№15, 13.05.08-ж.
  Кыйраган Кыргыз кырааны

Раатбек тирүү болсо 39 жашка чыкмак
"Май айы майрамдарга бай айы" -дегендей, ушундай улуу майрамдар менен удаа 7-майда XXI кылымдын балбаны аталган Грек-Рим күрөшүү боюнча чыгаан адис, КРнын эмгек сиңирген спортчусу, Даңк медалынын, Казак Республикасынын "Кайсар" сыйлыгынын, КРнын Ардак грамотасынын ээси Раатбек Санатбаев тирүү болгондо 39 жашын белгилемек. Мына ошол 7-май күнү Раатбектин пресс-катчысы болуп жүргөн менин устатым, журналист Чолпон эже менен балбандын туулган күнүн эскерүү үчүн үйүнө бардык. Үй ээси барындай жашоо жүрүп, күнүмдүк тиричилиги өтүп жатканы менен жүрөктү өйүгөн орду толгус ушул үйгө эң керектүү балдардын атасынын жоктугу ар бирибиздин көөдөнүбүздө жоктолуп жатты. Баласы Даулет куран окугандан кийин менин оюмда көптөгөн суроолор пайда болду. Үйдөгү ар түрдүү мелдештердин жеңүүчүсү болгондо берилген буюмдар, дубал бетинде илинген маркум Раатбек Санатбаевдин элеси келген-кеткен кишини түгөлдөп карап тургандай сезилди. Убакыттын аздыгына байланыштуу төмөнкү суроолордун тегерегинде жубайы Сайрагүл Санатбаевадан жооп алдым. Көңүлүмдүн тереңинде кыргыздын патриот уулу бул куттуу үйдүн ээси Раатбек Санатбаевге кайра-кайра кайрылаарымдан күмөнүм жок кайттым.

"Бир эле жолу өөп алайынчы…"
- Сайрагүл эже, мен аялзаты болгондон кийин маегибизди кызыңыздан, сизден баштагым келет. Кыз бала атасына жакын болот дешет. Кызыңыз атасын эстеп калдыбы?
- Рахмат, Раатбек экөөбүздүн кызыбыздын аты - Асема. Балдарыбыздын эң кичүүсү. Раатбек кайтыш болгондо коркуп калбасын деп туугандарыбыздыкына алып барып коюп, атасын көргөн деле жок. Ал кезде 2 гана жашта болчу. Боор бербейт деген чын экен. Ошондо акыл токтото элек болсо да, атасын сезди, издеди. Негизи Раатбек кызына жакын болчу. Эки уулун чет өлкөдө мелдештерде жүрүп алардын кантип чоңойгонун элес албады. А кызын болсо төрөлгөндөн, өзү өлгөнчө көз алдында карады. Азыр Асема 4 жашта. Дайыма балдарымды ээрчитип алып, Раатбектин сөөгү коюлган Ала-Арча көрүстөнүнө барып куран окутуп турам. Бир жолу мүрзөсүнө барганда күтүүсүз жерден Асема "Апа атамды ушул жерге жалгыз жаткырбай эле үйгө алып барып бир бөлмөгө жаткырып албайлыбы же болбосо кичине эле ачкылачы атамдын бетинен бир эле жолу өөп алайынчы"- деп муунумду бошотуп, жүрөктү эзди. Мен канчалык мээрим төгүп карабайын баары бир ата жолу, ата сөзү, ата тарбиясы бөлөк экен. Балдарым кадимкидей жоктоп, сагынып күтүшөт. Буларды карап отуруп каңырыгым түтөйт.
- Мамлекет тарабынан балдарыңызга колдоо болуп турабы?
- Негизи Ардак грамота, эмгек сиңирген ишмер деген наам алса персоналдык пенсия алыш керек экен. Раатбек тирүү болсо бермек го… Азыр балдарыма пособие албайм. Баккан адамыбыздан ажырады деп, бизге эч ким эч нерсе төлөбөйт. Учурдан пайдаланып Раатбектин досторуна, анын арбагын сыйлаган жакын санаалаштарына, сиздей унутпай келип жазган журналисттерге ыраазычылыгымды билдирем.
- Жан шеригиңизди эстеп кыйналган учуруңузда өзүңүздү кантип сооротосуз?
- Раатбек бардагыдай таң атып, күн батууда. Убакыт деген учкан куш тура. Билинбестен арадан 2 жыл өтүп кетти. Кантмек элем, өлгөндүн артынан өлө албайт экенсиң. Балдарымдын күлкүсү, күндөгү кыялдары, алдыга койгон максаттар менен өзүмдү сооротуп, балдарымдын бактысы, эртеңки келечеги үчүн жашап келем. Бүгүнкү күндө иштеп жатам. Жумушка алаксыйм.
- Түшүңүзгө киреби?
- Балдар ооруганда, тирүүчүлүктүн түйшүгү менен кыйналганда түшүмө кирет. Биздин жаныбызда эле жүрөт окшойт.
- Экөөңүздөр кантип табышып калгансыздар. Дегеле өмүрлүк жар катары кандай адам эле?
- Бишкекте спорт мектебинде бирге окуп жүрүп табышканбыз. Мен ага турмушка чыкканымда 21 жашта элем. Жаңы үйлөнгөнүбүздө бир спорт сумкабыз менен Казакстанга кеткенбиз. Ошол жакта 2 уулдуу болуп, үй-жай күтүп, Раатбектин ийгиликтери жаралды. Кийин чоң спорт менен коштошоордо гана Кыргызстанга келгенбиз. Ал эми жар катары кайталангыс адам эле. Айкөл, бирөөнүн көңүлүн оорутпаган, кичи пейил, ак жүрөк инсан болчу. Чынында Раатбек менен 12 жыл жашап бир катуу сөзүн уккан жокмун.
- Чоң спорттон эмне үчүн эрте кетти?
- Өзүнөн кийинки жаш муундарды тарбиялап, кыргыздын атын чыгарам деген оюу болчу. Аренаны ээлеп жүрө бербей, келечек жаштардыкы жол берейин деп өз каалоосу менен орун бошоткон. Грек-Рим күрөшү боюнча мектеп салам деген максаты бар эле. Чолпон экөө Раатбек Санатбаев атындагы кайрымдуулук фондун жаңы ачып, иш жүргүзүлө электе көзү өтүп, анын көптөгөн ой-максаттары өмүрү менен кошо кетти.
- Раатбек Санатбаевдин элесин түбөлүккө сактоо үчүн Кыргызстанда кандай иштер жасалып жатат?
- Анын ысмы Жалалабат облусундагы эки мектепке ыйгарылды. Мындан сырткары жакында өзүңүз күбө болгондой Раатбектин элесине арналган Грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеш болуп өттү. Уюштургандарга рахмат. Бирок, мен үчүн мындай эскерүүлөрдөн дагы Ички иштер кызматкерлери Раатбекти өлтүргөндөрдү, буйрутма бергендерди таап бергени маанилүүрөөк болмок. Колумдан эч нерсе келбегенден кийин Кудайга койдум дегенден башка арга жок деп отурам.
- Сизге жолдошуңуздун бир туугандары жардам береби?
- Балдарым чоңойгондо көмөк көрсөтүшөбү билбейм, азыр өзүм эле багып жатам.




Раатбектин замандаштары
Мурат Солтонбеков Өкүндүргөнү арабызда жоктугу
Раатбек жаштайынан эмгектенип, элине кызмат кылып Кыргызстанды дүйнөгө таанытып, максатынын экинчи баскычын баштаарда аргасыз аркы дүйнөгө күчтөп кетиргенибиз өкүнүчтүү. Жашташ болгонубуздан кийин 7-май күнү 39 жашка толуп, 39дун тамагын жей баштамак. Чиркин өмүрүн кыйган адамдар балдарын, жарын эмне үчүн ойлободу экен дейм. Экинчи жыл өтүп жатканы менен менин билишимче Раатбектин ишин ачып да, карап жатабыз деп кайрылып айткан дагы эч кандай жаңылык болбоду го. Бирок Раатбек элдин эсинде калып, жүрөгүндө жашай берет.
- Раатбек тирүү болсо Пекинде өтчү олимпиадага жеңишке жетчү балдарды даярдайт эле го. Раатбек жөнүндө көп айтып, көп жакшы сөздөрдү жазчу менден башка замандаштары көп. Мени өкүндүргөнү биздин арабызда жоктугу.



Илич Чокеев Арбак ыраазы болмоюн, тирүүлөр сүйүнбөйт
- "Раатбек кыргыздын маңдайына сыйбай кетти-деп жазуучу, драматург Меңди Мамазаирова жазгандай чыгаан патриот, кыргыздын сыймыгы болгон жигитти ажалга өзүбүз салып бердик. Ойдо жок жерден, күтүүсүз болгону көп адамды "шок" кылбадыбы. Раатбектин өлүмүн бизнеске, Улуттук олимпиадалык комитетке, Бермет Акаевага байланыштырабы, кандай айтпасын ар бир адамдын жүрөгүндө Раатбек кыргыздын мен деген жигити катары сакталды жана сакталып кала бермекчи. Раатбек адам катары, айкөл, кичи пейил, жөнөкөйлүгү ченде жок эле. Кыргызда Кудай жакшы көргөн адамын алат деп өзүбүздү сооротобуз. Арбак ыраазы болмоюн тирүүлөр сүйүнбөйт деген сөз бекер айтылбаган. Сиздей журналисттер жазып, биз өңдөнгөн замандаштар айтып куран окуп, бата кылгандан башка эми биз Раатбектин өзүнө эч нерсе жасай албайбыз.




  Реквием

Чолпон Субакожоева, "Асирес" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору:
Кыргыз эли бар, сен барсың
2006-жылдын 8-январында кыргыз эли сыймыктанаар уулун күтүүсүз, ойдо жок жерден шум ажалга алдырган. Раатбекти курман айтка туш келген 10-январь күнү кара жерге берип, көздөрүнөн кан, жүрөктөрүнөн зил агызып "кайран бала" жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун дегенден бери 2 жыл өттү.
Раатбек бүтүндөй кыргыз эли үчүн бүтпөс арман… "Кыргыз Туусу" гезитине түз байланыш уюштуруп чакырганым али күнчө эсимде Бермет Маткеримова эже экөөбүз бир кабинетте отурчубуз, сүрөткө түшүп, телефондон Раатбекке суроо көп берилип материалды үчөөлөп кыскартканбыз. "Кыргыз Республикасынын атуулу болгондон кийин Ата-Мекенибиздин бакубат жашоосуна өз салымыбызды кошуп, өз элибиздин патриоту болушубуз керек. Спорт жагына жардам берип, өсүп келе жаткан муунга шарт түзүүгө өз үлүшүмдү кошоюн"-деген эле. Раатбектин жүрөгүндө толтура арман кетти, ишке ашпаган тоодой максат кетти, элим, кыргызым деген түгөнгүс сүйүү кетти…
Жер өз огунда айланып, жашоо улана берет экен. Бозоргон мүрзө калды… Эл сендей жараткан сейрек ааламга берчү уулун көөмп салып, эч нерсе билбегендей дүйнө калды.
Эсимде эмне калды? - Муздак, бир көзүң жок, супсулуу болуп сурайылдай суналган денеңди костюм шым кийгизип спорт ордосуна эл менен коштошот деп доктурлар бейтапканадан эле дене досту жаның таштап окко учканда алып келген бир көзүң жок жүрөгүбүзгө баткан элесиң калды. Күнүмдүк түйшүк менен ушунчалык тез өткөн убакыт, жыш маалымат бат өзгөрүлгөн көрүнүштөрдүн артынан кууп жете албай чуркоо менен күн өтүүдө. Таң атып сен бардагыдай күн батууда.
Көптөрдүн көкүрөктөрүндөгү ыза демин ким басат? Жараткан кегин өзү алабы? Армандуу үшкүрүктү сенин туулган күнүң менен өлгөн күнүңдүн келишин чынын айтсам каалабайм. Тирүүңдө барктап, даңктап, жакшы сөз айтып, ыр жазбай, чыгарма жаратпай , сен таптакыр керең болуп, топуракка айланганда арналган ырларыма, сени жоктоп келип калган кайгыга наалат айтып, көк асманды урсун деп каргап, далай сырды жашырган түндү, кара күчтү деги койчу, тагдырыңа ким күнөөлүү, баарына -баарына нааразы болом.
Раатбек сенин бийик адамгерчилигиңди терең урматтап, дайыма эстеп, айтып жүрөм, жазып жүрөм. Өмүр шамыңды өчүрсө да, өчпөгөн элге өтөгөн кызматың калды. Адамга жароокер, ак ниет, бирөөнүн кубанычына өзүңдүкүндөй кубанган айкөл, чыгармачыл дарамети күчтүү, уюштуруучу, адамгерчиликтүү, калыс, адамдын көңүлүн оорутпаган өзгөчө жан эле.
"Бир баатырыңар болсо ошону да сактап кала албадыңарбы кыргыздар?! Атаганат канатымды кайрып алаарымды билсем мен аны өз өлкөсү деп Кыргызстанга жибермек эмесмин. Бул менин чоң жаңылыштыгым болду"
Казак машыктыруучусу, Ахмедов Ержандын айкөл сөзү али кулагымда. Кайра казактар чакырганда Максат экөөбүз асман айдан кетип, айнытканыбызды эстейм. Тагдыр, жазмыш. Жараткан бар балсо, жарылаар, сен жөнүндө вулкандын атылышын күтөм.


Даярдаган
Жылдыз Бороева