№14, 06.05.08-ж.
 "Цирктин ханбийкеси" жакынкы арада...

Кожойкелердин оорусуна айланган учурда дээрлик баарыбызды кызыктырып, өзүнө тартып турган бул сериалдын жакынкы сериаларында кандай окуялар болоору, сиз жакшы көргөн актерлор башынан кандай күн кечирээрин билгиңиз келсе төмөндөн окуңуз.

67- 70- серияларында…
Жашоосунун акыркы күндөрүн кечирип жаткан Тамара Раисаны баласы жөнүндө кам көрүүсүн өтүнөт. Киши колдуу болуп өлгөн Светославды ким, эмне себептен өлтүргөнүн териштире келишсе бардык далилдер Асяга барып такалат. Тергөөчү Светослав менен Асянын урушу жөнүндө кыздын айтып берүүсүн талап кылат. Сөзүнөн жаңылган Ася тергөөчүнүн ишениминен кетет. Бардык ишти териштирүү ниетинде Ярослав Светославдын ордуна калып, апасына өзүн чет мамлекетте өлдү деген кабар жиберет.
Светославдын сөөгүн экспертизадан өткөрүп көрүшүп, өлтүрөөрдөн мурда катуу таяк жегени аныкталат. Виктория баласынын үйүнө келип, кроваттын жанынан Динанын сумкасын көрөт. Бул чаташкан ишке кызынын кандай тиешеси бар экенин билүү үчүн кызын суракка алат. Дина чын эле Светик өлөөр күнү анын үйүнө барып тез эле кетип калганын айтат.
Галина эмнегедир бул өлүмгө Ивандын тиешеси бар деген ойдо калат. Степан Раисаны Тамаранын акыркы тилегин аткарып коюусун өтүнүү менен алек болот. Ярослав Вениктен ал жокто кандай окуялар болуп өткөнүн такып сураса, Веник Ася өзүн-өзү жоготуп, Светикти өлтүрүп алды деп божомолдойт. Иван Галина менен сүйлөшүп жатып, ага байкабай Светославдыкында болгонун айтып коёт. Галина сүйгөнүн куткаруу ниетинде Иван ал түнү эч жакка чыкпаганын, экөө чогуу болгонун тергөөчүгө далилдейм деп, ишти кайра татаалдатат. Виктория Ярославга чалып үйүнө чакырат. Энеси баласынан Дина экөөнүн ортосунда эмне мамиле болгонун билүү үчүн болгон аракетин жумшайт.
Энесинин бардык коркунучтуу ойлорун Ярик жокко чыгарат. Доктур Тамарага эки айлык жашоосу калганын билдирет. Вольдемар да бул өлүмгө Ивандын тиешеси бар деген жыйынтыкка келип, Галинанын сөздөрүнөн күмөн санай баштайт. Бул учурда Асяны тергөөчү алып кетип бара жатканын көргөн Вольдемар Степанга барып, Иван кылган кылмышын мойнуна алып, тергөөчүгө болгон чындыкты айтсын дейт.
Кийинки жумада боло турган серияларын алдын ала "Обон" гезитинен гана окуй аласыз.
Даярдаган
Анара Дүйшөналиева




(Башталышы өткөн
сандарда)
Спорт шымын араң таап кийген атам үстүмө үйрүлө түшүп, алактаганы сыртына билинип:
- Эмка, сага эмне болду? Кызым, балкондо эмне кылып жүрөсүң? - Менин ордума апам жооп берди.
- Эмне болмок эле, нервге суук тийген да. Өзүн кармай албай жатат да, көрүнүп турбайбы. Мен айтсам сен ишенбей жатпайсыңбы. Мен аны кызың келгенде эле билгем. Мен аны сүйлөгөн сөзүнөн эле баамдагам… - Апам менден мурун озунуп жооп берүүгө жетишти. Жиним келди. Менин ордума, менин абалымды билбей туруп кантип жооп берет? Дура, бардык нерсени жеңил ойлойт. Аягына жетпей ушинтип тыянак чыгараарын дал ушул учурда анык туйдум. Каным кайнап чыкты. Катуу ачууланган окшойм, башымдын чыдатпай ооруганын көтөрө албай онтоп жибердим. Өңүм кубарып кетсе керек, аны байкаган апамдын:
- Ай, Темирбек! Мунун өңү бузулуп баратат. "Ыскорый" чакыр. - Ыйга буулган үнү менен ачуу кыйкырды. Атам маселенин чоо-жайына түшүнбөстөн эле телефонго чуркады. Менин көзүм өтүп бараткандай өздөрүнүн колунан эч бир жардам келбей, анан башкаларга жалдырагандай түр берди мага. Атамдын алсыздыгына, апамдын алдында айдама экендигине ызаландым. Өзү берген суроого өзү тыңыраак жооп ала албагандыгына кыжырым келди. Менин ордума апам жооп берип, менин тагдырыма апам кийлигишип, биздин үйдөгү бардык нерсени ал чечип калганына жиним кайнады. Жиним келгенде эмне кылмакмын. Экөөнө тең кыйкырып уруша албагандан кийин ачуумду көзүмдөн чыгардым. Өксүп ыйладым.
- Эмне болду, балакетиңди алайын?! Эмне башың ушунчалык ооруп жатабы? - Апам көнүмүш адаты менен жалбарып кирди.
- Башым деле ооруган жок,- дедим жактырбай турганымды билдирип. Кыялымды ашыкча көрсөтүп жиберсем керек, айласы кеткен апам:
- Анан сени ким мынчалык ыза кылып жүрөт? Айтсаң, ал тим эле Кудай болсо да көргүлүктү көрсөтөйүн. Колуман келсе башын жулуп алайын… Айтчы, бай болгур! Ал ким? - деп албууттана баштады эле, кайра бат эле эсине келген немедей үнүн жумшартып:
- Эмне, көзүңө бирдеме көрүнүп жатабы?... Буга чейин өзүмдө болуп жаткан абалды айтып берейин деген ойго келген элем, апамдын акыркы сүйлөмү кыжырымды келтирди. Эгерде бул сүйлөмдү айтпаганда баарын айтып таштамак болушум керек. Бул сүйлөм көөдөндөгү буктун оозун кан буугандай бүтөдү. Мен эмне, келесоо болуп калыптырмынбы? Көрүнчү ушундай учурда көрүнмөк беле, мени келесоо көрүшкөнүнө кыжырым кайнап сиркем суу көтөрбөй зиркилдеп баштадым. Апам жаныма келсе ачуум келип, өзүнчө эле буулугам.
Ар жактан "скорый" чакырган папамдын үнү үзүл-кесил угулуп турду. Ал энтигип сүйлөгөнүнө караганда алардын гуманисттик сезими аракеттенип жатты. Алар менен көп деле сүйлөшкөн жок бирок, алар атамдын сүйлөгөндүгү апкаарыган абалынан, каргылданган үнүнөн баарын түшүнүштү окшойт. Үйдө андан соң "Скорый" күткөн даярдык башталды. Үй ичин экөөлөп жыйнаштырып, менин шейшебимди алмаштырып, турайын десем болбой жаткырып, дал ошол кырдаалдан пайдаланып апам менин абалымды врачтарга кантип түшүндүрүү керектигин, кайсыларды баса белгилөө зарылдыгын бежирей баштады жана баарыбыз машиненин үнүн күтүп калдык. Апамдын минтип ал тургай кантип сүйлөштү үйрөтө бергени менин куйкамды куруштурду.
Бул учурда мен аларга сүйлөгүм келген жок. Түшүндүрүүнүн өзү натыйжасыз экенин баамдадым. Алар мага караганда врачтарга көбүрөөк ишенээрине көзүм жетти. Эгер мен азыр бирдеме айтсам, алар мени сөзсүз түрдө мээсинен ажырап бараткандай кабыл алчудай. Кантейин, айла жок мен да тигилер менен бирдикте "скорый" күтүүгө туура келди.
Таң атпай келген "скорый" катуу папылдатып кошуналардын да үшүн алды. Сомодой болгон үч кишини ээрчитип атам бөлмөгө кирди. Врачтар мени менен учурашып да койгон жок. Саламымды да дурустап алик албады. Мындан мен атам менин "оорумду" түшүндүргөнүн сездим. Алардан бирөө кан басымымды текшерди. Жумушчу кан басымымды сурады. Экинчиси кагазга бирдемелерди жазып жатты. Үчүнчүсү чемоданды көтөрүп мени карап турат. Кан басымымды ченеген врач:
- Кан басымы төмөндөп кетиптир. Кан басымы жогоруламайын ушинтип жыгыла берет. Дарылбаса болбойт. Өтүшүп кетсе кызыңардын ден-соолугуна зыян, майып болуп калышы толук мүмкүн.
Ушул эле сөздү уга албай тургансып апам буркурап ыйлап жиберди. Атам тиштенип мени менен коштошо албай жаткансып ары-бери басат. Врачтар оокаттарын жыйнады да дагы бир жолу дарыланбасам майып болуп калаарымды мага дагы эскертти. Апам ушул эле жерден болгон жардамдарын көрсөтүп кетүүлөрүн өтүнүп аларга жалбара баштады. Врачтар бир азга кыйылып турушту да, макул болгондой ийнесин алып чыгышып, укол сайышты.
Ийне сайдырбаганга бир топ эле аракеттендим. Өз ооруңду өзүң гана билип, башка киши түшүнбөй туруп, анан дагы укол сайганы жатса ким болбосун каршылык көрсөтөт болчу. Ал эми мындай аракетимди мени карап тургандардын баары келесоолуктун бир белгиси катары түшүнүштү көрүнөт. Врачтар талап кылышты, ата-энем алардыкы туура экендигин мага далилдөөгө аракеттеништи, менин каршылык көрсөткөнүмдү оорунун кесепети деп табышты да врачтар баш болуп ушундай ооруга чалдыкканым үчүн аяп киришти.
Сомодой болгон эки кишиге каршылык көрсөткөнүм баары бир болду да, алар колдорумду кайрып туруп ийнесин сайышты да, эми мен "эс алып" калаарымды айтышып чыгып кетишти. Өздөрү ээрчитип келип, менин таза ден-соолугума зыян келтирип, пайдасыз уколдорду жасаткандыгына ызам катуу келди. Ызамды көз жашымдан чыгардым. Ушул мезгилде идеал болуп турган атамдын ушунчалык алсыз экендигине жиним кайнады. Дубалды карап жаттым да, буркурап, үнүмдү чыгарып ыйлай бердим.
Менин ушул абалымды байкап караган эч ким болбоду, атам менен апам баары бүттү дегендей кужурашып жатышты ар жакта өздөрүнчө.
Ыйлай берип бир маалда көз жаш да кургады. Кайрадан баарын талдап көрүүгө далалаттандым.
- Эмне үчүн буркурап ыйлап жатам? Ушундай ыйлагандай мага бирөө жамандык кылдыбы? Бул суроолорго жооп таба албадым. Жооптордун табылбай кыйнашы, акырындап көз жашымды таптакыр кургатты. Көпкө ыйласам керек, энтигип-энтигип араң дем алганым менен бул турмуштан чындыкты издеп жаттым. Дубалды тиктеп жатып тажагандандыктан бери карасам ата-энем экөө тең мени карап, ар кимиси өз ойлору менен алектенип отурганы, дайыма бирин-бири тамашалашып, бири экинчисине мен билгенден күлкү гана тартуулап келген бул эки жубайдын менин жанымда минтип шылкыйып, мугалимдин алдында күнөөсүн мойнуна албай, бирок кечирим сурачудай болуп турган алардын абалы чындап эле күлкүмдү келтирди. Өзгөчө түнкү көйнөкчөн, анын үстүнөн эле халатын кийип алган, чачы-башы таралбаган, көзүнүн боёгунун теңи кетип, теңи кете элек апамдын кейпи бир караган кишинин чындап эле күлкүсүн келтире турган абалда болчу. Анын бул кейпин көргөн врачтар аны анан ага кошуп мени эмне деп ойлоду экен деген ой көңүлүмдү аралады. Мүмкүн биздин абалыбызды көрүп боору ооруган алар эми кейпибизди элестетип, азыр алар да каткырып-күлүп бараткандыр… Ушинтип ойлонуп отуруп күлүп жибериптирмин.
Менин күлкүм тигилерди аябай таң калтырды. Экөө бири-бирин карап, анан мени тиктеп жалдырашат. Ушундан улам ылайыгы келбеген жерден күлүп жибергенимди байкадым. Өзүмдү ушул учурда ата-энем эмес өзүм да келесоо сездим.
- Кой, врачка алпар. Кичине жакшы болуп калды көрүнөт. - Атам туруп басып кетти. Апам ушундай эле сөздү күтүп тургансып:
- Эмка, тур кызым, врачка барып келели. - Апам мени секелек кезимдегидей алдай баштады. Аны-муну түшүнүп бой жетип калган адамга апамдын ушундай мамиле кылышы кайрадан кыжырымды келтирди. Сиркем суу көтөрбөй зиркилдедим.
- Барбайм, ооруган эч жерим жок. - Мындай учурда апам өкүрүп-бакырып эчтеке укпай ажаанданып кетчү. Бул жолу анткен жок. Тескерисинче менин жаныма отуруп алдай баштады.
- Врачтар сени алып калмак беле? Ооруңду көрөт, баш ооруңа дары берет. Андан чыгып экөөбүз киного киребиз. Парк аралап кичине эс алалы макулсуңбу?...
Апамдын минтип жасакерлениши ого бетер жинимди келтирди
- Барбайм. - Апам ордунан туруп, тигил бөлмөгө кетти да, жумушка даярданып жаткан атама бир тийди.
- Тиги кызың соо эмес. Өзүң сүйлөш. - Апамдын бардык маселени өзүнө түртө салышын жактыра бербеген атам:
- Мен жумушка барбаймынбы!?...
- Жалгыз кызың минтип ооруп жатса сага жумуш кызыкпы? Ишиң эле керек болсо анда бар, бара бер. - Апам ыйлап кирди шолоктоп. Апамдын ушул ыйы дайыма атамды жеңет, мен муну билем. Атам үнүн катуу чыгарып үшкүрүндү. Чынында алар мынчалык кер-мур айтышчу эмес, үйдөгү ушул абалга мен Бахидди күнөөлөдүм. Ал болбосо, анын өзү айткандай, дубаланган курмасы болбосо, баары жайында болмок. Биздеги мындай абалдын маани-маңызын бир гана Бахид түшүнүшү мүмкүн. Ушул ойлорго келгенде, анын элесин алыстан кайрадан көрдүм… Шалдырай түштүм, башым дагы айланганын сездим. Калганын билбейм…
**
Көзүмдү ачсам ооруканада экенмин. Ак халат жамынган апам отурат жанымда. Айда ыйлаган окшойт, эки көзү тоодой шишиген. Мен көзүмдү ачаарым менен отургучун алга карай жүткүнө жылдырып, анан шыбырады. Анын үнү кулагыма үзүл-кесил угулуп жатты.
- Эмка, алтыным! Айтчы, сага эмне болду? Кайсы жериң ооруйт? Менден жашырбачы, алтыным… - Апам көнгөн адатына салып бул жерден да бышактап кирди. Ыйлаганын көрсөң кадимки жаш баладай солуктайт, карап турган кишинин боору ооручудай. Кантип соороторумду билбейм. Айтып берип алаксытайын десем, эмнени айтып бермек элем. Карап туруп кайра жини келип кетти.
- Болдучу! Эмнеге ыйлайсыз? - Катуу айтып алып кайра өзүм өкүнүп кеттим. Мындай учурда апам мага акыл үйрөтө турган сен болуп калдыңбы деп бакырып-өкүрүп катуу урушчу, бул жолу антпеди. Тескерисинче өңү мусаапырдай боло түштү да:
- Эмка, балам, эмне мынча кыйнадың? Эмнең ооруйт? Жашырбай айтсаң боло?.. - Акыркы үмүтү ишке ашпай калгандай муңайым унчукту. Ойлонуп калдым.
"Деги эмнем ооруйт". Мына бул жерим ооруйт дегидей катуу ооруган жерим деле жок. Кичине башым ооруганы болбосо, мындай кыйнаган кесел деле билинбейт. Эгер башка нерсе болсо бир жөн, антип-минтип шылтоо айтып кутулуп кетсең болот. Ал эми бул жерде өзүңдүн ден-соолугуңа карата кантип калп айтасың. Апам четин укса аягына чейин түшүп, артынан калбай дарылатаарын билип турам. Ошондуктан чынын гана айтышым керек.
- Эч жерим ооруган жок.
- Кантип ооруган жок? Минтип башың айланып жыгылып жатсаң, кантип ооруган жоксуң? Кызым, ооруңду менден жашырбачы… - Апамдын үнү ыйлачудай болуп каргылданып барып токтоду. Бирок ыйлаган жок. Өзүн-өзү токтотуп калганы байкалып турду. Апамдын абалын көрүп туруп жардам бергим келди. Кантип жардам берем. "Болгон чындыкты айтып жатам го" деп ойлодум. Көңүлүңө карап калп айтайын десем ал артыман кубалап жүрүп кереги бар да, кереги жок да дарыларды ичирээри бышык. Ал эми Бахид жөнүндө айткым келген жок. Дагы би жолу чындыкты айтым.
- Эч жерим деле ооруган жок. Кичине башым айланганы болбосо, ден-соолугум деле баягыдай. Үйгө кете береличи? - Менин акыркы сүйлөгөнүм апама безге сайгандай тийди.
- Башың тегеренип жолдон жыгылып калсаң кантем. Сенин диогнозуң чыгып, башың тегеренгени басылмайын эч жака барбайбыз. - Аны менен кыжылдашып отуруу бекер деп ойлодум да, ары карап жатым алдым. Бул аракетим анын жинин абдан кайнатты. Жулкулдатып өзүнө каратты да:
- Эмка, сен мени эмне мынча кыйнадың? Жаманбы жакшыбы мен сенин энеңмин го. Мен деле сендей кезимде болгон нерселер тууралуу энем менен акылдашчумун. Мага башкасынын кереги жок, болгону кайсы жериң ооруп жатканын жашырбай айтсаң боло. Сенин калган проблемаңа кызыкпай эле коёюн. - Мамамдын көзүнө тике карадым. Жалооруганы каректеринен да сезилип турду. Биринчи жолу чын дилимден аядым окшойт. Аяганда эмне, эмнени айтам…