүгүндө дал ушундай тагдыр болсо керек.

Арзуунун азабы...
- А турмушуңузда экинчи ирет жүрөгүңүздү жаралаган аруузатка арзууңузду арнап, билдире алдыңызбы?
- Ошол тапта уюмду түзгөнүмө байланыштуу Фрунзеде мени эч жерге жумушка албасына көзүм жетти. Бардык жетекчиликке эскертилип коюлганбы, айтор, кайда барбайын: "Аа, Жекшеев деген сенсиңби?!" дешип, башкача көз караш менен карашат. Ошондо "Демек, мен борборго батпай калган экенмин" -деп катуу ызаландым да, намысым менен туулуп-өскөн жерим Көлгө кетүүгө бел байладым. Кетээрде ал кызга жолугуп, ичте катылган сезимимди алдастап, абдаарып, толкунданып жатып араң түшүндүрдүм окшойт. Ал кезде жалындап сүйүп турсак да "Сүйөм, күйөм" деген сөздөрдү оозго ала алчу эмеспиз да.
Мен ал кызга жакшы көрөөрүмдү айттым. Ошондо ал менин оюмду жакшы түшүнбөй калдыбы, аныгын деле билбейм. Кыскасы, ал мага: "Мен да сизди жакшы көрөм. Бир тууганым, агам катары сыйлайм" -деп айтып жиберди. Бул сөзгө жүрөгүм бир башкача сыздап, ооруй түштү. "Демек, мага карата эч кандай сезими деле жок тура. Жөн гана жакшы адам катары сыйлайт экен" -деп ичимден тез эле бүтүм чыгарып койдум да: "Анда сен менин карындашым болуп жүрө бер"-деп кесе кагып коюп, кетип калгам. Көрсө, ошондо туура эмес кылган экенмин. Курчтук кылыпмын да. Кийин ал кыз баарына түшүнүп: "Кеч түшүндүм… Жыпар Көлгө кеткен соң билдим. Мен да аны катуу сүйүп калыптырмын" -деп ызаланып, ыйлап курбуларына айтып калчу экен.
Ортодон жылдар өтүп, мен Бишкекке келип калдым. Бир кезде арзыган кызымдын курбуларына байкоосуздан кезигип калганымда алар мага жардам бермей болушту. Тагыраагы, алар аркылуу мен ардагыма жолугуп, баш кошуу тууралуу тереңден сүйлөштүк.
Бир күндү белгилеп, кайсы жерден, саат канчада жолугушуп, мен аны алып кетээримди макулдашып, катуу убадалаштык. Бирок, ошол учурда менден эки жаш улуу Жапар аттуу агам үйлөнө элек болчу. Кыргызда улуулата үйлөнгөн жакшы салтыбыз бар эмеспи. Мен ошол эле күнү барып, карындашым экөөбүз агамды үгүттөп, эртеси үйлөндүрүп салдык. Агама өзүм күйөө жолдош болдум. Ошентип, өзүмө жол ачып алганыма кубанып, өзүмдү ашыкча бактылуу сездим. Болжошкон күндү чыдамсыздык менен күтүп жүргөнүмдө жан дүйнөм бырчалана турган жагымсыз сөздү уктум. Көрсө ал кыз, болочок жубайым боло турган адамым турмушка чыгып кетиптир.
Бул кабарга бир чети ишенбей, Бишкекке келип, анын курбуларына жолуккан соң биротоло түңүлдүм. Анткени, чын эле арзыган адамымды ала качып кетишкен экен. Артынан ата-энеси барганда "Таш түшкөн жеринде оор" деп аргасыз олтуруп калыптыр. "Аттиң… Бул сүйүү да мага буюрбаптыр" -деп баса бердим. Кийин анын деле турмушу оңдуу болбой калды.
- Кээде ошол жетпей калган махабатыңыз тууралуу ойлонгонуңузда өкүнүч болсо керек?
- Турмуш өзү кызык экен. Ал бизге көп сыноосун, сырдуу табышмагын жылдырып турат. Балким, мүнөзүм ушундай болсо керек. "Жаш кездеги сүйүүлөрүмө жетпей калдым" деп көп деле өкүнө бербейм. Мен маңдайыма жазылган тагдырыма көнүп, баш ийип жашайм. Андан бери канча мезгил өттү. Эми андан соң үйбүлө күтүп, бала-чакалуу болгондон кийин балдардын кубанычына ортоктош болуп, ийгилигин, келечегин тилеп, анан албетте, коомдук иштер менен алек болуп, турмуш билинбей өтө берет экен.

Кечиккен бакыт же турмуштун миң-сан сыры
- Өзүңүз айтмакчы, турмуштун миң сырдуу табышмагы болот эмеспи. Жашооңузда кечигип келген махабатка жолуктуңуз беле?
- Мен баш кошо электе дагы бир укмуштай жагдайга туш болдум. Өкүнүчтүүсү, мен аны убагында баалай албадым көрүнөт. Көлгө Алматыдан медицина институтунун студенттери практикага келип калышты. Биз жактан мурда уюмга мүчө болуп жүрүшкөн мединиститутта окуган балдар да практикага барып, мени да мейманга чакырышты. Ошондо мага Алматыдан келген укмуштай сулуу, татынакай кыз ашык болуп, мамиле кылды. Бирок, мен ага эмнегедир татыктуу жооп бере албай койдум. Салкын эле мамиле жасаган экенмин. Практикасы бүтүп, ал кыз Казакстанга кетет. Кийин мен депутаттыкка кандидатурамды коюп жатканда Көлдөгү ошол балдардын үйүнө барып калдым. Ошондо ал жолдош балам: "Баягы казак кыз сенин адресиңди сурап, эки жыл тынбай кат жазды, бирок сага айтпадым. Кечирип кой, Жыпар" -дегенде мен аны аябай тилдедим.
Анткени, ал кызды мен да ойлоп жүргөм. Анын ачыктыгын, бала кыял баёо мүнөзүн, адамгерчилигин, жароокерлигин эстеп, көңүлүм түпөйүл боло берчү…
А мен кат тууралуу ооз ачпай жашырып жүргөн жолдош баламдан: "Эмнеге жашырдың эле?" -десем, ал: "Мен ичим күйүп, сени көрө алчу эмесмин. Себеби, ал кызды мен да жактырчумун. Эки жыл бою мен ал кызга сенин адресиңди калп эле "билбейм" деп бербей, өзүм кат жазышып жүрө бердим. Андан соң кат жазышпай калдык "-дейт.
Кээде ошол казак кызды эстеп калам. "Казакстандын кайсыл жеринде жүрөт болду экен? Эң негизгиси бактысын таптыбы?" -деп кыжаалат ойго малынам. Бул ой менин жүрөгүмдү жарып өтүп, кез-кез азапка салат. Өзүмдүн ага туура эмес мамиле кылып койгонума кадимкидей өкүнөм. Өзүмдү-өзүм күнөөлөйм. Аны таарынтып же ага тийип, алдаганым жок. Жөн эле ага: "Сен мага жакпайсың. Сен алдап жатасың. Мен сенин сүйүүңө ишенбейм!" деп ачык айтып койдум.
Ушул сөзүм менен мен өз учурунда ушундай бир аруу жандын сезимин тебелеп алганымды байкоос албаптырмын. Кеч түшүндүм…
Анткени, андан кийин ал кызчалык эч ким мага андай мамиле кылган жок.
Дегеле, кечиккен махабатка кабылсаң да баары бир жаш кездегидей болбойт. Үйбүлөң, бала-бакыраң, неберелериң болуп тургандан кийин азгырыктарга алдырбай акыл менен иш жасап калат эмессиңби.
Албетте, жашоо да. Ар кандай себептер менен таанышуулар, ар кандай карым-катнаштар болбой койбойт. Жөн эле өзүңдү "акмын" деп мактана бергенди жактыра бербейм. Бирок, чынын айтканда баштапкыдай сезим жаралбайт экен. Жашың ортологон сайын үйбүлөнүн, балдардын тагыдырын ойлоо менен чектелип калат экенсиң.
- Жетпей калган махабат аруу, таза бойдон калат дегенге кошуласызбы?
- Ооба, мен буга кошулам. Студент кезде арзыган кызга кийин өзүм үйлөнүп-жайланганда жолугушуп калдык. Жогоруда сөз болгондой ал кыздын да турмушу болбой, жолдошу менен ажырашып, бой жашачу.
Анда мен да кичине азгырыкка жетеленип, ага "эркекче" мамиле кылгым келип кеткен го. Ошондо ал мага: "Жыпар, сен башка эркектерге окшош эмессиң! Мен сени катардагы эле эркектерге окшотургум келбейт. Сени өмүр бою кол жеткис бийик адамым катары урматтап калгым келет. Тагдырыбыз бир эмес экен. Эми экөөбүздүн ортобуз ушул бойдон булганбай, тепселбей, таза бойдон калсынчы. Бийик сезимди сактайлычы…" -деди. Бул сөз жүрөгүмдү тешип өттү. Бул эркек менен аялдын ортосундагы жөн эле жылуу мамиле эмес, аябагандай чоң сезимдин актыгын, аруулугун даңазалаган асыл сөз болду. Ошол боюнча ал экөөбүздүн ортобузда эч кандай байланыш болгон жок. Болушу да мүмүкүн эмес. Бир топ жыл өттү. Экөөбүз көрүшө элекпиз. Мен аны "Бишкекте жүрөт" деп угуп калам.
Мен кубанам. Анткени, жетпесем да арзууларым таза бойдон калды...

Баарлашкан Н.Сагынбаева