№15, 13.05.08-ж.
  Чачыла

Обон - шоу times
Айчүрөктүн балдары
Казакстанда
Мукам үндүү эстрада ырчысы Айчүрөк Иманалиеванын "ай десе айдай, күн десе күндөй" болгон таланттуу ырчы-бийчи улан-кыздарын казак элинин "Айланайын" тобу мейманга чакырып, 4-июнда сапар алганы кызуу даярдык көрүп жатышат жана жер-жерлерди кыдырып, жаш таланттарынын рухун-духун көтөрүп, эл таанытып, өнөрлөрүн көрсөтүп келишмекчи.

Токтогулда Гүлдүн
үнү жаңырат
Бир эле учурда акын, ырчы, тигүүчү болгон Ташкент кызы Гүл Токтогул жергесинде бир топ сахналаш достору менен гастролдоп жүрөт. Каракөлдүн тургундары концертти сагынып калышканбы айтор, Гүлдү жарык маанай менен тосуп, колдоп-коштоп турган күйөрмандары концертке мол келип, ырчы кызыбыз белек-бечкекке бөлөнүп, кубанычы койнуна батпай турган чагы.

"Жаш толкун"
жарышта...
Салтка айланып калган жогорку окуу жайлардын арасында өтүүчү "Бишкек жазы - 2008" сынагы жакында Бишкек шаарында өткөрүлгөнү жатат. Аталган сынакка жаңыдан жылдызы жанып, "Сагыныч" аттуу ыры менен эл оозуна алынып келе жаткан жаш ырчы, "Жаш толкун" тобунун жетекчиси Айнура Салахидинова да ат салышып, өз күчүн сынамакчы.

Замирдин сапары
Комузду зар какшатып, "Бал татым" деген ыры менен элдин оозуна алынган ырчы, тамада Замир Сабитакунов, атагы Алайга, даңкы далайга жеткен, Манас атабыз жердеген Талас жергесинде гастролдун майын чыгара кыдырып жүргөн маалы. Эми Замике Бишкектеги күйөрмандарын сагындырбай, "Бал татымы" "жан татымга" айланып, тезирээк келсе деген ой...

Нурлан комузда кол
ойнотот
Жаңы чыккан жаш ырчылардын арасында өзүнүн өзгөчө үнү менен ордун таап калган таланттуу жигитибиз Нурлан Алдаяров дагы бир өнөрдүн ээси болуп отурат. Комузда чеберчилик менен кол ойното алган кыргызымдын канчалаган таланттары өлбөс-өчпөс ырга айланып, азыркы күнгө чейин жашап келүүдө. Нурлан да мына ошол улуу агаларынын жолун улап, Нурза аттуу солист бийкеч менен "Аяжан" аттуу дует ырын комуздун коштоосунда эл алдына тартуулаганы туру.

Кымызга мас болгон Мелис
Ырчы Мелис Абдрашитов Кашкасуу жергесинде достору менен эс алып жүргөн кезинде күйөрманына жолукту. "Мен сиздин талантыңызды сыйлайм, мукамдуу үнүңүздү угуудан тажабайм, колуңузга бир тутам гүл бере албасам да, өз колум менен жасаган кымыз менен сыйлайын" -деп Мелисти достору менен үйүнө коноктогон. Күйөрман кыздын сунушун четке какпаган Мелис кыргыздын нукура ичимдиги болгон кымыздан моокум кандыра ичип, ыраазычылыгын билдирип кайтты.

Акбар актёр болот
дейби?
Уккан адамга эргүү алып келген ырчы Акбар Сүйүнбаев "Бейтааныш" аттуу ырына клип тарттырууну көздөп жатат. Клипте учурган кыргызымдын тал-чыбыктай буралган сулуу кыздары жеңил ойлуулукка алдырып, турмушунан жаза тайып өз бактыларына балта чаап, түнкү көпөлөккө айланган селкилердин жашоосу чагылдырылат. Акбардын дагы бир жаңылыгы ал жакында Р.Жабировдун сунушу менен кино-тасмага тартылуу алдында турат. Ал эми "кинонун аты азырынча сыр боло турсун", -дейт Акбар. Буюрса, жакында биз ырчы жигиттин актёрлук чеберчилигине да күбө боло алабыз.

Даярдаган Мээрим Сатарова




  Сен сүйгөн обон

Сьездбек Искеналиев
Сөзү: Т.Байзаков
Обону: С.Искеналиев

Селкиге

Кокустан көрүп, көңүлүм түштү
Көргөнүм чынбы же калпыс түшпү.
Көзүңдүн оту жүрөктү өрттөп
Кыйноого салды, кетирди үштү.
Тилиме тили окшогон селки,
Дилиме дили окшогон селки.
Дардизар ойго кабылып калдым
Дартымды угуп, телмиртпей келчи.

Кайырма:
Жүрөккө жүрөк табынсын селки,
Жүрөккө жүрөк жалынсын селки.
Жарашкан бойлор, ширешкен ойлор,
Жылдыздан мончок тагынсын селки.

Махабат багын кошолу бирге,
Махабат таңын тосолу бирге.
Сүйүүнүн сырын, ашыглык ырын
Сайрасын булбул ачылган гүлгө.
Кокустан көрүп, көңүлүм түштү
Көргөнүм чынбы же калпыс түшпү.
Көзүңдүн оту жүрөктү өрттөп
Кыйноого салды, кетирди үштү.

Ырыма ыры окшогон селки,
Нуруна нуру окшогон селки.
Экөөбүз бирге чечели сырды
Эдилди бойлоп эртелеп келчи