№15, 13.05.08-ж.
 

Жалалабат шаарынын мэри шайланат
Бул тууралуу буйрукка президент Курманбек Бакиев 8-майда кол койду. Буйрукка ылайык, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" мыйзамдын 36-беренесинин негизинде Жалалабат мэрин шайлоо 2008-жылдын 16-майына дайындалды.

Кытай депутаттары келишет
Эл өкүлдөрүнүн Бүткүл Кытай жыйынынын туруктуу комитетинин төрага орун басары Хан Цидэ жетектеген делегация 19-майда эки күндүк иш сапар менен Кыргызстанга келет. Жолугушууда тараптар ШКУнун парламенттер аралык ассамблеясын түзүү жана анын баш кеңсесин Чолпонатада жайгаштыруу маселесин талкуулашат. Талкуу эки тараптуу кызматташтыктын чегинде Кыргызстандын демилгесине ылайык жүрөт. Кытай депутаттарын президент Курманбек Бакиев кабыл алары да болжолдонууда.

Жолдун жоору айыгабы?
Транспорт жана коммуникация министри Нурлан Сулаймановдун билдиргенине караганда 2008-2009-жылдары Бишкек-Нарын-Торугарт автотрассасын реаблитациялоого азиялык өнүктүрүү банкы (АӨБ) тарабынан 20,0 млн. АКШ доллары бөлүнүүдө. Ал эми 2007-жылы бул трассаны оңдоого иштерине мамлекеттик бюджеттен 85,0 млн. сом бөлүнгөн, быйылкы жылдан тарта жылына Кыргызстан өкмөтү 100 млн. сом бөлүп турууну көздөөдө. Бүгүнкү күндө мамлекеттин стратегиясы эларалык уюмдар менен тыгыз иштеп ар түрдүү гранттарды, техникалык колдоо алууга шарт түзүүдө. Министрлик аталган жолду реабилитациялоодо Кытайдан жеңилдетилген инвестицияларды тартууну да көздөөдө. План боюнча 2011 -жылга карата жогорудагы трассада реабилитациялык жумуштар жыйынтыкталып, эларалык стандарттарга жооп берген трассага айланат.

Өкмөттөр машиналуу болуп бүттү
Айыл, шаар өкмөттөрү автоунаа, компьютер менен жабдылып бүттү. Бул тууралуу президенттик администрация башчысынын орун басары Замир Бекбоев жергиликтүү бийликтерге автоунааларды тапшыруу иш чарасынын учурунда билдирди. 31 жаңы автоунаа айыл, шаар башчыларына тапшырылды.

Депутаттын камкордугу
Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Абдуллаева Жеңиш күнүнүн алдында Талас жерине барып шайлоочулар менен жолугушуп келди. Жолугушууда Атамекендик согуштун ардагерлерине жана баатыр энелерге бирден термос белек кылды. Аны менен эле чектелип калбай Жогорку Кеңеште ар дайым шайлоочуларынын таламын талашканга даяр экенин билдирди. Депутат менен чогуу барган Кутман Жолдошев, Гүлзат Байзакова, Алтынай Нарбаева сыяктуу өнөрпоздор жолугушууга келгендердин жарпын жазып ыр-күү тартуулашты.

Айыл чарбасын көтөрөбүз
"Айыл чарбасына инвестиция жана кызмат" деп аталган долбоор беш жылга созулуп, ал Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлиги менен АРИС тарабынан ишке ашырылат. Каражат жайыттарды жакшыртууга жумшалат. Грант түрүндө бөлүнгөн 9 миллион долларга жергиликтүү дыйкандар, айыл тургундары 3 миллион доллар кошумчасын кошууга тийиш. Мына ушул эле долбоорго Швейцария 2 миллион доллар грант бөлүп жатат. Долбоорду аткаруу быйыл жайында башталат.


"Замандаш" партиясынын II курултайы өтөт
Партиянын мүчөсү Жума Абуллаевдин айтымында, учурда жер жерлерде курултайга делегаттарды шайлоо иш чарасы жүрүүдө. 10-майда аталган партиянын Бишкектеги штабында жыйын болуп, анда партиянын уставына толуктоолорду киргизүү маселеси каралган.

Баурлар картошка алып кирүүгө уруксат берди
Казакстандын бийлиги Кыргызстандан картошканы беш бажы постунан гана өткөрүүгө уруксат берди. Картошка Кеген, "Бибиайша", "Сыпатай баатыр" жана Курдай бажы түйүндөрүндө ачылган атайын карантиндик көзөмөл түйүндөрү аркылуу текшерүүдөн өтүп, андан кийин гана Казакстандын базарларына жиберилет. Казак тарап картошкадан жылтырак курт -нематода табылган учурда жүк кайра кайтарылат жана киргизилип жаткан картошка үрөн катары эмес, тамак-аш үчүн гана пайдаланышы керек деп эскертүүдө. Өткөн айдын ортосунан тартып Казакстан Кыргызстандан кирип жаткан картошкада зыяндуу жылтырак курт -нематода бар деген себеп менен аны алып кирүүгө тыюу салган.

Жарылуудан эки бала каза болду
8-майда кечинде Жапалак айыл өкмөтүнө караштуу Тээке айылынын тургуну Абдимиталип Рахмановдун үйүнүн короосунда белгисиз жардыргыч зат жарылып, 15 жаштагы Муканбет Рахманов жана анын досу 15 жаштагы Гүлжигит Баймурзаев жеринде каза болгон. Үй ээси А.Рахманов менен анын аялы Жыргал Рахманова жаракат алышып оор абалда Ош шаардык ооруканасына жеткирилген. Мырзаев атындагы №45 мектептин 8-классынын окуучулары М.Рахманов менен Г.Баймурзаев Ош шаарындагы Коргоо министрлигинин аскердик машыгуу полигонунун аймагында мал жайып жүрүшүп жарылуучу зат таап алышкан. Аны үйлөрүнө алып барып ажыратабыз дегенде жарылуу болгон. Учурда Ош облустук ички иштер башкармалыгы окуянын чоо-жайын иликтеп, териштирүүдө.

Кесилген Кушбак Тезекбаевди ким коркутууда?
"Мени жалган жалаа менен айыпташып, бир сом далилдебей туруп 5 жыл күчөтүлгөн режим берип атышат. Мунун бардыгын Жаныш Бакиев уюштуруп атат. Ал бардык күч органдарын тейлейт. Анын кадрларынын бардыгынан мен губернатордун орун басары болуп турганда жакшы иштегиле деп талап кылып койгом. Жаныш Бакиевге өлкөнү бир эле адам башкарсын деп да айтып койгом. Эми ошого кысым көрсөтүп атышат. Мен облустук соттун чечимин күтөм. Түндүк-түштүктү чабыштырганга багытталган Бакиевдердин кылыктарынын бардыгын билем, далилдей алам. Бирок азыр аларды айта албайм, анткени өмүрүм коркунучта",- дейт К.Тезекбаев. Ош облусунун губернаторунун мурдагы орунбасары Кушбак Тезекбаевге кызмат абалынан пайдаланган, мамлекеттик мүлккө зыян келтирген деген айып тагылып, 5 жылга күчөтүлгөн режимде жаза мөөнөтүн өтөөгө кесилген эле.

Чегараны кимдер бузду
8-май күнү "Маданият", "Камышановка", "Пальман" жана "Алга" чегара бекеттеринен эки өзбек, бир тажик жана бир кыргыз жараны кармалды. Алар аталган чегара түйүндөрүнөн документи жок өтүүгө аракет кылып жаткан учурда кыргызстандык чегарачылар тарабынан кармалышкан.




  Дүйнө дүбүрт

Путин өкмөт башчы болду
Мамлекеттик Думада Путиндин талапкерлигин үч жүз токсондон ашык депутат колдоду. Коммунисттер фракциясы гана каршы чыкты.
Орусияда парад өттү
Кызыл Аянтта мындай иш-чара советтер доорунан бери алгачкы жолу өткөрүлүп отурат. Жаңы президент Дмитрий Медведев анда биринчи жолу башкы командачы катары сүйлөп, эл аралык жаңжалдарга алып келчү "жоопкерчиликсиз дымактарга" каршы экенин билдирди. Иш-чарага кызматка жаңы бекиген өкмөт башчы Владимир Путин да катышты.
Ооганстанда дале тынч эмес
Ооганстанда куралдуу кагылышта алты талип өлүп, үч карапайым тургун жараат алды. Гхор аймагында козголоңчулар менен полиция кагылышкан. Ички иштер министрлиги өлгөн талиптердин бири аталган аймакта кол башчы болчу. Дагы башка окуяда жан кечти чет өлкөлүк аскерлердин жүрүшүнө кол салып, үч карапайым тургун жарадар болгон. НАТОнун баш катчысы Яап де Хоп Скеффер Ооганстандын улуттук армиясын өлкөдөгү туруктуулукту жакшыраак сактоосу үчүн батыштык күчтөр аларды окутуу аракеттерин күчөтүүсү керек экенин билдирди.
Грузия Орусия менен согушабы?..
Орусиялык маалымат агенттиктер кабарлагандай, Грузиянын президенти Михаил Саакашвили Грузия-Орусия ортосунда согуш тутанып кетиши толук ыктымал экендигин билдирген. Москва эгерде Грузия Абхазиядагы аскер күчтөрүнүн санын көбөйтсө, расмий Москва регионго кошумча аскер жибере тургандыгын билдирген. Абхазияда азыр Орусиянын эки жарым миңдей жоокери бар. Орусиялык маалымат агенттиктери дагы бир маалымат таратышкан. Ага ылайык, Абхазия дагы бир Грузиялык адамы жок учакты атып түшүргөн.
Чеченстан автоунааларды чыгарууда
Чечен республикасында жаңы курулган автозавод биринчи машиналарын чыгара баштады. Грозныйда жайгашкан бул завод "АвтоВАЗ" менен биргеликте иштеп, күнүнө 20 автоунаа бөлүкчөлөрүн даярдамакчы. 10 миңдей адам жумуш менен камсыз болот. Чеченстанда жумушсуздук 75 пайызды түзөт.
Израилге 60 жыл толду
Израил өзүнүн мамлекеттүүлүгүн 1948-жылы 14-майда жарыялаган. Майрамдык салтанат Иерусалимде желек көтөрүү аземинен башталды. Бул күнү араб согушкерлери кол салышы мүмкүн деп коопсуздук иш-чаралары күчөтүлдү.
Кличкого ким жардам берет?
Нью-Йорктун мурдагы мэри Рудольф Джулианинин консалтинг фирмасы Киевдин мэринин кызматына күрөштө украиналык мушкер Виталий Кличкого жардамдашаарын жарыялады. Компания Кличконун штабына жана талапкердин өзүнө Украина борборунун өкмөтүн реформалоо маселеси, ошондой эле чет элдик инвестицияларды тартуу технологиясы боюнча кеңеш бермекчи.
Туура эмес курсаң соттолосуң
Бакуда 2007-жылдын августунда бузулуп калган 15 кабат имаратты тургузууга жоопкерчиликтүү "Мутефеккир" курулуш компаниясынын кызматкерлеринин үстүнөн сот аяктады. Компаниянын башкы инженери Аскер Алиев жана ишти аткарган 4 адам 4,5 жылдан 9 жылга чейин эркинен ажыраганга өкүм кылынган болчу.
Баңгизатка аралашкан ырчы
Британиялык ырчы Эми Уайнхаус баңги заттарын мыйзамсыз сактагандыгынан шектүүлүгү боюнча полиция тарабынан кармалып, андан кийин күрөө менен бошотулган. Ырчы героинди, кокаинди, экстазды керектегендигинен шек туудурган. 19 мүнөттүк тасмадагы сүйлөшүүлөрдө ырчы валиумдун 6 таблеткасын керектегендигин моюнга алат.
Дүйнөдө быйыл азык-түлүк кризиси болбойт
Мындай маалыматты АКШнын айыл-чарба департаменти таратты. Аба ырайы жакшы болсо, быйыл дан эгиндеринин жана күрүчтүн түшүмү көп алынаары күтүлүүдө. Мисалы дүйнө боюнча 650 миллион тонна кызыл дан, 430 тонна күрүч өндүрүлөт. Бул былтыркыга карганда алда канча көп. Ошол себептүү нан тартыштыгы айрым бир кедей өлкөлөргө эле жайылышы мүмкүн дешет адистер.
АКШ президенти кызын күйөөгө узатты
26 жаштагы Женна Буш виржиниялык саясатчынын уулу - Генри Хагерге турмушка чыкты. Үйлөнүү үлпөт тою президенттин Техастагы ранчосунда өтүп, тойго 200дөй адам катышты.