№14, 06.05.08-ж.
 9-май жеңиш майрамыңыздар менен!

Улуу жеңиштин унутулгус жылдары
XX кылымда адамзатка өтө чоң апаат алып келген дүйнөлүк экинчи Улуу Ата Мекендик согуштун кара тактары аалам турмушунда унутулгус. Биз 9-май жеңиш күнүнө карата согушка барып келген жана анын азабын тылда жүрүп кошо көтөрүшкөн мекендештерибизди ошондой эле КМШ, Европа өлкөлөрүндөгү элдердин оор жоготуу, кан - тер аркылуу араң келген легендарлуу салтанаттары, Кудай-жеңиштери менен кызуу куттуктайбыз. Каардуу уруштан кайтпай калган жана аралары жылдан-жылга суюлуп бараткан ардактуу ардагерлерибиздин эбегейсиз эрдиктери эсибизден эч качан кетпейт. Биз ушундай бекем кайрат руху бар бабаларыбыз бар үчүн сыймыктанабыз, таазим этебиз. Тарыхын унуткандык - бул келечегин тебелегендик. Ошол соолгур согуштун күнөөкөрлөрү: Адольф Гитлер жана ага каршы коргонуу согушунда темирдей туруктуулукту көрсөтүп, дүйнөгө атагы чыккан Иосиф Сталин жөнүндө сөз кылып, тарыхый факты, аргументтерге таянган макалабызды алдыңыздарга сунуштайбыз.

Фашизм кандайча ойгонгон?

Жер үстүн тополоңго түшүрүп, кыйраткыч апаат баштаган фашист А.Гитлердин кылык-жоругу жөнүндө азын - оолак сөз кылсакпы дегенбиз. Анткени, душмандын сыры да кызыктуу.
А.Гитлер 16 жашында толук эмес орто мектепти аяктап жатып бүтүрүү экзаменинде кулаган, Венадагы сүрөт окуу жайына тапшырганда да какаганга муштаган болуп ийгиликсиздик коштогон. Бала кезинен жакырчылыктан көп азап чегип, оң келе калганда рекламалык жарыяларды жазып акча тапкан. Кызыккан дүйнөсү: философия, адабият, эзотерика, сүрөт. 1913-жылы Мюнхенге келип Германия армиясынын катарында I дүйнөлүк согушка катышып, "ефрейтор" деген аскердик чинге жетишип, башынан кантузия алып, дарыланып госпиталга жатканда ошол жерден Германиянын жеңилгенин угуп, аябай туталанган, еврейлерди чыккынчылар деп күнөөлөп, антисемиттик мүнөздөгү маанайы көтөрүлүп, немец элинин таза кандуу экендигине мистикалуу маани берип, жок балээни өз башына үйгөн. Гитлер Б.Муссолини сыяктуу Фридрих Ницшенин чыгармаларынан таасирденип, арий рассасынын дүйнөдөгү миссиясына бекем ишенген. Алгач "Немецтик жумушчулар партиясына" кирип, анын лидерлерин акырындап четтетип, өзү жалгыз башчылык кылып, "улутчул багыттагы социал жумушчулар партиясы" деп башка ат менен чыккан. 1923-жылы Германияда кризис башталып, Франциянын таасири күчөй баштаганда, Берлиндеги бийлик башындагыларга каршы чыгышып, куралдуу топ Мюнхендеги пивоканада чогулушканда столдун үстүнө чыга калып сүйлөп, "Революция башталды" деп пистолети менен асманга аткан. Бул куралдуу бунт күч менен басылып, Гитлерди 5 жылга түрмөгө кесишет. Бирок, ал андан 9 айда кутулуп чыгып, кайра партиясын калыбына келтирет. Негизги саясатынын максаты утулуп калган дүйнөлүк согуштан реванш алуу эле. Ошол тарыхый учурда улутчул маанайдагы инсандардын абройлору көтөрүлүп депутаттыкка көп келе баштаган. 1933-жыл Германиянын Президенти Гиндербург Гитлерди рейхсканцлер (Өкмөт башчы) кызматына дайындаган. Ушул бийликке жеткенде партиялаш лидери Ремду аттырып, көптөгөн атаандаштарын куугун сүргүнгө алган. 1934-жылы Президент Гиндербург каза болуп, эки тизгин бир чылбыр кармаган эң жогорку бийлик А. Гитлердин колуна өткөн. Согушка даярданып, өнөр жайын өстүрүп, стратегиялык резервдерин топтоп элге идеялык пропагандаларын жайган. 1939-жылы Польшага территориялык нааразылыгын билдиргенде тетири жообун алгандан кекенген Гитлер II дүйнөлүк согуштун булагын Польшадан баштаган. Чыгыш тарабынан СССРден чочулап, Сталин менен бири-бирине кол салбоо тууралуу келишимге барышкан. (23.08.1939) Согуштун жүрүшүндө Норвегия, Дания, Голландия, Люксембург, Бельгия, Греция, Югославия жана Францияга кирип барып, Англияга болгон чабуулдары ийгиликсиз аяктаган. А.Гитлердин өтө чоң стратегиялык каталарынын бири 1941-жылдын 22-июнундагы СССРге кол салышы.

Таланттуу диктатор
Иосиф Джугашвили (Сталин) 9-декабрда 1879-жылы төрөлгөн. Улуту грузин. Орус тилин кийин үйрөнүп, жөнөкөй жумушчунун үйбүлөсүндө чоңойгон. Атасы Виссарион, көп ичип алып аялы, баласына таш боордук менен мамиле жасаганда аны бычак менен коркута коём деп Сосо (эркелеткен аты) атасын өлтүрүп ала жаздаган. Ушул окуядан кийин атасы үй-бүлөсүн таштап белгисиз жоголгон. Апасы К.Геладзе баласынын атак-даңктуу кызматта болуусун кыялданып абдан аракет жасаган. 1888-жылы Сосо (Иосиф) руханий агартуу окуу жайына тапшырып, аны эң жакшы баалар менен аяктаган. Балалык кездеги оор турмуштун таасиринен Иосифтин мүнөзү катаал, кек сактагыч жана жеңишке жетип, башкалар сүрдөп туруусун чындап каалаган.
Эми анын бийлик башына келгендеги экономикага болгон мамилесинен сөз баштасак, Сталин бир топ экономикалык кризис учурда бийлике келип, айыл чарбасындагы агрардык реформага барып, механизациялаштырылган коллективдик чарбалар, кооперативдик негизде уюшулган чакан орто ишканалар пайда боло баштап, өтө чириген байлар кулака тартылган. 1940-жылы СССРдин ички дүң продукциясы 6,1% жетип, металлургия, энергетика, станок куруу, химия өнөр жайлары тез темп менен өсүп, дүйнөлүк алдыңкы орундарга чыккан. Улуу Ата Мекендик согушта 1942-жылы СССР Германиядан 3,9 эсе танк, 1,9 эсе самолет жана башка согуш куралдарын3,1 эсе көп өндүрүп, технологиянын сапатын көтөргөнгө жетишкен. Эвакуацияланган аскер өнөр жайы Урал, Сибирь Орто Азияга которулган.
Тарыхчы В.Яременконун айтуусу боюнча Сталин согуштан коргонууга даяр эмес тургандыктан болуп көрбөгөндөй жоготууларга учураган дейт. Ал эми дагы башка иликтөөчү А.Исаев "Чалгынчылар менен аналитиктерде толук маалыматтар болбой, Сталин көп нерседен кабарсыз болгондугун" айтат.
Ооба, ал диктатор болгон, бирок, жөн диктатор эмес, таланттуу диктатор экендиги көпчүлүкө маалым. Россиянын талкаланышына аз калганда, оор кыйынчылыктан элин сууруп чыккан чыгаан инсан, легендарлуу Сталин өзүнүн бекем сапаты менен дүйнөлүк абройго жеткен алган. Өз өлкөсүнөн фашисттерди кубалап чыгып тим болбостон "чыккан жерине" чейин кубалап барып, Европадагы көптөгөн мамлекеттердин азаттыкка чыгуусуна өбөлгө түздү. Бул айыгышкан дүйнөлүк согуштун аягы союздаш Американын 1945-жылы август айында Япониядагы Хиросима, Нагасакиге ташталган атом бомбасы менен аяктап, дүйнө элдеринин эсинде түбөлүк кеткис так болуп калды.

Даярдаган Алмазбек Эркебай




 9-май 9-май 9-май 9-май 9-май 9-май 9-май 9-май 9-май 9-май 9-май 9-май

Согуштан калган бир элес…
Сүйүнбай Эралиев кыргыз эл акыны:
- Кан күйгөн согушта ар кандай окуялар өтө көп болот. Бир жолу мен оор жарадар болгонумдан улам госпиталга жеткиришкен. Жарадарлардын көптүгүнөн орун жок болуп, жанына палатка тигилип операциядан кийин мени жерге жаткырышты. Биз жаткан палатага толкундай зуулдаган бомба ыргытылды. Андан кийин эмне болгону эсимде жок. Эсиме келген учурда, көлчүк чуңкурда жаткан экенмин. Көзүмдү ачсам эч нерсе көрүнбөйт. Сыягы ылай аралашкан топурак жүзүмдү жаап калган окшойт. Мунарыктаган көзүмдү араң ачсам маңдайымда кара плащ кийген бирөө турат. Ал мага:
- "Сен тирүүсүңбү?" - "Ооба…" - дедим үнүмдү араң чыгарып. Ылай көлчүктөн этияттык менен мени тартып чыгарып, үстүндөгү плащын чечип алдыма салды да: "- Ушул жерде жата тургун, азыр келемин" -деп эки жагын карап баратты. Ал бомбалоодон тирүү калган жарадарларды издеп жүргөн өзбек улутундагы полковник экен. Аз убакыт өтпөй бир арабакеч менен келип, кайрадан мени башка госпиталга жеткирүүнү табыштады. Сыягы көпчүлүк жарадарлардын мен эле калганмынбы, айтор, эсимде калбаптыр. Полковник аты - жөнүн толук айткан, бирок, жан сыздаган оорумдун күчөгөнүнөнбү, айткан сөздөрү эсимде калбаптыр. Биз согушка кирээрден мурун партбилет алчубуз, ооруп баратсам да партбилетим эсиме түшүп, арабакечке кайрылдым:
- Чөнтөгүмдү карап коюңуз, партбилетим бар бекен? Ал мени таң кала карап, анан:
- "Жаныңдын аман калганына сүйүнбөйсүңбү?" - деген ачууланып. Согуштагы бул окуя али күнгө чейин эсимде. Өкүнгөнүм мени ажалдын оозунун сууруп чыккан өзбек улутундагы полковниктин аты - жөнү эсимде калбаганы болду.

Корчубек Акназаров, согуш ардагери:
Дегеле, согуш тууралуу айта турган болсом, майдандын ар бир мүнөтү же секунду өлүм менен өмүрдүн ортосунда турган кыл көпүрө менен таразаланып, эсимден эч качан кетпейт.
1944-жылдын 9-августу болчу, Варшава токоюнун ичинде карагайдын түбүндө орус жигит экөөбүз түштөнүүгө олтурганбыз. Тамагыбызды жаңы эле ичип жатканда дүң эткен катуу дабыштан кулагыбыз тунуп калды. Күтүүсүздөн немистердин кол салуусу биз пааналап олтурган карагайды заматта түп тамыры менен омкоруп, дароо жалбырттап күйгүзүп кетти. Чогуу түштөнүп олтурган жолдошум болсо ошол эле жерде набыт болуп, мен оң бутумдан оор жаракатанып, турган ордумдан ары жылууга да шайым келбеди. Денемдин да ар кай жеринен жабырландым. Оор жаракаттан улам госпиталга жарадарлар менен бирге жеткиришти. Ал жактан бир топ убакыттан кийин айыгып чыкканмын. Бирок, ошондогу жаракаттын запкысынан денемде шрамдар калып, дале сакталып келет. Мындай өлүм менен арбашкан көз ирмемдер көп эле. Дагы бир жолу Белорусиянын коктусунда жашынып олтурганбыз. Күндүн аптабынан суусаганым күч алып, ашпозчудан суу сураганы жаңы эле жеткем. Артымдан жолдошторум кыйкырып заматта кымгуут болушуп, турган жерибиз бомбалоонун алдында калды. Карасам жолдошторум казылган окопторго жашынууга үлгүрүптүр. А мен болсо чала казылган окопко жетип, артым көрүнүп жашынып калдым. Кара туман тараганда карасак баары эле тирүү экен. Бир гана жолдошубуз жок болуп чыкты. Эң терең казылган окопто жаткан казак жигиттин топурак басып калып, набыт болгону өкүндүрдү.




 - Сиз үчүн 9-май кандай майрам?

Дүйшөн Байтөбөтов, актёр:
- Эл-жер үчүн кашык каны калганча салгылашып, баатырларча курман болгон, үч бир тууганым согуштан кайтпай калган. Канчалык орду толгус жоготууга учурасам да, жылына бир келүүчү 9-май жеңиш күнү мен үчүн кубаныч. Анткени, дал ушул күн адамзатка жакшы жашоо тартуулады. Учурдан пайдаланып, жалпы элди майрамдары менен куттуктаймын!

Камчыбек Сарыбаев, актёр:
- Мекен үчүн кандуу согуштун майданында оттуу чок кечип, келечектин, жаштардын тагдырын ойлогон жоокерлерибиздин, тылдагы эмгектенген энелерибиздин артка кайтпаган көктүгү, тайманбаган эрдиги Улуу Ата Мекендик согуштун мизин кайтарды десек болот. Азыркы күндө алардын катары жылдан-жылга суюлуп баратса да, майрам өз шаанисин жоготпой, биздей жаштарга унутулгус жеңиш, өздөрүнө эстелик тургузуп кетти десем жаңылышпайм. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерлеринин кирип келген майрамдары менен куттуктап, аларга ийилип терең таазим этем!

Даярдагандар Чынара, Мээрим