№14, 06.05.08-ж.
  Чачыла

ОБОН - ШОУ times
Дагы бир продюсердик борбор
Ырчылар Гүлмира Рысбаева жана Жолдошбек Исраиловдун демилгеси менен Нурматка "Адеми" деген продюсердик борбор ачып беришти. Экс "Жийде Мурат" тобунун кулачын кеңейтип, таланты бар жаштарды тарбиялап, Тимур, Рамис аттуу жигиттер кошулуп, чыгармачылыктын чыйыр жолуна түшүштү.

Кастингден кабарыңыз барбы?
Белгилүү эстрада ырчысы Алина Жетигенова, Мирлан Жетигенов жана куудул Эрлан Шүкүрбеков биргелешип, чыныгы таланттарды тандоо кастингин алгач Талас жергесине өткөрүшүп, 170 баланын ичинен 10 улан-кызды тандап, 2-турга жолдомо беришти. Эми конкурс жер-жерлерде өтүп, тандалгандардын баарынын башын бириктирип, борбор калаага масштабдуу деңгээлдеги концерт уюштурушуп, жеңүүчүгө "Ауди" үлгүсүндөгү машинасын жана акчалай сыйлыктарын тартуулашат.

Сапардын күйөрманы
"Унутам сени" деп зар какшап ырдаган Сапар Эркебаев Токтогул жергесинде гастролдоп жүрүп кызыктуу окуяга кабылды. 12 жаштагы майып бала концертке келип, Сапардын талантына күбө болуп отуруп, концерттин соңунда өз колу менен тартылган Сапардын сүрөтүн белекке берген. Сүйүнүчү тоодой болгон Сапар жигиттин гүлүнө чын дилинен ыраазычылыгын билдирип, талантына таазим эткен.

Султандын "Ханзаадасы"
Швецарияда жаңырат
Уккулуктуу үнү менен кыргыз күйөрмандарынын гана жүрөгүнөн түнөк таппастан, швецариялык режиссёрлорду да ырчы жигиттин мукам үнү арбап алды. Ош жергесинин аянтында чогулуп концерт беришкен ырчылардын арасынан Султандын ырдаганы жагып, "Любовь, любовь на растаяние" деген кино тасмага "Ханзаадам" деген ырын, үзүндү катары кошууга продюсери Динара Эсенгуловадан уруксат алышып, жакын арада аталган тасма жарыкка чыгаарын кабарлашты.

Нурлан наристелер үчүн ырдайт
Нурлан Намазбеков жылуу мээримге чаңкап-суусаган ата-энелери, зар какшатып, таштап кеткен наристелерге жагымдуу маанай тартулоо үчүн балдар үйүнө кайрымдуулук концертин уюштурат. Бул көрүнүш акыркы кездерде ырчылар үчүн адатка айланып бара жатат. Же бири-бирин туурап, "Кайрымдуулук" кылышабы, айтор, эмнеси болсо да ушул кадамдарынан жазбаса деген тилектебиз.

Кытайда "Сары ой" жаңырат
"Өнөрүң болсо өргө чап" демекчи, "Сары ойду" келиштире ырдаган Сапар менен Назми жана Мирлан Жетигеновдор өз өнөрлөрүн тартуулап, Кытайдагы боордош кыргыз элине кыргыздын мукам музасын жаңыртып, таланттарын көрсөтүп келүүгө кызуу даярданып жаткан кездери. Учурда алар жаңы ырларды жаздырып, формаларды тиктирүү менен алектенүүдө.

Дардаган
Мээрим Сатарова




  Сен сүйгөн обон

Замир Мырза
Мен бактымды издедим
Сөзү: Садыралы Абдыкеримовдуку
Обону: Ильяз Абразаковдуку

Өмүрүмдүн ар бир ирмемин,
Өйдө-төмөн калчап иргедим.
Гүл талаада калып издерим,
Мен бактымды издедим.
Тагдырымдын ашып белесин,
Багынтам деп сезим сересин.
Ай талаада калып издерим,
Мен бактымды издедим.

Жашоо чиркин кантип жайнасын,
Таба албасак анын айласын.
Баркы чексиз биздин бактыбыз,
Айтчы деги кайдасың?
Махабаттан жанып дүрт этип,
Кеткен эмес деги ким келип,
Ошолордой болуп жер кезип,
Биз бакытты издедик.

Тынчтык бербей тунук бир сезим,
Жаштыгымды кайра иргедим.
Медер туткан бактым кайдасың,
Мен өзүмдү издедим.
Көкөй кескен көңүл суз болуп,
Көкүрөктөн кезейт бир жерим.
Баркы чексиз бактым кайдасың?
Мен өзүңдү издедим.